Hesperian Health Guides
КОНТРАКТУРАЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 9-БӨЛҮМ: Балдардын церебралдык шалдыгы > КОНТРАКТУРАЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ
БЦШ үчүн мүнөздүү контрактуралардын алдын алуу иш-чараларын баланын ар тараптуу өнүгүүсүнө жардам берүүчү иш-чаралардын жалпы тизмегине кошуунун мааниси чоң. Жаткан, отурган, турган абалдарда жана кыймылдаганда буга чейин сунуш кылынган оңдоочу бир катар абалдар контрактуралардын алдын алуу үчүн да пайдалуу. Контрактуралардын биринчи белгилери пайда болору менен, денени ошол контрактураларды оңдоочу абалдарына келтирүүгө көбүрөөк көңүл буруп, аракет кылыңыз.
Муундардын толук көлөмдө кыймылдоо ийкемдүүлүгүн сактоочу көнүгүүлөр
Контрактуралар БЦШда жана полиомиелитте түрдүү себептерден пайда болсо деле, “Контрактуралар”]] деп аталган [[Disabled Village Children:8-БӨЛҮМ: Контрактуралар: Жазылып түздөлбөй калган колу-буттар|8-бөлүмдө жана “Муундардын толук көлөмдө кыймылдоо ийкемдүүлүгүн сактоочу жана башка көнүгүүлөр” деп аталган 42-бөлүмдө каралган, муундарды чоюучу жана жаңы абалында кармап калуучу көнүгүүлөрдүн чоң бөлүгү пайдалуу болот. Бирок БЦШда көнүгүүлөрдү булчуңдардагы спастиканы күчөтпөгөндөй, тескерисинче, аны азайтууга жардам бергендей кылып аткарууга аракет кылыңыз.
БУЛЧУҢДАРДАГЫ СПАСТИКАНЫ АЗАЙТУУ
Муундун толук көлөмдө кыймылдоосун сактоого багытталган көнүгүүнү баштоодон мурун, булчуңдардагы спастиканы азайтуучу төмөнкү 2 ыкманы колдонуп көрүп, кайсынысы сиздин балаңызга көбүрөөк туура келерин текшериңиз.
1. Спастикасы бар булчуңдарга жылуу компресс басыңыз же баланы жылуу сууга отургузуңуз же жаткырыңыз. | 2. Баланын тулкусун бир капталынан экинчи капталына жай буруңуз же өзү буруусуна жана термелтүүсүнө жардам бериңиз. Бул дененин бардык булчуңдарындагы спастиканы азайтат. Бул биринчи мыкты чоюу көнүгүүсү. Көнүгүүнү аткарууну оюнга айлантыңыз. |
![]() |
![]() |
ЭСКЕРТҮҮ! УКАЛОО БОЮНЧА АЛДЫН АЛА ЭСКЕРТҮҮ Кээ бир өлкөлөрдө адамдар жана атүгүл доктурлар, булчуңдардагы спастиканы азайтуу үчүн, укалоону же аларга бир нерсени ышкылап сүрүүнү колдонушат. Укалоо, көп учурда, булчуңдарда башка себептерден улам пайда болуучу спазмдарды, карышууларды же чыңалууну азайтууга жардам берет, бирок БЦШдан улам пайда болуучу спастикада укалоо булчуңдардын катып калгансып чыңалып калуусун, негизинен, күчөтүп жиберет. СПАСТИКАСЫ БАР БУЛЧУҢДАРДЫ УКАЛАБАҢЫЗ дегенди негизги эреже катары колдонуңуз жана муну эстен чыгарбаңыз. |
Спастикасы бар булчуңдарды чоюу же кысуу алардын жыйырылып чыңалып калуусун ого бетер күчөтүп жиберет. Кээде, дененин аномалдуу абалдарын оңдоо үчүн, булчуң спазмдарын жоюга же “жеңип чыгууга” мүмкүнчүлүк берүүчү “айла-амалдарды” колдонууга болот.
Дененин кайсы гана бөлүгүн албайлы, андагы булчуңдардын жыйырылып чыңалып калуусуна дененин калган бөлүктөрүнүн жана баштын абалдары таасирин тийгизет. Буттар түздөлүп, тизелер тийишип калуусуна алып келүүчү спазмдарды баланын башын эңкейтүү жана тулкусун алдыга ийүү жолу менен жарымжартылай жоюуга болот.
Баланы сүрөттө көрсөтүлгөндөй көтөрбөңүз, анткени башы ого бетер чалкалап, денеси жана буттары катып калгансып чыңалып калуусу күчөп кетет. | ![]() |
ТУУРА ЭМЕС | |
Эгер баланы жаткан абалында бир аз капталына бурсак, башын эңкейтүү жана тулкусун алдыга ийүү жеңилирээк болот. Бул жамбаш сөөк - кашка жилик муундар бөлүгүн жана буттарын бош кармоосуна жардам берет. Ошондо аларды бүгүү мүмкүн болот. | ![]() |
ТУУРА |
Бала менен эмне гана кылбаңыз, катып калгансып чыңалган булчуңдарын бошоңдотуусуна жана чоюусуна жардам берүү жолдорун издеңиз. Төмөндө бир нече мисал келтирилген.
Розанын тизелери түздөлүп, бир бирине тыгыз басылып, денеси узунунан артын көздөй керилип катып калгансып чыңалып турат. Буттарынын ички беттерин жууш үчүн, буттарын балтырларынан кармап, бир биринен алыстатууга аракеттенбеңиз. Мындай аракет буттары бир бирине басылуусун күчөтүп жиберет. |
Андан көрө, башын жана ийиндерин көтөрүп, алдыга эңкейтүү үчүн, алардын астына бир нерсе коюңуз. Бул бүтүндөй денесинин катып калгансып чыңалуусун азайтууга жардам берет. Андан кийин буттарын бүгүп, эки жакка бир биринен жай алыстатыңыз. Эгер буттарын тизелеринин үстүнөн кармасаңыз, алар бир биринен оңоюраак алыстап жазылат. |
Баланы тизелери бүгүлгөн абалында киринтүү жеңилирээк. Киринтүүдөн (жылуу суу менен жакшыраак) кийин, катып калгансып чыңалган булчуңдарын чоюусуна балага жардам берсеңиз болот. Адегенде буттарын бир биринен жай ылдамдык менен эки жакка мүмкүн болушунча алыстатыңыз, андан кийин тизелерин бара-бара жазыңыз. |
![]() |
![]() |
![]() |
Баланы тамактандыруу учурунда башы чыңалып чалкалап, ал эми ийиндери артка тартылып калса, | башын алдыга эңкейтүүгө аракеттенбеңиз. Мындан баланын башы ого бетер чыңалып чалкалап калат. |
![]() |
![]() ТУУРА ЭМЕС |
Колуңузду баланын моюнунун жана ийиндеринин арткы жагына коюп, ийиндерин алдыга түрткөндө, башы бошураак кармаларына ынансаңыз болот. | Мындан тышкары, эгер отургучтун отурган жеринин алдынкы бөлүгүн бир аз көтөрүп койсо, жамбаш сөөк - кашка жилик муундары бүгүлгөн абалында кармалып, бүтүндөй дене чыңалбай бош кармалуусуна жана балага денесин мыктыраак башкаруусуна жардам берет. |
![]() |
![]() |
Эгер кийинүүсүнө балага жардам бергиңиз келсе, бирок колдору көкүрөгүнө тыгыз басылып кармалса, | алары түздөйм деп тартып аракеттенбеңиз. Андан булчуңдарынын катып калгансып чыңалуусу күчөп гана кетет. | Колдорун чыканактарынын үстүнөн кармап, аларды этияттык менен алакандары өйдөнү карагандай кылып, бир убакта буруп түздөңүз. |
![]() |
![]() ТУУРА ЭМЕС |
![]() |
Эскертме: Мындагы сунуштар бардык балдарга бирдей эле жарай бербейт. Бардыгынан эң майнаптуусун тапмайынча, түрдүү ыкмаларды колдонуп көрө берүүнү улантыңыз.