Hesperian Health Guides
28-БӨЛҮМ: Күйүктөр жана күйүүдөн болгон деформациялар
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 28-БӨЛҮМ: Күйүктөр жана күйүүдөн болгон деформациялар
Адамдар ачык оттун жанында тамагын даярдаган, жылынган же уктаган аймактарда олуттуу күйүктөр көп учурайт.
Дененин бир жерин күйгүзүп алууда зарыл биринчи жардам саламаттыкты сактоо колдонмолорунда (алардын ичинде “Үй-бүлөнүн ден соолугу үчүн” деп аталган китеп да бар) талкууланат. Бул бөлүмдө, күйүүдөн улам болгон деформацияларга жана ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген абалдарга жеткирбөөгө жардам берүүчү сактык чаралары тууралуу гана сөз болот.
Дене бөлүктөрүн катуу күйгүзүп алуунун эң көп учураган кесепеттерине муундардын айланасында контрактуралар жана тырыктар калыптануу же күйүп калган тери бир бирине жабышып тартылып калуу кирет. Мисалы:
| Бир күнү, Лупито отко өтө жакын жатып, уктап калганда, жамынган жуурканына от өтүп кеткен. | Бул анын колтук бөлүгү жана тизесинин арткы жагы катуу күйүп калуусуна алып келген. | Күйүп калган жерлери айыкканга чейин, Лупито колун жана бутун бүгүлүү абалында кармаган. Мындай абалда күйүктөргө аба кирбей, алар анчалык ооруган эмес. | Бирок натыйжада, күйүп калган тери бир бирине тартылып жабышып калыптанган. Күйгөн жерлери айыккандан кийин, Лупито колу-бутун көтөрө албай калган, аларды жаза албай калган. |
Мазмуну
- 1 МУУНДАРДЫН АЙЛАНАСЫНДАГЫ КҮЙГӨН ТЕРИ ТАРТЫЛЫП КАЛЫПТАНЫП КАЛБАШЫ ҮЧҮН:
- 2 КҮЙГӨН ЖЕРЛЕР ЖАКШЫРААК АЙЫГЫШЫ ҮЧҮН: Мүмкүн болушунча, күйгөн жерлерге аба кирип турушу үчүн, аларды ачык калтырыңыз
- 3 Күйгөн жерлер тезирээк жана жакшыраак айыгуусу үчүн, эмне кылуу керек
- 4 МУУНДУН ТОЛУК КӨЛӨМДӨ КЫЙМЫЛДОО ИЙКЕМДИГИН САКТОО ҮЧҮН КӨНҮГҮҮЛӨР
- 5 ХИРУРГИЯЛЫК ОПЕРАЦИЯ
- 6 Дененин бир жерин күйгүзүп алуудан САКТАНУУ
МУУНДАРДЫН АЙЛАНАСЫНДАГЫ КҮЙГӨН ТЕРИ ТАРТЫЛЫП КАЛЫПТАНЫП КАЛБАШЫ ҮЧҮН:
| Күйгөн жерлери айыгып жатканда, муундарын дайыма жазылган абалында кармоо зарыл. Уктаганда, бала аларды бүкпөшү үчүн, балким, алардын астына төшөм салып коюу же аларды байлап коюу керек болушу мүмкүн. | Кол же бут манжаларынын ортолору күйүп калганда, ортолоруна вазелин сүйкөлгөн стерилдүү кебез карматыңыз. | Ээк моюнга жабышып калыптанып калуусуна жол бербөө үчүн, күйгөн жерлери айыккыча, башын чалкалатып кармоо өтө маанилүү. |
КҮЙГӨН ЖЕРЛЕР ЖАКШЫРААК АЙЫГЫШЫ ҮЧҮН: Мүмкүн болушунча, күйгөн жерлерге аба кирип турушу үчүн, аларды ачык калтырыңыз
| Күйгөн жерлерди чиркейлерге каршы колдонулуучу торчонун жардамы менен чымындан жана чаңдан коргоңуз, же жеңил марли менен жабыңыз. | Жууркан же торчо күйгөн жерлерге тийбеши үчүн, картон кутуну пайдаланыңыз же атайын жасалга жасаңыз. Кутунун бир жагын буттарды киргизүү үчүн тегерете тешип койсо болот. |
Эгер күйгөн жерлерди жабуу зарыл болсо, стерилдүү марлиге же стерилденген кездемеге вазелин сүйкөп, аны менен күйгөн жерди абайлап жаап коюңуз.
| Терең же ачык күйүктөр тезирээк айыгышы жана аларды инфекциялануудан сактоо үчүн, күйгөн жерге түздөн-түз аары балын же шекер сүйкөсө болот. Же булардын аралашмасын даярдаңыз. Күйгөн жерди күнүгө 2 же 3 маал алдын ала кайнатылып анан суутулган суу менен жууп, андан соң ага жаңы бал сүйкөө өтө маанилүү. (Эгер сүйкөлгөн бал күйүктөн көп бөлүнүп чыккан суюктук менен аралашып калса, анда ал микробдорду жок кылгандын ордуна, тескерисинче, алардын көбөйүшүнө алып келет.) | ААРЫ БАЛЫ КҮЙҮКТӨРДҮ ЖАНА АЧЫК ЖАРАЛАРДЫ АЙЫКТЫРУУ ҮЧҮН АБДАН ПАЙДАЛУУ. |
Күйгөн жерлер тезирээк жана жакшыраак айыгуусу үчүн, эмне кылуу керек
Тери көчүрүү
Кенен жана терең күйүп калган жерлер өтө жай айыгып, одуракай, жагымсыз тырыктарды калтырат. Күйүп калган жерлерди тезирээк айыктырып, тырык калыптануусун азайтуу үчүн, тери көчүрүү ыкмасын колдонсо болот. Ал үчүн дененин башка бөлүгүнөн теринин абдан жука катмары алынып, күйгөн жерге көчүрүлөт. Негизи муну хирург жасайт (бирок кээде муну аткаруу коомчолук медициналык-санитардык кызматчыларга да үйрөтүлөт).
Плацента, же курсактагы баланын тону
Күйгөн жердин айыгуусун тездетүүнүн дагы бир ыкмасы – “күмөн баштыкчасын” (бала төрөлгөндөн кийин плацента менен кошо чыгат) колдонуу. Бирок адегенде энеде ВИЧ-инфекция жок экенине ынануу зарыл.
Мындай баштыкча таза болууга тийиш. Аны адегенде кайнатылып, анан суутулган жана бир аз туз кошулган суу менен жууп, андан соң дароо дененин күйгөн жерине чаптаңыз.
МУУНДУН ТОЛУК КӨЛӨМДӨ КЫЙМЫЛДОО ИЙКЕМДИГИН САКТОО ҮЧҮН КӨНҮГҮҮЛӨР
Күйгөн жерлерди жаңы тери каптагандан же анда тырык калыптанып алар жабылгандан кийин дароо муундардын толук көлөмдө кыймылдоо ийкемдигин сактоого багытталган көнүгүүлөрдү этияттык менен жасап баштагыла. Жабыркаган муунду жай жазып, кайра жай бүгүп көнүктүргүлө – күндөн күнгө көнүгүүлөрдүн амплитудасын улам бир азга көбөйткүлө.
Мындай көнүгүүлөр 42-бөлүмдө толугураак сүрөттөлгөн. Эгер күйгөн жердин үстүнөн калыптанган тырыктар чоң болсо, көнүгүүлөрдү аткарууну көп жылдар бою улантуу талап кылынышы мүмкүн. Тырык тери соо териден айырмаланып, өспөйт жана чоюлбайт. Көп учурлард тери контрактураларыкалыптанып, кийин булар ого бетер күчөп кетиши мүмкүн – кээде атүгүл көнүгүүлөр аткарылып турса деле.
Көнүгүүнү баштоодон мурун, айыккан жерге дене майын же өсүмдүк майын сүйкөп алуу пайдалуу (бирок жаңы эле күйүп калган жерге муну эч качан кылууга болбойт). Дүйнө жүзүнүн айрым аймактарынан келген маалыматтар боюнча, күйүктөн айыккан жерлерге балык майын сүртүү даана көрүнгөн тырыктардын жана тери контрактураларынын калыптануусуна жол бербейт имиш.
ХИРУРГИЯЛЫК ОПЕРАЦИЯ
| Мисалы, эгер бала колундагы бармагын жоготсо, түрдүү буюмдарды кармап алуусун жеңилдетүү үчүн, кээде бармактан калган молтокко башка манжаны (же бут манжасын) бириктирип тигип койсо болот |
Сөөмөй бармактын
ордуна көчүрүлгөн. |
Эгер муундун айланасында тартып калган тырыктар же олуттуу контрактуралара калыптанса, “пластикалык хирургиялык операция” талап кылынышы мүмкүн. Кээде дененин башка бөлүгүнөн тери алынып, муундун айланасындагы териге кошулат (тери көчүрүү).
Эгер бала манжаларын күйгүзүп алып жоготсо, атайын “реконструкциялык” хирургиялык операциянын жардамы менен колун кайрадан пайдалануу мүмкүнчүлүгү ага кайтарылышы мүмкүн. (Мындай операция абдан кымбат. Аны көбүнчө ири клиникаларда реконструкциялык хирургия тармагындагы адистер гана жасашат.)
Дененин бир жерин күйгүзүп алуудан САКТАНУУ
| Жаш балдарды отко жолотпоңуз. Бөбөктөрдү ачык от бар жерлерде кароосуз калтырбаңыз. | Ширеңкелерди жана күйүүчү заттарды балдар жетпеген жерде сактаңыз. | Тамак даярдалып жаткан идиштердин кармагычтарын, жаш балдар аларды тартып өздөрүнө көмкөрүп албашы үчүн, ары каратып коюуңуз. |