Hesperian Health Guides
29-БӨЛҮМ: Талма: Эпилепсия
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 29-БӨЛҮМ: Талма: Эпилепсия
Бул эмне? Талма (пароксизмдер же конвульсиялар деп да аталат) – бул көп учурларда булчуңдардын улам кайталанган, ритмдүү тарткылоолору менен коштолгон, капыстан, көбүнчө, кыска мөөнөттүү, адам эсин жоготуусу же психикалык абалы өзгөрүүсү.
10–20 баланын ичинен бирөөнүн 15 жашка чейин, жок дегенде, бир жолу талмасы кармайт. Бирок 50 баланын ичинен бирөөндө гана анда-санда орун алуучу пароксизмдери өнөкөт (узак мөөнөт бою улам кайталанып турган) талмага өтүп кетет. Мындай илдет эпилепсия деп аталат.
ӨНӨКӨТ ТАЛМАНЫН (ЭПИЛЕПСИЯНЫН) СЕБЕПТЕРИ
Талма мээ жабыркап калганда же анын нормалдуу абалы бузулганда пайда болот. Эң көп учураган себептерине төмөнкүлөр кирет:
- Мээ жабыркоо. Бул – эпилепсиялардын, жок дегенде, ⅓ бөлүгүнүн негизги себеби. Мээ төрөткө чейин, төрөт учурунда же төрөттөн кийин жабыркап калышы мүмкүн. Балдардын церебралдык шалдыгына алып келүүчү мээ жабыркоолор эпилепсиянын пайда болушуна да алып келиши мүмкүн. Далай учурларда церебралдык шалдык менен эпилепсия айкалышып чогуу орун алат. Мындай айкалышуунун эң көп учураган себеби – менингит. Жаш бал дарда дененин температурасы катуу көтөрүлүүдөн же дене катуу суусуздануудан улам денеде карышуулар пайда болушу мүмкүн. Абалы абдан оор бейтаптарда анын себеби менингит, безгектен мээ жабыркоо же уулануу болушу мүмкүн (“Үй-бүлөнүн ден соолугу үчүн” деп аталган китептин караңыз). Улам күчөгөн эпилепсия, айрыкча эгер мээ жабыркагандыгынын башка белгилери менен чогуу байкалса, мээде шишик (же ымыркайларда гидроцефалия) бар экенинин белгиси болушу ыктымал. Мындай шишиктен улам пайда болгон талмада, демейде, дененин бир жагы күчтүүрөөк таасирленет. Сейрек учурларда талма чочконун “солитер” деп аталган мите куртунан улам пайда болушу мүмкүн (“Үй-бүлөнүн ден соолугу үчүн” деп аталган китептин караңыз).
- Тукум куучулук. Эпилепсиясы бар бейтаптардын болжол менен ⅓ инин бул илдеттен жапаа чеккен жакын туугандары бар.
- Себеби белгисиз. Болжол менен эпилепсия учурларынын ⅓ инде себеби аныкталбаган бойдон калат.
|
ЭСКЕРТҮҮ! Катуу ооруган балада карышуулар менингиттин же энцефалиттин белгиси болушу мүмкүн. Мындай учурда, баланын өмүрүн сактап калуу үчүн, ага тезинен медициналык жардам көрсөтүлүшү керек. Менингиттин белгилерин таанууну үйрөнүп алыңыз (“Үй-бүлөнүн ден соолугу үчүн” деп аталган китептин караңыз). |
Селейме учурундагы булчуңдардын спазмдарын эпилепсиянын талмасы менен алмаштырып алуу мүмкүн. Мында жаактар бир бирине тыгыз басылып кармалып калат (чайнатуучу булчуңдардын спазмы), ал эми дене капыстан артты көздөй жаага окшошуп ийилип кетет (“Үйбүлөнүн ден соолугу үчүн” деп аталган китептин караңыз). | ||
| МЕНИНГИТ | СЕЛЕЙМЕ | ||
ТАЛМА (ЭПИЛЕПСИЯ) ТУУРАЛУУ КОШУМЧА МААЛЫМАТ
Акыл-эс жөндөмдүүлүгү. Эпилепсиясы бар балдардын бир бөлүгүнүн интеллекти сакталуу болсо, башкаларында акылэси өрчүүсү артта калуу, китеп окуганды үйрөнүүдө кыйынчылыктар же окуусунда башка көйгөйлөр байкалат. Кээде, улам жана катуу кармай берген талма мээнин жабыркашына алып келип, акыл-эс өрчүү артта калуу көйгөйүн пайда кылат же күчөтөт. Ушул себептен, карышууларга каршы туура тандалган терапия зор мааниге ээ.
Талманын түрлөрү. Карыштыруучу талманын клиникалык белгилери ар түрдүү балдарда бир биринен бир топ айырмаланышы мүмкүн. Балдардын бир бөлүгүндө булчуңдары өзүнөн өзү катуу жыйрылуусу жана эс жоготуу менен коштолгон, “чоң” деп аталган оор талма байкалса, башкаларда кыска убактылуу эс жоготуу жана дененин бир бөлүгү кызыктай кыймылдашы менен коштолгон, анча катуу эмес, “кичи” талма байкалат. Талма жүрүм-турум капыстан кызыктай өзгөрүшү түрүндө да байкалышы, мисалы, бала эриндерин чопулдата же кийимин тарткылай башташы мүмкүн (ал айланасында эмне болуп жатканын түшүнбөйт). Же ал “абсанстар” деп аталган, эс кыска убактылуу жоголуу (бала капыстан бир жерди тиктеп, катып калат; кээде тез көз ирмөө же кабактар тез тарткылоо менен коштолот) түрүндө болушу ыктымал.
Эпилептикалык талманын алдын ала билдирүүчү белгилери, же “аура”. Талманын түрүнө жараша, бала (же анын ата-энеси) талманын кармап келе жатканын сезиши мүмкүн. Кээ бир балдар талма “кармап келе жатканын” билдирүүчү бир түстүү же түркүн түстүү жаркыроолорду көрүшөт, же капыстан кыйкырып жиберишет. Кээ бир түрлөрүндө анын келе жатканын билдирүүчү белги болуп коркуу сезими же галюцинациялар – элестетилген көрүнүштөр, добуштар, жыттар же даамдар болушу мүмкүн. Талманын башка түрлөрүндө “аура” болбойт. Баланын денеси капыстан жулкуна башташы, же аны бирөө капталын көздөй чукул ыргытып жибергендей кыймыл жасашы ыктымал. Мындай балдар, баштарын жабыркатып алуудан сакташы үчүн, такай атайын коргоочу баш кийим кийип жүрүүгө тийиш. Балдардын көбү талмасынын алдында болуучу аураны сүрөттөп айтып бере алышпайт.
Талманын кармоо жыштыгы. Талма бир нече жумада же бир нече айда бир эле жолу, же тез-тез кармай бериши мүмкүн. Кичи талма же “абсанстар” топ болуп – көбүрөөк эртең менен жана кечкурун кармашы ыктымал. Талма кармоо кадимки суук тийүү сыяктуу оор эмес инфекциялык оору учурунда же эгер бала уйкусу кангыдай уктабаганда күчөшү мүмкүн.
Талма көбүнчө узак кармабайт. Талмалардын көпчүлүгүнүн узактыгы 30 секунддан 2 мүнөткө чейин. 5 мүнөттөн ашык созулган талмалар сейрек. Мындай талма дарыгерлер “эпилептикалык статус” деп аташкан, узак убактылуу карышуулар менен коштолгон абал калыптанып жатканын билдириши ыктымал. Мындай учурларда тезинен медициналык жардам көрсөтүү талап кылынат.
Талманын кээ бир түрлөрү биринчи жолу бардык эле курактарда кармашы мүмкүн. Башка түрлөрү бала эң кичинекейинде башталып, ал чоңойгон сайын, демейде, басылат же башка түрлөрүнө өтүп кетет.
Далайлар эпилепсиядан өмүр бою жапаа чегишет. Бирок далай балдарда талма бир нече ай же жыл бою кармагандан кийин токтоп калат.
Демейде, балада талманын кайсы түрү бар экенин так билүүнүн зарылчылыгы жок. Бирок анын айрым түрлөрүндө дары-дармектердин белгилүү бир гана түрлөрү жардам берет. 240- жана 241-беттердеги тизмекте карыштыруучу талманын негизги түрлөрү, кайсы куракта башталышы жана дарылоо ыкмалары сүрөттөлүп келтирилген.
АТАЙЫН МЕДИЦИНАЛЫК ИЗИЛДӨӨ КАЧАН ТАЛАП КЫЛЫНАТ?
Экономикалык жактан начар өнүккөн өлкөлөрдө кээде дарыгерлер, илдеттин себептерин аныктоо үчүн, тийиштүү изилдөө жүргүзбөй эле талмага каршы дарыларды дайындай беришет. Кээде дарыгер талманын кармашынын клиникалык белгилерине таянып, ылайыктуу дарыны тандап берет. Бирок, талмага каршы колдонулуучу дарылардын терс да таасирлери болушу мүмкүн болгондуктан, дарыгерлердин улам көп саны балдарды аспаптуу изилдөөлөргө, мисалы ЭЭГе (электроэнцефалография) жөнөтө баштады. Мындай изилдөө бала үчүн эң эффективдүү дарыны тандоого дарыгерге жардам берет. Мээде шишик бар болушу мүмкүн деп шек саналганда, компьютердик томография (КТ) же магниттикрезонанстык изилдөө (МРТ) сунуш кылынат. Эгер атүгүл мындай изилдөөлөрдүн өзү бекер болсо да, ал үчүн көп учурда шаарга баруу, демек көп убакыт жана жолго чоң акча сарптоо талап кылынат. Сизди тейлеген эмканадагы медициналык кызматкерлерден жана коомчодогу медициналык-санитардык кызматчылардан кеңеш издөө баарынан артык. Буларда алыскы шаарлардагы улуттук же регионалдык медициналык борборлор камсыз кылган медициналык жардамдын сапаты боюнча жана ал үчүн кайда кайрылуу керек экени тууралуу атайын маалымат бар болушу мүмкүн. Алар сизге туура чечим кабыл алууга, боло турган чыгымдарды аныктоого жана мындай саякаттан эмне күтүүгө болорун билүүгө жардам бериши ыктымал.