Hesperian Health Guides
АМПУТАЦИЯЛАНГАН КОЛДУН ЖЕ БУТТУН МОЛТОГУНА КАМ КӨРҮҮ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 27-БӨЛҮМ: Ампутациялар > АМПУТАЦИЯЛАНГАН КОЛДУН ЖЕ БУТТУН МОЛТОГУНА КАМ КӨРҮҮ
Молтокко протез колдонууну мүмкүн кылуу үчүн, анын формасын жана өзүн жакшы абалда сактап кармоо керек. Ал үчүн төмөнкү нерселерди аткаруу зарыл:
- шишип кетүүсүнө жол бербөө,
- муундун толук көлөмдө кыймылдоо ийкемдигин сактоо (контрактуралардын алдын алуу), жана
- булчуңдардын күчүн сактоо
| ОРОЛГОН ЭМЕС | ОРОЛГОН ЭМЕС |
| ФОРМАСЫ НАЧАР | ФОРМАСЫ МЫКТЫ |
МОЛТОКТУ БИНТТӨӨ
Шишип кетүүсүнө жол бербөө жана протез колдонуу максатында формасын жакшы абалда сактоо үчүн, жаңы эле ампутацияланган бөлүктөгү молтокту узак убакыт бинттөө маанилүү.
Бутту багыты ылдыйдан өйдөнү көздөй болгон басым жаралгыдай жана дене суюктуктары (кан жана лимфа) молтоктун төмөнкү бөлүгүндө чогулуп калбагандай кылып бинттөө керек. Ал үчүн ийкемдүү бинтти төмөнкүчө ороңуз:
Тизеден ылдый
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
Тизеден жогору
| 1 | 2 | 3 | 4 |
| 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
МОЛТОКТУ КӨТӨРҮП КАРМОО
Бинттөөдөн тышкары, жаңы эле ампутацияланган мүчөнүн молтогун көпчүлүк убакыт көтөрүп кармоо зарыл. Кол же бут түшүрүлгөн абалында узак убакыт кармалуусуна жол бербеңиз.
ТУУРА
|
ТУУРА ЭМЕС
|