Hesperian Health Guides
27-БӨЛҮМ: Ампутациялар
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 27-БӨЛҮМ: Ампутациялар
Дененин бир бөлүгүн жоготуу орун алганда, бул ампутация деп аталат. Сейрек учурларда балдар бир колунун алакан-манжалары же бир бутунун бут кетмени, же кээде эки колунун же эки бутунун тең бул бөлүктөрү жок болуп төрөлүшөт. Балдардын ар кандай кырсыктардан жана согуштук жаңжалдардан колун же бутун жоготуу учурлары улам көбөйүүдө. Сөөк инфекциялары (19-БӨЛҮМ караңыз) же залалдуу шишиктер (рак) күчөп кеткенде да колду же бутту кесип салууга туура келет.
Денесинин бөлүгү ампутацияланган бала үчүн эмне кылуу керектиги бир катар түрдүү нерселерден, алардын ичинде, баланын ампутация болгон учурдагы курагынан, ампутациянын көлөмүнөн жана, баарынан мурун, бала (жана ата-энеси) эмне каалашынан жана эмнеге даяр экенинен көз каранды.
| ЭКИ КОЛУНДАГЫ ТЕҢ АЛАКАН-МАНЖАЛАРЫ ЖОК (бардык курактар үчүн) |
|
| Ал түрдүү нерселерди жакшыраак кармоого жардам берүүчү илмектерди колдоруна бекитип алууну каалашы жана буга даяр болушу мүмкүн. | |
| Бала илмектери бар атайын жасалгаларга жеткиче, өзү үчүн көп нерселерди кылууга жарактуу болушу үчүн, молтокторуна (ампутация болгон бөлүктөрүнө) шаймандарды жана үй тиричилик керекжарактарын бекитип карматуу жолдорун издеңиз. | Колдору дээрлик ийиндерине чейин жок болуп төрөлгөн бала бут кетмендерин колдой пайдаланууну үйрөнүп алган учурлар далай. |
| БИР КОЛУНДАГЫ АЛАКАН-МАНЖАЛАРЫ ЖОК |
|
| Эгер мындай дефект менен төрөлгөн бала кол протезин эрте колдонуп баштаса, акыл-эске толуп калганда, “аны тагынбайм” деп кежирленген учурлары дээрлик жокко эсе болот. | |
| Бирок эгер колу бала бир топ чоңоюп калганда ампутацияланган болсо же ал көпкө чейин протезсиз жүрүп калса... | ...ага протезди даярдап берсе деле, бала андан баш тартып, андан ары да молтогун эле пайдаланып жүрө берүүнү артык көрүүсү мүмкүн. |
| ТИЗЕДЕН ЫЛДЫЙ АМПУТАЦИЯ (бир бутта же экөөндө тең) |
|
| Ампутациядан кийин мүмкүн болушунча дароо же бала бир жашка чыккыча, ага бут протезин даярдап берүү зарыл. | |
| Өсүп жаткан балага көпчүлүк учурда улам чоңураак жана жаңы протездер керек болот. Андыктан, аны алмаштырып турууну жеңилдетүү үчүн, балага кымбат эмес протездерди алып берүүгө аракеттениңиз. | Бут кетмен бөлүгү алып салынма протез көпчүлүк учурда кымбат болсо да, мындай протезди узартып коюуга болот. |
| БИР БУТ ТИЗЕДЕН ӨЙДӨ АМПУТАЦИЯ БОЛГОН |
|
| Бала 10 жашка чейин (же мындан да узак) бүгүлбөгөн (тизе мууну жок) протез менен жүрө берүүгө жөндөмдүү.. | |
| Чоңоюп калганда, ал тизе мууну бар протезди колдонууну артык көрүшү мүмкүн, жана көпчүлүк учурда мындай протездин жардамы менен басуу ага ыңгайлуу болот (эгер үй-бүлөсү же кайсыбир уюм өскөн балага улам жаңысын алып берип турууга даяр болсо). | |
| ЭКИ БУТУ ТЕҢ ТИЗЕДЕН ӨЙДӨ АМПУТАЦИЯ БОЛГОН |
Кичинекей кезинде, бала үчүн кыска протездерди пайдалануу жеңилирээк болушу мүмкүн. | |
| Чоңоюп калганда, бою теңтуштарынын боюндай болушу үчүн, ал узун протездерди колдонууну артык көрүшү мүмкүн – атүгүл балдактарды пайдаланууга туура келсе да. | Буттары дээрлик жамбаш сөөк тушунан ампутацияланган бала үчүн дөңгөлөктүү отургучта ары-бери которулуу ыңгайлуураак болушу мүмкүн. | |