Hesperian Health Guides
Контрактуралардын АЛДЫН АЛУУ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 27-БӨЛҮМ: Ампутациялар > Контрактуралардын АЛДЫН АЛУУ
Бала ампутацияланган бутун жакшы пайдалана албайт. Көбүнчө ал бул бутун бүгүлгөн абалында кармагандыктан, жамбаш сөөк - кашка жилик муунунда же тизе муунунда (же бул эки муунда тең) контрактуралар калыптанат.
Андыктан, контрактураларга жол бербөө жана муундардын толук көлөмдө кыймылдоо ийкемдигин сактоо үчүн, бутун туура абалга келтирип кармоосу жана атайын көнүгүүлөрдү жасап туруусу зарыл (42-бөлүмдү караңыз).
ТУУРА АБАЛДАР
Муундарын жазып кармоосуна баланы кызыктырыңыз. Муундарын бүгүп кармаган абалдарда баланы узак убакытка калтыруудан оолак болуңуз.
| ТУУРА | ТУУРА ЭМЕС | ТУУРА ЭМЕС |
|
жумшак кездеме менен капталган түркүк |
| ТУУРА | ТУУРА | ТУУРА ЭМЕС | ТУУРА ЭМЕС |
| БИР ЖЕРДЕН БАШКА ЖЕРГЕ КОТОРУЛУУ ЗАРЫЛ БОЛГОНДО ГАНА | ДУРУСУРААК (Бирок жамбаш сөөк - кашка жилик муундарында баары бир контрактуралар пайда болушу мүмкүн.) |
ТУУРА ЭМЕС |
| Эгер контрактуралар калыптанып калган болсо, денесин булчуңдары чоюлуп, муундары жазылгандай абалга келтирип кармоого аракет кылыңыз. | Автоунаанын дөңгөлөгүнүн камерасынан кесим булчуңдарды чоюп, муундарды жазуу үчүн колдонулууда. | жүк
|
ЧОЮУ КӨНҮГҮҮЛӨРҮ
Жамбаш сөөк - кашка жилик муундары жазылуу абалында кармалуусун камсыз кылыңыз. |
||
БУЛЧУҢДАРДЫ БЕКЕМДӨӨ ҮЧҮН КӨНҮГҮҮЛӨР
Айрыкча муундарды жазуучу жана басууда колдонулуучу булчуңдарды бекемдөөгө аракет кылыңыз
|
көтөр
жүк
|
дөңгөлөктүн камерасынан кесим |
кум толтурулган баштыкча же башка жүк |
ЭСКЕРТҮҮ!
Басууга жардам берүүчү каражаттарды колдонуудагы САКТЫК ЧАРАЛАР
| Молтокту бүгүү абалында кармаган, басууга жардам берүүчү каражаттарды же протездерди муунду жазуу абалында кармаган протез даяр болгуча пайдаланып турса болот. Бирок баары бир, эгер бала муунду бүгүү абалында кармаган жасалганы колдонсо, ал күнүгө булчуңдарын чоюучу жана бекемдөөчү көнүгүүлөрдү аткарып туруусу өтө маанилүү. | |
| Молток кийгизилүүчү гильзасы бар, чак кылынып жасалган протездин жардамы менен кадимкидей эле активдүүлүк булчуңдарга керектүү көлөмүндө чоюлуунуда, бекемдөөнү да камсыз кылат. |
Протездин молток кийгизилүүчү гильзасын бамбуктан жана жергиликтүү башка материалдардан жасоо боюнча багыттамалар 67-бөлүмдө келтирилген.