Hesperian Health Guides

БАЛАНЫ КИЙИНТҮҮ ҮЧҮН ЫҢГАЙЛУУ АБАЛДАР

Бул бөлүмдө:

Баланы кийинтүү үчүн, денесин түрдүү абалдарга келтирип, ыңгайлуусун табыңыз.

Спастикалык церебралдык шалдыгы бар бала үчүн денесинин абалы айрыкча маанилүү. Аны аркасына жаткырып алып кийинтенде, денеси көп учурда артын көздөй ийилип чыңалып калат.
Ыңгайуу эмес абал:
(Денеси артын көздөй ийилип чыңалып калды.)
a child being dressed on his back: his body stiffens backward and hand bends tightly.
Алакан-манжалары бүгүлүү, булчуңдары чыңалуу.
Эгер баланы кийинтүү үчүн аны аркасына жаткыруу талап кылынса, башынын астына бекем жаздык коюп, буттарын жамбаш сөөк - кашка жилик муундарынан жана тизелеринен бүгүп кармаңыз. Мындай абал бала денесин бош кармоосуна жардам берет.
a child lying with his head on a pillow and hips and knees bent.
Тизелери бүгүлүү
Башы көтөрүлгөн
Булчуңдарында спастикасы бар баланы тулкусун алдыга ийип, жамбаш сөөк - кашка жилик муундарын бүгүп алып кийинткен оңоюраак.
Ыңгайлуу абал:
a child being dressed face down on a woman's lap, with hips bent.
Бала энесинин тизесине бетин ылдый каратып жаткырылган.
Буттары жамбаш сөөк - кашка жилик муундарында бүгүлүп турат
Жаңыдан өз алдынча кийине баштаган, булчуңдарында спастикасы бар бала үчүн капталына жатып алып кийинүү көп учурда ыңгайлуураак болот. Кийимин денесине тартуу үчүн, бир капталынан экинчи капталына которолууга балким ал аргасыз болот, бирок денеси чыңалып, артын көздөй ийилип калбашы үчүн, бала тизелери менен жамбаш сөөк - кашка жилик муундарын бүгүлгөн, башын алдыга эңкейткен абалында кармоосу керек болот
a child on his side with head forward and knees and hips bent.
Башы алдыга эңкейип турат.
Тизелери жана жамбаш сөөк - кашка жилик муундары бүгүлүп турат.



Балага отурган абалында кийинүүсүнө жардам берүү үчүн, ал туруктуу отура аларына ынаныңыз. Буттарын бүгүп, тулкусун алдыга эңкейтип отуруусуна ага жардам бериңиз. Эгер бала отурган абалында денесинин тең салмактыгын жакшы сактай албаса же денеси артын көздөй чыңалып ийилип кетсе, аны бөлмөнүн бурчуна отургузуп, кийинтип көрүңүз.
illustration of the above: steadying the child from behind while he sits and dresses.
Адегенде жардам бериңиз
a child sitting in a corner and dressing alone.
андан кийин өз алдынча кийинсин.
Тамандарды алдыга сунуп, тизелерди бир биринен аластатып отуруу абалы ойноо жана кийинүү үчүн ыңгайлуу. Эгер буттар чыңалып, тизелер бир бирине кептелип калса, бир убакта бут бармагын астынан басып, бир тизесин экинчи тизесинен абайлап алыстатып көрүңүз. DVC Ch37 Page 334-7.PNG
Атетоиддик церебралдык шалдыгы бар бала колдорун көтөрүүгө же сүйлөөгө аракеттенгенде, бут кетмендери жерден көтөрүлүп калышы, ал эми буттары бир биринен алыстап жылып кетиши мүмкүн.

Тизелерин бир биринен алыстатпай кармап, ылдый басып, же бут кетмендерин ылдый басып көрүңүз.
DVC Ch37 Page 334-8.PNG
Кийинүү учурунда кыймылдарын башкаруусун жеңилдеткен дене абалын табууга балага жардам бериңиз.
DVC Ch37 Page 334-9.PNG DVC Ch37 Page 334-10.PNG DVC Ch37 Page 334-11.PNG




This page was updated:30 Дек 2025