Hesperian Health Guides

КИЙИНҮҮСҮ БОЮНЧА СУНУШТАР

Бул бөлүмдө:

DVC Ch37 Page 335-1.PNG
  • Эгер бир колу же буту экинчисине салыштырмалуу көбүрөөк жабыркаган болсо, анда кийимдерин адегенде жабыркаган жагына кийгизсеңиз, оңоюраак болот.
  • Аны кийинтүүгө жардам берүүсү үчүн, бала кийимдерин көргөндөй жана аларга жете алгыдай кылып жакыныраак коюңуз.
  • Эгер колу чыңалып, бүгүлүп калса, адегенде аны жай ылдамдык менен түздөөгө аракет кылып, андан кийин ага көйнөктүн жеңин кийгизиңиз. (Эгер колун күч менен же тез түздөөгө аракет кылсаңыз, кол булчуңдарындагы спастика күчөп кетиши мүмкүн.)
  • Эгер буттары чыңалып, түздөлүп калса, шымын же бут кийимин кийгизүү үчүн, аларды этияттап бүгүңүз.
Колуңузду белине коюп, буттарын бүгүлгөн абалында кармоого балага жардам берсеңиз болот.

Экинчи колуңуз менен тизесин бүгүлгөн абалында кармасаңыз да болот.
DVC Ch37 Page 335-2.PNG Мындай ыкма бала бут булчуңдарын бош кармоосуна жана кыймылдарын башкаруусуна жардам берет
  • Аны кийинтүүнү сиз баштаңыз, бирок кийинип бүтүүсүн бала өзү аткаруусуна ага мүмкүнчүлүк бериңиз. Бала барган сайын улам көбүрөөгүн өзү аткарып көнсүн. Эгер ал толугу менен өз алдынча кийине алса, анда ага жетиштүү убакыт бериңиз. Эгер бала баарын өзүм кылам деп аракеттенсе, анын ордуна кыла салайын деп шашылбаңыз. Колунан келгенде же аракет кылганда, баланы мактап туруңуз.
  • Оңой кийилиши үчүн, кийимдери эркин отурсун. Төмөндө бир нече сунуш келтирилген:
Ky DVC Ch36 Page 335-3.png
  • Манжаларын жакшы башкара албаган балага топчулоочу жана топчудан кайра чыгаруучу жөнөкөй аспап жасап бериңиз.
  • using a tool to fasten buttons.
  • Эгер бала көйнөгүн улам тескери кийке берсе же бут кийимдеринин ордуларын алмаштыра берсе, кийимине “эскертмелерди” тагып берип көрүңүз. Мисалы:
  • DVC Ch37 Page 336-1.png
    Көйнөгүнүн алдыңкы бөлүгүнө тасманы кооздоп байлап коюңуз. DVC Ch37 Page 336-2.PNG Бут кийимин туура кийгенде, бүтүн жаныбар чогулгандай кылып, бут кийиминин ар бирине жаныбардын жарымын чаптап коюуңуз.
    • Эгер бала үчүн колдорун бут кетмендерине жакындатуу оор болсо, илмеги бар таяк жардам бериши мүмкүн.
    Универсалдуу шайман
    a boy pulling on pants using a stick with a hook.
    илип тартуу үчүн
    түртүү үчүн
    DVC Ch37 Page 336-4.PNG
    a girl pulling on pants using an all-purpose tool made from a stick with a comb attached to one end.
    тарак

    Бут кийимди баланын бутуна тууралоо

    Эгер баланын бут кетмени жырткыч жаныбардын тырмактуу манжаларына окшошуп деформацияланып кеткен болсо же манжалары бүгүлүп кармалса, бут кийиминин башын кесип салыңыз же жайкы ачык бут кийимди колдонгула.

    Ky DVC Ch36 Page 336-6.png
    • Теннистик бут кийимди же бут манжаларына чейин ачылуучу бөлүгү бар түрүн колдонуу оңоюраак.
    Оңой бекитилме жана ачылма түктүү “липучка” илмек балдардын көпчүлүгүнө өз алдынча кийинүүгө мүмкүнчүлүк берет. DVC Ch37 Page 336-10.PNG Бут кийиминин согончок бөлүгүнүн үстүнө кайыштан же кездемеден илмек тагып койсо, бала үчүн бут кийимин тартуу оңоюраак болот.
    DVC Ch37 Page 336-9.PNG
    Балага бутуна эркинирээк (бир ченемге чоңураак) отурган бут кийим алып берген жакшыраак.


    • Эгер бут кетмени төмөнкү сүрөттөгүдөй болуп, чыңалып түздөлүп калса, бут кийим кийгизүү оор болот. Мындай жагдайда бут кийиминин арткы бетин кесип, баланын бутун ушул жеринен бут кийимге киргизсе болот.
    DVC Ch37 Page 336-11.PNG
    a shoe with the back cut open that laces up the back and the front.
    Бул жерин кесиңиз.


    Сезгичтиги жоголгон буттар үчүн атайын бут кийимдин түзүлүшүн "Бут кетмендеринде сезгичтиги жоголгон адамдар үчүн бут кийим" караңыз. Ортез менен чогуу колдонуу үчүн бут кийимди өзгөртүп тууралоо жөнүндө издеңиз.





    This page was updated:30 Дек 2025