Hesperian Health Guides

37-БӨЛҮМ: Кийинүү

Бул бөлүмдө:

Башка балдардай эле, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды кичинекейинен өз алдынча кийинүүгө үйрөтүү зарыл. Бирок өнүгүү деңгээли үчүн али оор ык-жөндөмдөрдү үйрөнүүсүнө баланы мажбурлап, аны шаштыруу туура эмес.

ӨЗ АЛДЫНЧА КИЙИНГЕНДИ ДЕНИ СОО БАЛДАР ҮЙРӨНГӨН ОРТО КУРАК
1 жашка чейин
Бала аны кийинтүүгө
эч жардам бербейт
1 жашта
Баланы кийинтип жатканда, ал жардам берет
2 жашта
Эркин отурган кийимин чечет.
DVC Ch37 Page 333-1.png
DVC Ch37 Page 333-2.png
DVC Ch37 Page 333-3.png
3 жашта
Эркин отурган кийимин кийет.
4 yжашта
Чоң топчуларды топчулайт.
5 years old
Өз алдынча кийинет (өзгөчө татаал кийимдерди эсепке албаганда).
6 жашта
Бут кийиминин боосун байлайт, жайкы жеңил бут кийимин тууралап кийет.
DVC Ch37 Page 333-4.png
DVC Ch37 Page 333-5.png DVC Ch37 Page 333-6.png
DVC Ch37 Page 333-7.png

Өз алдынча кийингенди жергиликтүү каада-салттарга жана ата-энелер буга кандай маани берүүсүнө жараша балдардын ар бири түрдүү куракта үйрөнүшү мүмкүн. Айылыңыздагы башка үй-бүлөлөрдөгү балдар түрдүү куракта эмнеге жөндөмдүү болоруна байкоо жүргүзүңүз. Балдар эки жашка чыга электе эле кийимин чечкенди үйрөнүп алышы мүмкүн, бирок кийиминин бардыгын туура кийгенди демейде 5 же 6 жашка чыкканда гана үйрөнүшөт. 6 жаштагы дени соо бала деле көйгөнүн тескери же бут кийиминин ордуларын алмаштырып кийип алышы мүмкүн.

Өнүгүүсүндө артта калган же денесинин кыймылдоо функциясында бузулуусу бар балдар кийинүү ык-жөндөмүн жай үйрөнүшү ыктымал. Бала аны кийинтүүгө жардам берет деп күтүп отурбай, энеси же эжеси көп учурда аны өздөрү эле кийинтип салышат. Бирок бул баланын өнүгүүсүн ого бетер жайлатат.

Кийинүү процессин баланы бир убакта көп багыттарда (өзү жана айлана-чөйрөсү жөнүндө кабардар болуу, денесинин тең салмактыгын сактоо, кыймылдоо ык-жөндөмүн өздөштүрүү жана атүгүл сүйлөө) өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү катары пайдаланган маанилүү.

a woman speaking as she helps a child to dress.

Баланы кийинтип жатып, ал менен сүйлөшүңүз. Денеси кайсы бөлүктөрдөн турарын, кийимдеринин аталыштарын жана алардын бир бири менен байланышын (мисалы, “кол жеңге кирет”, “буттар шымдагы эки тешикке кирет” ж.б.у.с.) бала үйрөнүүсүнө жардам бериңиз. Мындай ыкманын жардамы менен бала тил үйрөнө баштайт, денесинин мүчөлөрүн кыймыл аракеттери жана айланасындагы нерселер менен байланыштырганды өздөштүрөт.

Балага өз алдынча кийинүүнү үйрөтүү убакытты жана сабырдуулукту талап кылат. Бала мүмкүн болушунча көбүрөөк нерселерди өзү аткарып көнсүн. Бала бир нерсени аткара албай баратканда гана ага жардам берүүгө даяр болуңуз, бирок зарыл болгон көлөмдө гана. Бир нерсени аткара албоосу кайрадан аракет кылуусуна ындынын өчүрбөөсүн камсыз кылыңыз. Бала аткара турган “тапшырма” анын колунан келгендей болушу, анын өнүгүү деңгээлине туура келиши керек.



This page was updated:30 Дек 2025