Hesperian Health Guides
БОЙЛОРУ КЫСКА БОЙДОН КАЛГАН БАЛДАР
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 13-БӨЛҮМ: Бою начар өскөн же сөөк ткандарынын түзүмү алсыз келген балдар > БОЙЛОРУ КЫСКА БОЙДОН КАЛГАН БАЛДАР
- Нормадан сырткары чыкпаган, бой жай өсүү. Кээ бир балдар башка балдардан айырмаланып, жайыраак өсүшөт жана жыныстык жактан кечирээк калыптанышат. Эгер башка багыттары боюнча баланын өрчүп өнүгүүсү жана ден соолугу нормалдуу болсо, тынчсызданбаңыз. Жыныстык жактан жетилүү курагына жеткенде (бул атүгүл 15, 16 же 17 жаш курагында болсо деле), баланын өсүп-чоңоюусу тез жүрө башташы мүмкүн.
- Нормадан сырткары чыкпаган, кыска бойлуулук. Ата-энесинин биринин же экөөсүнүн тең бою мындай орточо көрсөткүчтөрдөн кыскараак болсо, алардын балдарынын бойлору да кыска болушу мүмкүн. Мындай кыска бойлуулук тукумдан тукумга берилет жана бул норма деп эсептелинет. Баланын ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөрү бар-жогун текшерип, ал жакшы тамактанып туруусун камсыз кылыңыз.
- Начар азыктануу. Айрым балдар жетиштүү көлөмдө азыктанып жүрбөгөндүктөн же денесине зарыл азыктар менен тамактанбагандыктан улам нормалдуу өсүшпөйт. Өздөрү арык, курсактары чоң болуп, көп ооруй бермейи эле болбосо, мындай балдардын сырткы кебетеси нормалдуу эле болуп көрүнүшү мүмкүн. Же болбосо, алар өздөрүн алсыз сезиши, көңүлдөрү чөгүңкү болуп көрүнүшү же бут кетмендери, алакан-манжалары жана беттери шишип кетүүсү ыктымал. Калып:FuturelinkМындай балдар жакшыраак азыктар менен көбүрөөк тамактанып турушу кажет. Өсүп өнүгүүсү тезирээк жүрүшү үчүн, ар түрдүү нерселерди аткарууга аларга түрткү берип турууда, түрдүү оюндарда, аларга карата мээрим менен мамиле кылууда жана аларга көп көңүл бурууда зарылчылык болушу мүмкүн (47-бөлүмдү караңыз) жардамы менен башка балдар мындай көйгөйү бар балдарды жакшыраак түшүнүүсүнө жардам берсе болот.
This page was updated:21 Июль 2025