Hesperian Health Guides

КЕМЧИЛИКТҮҮ ОСТЕОГЕНЕЗ

Бул бөлүмдө:

Элде “айнек сымал сөөк оорусу” деп аталат. Бул илдетке чалдыккан балдар ийрийген, буралып калгансыган же сөөктөрү сынган аяктар менен төрөлүшөт. (Же болбосо, сөөктөрү дароо төрөттөн кийин нормалдуу эле болот, бирок кийин сына баштайт.) Бала кадимки куракта эле басышы мүмкүн, бирок сөөктөрдүн сынуусунан көбөйгөн деформациялардан улам басуу жөндөмдүүлүгүнөн бир аз убакыттан кийин толугу менен айрылышы ыктымал. Мындай көйгөйлүү балдар сөөктөрүнүн көп ирет сынууларынан жана ийрийүүлөрүнөн улам өтө кыска бойлуу бойдон калышат. Баласы сөөгүн сындырып алганын ата-энеси кээде байкабайт.

Кемчиликтүү остеогенез – сейрек кездешкен илдет. Кээде ал ата-энелеринен балдарына өтөт. Үй-бүлөдө дагы башка бирөөндө так ушундай көйгөй байкалат.

Бул илдетти айыктыруу мүмкүн эмес. Ошентсе да, кээде буттун сөөктөрүн хирургиялык операциянын жардамы менен түздөп бекемдөөгө болот. Ал үчүн ошол сөөктөрдүн ортолоруна узун металл түркүкчө салынат. Натыйжада, бала узагыраак басууга мүмкүнчүлүк алышы мүмкүн, бирок кийин, ары-бери жүрүүсү үчүн, ал дөңгөлөктүү отургучка муктаж болушу ыктымал. Чоңоё түшкөндө, аркасына байланыштуу көйгөйлөрү көбөйөт. Ошондо тулкуну бекем кармоочу корсет жардам берет.

КЕМЧИЛИКТҮҮ ОСТЕОГЕНЕЗДИН БЕЛГИЛЕРИ
a child with brittle bone disease
Маңдайы жазы
Дүлөйлүк өрчүп калыптанышы мүмкүн
Көздүн агы көгүш болуп көрүнөт
Тиштер начар болот
Көкүрөк челекке окшошуп, арка оркоюп калат
Сөөктөр көп жолу сынгандан улам ийри жана кыска болот

Кемчиликтүү остеогенези бар балдардын акыл-эси, негизинен, сонун эле болуп, алар мектепте жакшы окушат. Улам күчөгөн дүлөйлүк кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Акыл-эси өнүгүүсүнө балдарга жардам бериңиз жана физикалык күчтү талап кылбаган ык-жөндөмдөрдү үйрөтүңүз. Бала сөөктөрүн сынуудан кантип коргоо керектигин үйрөнүшү кажет. Түбү чөкпөгөн бекем керебетке жатып уктаса, жардам берет.



This page was updated:23 Май 2025