Hesperian Health Guides

13-БӨЛҮМ: Бою начар өскөн же сөөк ткандарынын түзүмү алсыз келген балдар


HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 13-БӨЛҮМ: Бою начар өскөн же сөөк ткандарынын түзүмү алсыз келген балдар


Бул бөлүмдө:

Бул бөлүмдө сөөк ткандарынын түзүмү алсыз же сөөктөрү деформациялуу жана башка балдардыкындай өсүп чоңойбогон балдар, башкача айтканда, итий оорусу, кемчиликтүү остеогенез жана эргежээлдик тууралуу сөз болот. Бул дарттардын ар биринде буттар жаага окшошуп ийрийип кетиши мүмкүн жана көп учурда сөөктөрдүн формасы жана пропорциялары нормага туура келбейт.

ИТИЙ

Итий – денеде D витаминин жетишсиздигинен улам сөөктөрдүн алсыз болуп, деформацияланып кетүүсү менен мүнөздүү илдет. D витамини ынак сүттө, сүттөн жасалган майларда, жумуртканын сарысында, жаныбарлардын майларында жана боордо, айрыкча балыктардын боор майында, кездешет. Териге күндүн нуру тийгенде да, денеде D витамини иштелип чыгат. Курамында D витамини бар азыктар менен тамактанып жүрбөгөн жана терисине күндүн нуру жетишсиз өлчөмдө тийген балдарда бара-бара итийдин белгилери калыптанат.

ИТИЙДИН БЕЛГИЛЕРИ
a child with rickets
Баланын төбөсүндөгү эмгеги жай жабылат.
Көкүрөк сөөктөрү уркуюп, териси тартылгансып калат.
Сөөктөр ийрийип турат.
Муундар нормадан сырткары чоңоюп кетет
Буттар жаага окшошуп ийрийип кетет (тизелер сыртты көздөй ийилип калат).

Итий айрым өлкөлөрдө, айрыкча балдар көбүнчө үйдүн ичинде тыгыз оролуп убакыт өткөргөн, Азиянын жана Латин Америкасынын, аба-ырайы салкын болгон тоолуу аймактарында кыйла көп учурайт. Балдар күндүн жарыгына анда-санда гана чыгарылып турган, адамдарга жык толгон чоң шаарларда бул илдеттин саны улам көбөйүүдө.

Итийди дарылоо балыктардын боор майын берүүдөн жана күндүн нурунда убакыт өткөрүүдөн турат. Бул илдетке жеткирбөөнүн эң мыкты жана эң арзан жолу – баланын терисине күндүн нуру тийүүсүн камсыз кылуу. Курамында D витамини бар азыктар да жардам берет.




This page was updated:23 Май 2025