Hesperian Health Guides
ЖАЛПАК ТАМАНДЫК
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 11-БӨЛҮМ: Маймактык, жалпак тамандык, тизе муундарынын варустук жана валгустук деформациялары > ЖАЛПАК ТАМАНДЫК
Ымыркайлардын көпчүлүгүнүн бут кетмендери болук (майлуу) келгендиктен, тамандары жалпак болуп көрүнүшү мүмкүн.
![]() май |
2 жашка чейинки баланын норма чегиндеги бут кетмени |
МАЙЛУУ ТАМАНДЫ ЖАЛПАК ТАМАНДЫК менен алмаштырып адашпаңыз! |
Улуураак балдардын жана чоң кишилердин тамандарынын дого сымалданып туруусунун түрлөрү көп. | Атүгүл бул сүрөттөгүдөй жалпак тамандуу бут кетменин, эгер ал оорубаса, көйгөй катары карабай эле коюу керек. Жалпак тамандык үй-бүлөлөрдө көп учурда тукумдан тукумга өтүп учурайт. Эгер баланын бут кетмендери атаэнесинин же туугандарынын бут кетмендерине окшош келип, алар оорубаса, же бала бут кетмендерин бардык багыттарда эркин кыймылдата алса, мындай жалпак тамандыкка кабатыр болууда негиз жок. | ||
![]() |
![]() | ||
тамандын дого сымалданып туруусу чоң | дого сымалданып туруусу жокко эсе (жалпак тамандык) | ||
![]() |
таман изи | ![]() |
Эгер жалпак келген тамандар оорубаса, бут кетмендеринде талашсыз алсыздыкты же алардын эркин кыймылдоосуна тоскоолдук жаратпаса, кабатыр болуунун кажети жок.
Кеч баса баштаган балдардын көпчүлүгүнүн тамандарынын дого сымалданып туруусу дээрлик жокко эсе болуп, бут кетмен булчуңдарынын күчү көбөймөйүнчө, алар жалпак абалында сакталат.
Атүгүл тамандары абдан жалпак балдарда деле, көпкө туруудан же көпкө басуудан улам, анча-мынча ооруксунуудан же ыңгайсыздыктан сырткары бузулуу дээрлик пайда болбойт. Демейде жалпак тамандык шалдыктан же мээ жабыркоодон улам пайда болгондо гана олуттуу көйгөйгө айланат. Мисалы, полиомиелиттен жабыркап калган, церебралдык шалдыгы же жүлүн чуркусу бар балдардын айрымдарында так ушундай болот. Мындан тышкары, Даун синдрому менен ооруган балдардын тамандары кээде жалпак болуп калыптанып калат. Андан бут кетмендери оорушу же аларда ыңгайсыздык пайда болушу мүмкүн.

Жалпак тамандыкты оңдоо
Жалпак тамандыктан башка көйгөйү жок балага жардам берүүнүн эң мыкты жолу аны жылаңайлак бастыруу болушу мүмкүн. Кумдуу же тегиз эмес жерде жылаңайлак басуудан бут кетмендери бекемделип, тамандар нормадагыдай дого сымалданып калыптанат. Буттардын учтарына туруп басуу, секирткич менен секирүү жана майда буюмдарды бут манжалары менен чогултуу сыяктуу кыймыл аракеттер да жардам бериши мүмкүн.
ОРТОПЕДИЯЛЫК БАТЕКТЕР ЖАНА БУТ КЕТМЕНИН ТИРӨӨЧҮ БАШКА ЖАСАЛГАЛАР
Ортопедиялык батек – тамандын дого сымалданып туруусун тирөө үчүн, бут кийимдин ичине салынуучу бекем астарлык. |
![]() |
Мындай батекти булгаарыдан, майда тешиктүү резинкеден же автоунаанын дөңгөлөгүнүн кесиминен жасоого болот. Болгону анын формасын бут кетменин балага ыңгайлуу нукта тиреп тургандай кылып коюу керек. |
Полиомиелиттен, церебралдык шалдыктан же Даун синдромунан улам тамандары жалпак болуп калыптанып калган балдардын кээ бирлерине ортопедиялык батектер же бут кетменин тирөөчү буларга окшогон башка жасалгалар жардам бериши мүмкүн, бирок калгандарына жардам бербейт. Ар бир баланын муктаждыктары дыкат каралууга тийиш. Эгер ортопедиялык батекти 2 жума колдонуп көргөндөн кийин баланын басуусу оорлоп кетсе, батектин формасын алмаштырып көрүңүз же аны колдонууну такыр токтотуңуз
Батекти биротоло жасоодон мурун, картон кагаздын, жыгачтын же буларга окшогон башка материалдын бөлүгүн батек формасына келтирип, аны баланын таманынын астына салып тууралап көрүңүз. Жоондугу түрдүү батектерди коюп көрүп, кайсынысы баарынан жакшы туура келерин издеңиз. Баланын согончогу бутунун калган бөлүгү менен бир сызыкты түзүүсүн камсыз кылыңыз.
Батек даяр болгондо, баланы адегенде батектин өзүнө эле тургузуп, андан кийин батекти бут кийиминин ичине салып текшерип көрүңүз. Бала ары-бери басып көрсүн – ага көңүл буруңуз. Батекти салып алып баскан кандай сезилерин баладан сураштырыңыз. Эгер баары жакшы болсо, 2 жумадан кийин аны кайра текшериңиз.
![]() |
![]() |
![]() |
ТУУРА, анткени согончок буттун калган бөлүгү менен бир сызыкты түзүп турат. | ӨТӨ ЭЛЕ ЖАПЫЗ: согончок сыртты көздөй кайрылып турат. Батек жоонураак болушу керек. | ӨТӨ ЭЛЕ БИЙИК: согончок ичти көздөй кайрылып турат. Батек өтө эле жоон болушу ыктымал. |
Эгер шалдыктан баланын таманы жалпак же өтө эле бошоң болсо, көп учурда жалгыз ортопедиялык батек гана жетишсиз. Балага бут кетменин, сүрөттө көрсөтүлгөндөй, бекем кармоочу пластик жасалга керек болушу мүмкүн, | ![]() Бул жеринин ички бети дөмпөйүп турат |
![]() |
Дененин бөлүктөрүн бир калыпта бекем кармоочу пластик жасалгаларды даярдоо боюнча нускамалар 58-бөлүмдө келтирилген. | |
![]() |
же бут кетменин жана таман сөөк - жото жилик муунун бирдей бекем кармоочу ортез керек болушу мүмкүн. |

Бут кийимди ыңгайлап өзгөртүүнүн жардам берүүчү анык бир гана жолу бар дегендик чоң жаңылыштык деле болбойт. Бут кийимдин согончок бөлүгүнүн ички жагына металлдан кичинекей така бекитип койсо, бут кийим текши эмес жешилүүсүнө жол бербейт жана бут кетмени оорушунан сакташы мүмкүн.