Hesperian Health Guides
12-БӨЛҮМ: CКөп учураган тубаса дефекттер
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 12-БӨЛҮМ: CКөп учураган тубаса дефекттер
СЕБЕПТЕРИ
Көпчүлүк учурларда тубаса дефекттердин себеби белгисиз бойдон калат. Бирок кээде мындай дефекттерге төмөнкү нерселердин бири алып келиши мүмкүн:
![]() |
Жырык эрини жана жырык таңдайы бар бул кыздын энеси кош бойлуу кезинде начар тамактанып жүргөн. |
![]() |
Доктур бул баланын энесине “эртең менен куску келүүсүнө” каршы дары жазып берип койгон. |
![]() |
![]() |
Бул бала 45 жаштагы аялдан төрөлгөн. |
- Кош бойлуулуктун баштапкы мезгилинде начар тамактануу. Жырык эриндин жана жырык таңдайдын себепкерлеринин бири катары божомолдонот.
- Генетикалык (тукум куума) фактор. Кээде белгилүү бир дефекттер үй-бүлө ичинде тукумдан тукумга өтүп турат. Мисалы, эгер ата же эне ашык бармак менен төрөлгөн болсо, баласы да ушундай дефект менен төрөлүү ыктымалдыгы бир топ чоң. Дефект өздөрүндө байкалбаса да, ата же эне же экөө тең мындай дефектке алып келүүчү факторду “өзүндө алып жүрүүчү” болушу мүмкүн. Мындай тукум куума дефект туугандарында да болушу ыктымал. Бала дефект менен төрөлүшү үчүн, көп учурда мындай фактор атасында да, энесинде да болуусу зарыл. Ушул себептен, бир бирине жакын туугандар окшош дефектке алып келүүчү факторду экөө тең алып жүрүү ыктымалдыгы жогору болгондуктан, мындай ата-энеден тубаса дефекттери бар балдар көбүрөөк төрөлөт.
- Дары-дармектер, пестициддер, химикаттар, айлана-чөйрөнү булгоочу заттар жана уулар. Айрыкча кош бойлуулуктун баштапкы 3 айында химикаттар жана уулар жатындагы күмөнгө тез эле зыян келтирип коюшу мүмкүн. Дары-дармектердин көптөгөн түрлөрүнүн, баңгизаттардын жана пестициддердин (өсүмдүктөргө, курт-кумурскаларга жана келемиштерге каршы колдонулуучу уулар) таасирине дуушар болгон кош бойлуу аялдын курсагындагы күмөндө тубаса дефекттер пайда болушу ыктымал.
- Кызамык. Эгер кош бойлуулугунун баштапкы 3 айында болочок энеге кызамык жукса, курсагындагы баласында тубаса дефекттер пайда болушу мүмкүн – негизинен угуу жана көрүү органдары, мээ (балдардын церебралдык шалдагы жана акыл-эсинин өнүгүүсү артта калуу) же ички органдар (жүрөк, боор) жабыркайт. Кээде балдар “резинке таңгыч менен тартылып калгансыган” колдору же буттары, же деформациялуу манжалары же колу-буттары бар болуп (же булар такыр өрчүбөй) төрөлүшөт.
- 40 жаштагы жана андан ашкан аялдарда Даун синдрому жана алакан-манжаларында, бут кетмендеринде же ички органдарында (жүрөк, боор) дефекттери бар балдарды төрөө ыктымалдыгы демейдегиден кыйла жогору. Ушул курактагы ар 50 аялдын ичинен болжол менен бирөө Даун синдрому же башка дефекти бар баланы төрөйт. Эгер жубайлардын экөө тең ушул куракта болсо, мындай ыктымалдык андан да жогору.
Тубаса дефекттердин алдын алуу жолдорун караңыз.
This page was updated:23 Май 2025