Hesperian Health Guides

МАЙМАКТЫК

Бул бөлүмдө:

DVC Ch11 Page 114-3.jpg
оңдоого чейинки маймактык

Ар 1000 баланын ичинен болжол менен үчөө бир бут кетмени (же экөө тең) маймак болуп төрөлөт. Кээде мунун себеби тукум куучулук факторго байланыштуу болот, бирок демейде мындай көрүнүштүн себеби белгисиз.

Кээде, жаңы төрөлгөн баланын бут кетмендери, бала энесинин курсагында жаткан кездеги абалынан улам, бир бирин көздөй ийрийип калыптанып калган болот.

Эгер баланын бут кетменинин алдыңкы бөлүгү ичти көздөй ийрийип турса, мындай ийрийүү бала 2 жашка толгуча эле көп учурда өзү түздөлүп калат. DVC Ch11 Page 114-4.png Бут кетменинин алдыңкы бөлүгү гана ийри.


Анын арткы бөлүгү түз.
club feet



Бут кетменинин мындай деформациясы өзү оңолуп кетер-кетпестигин же бул атайын жардамды талап кылган анык деформация (маймактык) экенин аныктоо үчүн, бул кетменин кадимки – туура абалына келтирип көрүңүз.

Эгер бут кетменинин ийрийүүсүн түздөөгө мүмкүн болсо, анда бул: НОРМА DVC Ch11 Page 114-6.png Эгер баланын бут кетменин оңой эле түздөй алсаңыз жана аны түз абалынан атүгүл карама-каршы багытында ашырып ийүү мүмкүн болсо, анда бут кетменинин сөөктөрүндө деформация жок болуш керек жана мындай ийрийүү өзү оңдолуп калышы ыктымал. Эгер бут кетменин бир аз тырмасаңыз, көп учурда бала бут кетменин кадимки туура абалына келтирет.
Эгер бут кетменинин ийрийүүсү түздөлбөсө, анда бул: МАЙМАКТЫК DVC Ch11 Page 114-7.png Эгер бут кетменин кадимки туура абалына келтире албасаңыз, аны кайыш менен бекем карматып же гипстөөнүн жардамы менен түздөө керек болот (60-бɵлүмдү караңыз).

Маймактык белгилүү бир башка илдеттин белгиси болушу мүмкүнбү? Маймактык көп учурда өзүнчө абал түрүндө учурайт, кээде ал жүлүн чуркусунан (жүлүндүн өрчүүсү бузулуу, 22-бөлүмдү караңыз) улам пайда болот. Баланын омуртка тутумун жана бут кетмендеринде сезгичтик бар-жогун текшерүүнү унутпаңыз.

Балдардын церебралдык шалдыгынан, полиомиелиттен, артриттен же жүлүн жабыркоодон улам барабара маймактык калыптанышы мүмкүн.

Кээде бут кетмениндеги маймактык “алакан маймактыгы” же булчуңдар алсыздыгы менен мүнөздөлгөн башка бузулуулар жана деформациялар менен коштолуп учурайт (“Артрогрипозду”).

Маймактыкты оңдоо

(кененирээк маалыматты 60-бɵлүмдү караңыз.)



DVC Ch11 Page 115-1.png
DVC Ch11 Page 115-2.png
Бала төрөлгөнүнөн бир аз убакыт өткөндөн кийин, маймак болуп калыптанып калган бут кетменин карама-каршы багытта (атүгүл түз абалынан бир аз ашыра) ийип гипсте же кайыштын жардамы менен карматуу зарыл Бут кетмени калыбына келгенден кийин, андан ары аны ушул түз абалында сактоо үчүн, көп учурда чоюу көнүгүүлөрүн жасап туруу талап кылынат.
DVC Ch11 Page 115-3.png
DVC Ch11 Page 115-4.png
Бут кетмени кайрадан ийрийип кетпеши үчүн, аны бир калыпта бекем кармоочу атайын жасалганы (эгер зарыл болсо, күнү-түнү) кийип жүрүү талап кылынат. Андан кийин бут кетменин кадимкидей эле пайдалануу (басуу, чуркоо жана көнүгүү аткаруу) жолу аркылуу эле түз калыбында сактоо мүмкүн болот.



DVC Ch11 Page 115-5.jpg
гипстөө ыкмасынын жардамы менен, айылдык реабилитологдор тарабынан түздөлгөн бут кетмени (PROJIMO)

Маймак бут кетмендүү балдардын болжол менен 60%ынын мындай деформациясын хирургиялык операциясыз эле, кайыштап таңуу же гипстөө жолунун ардамы менен 6–8 жуманын ичинде ийгиликтүү түздөөгө болот. Бул ыкмалар 60-бɵлүмдү сүрөттөлүп келтирген.

Маймактыкты түздөө иш-аракеттерин бала төрөлгөндөн кийин көпкө калтырбай – эгер мүмкүн болсо, төрөлгөнүнөн үчүнчү күнү – баштоо зарыл. Анткени, жаңы төрөлгөн баланын сөөктөрү жана муундары жумшак болот. Бала төрөлгөн күндөн канчалык узаган сайын, сөөктөрүнүн ийкемдүүлүгү ошончолук азайып, алар улам катуураак боло баштайт.

Маймактыкты хирургиялык операциясыз ийгиликтүү түздөө демейде баланын өмүрүнүн биринчи жылында гана мүмкүн. Кээде, эгер деформация анчалык олуттуу болбосо, атүгүл бала 2, 3 же атүгүл 5 жашка чыкканда деле аны гипстөө ыкмасынын жардамы менен түздөсө болот. Бирок чоңоюп калган балдарда туруктуу жакшы натыйжага жетүү үчүн, көбүрөөк убакыт жана көпчүлүк учурда хирургиялык операция талап кылынат.

Кээ бир балдардын катуу деформацияланып калыптанып калган бут кетмендерине кайыштап таңуу же гипстөө ыкмалары атүгүл эрте колдонулуп баштаган күндө деле хирургиялык кийлигишүү керек болушу мүмкүн. Ошентсе да, хирургиялык операция жасатышы керек делген балдардын айрымдары айылдагы реабилитациялык борборунда гипстөө ыкмасынын жардамы менен бут кетмендерин түздөй алышат.

Түздөлгөн бут кетмендерин ушул калыбында сактоо

Маймактык оңдолгондон кийин, бут кетмендери такай туура абалында кармалуусун дыкат камсыз кылуу зарыл. Төмөнкү сактык чараларын аткарууга бүтүндөй үй-бүлө катышууга тийиш.

  • Бала таман сөөк - жото жилик муунун бекем кармоочу атайын жасалганы жок дегенде баса баштагыча (көп учурда, 15 же 18 жашка толгончо) күнү-түнү кийип жүрүүсү зарыл болот.
how to stretch a club foot
  • Бут кетменин чоюучу көнүгүүлөрдү, айрыкча бут кетмени кайрадан ийрийе баштаганынын белгилери пайда болгондо, жасоо талап кылынат. Бут кетменинин ийрийүүсүн карама-каршы багытта этияттап бирок туруктуу басым менен түз абалынан бир аз ашырып чоюуңуз. Бул көнүгүүнү күнүнө 2 же андан көп маал аткарып туруу зарыл.
  • Баланын бут кетменин такай текшерип туруңуз. Бут кетмени кайрадан ийрийе баштаганынын белгилери байкалар замат, аны текшертүү үчүн, тезинен реабилитациялык борборго кайрылыңыз.

Маймактыкты оӊдоо канча убакытты талап кылат?

Маймак болуп калыптанып калган бут кетменин оңдоо канчалык оор, буга канча убакыт кетет, бут кетменин бекем кармоочу ортездин канчалык узун түрү жана кандай атайын көнүгүүлөр керек – булар бир катар факторлордон көз каранды:

  • Маймактыктын оордугу. Сөөктөрү демейкиден башкача калыптанып калган катуу деформацияланган бут кетменин түздөө кыйла оор.
  • Булчуңдардын тең салмаксыздыгы бут кетмени түздөлгөндөн кийин деле аны тартып, ичти көздөй бура берет. (“Булчуңдардын күчүн текшерүү” деген бөлүктү караңыз.)
  • Эгер эки бут кетмени тең маймак болуп калыптанып калган болсо, түздөө иш-аракеттери негизинен кыйыныраак жүрөт.
  • Эркек балдардагы маймактыкка салыштырмалуу кыздардагы маймактыкты (сейрегирээк учураса да) оңдоо кыйыныраак болушу мүмкүн.
  • Эгер башка бузулуулар (мисалы, “маймак алакан” же ийкемсиз тизе же чыканак муундары) бар болсо, маймак бут кетмендерин түздөө өзгөчө оор болушу мүмкүн. Көпчүлүк учурда хирургиялык операция талап кылынат.
  • Баланын жашы канчалык жогору болсо, анын маймак бут кетменин оңдоо ошончолук кыйыныраак болот. 2 жаштан кийин маймактыкты хирургиялык операциясыз түздөө көп учурда мүмкүн эмес болуп калат.
  • Бут кетмендеринде сезгичтиги жок (жүлүн чуркусу) балдарга карата атайын сактык чаралары жана түздөө иш-аракеттерин жайыраак жүргүзүү талап кылынат. Антпесе эт оюлуу орун алышы мүмкүн. Эгер гипстеп таңуу ыкмасы колдонулса, мындай таңуудан күчтүү басым болбошу керек, жана аларды тез-тез алмаштырып туруу зарыл.


Эгер гипстеп баштагандан 4 жума өткөндөн кийин баланын бут кетменинин абалы бир аз эле оңолсо же анда такыр өзгөрүү болбосо, же гипстөөнү үзбөй жүргүзүүгө карабастан баланын бут кетменинин оңолуусу токтоп калса, бут кетменин толук түздөө үчүн, хирургиялык операция керек болушу мүмкүн.

БУТ КЕТМЕНИНИН ДЕФОРМАЦИЯСЫ ОҢДОЛГОНДОН КИЙИН КОЛДОНУЛУУЧУ ОРТОПЕДИЯЛЫК ЖАСАЛГАЛАР

plastic ankle brace


DVC Ch11 Page 116-3.png

Бир жашка толо элек ымыркайлардын же бир жаштан өткөн кичинекей балдардын бут кетмендерин дого формасындагы кергичтин жардамы менен бир бирине бекитип, түнкүсүн, уйку учурунда аларды туура абалында кармаса болот.

Негизинен бут кетменинин ортоңку же алдынкы бөлүгү кайрылып калган балага
DVC Ch11 Page 116-4.png
бут кийимдерин тескери кийип алуу жардам бериши мүмкүн.
DVC Ch11 Page 116-5.png
оң бутка сол бут кийим сол бутка оң бут кийим




This page was updated:23 Май 2025