Hesperian Health Guides
КИТЕП ТУУРАЛУУ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > Киришүү материалы > КИТЕП ТУУРАЛУУ
Мазмуну
ПЕПЕ ҮЧҮН БАЛДАКТАР ЖӨНҮНДӨ, ЧЫНЫНДА БОЛГОН ОКУЯ
Айылдагы медициналык-санитардык кызматчыларды даярдоочу Мексиканын батышындагы тоолуу аймактарда өз ыктыярдуу жардамчы катары көмөк кылып иштеп жүргөн. Күндөрдүн биринде ал качырына минип алып, бир кичинекей айылга келди. Айылдын бир тургуну ошол даярдоочуга кайрылып, ал анын баласын айыктыра алар бекенин сурады. Даярдоочу анын үйүнө баласын көрүү үчүн артынан жөнөдү.
Үйүндө Пепе аттуу баласы жерде отуруптур. Ал ымыркай кезинде эле буттары полиомиелиттен шал болуп калыптыр. Азыр ал 13 жашта экен. Пепе үйүнө келген конокко жылмайып, аны менен учурашуу үчүн колун сунду.
Даярдоочунун өзүнүн да физикалык бузулуулары бар эле. Ал Пепени карап текшерди. “Балдактын жардамы менен басып көрдүң беле” деп сурады. Пепе башын чайкады.
Атасы: “Биз шаардан абдан алыс жашайбыз” деп түшүндүрдү.

“Балдактарды өзүбүз эле жасап көрбөйлүбү?” деп, даярдоочу сунуш кылды .
Кийинки күнү ал таң атары менен туруп, узун ийри бычак алып, токойго жөнөдү. Токойдон ал керектүү чоңдуктагы ача бутактуу сөңгөктөрдү тапты.
Даярдоочу ошол сөңгөктөрдү Пепенин үйүнө алып келип, алардан, сүрөттө көрсөтүлгөндөй кылып, балдак жасай баштады.
Пепенин атасы жасалып жаткан балдактарды көрүп: “Булар жарабайт!” деди.
Даярдоочу кабагын бүркөп: “Бүтөйүн, анан көрөбүз!” деп жооп берди. Балдактар даяр болгондо, даярдоочу аларды Пепеге көрсөттү. Пепе балдактардын жардамы менен басып көрүүнү чыдамсыздык менен күтүп отурган эле. Атасы Пепени буттарына тургузганда, даярдоочу балдактардын баштарын баланын колтуктарына такап, колдоруна карматты. Пепе балдактарга бардык салмагы менен таянар замат, алар ийилип сынып кетти.
“Жарабайт дебедим беле” деди Пепенин атасы. “Дарактын түрү туура эмес. Бул дарактын бекемдиги начар! Бирок мен сизди түшүндүм. Мен барып, “жутамо” деп аталган дарактан бутак кесип келейин. Ошол дарактын бутагы темирдей бекем, ошол эле учурда өзү жеңил. Балдактардын өтө оор болуусу кереги жок”.

Пепенин атасы бычак алып, токойго жөнөдү. Он беш мүнөттөн кийин “жутамо” дарагынын ача бутактары бар 2 сөңгөгүн алып келип, балдак жасай баштады. Анын күчтүү колдору тез иштеп жатты. Даярдоочу жана Пепе ага жардам беришти.

Балдактар даяр болгондо, Пепенин атасы аларды өзүнүн салмагы менен текшерип көрдү. Алар анын салмагын оңой эле көтөрдү, жана өздөрү да жеңил эле. Андан кийин балдактарды Пепе өзү текшерди. Пепе балдактарга таянып турганда, адегенде денесинин тең салмактыгын жакшы сактай албай кыйналды, бирок улам аракет кылып жатып, балдактардын жардамы менен өзүн тик абалда кармоону үйрөндү. Ошентип, түштөн өтүп калган маалда ал балдактар менен кадимкидей эле басып калды! Бирок балдактар Пепенин колтуктарын сүрүп жоорутуп жатты.
“Менде бир ой бар” деди Пепенин атасы. Ал “капок” деп аталган даракка жүгүрүп барып, андан бир нече бышкан чоң мөмө үздү. Андан соң ал ошол мөмөлөрдөн пахтага окшогон бөлүгүн чогултуп, ар бир балдактын үстүнкү бөлүгүндөгү туурасынан орнотулган элементин аны менен каптады. Каптоо ордунан жылбай кармалуусу үчүн, аны кездемеден кесилген тилкелер менен ороп койду. Пепе кайрадан балдактарга таянып, аларды текшерип көрдү. Эми алар ыңгайлуу болду.
“Ырахмат. Ата, сиз балдактарды сонун оңдоп койдуңуз!” деди Пепе, жылмайып, атасы менен сыймыктанып. “Карачы, азыр кандай сонун басып калдым!”
“Мен сени менен сыймыктанам, уулум!” деди атасы, жылуу жылмайып.
Даярдоочу кетүүгө камданып жатканда, аны узатуу үчүн, Пепенин үй-бүлөсү баары келишти.
“Сизге ыраазычылыгымды билдирүү үчүн, эч сөз жетпейт”, деди Пепенин атасы. “Уулумдун басып жүргөнүн көрүү мен үчүн кандай ырахат! Уулума балдактарды жасап берүү ою эмне үчүн мага мурун келген жок?!”

“Мен сизге ыраазычылыгымды билдиришим керек”, деди даярдоочу. “Сиз мага көптү үйрөттүңүз”.
Айылдан бир топ узаганда, даярдоочунун бетинде жылмаюу пайда болуп, башына: “Башында баланын атасынан кеңеш сурабаганым туура эмес болду. Ал жергиликтүү дарактардын түрлөрүн мага караганда жакшыраак билет жана ар түрдүү нерселерди жасоого колу эптүүрөөк да” деген ойлор келип жатты.
“Мен жасаган балдактар сынып калганы жакшы эле болду. Анткени алар менин демилгем эле. Пененин атасы мындай ой анын башына келбегени үчүн өзүн жаман сезди. Бирок мен жасаган балдактар сынып калганда, ал бир топ мыктыраак балдактарды жасады. Ошондо, ал өзүн кайрадан мени менен тең ата сезип калды!”
Ошентип, даярдоочу Пепенин атасынан окуу жайында эч качан үйрөтүлбөөчү көп нерселерди өздөштүрдү. Ал дарактардын кайсы түрү балдактарды жасоо үчүн эң мыкты экенин билип, жергиликтүү калктын ык-жөндөмдөрүн жана билимин пайдалануу канчалык маанилүү экенин да түшүндү. Анткени ошенткенде, мыктыраак натыйжага жетүү жана адамдын намысын сактоо мүмкүн болду. Адамдар ар түрдүү нерселерди бир биринен үйрөнгөндө, алардын ортосунда теңдик сезими жаралат.
БУЛ КИТЕП КАНДАЙ ЖАЗЫЛГАН
Пепеге балдак жасап берүү тууралуу окуя – бул китепти жаратууда бизге жардам берген жана бизге сабак болгон нерселердин бири. Биз – коомчолук медициналык-санитардык кызматчылардан жана реабилитологдордон турган жумушчу топпуз. Биз “коомчолук” реабилитациялык программаларды уюштуруу максатында Мексиканын батыш бөлүгүндөгү айыл чарбалык аймактарда иштейбиз. Реабилитациялык “жумушчу тобубуздагы” мүчөлөрдүн көпчүлүгүнүн ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттери бар.
Бул китептеги методдордун, көмөкчү каражаттардын жана идеялардын көбү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн муктаждыктарын канааттандырууга жардам берүү аракеттерибизден жаралган. Башка китептерден, адамдардан жана программалардан идеяларды чогултуп, аларды айыл аймагыбыздын чектөөлөрүнө жана мүмкүнчүлүктөрүнө ылайыктап туураладык. Бул китеп дүйнө жүзүнүн ар кайсы аймактарында жашаган айыл тургундары үчүн пайдалуу курал болот деген үмүттөбүз. Биз бул максат менен 20дан ашык өлкөдө ишин жүргүзгөн, коомчолук программалардын лидерлери менен кызматташтыкта иштеп, алардын сунуштарын китебибизге коштук.

БУЛ КИТЕП БАШКА “РЕАБИЛИТАЦИЯЛЫК КОЛДОНМОЛОРДОН” ЭМНЕСИ МЕНЕН АЙЫРМАЛАНАТ?
Бул китеп ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана алардын үй-бүлөлөрү менен тыгыз кызматташуу жана “төмөндөн жогору” принцибинин негизинде жазылды. Биз ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдет деген эмне экенин жеке тажрыйбасынан билген адамдар мындай көйгөйлүү адамдардын көйгөйлөрүн чечүүдө башкы ролду аткара алышат жана аткарышы керек деп терең ишенебиз. Чынында, бул китептин автору (Дэвид Вернер) жана аны жаратууга салым кошкондордун көбү – өздөрү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар. Биз мындан уялбайбыз, муну менен сыймыктанбайбыз. Бирок биз бузулууларыбыз жөндөмдүүлүктөрүбүздүн жана күчтүү жактарыбыздын өрчүшүнө, белгилүү бир даражада, таасир тийгизгенин билебиз.
Бул китеп, тескерисинче, коомчолордо иштегендер тарабынан жана алардын катышуусу менен жазылып, | андан соң адистер тарабынан текшерилип оңдолгон. |
![]() |
Реабилитация боюнча колдонмолордун көбүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар “нормага келтирилүүгө” же мүмкүн болушунча дени соо адамдарга окшош кылынууга муктаж объект катары каралышат. Биз – ден соолук бузулуулары бар адамдар – бизди “норма” стандарттарына зордоп батыруу аракеттери менен макул эмеспиз. Өтө эле көп учурларда коомубузда өзүмчүлдүк, дүйнөкордук, ой жүгүртүүнүн тардыгы, туура эмес эски түшүнүктөр жана алсыз же башкалардан бир нерсеси менен айырмалангандарга ырайымсыз мамиле кылуу “нормалдуу” деп эсептелинип келет. Биз байлар жакырлардын эсебинен жашашы, медициналык адистер азык-түлүгүн өндүргөн, бирок кызматына акчасы жетпеген адамдардан бир нече эсе көп каражат табышы өтө эле көп учурларда “нормалдуу” жана кабыл алгылыктуу деп саналган дүйнөдө, ресурстарга бай, бирок балдардын көпчүлүгү жетишсиз тамактанган, андагы жашоочулардын жарымы квалификациялуу медициналык кызматкерлерди өмүрүндө бир да жолу көрбөгөн, жакырдык ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттердин жана мезгилсиз өлүмдөрдүн негизги себеби болгон планетада жашайбыз. Буга карабастан, дүйнөнүн алдынкы өлкөлөрү ар түрдүү курал-жарактарга ар 3 жума сайын 50 миллиард Америка долларын сарпташат. Бул акча планетадагы ар бир адамды бир жыл бою негизги медициналык жардам менен камсыз кылууга жетет!
Мээрими жок, адилеттүү эмес мындай “нормалдуу” социалдык түзүлүштүн бир бөлүгү болуунун ордуна, биз – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар – бул дүйнөнүн жакшылыктарынан кур калган бардык адамдар менен биригип, мээримдүү, адилеттүүрөөк жана саламаттуу жаңы социалдык коомду орнотуу үчүн күрөшөбүз.
Биз бул китепти ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын көз карандысыздыгы үчүн күрөшкө эле эмес, адамдын өзүн (анын “нормалдуулугун” эмес) негизги баалуулук катары туткан, согуш, жакырдык жана үмүтсүздүк сыяктуу нерселер келечегибиздин лидерлерин – балдарыбызды жабыркоого учуратпаган дүйнөнү курууга умтулгандардын бардыгы менен биригүү аракетине биздин чакан салымыбыз катары карайбыз.

“Жогорудан төмөн” принциби боюнча түзүлгөн формалдык реабилитациялык колдонмолордо көп учурда “жергиликтүү тренерлер”, үй-бүлө мүчөлөрү жана бейтаптар үчүн түз көрсөтмөлөр жана нускамалар гана камтылган. Бул көрсөтмөлөрдү кыңк этпей, так аткаруу талап кылынат. Мындай ыкма адамдарды бошоткондун ордуна, аларды ого бетер чектейт. Ар бир баланын эркин өрчүп өнүгүүсүнө жардам бере турган жеке план иштеп чыгуунун ордуна, ал үй-бүлөлөргө балдарын эч күмөн санабай стандарттык “реабилитациялык пландарга” зордоп батырууну сунуш кылат. Көнүгүүлөр туура эмес аткарылуусуна, иш-аракеттер, ортопедиялык жасалгалар жана башка көмөкчү каражаттар жардам бербей эле, зыян келтирүүсүнө далай эле күбө болобуз. Бирок коомчолук реабилитологдор жана адистер ийкемдүү болуп, баланын көйгөйлөрүн алардын бүтүндүгүндө чечүүгө эркин ой жүгүртүү аркылуу жол издөөнүн ордуна, стандарттык нускамаларын же чечим жыйнактарын аткарууну уланта беришет.
Биз бул китепте бул же тигил нерсе жасалууга тийиш деген көрсөтмөлөрдү берүүгө умтулбайбыз. Анын ордуна, биз маалымат, түшүндүрүү, мисалдар жана идеялар менен бөлүшөбүз. Биз эркин ой жүгүртүүнү жактаган, чечкиндүү, терең ойлуу, атүгүл оюнкарак ыкмаларды колдонууну кубаттайбыз. Анткени, ар бир бала уникалдуу эмеспи. Балага анын жөндөмдүүлүктөрүн жана муктаждыктарын эске ала турган жеке ыкма баарынан артык
Биз негизги принциптерди жана эмне үчүн тигил же бул нерселерди кылуу керектигин түшүндүрүүгө мүмкүн болушунча аракеттенебиз. Ар түрдүү реабилитациялык иш-чаралар, көнүгүүлөр же көмөкчү каражаттар кайсы негизги принциптер боюнча иштерин түшүнгөндөн кийин, коомчолук реабилитологдор жана ата-энелер аларды муктаждыктарына жараша ылайыктап өзгөртө алышат. Бул жергиликтүү ресурстарды жана уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланууга жардам берет. Реабилитациялык каражаттардын, көнүгүүлөрдүн жана иш-чаралардын көбүн баланы айлана-чөйрөсүнөн обочолонтпогондой, коомчосунун күндөлүк турмушуна интеграцияланышына жардам бергендей кылып колдонууга болот.
Бул “жөнөкөйлөштүрүлгөн реабилитация” боюнча биринчи колдонмо эмес. Биз көптөгөн башка булактардан идеяларды китебибизде пайдаландык. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (БДСУ) Training the Disabled in the Community (Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды коомчосунда окутуп үйрөтүү; 1980-жылкы басылма) деп аталган колдонмосу, мындан тышкары, ЮНИСЕФ жана Rehabilitation International уюмдарына Childhood Disability: Prevention and Rehabilitation at the Community Level (Балдардын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттер: Коомчо деңгээлинде алдын алуу жана реабилитациялоо) деп аталган, биргелешип чыгарышкан колдонмосу (БДСУнун колдонмосунун кыскартылган жана жакшыртылган варианты) үчүн өзүнчө ыраазычылык билдиребиз. Иш жүзүндө пайдаланылышы ыңгайлуураак болушу үчүн, 1989-жылы кайра иштелген, БДСунун колдонмосу “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды коомчосунда окутуп үйрөтүү” деген аталыш менен берилген көрсөтмөлөрдү гана аткаруунун ордуна, көйгөйлөрдү чечүүгө көбүрөөк багытталган заманбап ыкманы сунуш кылат.
Бул китеп жогоруда аталган, буга чейин жарык көргөн басылмаларды жокко чыгарбайт. Мында кошумча маалыматтар келтирилген. Колдонмо ден соолук бузулуулары бар балдарга комплекстүүрөөк жардам көрсөткөндү каалаган үй-бүлөлөр, коомчолук медициналык-санитардык кызматчылар жана коомчолук реабилитологдор үчүн иштелип чыккан.
БУЛ КИТЕПКЕ ДЕН СООЛУК МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН ЧЕКТЕГЕН ИЛДЕТТЕРДИН КАЙСЫЛАРЫН КАМТУУНУ БИЗ КАНТИП ЧЕЧТИК
Бул китеп ар түрдүү өлкөлөр жана, негизинен, элет жергесинде жашагандар үчүн иштелип чыккандыктан, ага мындай илдеттердин кайсыларын киргизүү керек, ал эми кайсыларын киргизбей эле койсо болот экенин чечүү оңой болгон жок. Дүйнөнүн ар түрдүү булуң-бурчтарында ар түрдүү илдеттер эң олуттуу деп саналат. Бул, бир жагынан, айрым илдеттер башка аймактарга салыштырмалуу белгилүү бир аймактарда бир кыйла көбүрөөк учурагандыгына байланыштуу. Мисалы,
- полиомиелит эффективдүү эмдөө программаларынын жардамы менен өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө жок кылынган. Ошентсе да, ал бир топ көп учураган илдет катары калууда – аны такай миңдеген балдар жуктуруп алышат.
- дүлөйлүк жана акыл-эс бузулууларынын түрлөрү азыктардын (же туздун) курамында йод жетишсиз болгон айрым тоолуу аймактарда бир кыйла көбүрөөк кездешет.
- А витамининин жетишсиздигинен улам пайда болгон сокурдук ар түрдүү өсүмдүк азыктарын өстүрүү бир гана азыкты өстүрүүгө алмаштырган, абдан көп адам жашаган жакыр коомчолор жана аймактар үчүн мүнөздүү.
- итий оорусу балдар тыгыз таңылып же караңгы бөлмөлөрдө көпкө кармалып келген (натыйжада мындай балдар күндүн нурун жетиштүү көлөмдө албай калат) аймактарда дагы деле көп учурайт.
- күйүп калуудан улам пайда болгон деформациялар адамдар тамагын ачык отко даярдаган же анын жанына уктаган, мындан тышкары, согуш жүрүп жаткан аймактарда көп кездешет.
- ампутациялар согуш жүрүп жаткан аймактарда, качкындардын лагерлеринде жана темир жолдордун жанындагы жакырлар жашаган калкконуштарда чоң көйгөй болуп саналат.
- кургак учуктан, пес оорусунан, кызылча оорусунан, начар тамактануудан жана тазалык сакталбашынан улам адамдын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелип калышы социалдык адилеттүүлүктүн жоктугу коомду “чириген” байларга жана абдан жакыр жашагандарга бөлүп койгон аймактарда өзгөчө көп учурайт.
Дүйнө жүзү боюнча канчалык көп адам ВИЧ-инфекция жугузса, оорулуу энелерден ошончолук көп бала бул инфекциясы бар болуп төрөлөт. ВИЧ-инфекцияны дарылоо канчалык жеткиликтүүрөөк болгон сайын, мындай балдардын ошончолук көбүрөөк саны денелеринде бул инфекция бар болгонуна карабастан чарчап калбай, жашап кетишет. Бул китепте бул илдетке жана ал козгогон абалдарга арналган өзүнчө бөлүмдөр жок. Ошентсе да, көптөгөн бөлүктөр ВИЧ-инфекциясы бар балдарды реабилитациялоо үчүн пайдалуу болушу мүмкүн (эт оюлууларды дарылоо, басуу үчүн көмөкчү жасалгалар ж.б.у.с.). Толугураак маалыматты Helping Children Live with HIV (ВИЧ-инфекциясы бар балдарга кантип жардам берүү керек) жана “Үй-бүлөнүн ден соолугу үчүн” деп аталган китептерден караңыз.
Жер-жерлердеги ырым-жырымдар ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттерге карата адамдардын көз-карашына жана мамилесине таасирин тийгизет. “Талма – шайтандын иши” деп адамдар ишенген аймактарда бул илдети бар баладан адамдар коркушу, аны мазакташы же башкалардан катышы мүмкүн. Бирок “бул илдет менен ар бир адам ооруп калышы мүмкүн” деген көз караш менен караган аймактарда кээде талмасы кармаган балага коомчосунун күндөлүк турмушуна кадимкидей эле катышуусуна жана ага “бир нерсеси кем” адамга карата кылынгандай мамиле кылбоого мүмкүнчүлүк берилет. Бул эки жагдайда тең балага дары-дармектер керек. Бирок кошумча “реабилитация” туура эмес мамилеге кабылып калган балага гана зарыл болот.

Башка балдардан бир нерсеси менен “айырмаланган” балага жергиликтүү тургундардын мамилесин эске алуу маанилүү. Алар жай окуган, аксап баскан же кээде талмасы кармаган балага кабыл алуу менен мамиле кылышабы же аны кемсинтишеби? Көптөгөн изилдөөлөрдө экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөрдө да, жакшы өнүгө элек өлкөлөрдө да ар 10 баланын ичинен бирөө ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттерден жапаа чегет деп айтылат.
![]() |
![]() |
![]() |
Акыл-эси өрчүүсү артта калган, бирок физикалык жактан бекем бала | айылда “кемтиги” менен көзгө анча урунбайт, | бирок шаарда же мектепте башкалардан абдан артта калышы мүмкүн. |
![]() |
![]() |
![]() |
Физикалык жумуш аткарууга жараксыз, бирок акыл-эси зейрек бала | айылда абдан чектелүү катары каралат, | бирок шаарда же мектепте мындай кемтиги окуусуна тоскоол деле болбошу мүмкүн. |
Мындай сандар адамды жаңылтышы мүмкүн. Кылдаттык менен аткарылган текшерүүлөрдүн жардамы менен ар 10 баланын ичинен бирөөндө нормадан белгилүү бир даражада четтөөлөрдү чынында эле табууга болот, бирок булар ушунчалык кичинекей болгондуктан, баланын толук баалуу өмүр сүрүүсүнө дээрлик эч таасир тийгизбейт. Элет жергесинде физикалык жактан бекем, бирок жаңы нерселерди жай үйрөнгөн балдар көп учурда айыл турмушунда өз ордуларын таап, андагы күндөлүк жумуштарды эч кыйналуусуз эле аткара алышат. Индияда жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча, текшерүүлөрдүн жардамы менен акыл-эси өрчүүсү артта калган деп табылган ар 7 баланын ичинен бирөөнү гана жергиликтүү коомчолор мындай көйгөйү бар деп эсептешет.
Бир катар өлкөдө жүргүзүлгөн изилдөөлөр, орто эсеп менен, ар 100 баланын ичинен экөө же үчөө гана жергиликтүү коомчолор тарабынан “бир нерсеси кем” деп эсептелинерин көрсөттү. Так ушул балдар “реабилитациядан” эң чоң пайданы алышы мүмкүн.
Эскертме: Эгер айланасындагылар баланы “бир нерсеси кем” деп эсептешпесе, жана бала башка бирөөнүн жардамысыз эле кадимкидей жүрө алса, анын илдетине көңүл бурбай эле койгон артык. Баланын көйгөйүнө ашыкча көңүл буруу аны коомчосунун көз алдында “чектелүү” кылып, турмушун оорлотуп коюшу мүмкүн. Ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттердин таралуу даражасы боюнча “терең изилдөөлөрдү” жүргүзүүгө аттануудан мурун, бардыгын жакшылап ойлонуштуруңуз.
Биз бул китепти жазып баштаганда, ага физикалык бузулууларды гана киргизүүнү пландаганбыз. Анткени жергиликтүү тургундар жана коомчолук медициналык-санитардык кызматчылар Мексиканын элет аймактарында так ушул физикалык бузулууларды эң олуттуу көйгөй деп карап келишкен.
Муну түшүнсө болот. Күндөлүк ж ум уштар адамдын физикалык мүмкүнчүлүктөрүнөн көз каранды болгон жана балдардын көпчүлүгү үчүн мектепте окуу кыска мөөнөткө гана созулган жакыр фермердик коомчолордо физикалык жумуштарды аткара албаган балдарга өзгөчө кыйын болот. Салыштыруу үчүн, орто класстын үй-бүлөлөрү көбүрөөк жашаган жана балдар, эң негизгиси, мектепте канчалык жакшы окуганына жараша сыналып бааланган шаарларда эң чоң кыйынчылыктар так акыл-эси өрчүүсү жагынан артта калган балдарда пайда болот.
Мексикада ден соолук бузулуулары бар айылдык кызматчылар башында, негизинен, физикалык бузулуулар менен иштешкен. Бирок көп өтпөй, башкача бузулуулар менен да иштегенди үйрөнүү керек экени түшүнүктүү болду. Полиомиелит менен ооруп калып, баштапкы физикалык бузулуулары пайда болгон балдарда көп учурларда эмоцияналдык, социалдык же жүрүм-турумдук мүнөздөгү бузулуулар да байкалган.
Мээси жабыркап калган балдардын көбүндө дененин кыймылдоосуна байланыштуу көйгөйлөр гана эмес, окуп үйрөнүүсүндө кыйынчылыктар, талма, көрүүнүн жана угуунун бузулушу да байкалган. PROJIMO жумушчу тобунда ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген ар түрдүү илдеттер боюнча маалыматка муктаждыгы өскөн сайын, колуңуздагы китеп да “өсүп” чоңоё берди. Китепте негизги басым, башындагыдай эле, физикалык бузулууларга жасалат. Алар толугураак сүрөттөлгөн. Бирок азыр китепке акыл-эс өрчүү жана жалпы өнүгүү артта калуу маселелери боюнча жетишерлик толук маалыматтар кошулган. Талма (эпилепсия) да каралган.
Китепке көрүү жана угуу бузулуулары боюнча материалдар (бирок абдан кыскача, негиздери гана) кошулган. Бул, бир жагынан, PROJIMO программасында бул тармактарда чоң тажрыйбанын жоктугуна, андан тышкары, көрүү жана угуу бузулуулары өзүнчө китептерде каралуусу туура деп эсептелген абдан чоң атайын маалыматтарды талап кылуусуна байланыштуу. Геспериан фондунда бул бузулуулар боюнча сонун окуу материалдары бар.
Эскертме: Бул китепке астма сыяктуу ички ооруларга кирген, ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттер, өпкөнүн өнөкөт оорулары, оор формадагы аллергиялар, жүрөк дефекттери, кан уюу бузулуулары, залалдуу шишиктер жана ВИЧ-инфекция кошулган жок. Китепке, үстүртөн айтып өтүүдөн тышкары, латиризм (Индиянын айрым дубандарында кеңири кездешет) сыяктуу жергиликтүү мааниге гана ээ болгон оорулар да кошулган эмес. Мындай бузулуулар кездешкен аймактарда реабилитологдордо тийиштүү материалдар болууга тийиш.
Китепке ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттердин кайсыларын кошууну жана ар бирине кандай көңүл бурууну чечүү үчүн, биз бир нече булактардан алынган маалыматтарды, алардын ичинде Мексикадагы PROJIMO Долбоорунун жазууларын пайдаландык. Биз PROJIMO борборуна келген, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын саны БДСУнун, ЮНИСЕФтин жана дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчтарындагы башка уюмдардын чогулткан маалыматтарына, негизинен, дал келерин байкадык.
Кийинки бетте стандарттык айылдык аймакта мындай бузулуулардын ар бири канча балада бар экенин көрсөткөн тизмек келтирилген. (Албетте, “стандарттык” айыл деген түшүнүк жок.) Кайсы бир бузулуунун дүйнөнүн кээ бир аймактарында тароо саны тизмекте көрсөтүлгөн көрсөткүчтөн бир топ айырмаланышы мүмкүн.) Тизмек негизинен PROJIMO программасында 3 жылдык мезгилди камтыган биздин жазуулардан алынган маалыматтын негизинде түзүлгөн.
Ар бир бузулуу боюнча кайрылуулардын саны ошол бузулуунун бул китептеги көлөмүнө болжол менен дал келишине көңүлүңүздү бурабыз. Бирок кээ бир учурларда биз мындан башкача кылдык. Мисалы, PROJIMO борборуна пес оорусу боюнча бир нече кайрылуу гана катталган. Бирок биз бул ооруга өзүнчө чоң бөлүмдү арнадык, анткени дүйнө жүзүнүн кээ бир булуң-бурчтарында бул илдет олуттуу көйгөй бойдон калуусун биз жакшы түшүнөбүз.
Көйгөйлөрдүн ар бирин, албетте, чечүү мүмкүн эмес. Бирок сиз далай нерсени кыла аласыз. Суроо берүү, кылдат текшерүүлөрдөн өтүү, табылган бардык маалыматтарды жана ресурстарды пайдалануу жолу аркылуу сиз мындай балдар эмнеге муктаж болору тууралуу көптү билип, алардын турмушун жакшыртуу жолдорун таба аласыз.


Көптөгөн изилдөөлөр ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттер жана жаракаттар кыздарга караганда эркек балдарда көбүрөөк пайда болорун көрсөтүп жатат. Айрым адистер муну эркек балдардын жашоосунда физикалык аракеттер менен тобокелдүү жагдайлардын саны көп болору менен байланыштырышат, башкалар жыныска байланышы бар, “генетикалык” факторлорго шилтешет.
Статистикалык көрсөткүчтөрдөгү мындай айырмачылыктардын көбүрөөк тынчсыздандырган башка себептери да бар:
- Медициналык борборлорго мындай бузулуулары бар кыздардын ата-энелерине салыштырмалуу эркек балдардын ата-энелери көбүрөөк кайрылышат. Мындай илдеттер ошондо катталат.
- Өзгөчө муктаждыктары бар эркек балдарга салыштырмалуу мындай көйгөйлүү кыздарга үй-бүлөлөрү азыраак көңүл буруп, азыраак кам көрүшөт. Ушул себептен, ымыркай кезинде же андан бир аз чоңойгондо, оорулуу кыздар көбүрөөк чарчап калат. Кыскасы, ден соолук бузулуулары бар кыздарга караганда эркек балдарга көбүрөөк көңүл бурулат. Мындай жагдай оозду ачтырган жаңы нерсе эмес: көпчүлүк өлкөлөрдө да эркек балдарга көбүрөөк көңүл бурушат, аларды мыктыраак тамактандырышат, аларга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга арналган адабиятта, мындай бала тууралуу сөз болгондо, көпчүлүк учурда эркек баланы билдирген сөздөр колдонулуп калат. Бул, бир четинен, биздин тилибизде “эркектик сөздөр” басымдуулук кылуусуна байланыштуу. Бирок бизге мындай жагдай аял затынын укуктары мурункудай эле тебелене берүүсүнө шарт түзүп бергендей сезилет. Ушул себептен, биз китебибизде калысыраак болууга аракеттендик. Бала тууралуу сөз болгондо, дайыма эле “эркек бала/кыз бала” же “алар” дегендин ордуна (бул белгилүү ыңгайсыздыктарды жаратат экен), биз бирде “кыз” же “кыз бала”, бирде “эркек бала” деп бердик.
Эгер бул кээде чаташууларга алып келсе, сизден кечирим сурайбыз. Эгер биз берген сөзүбүздү унутуп, китептеги текстте же сүрөттөрдө кыздарга караганда эркек балдарга көбүрөөк көңүл буруп койсок, албетте, бизди сындаңыз, бирок кечирип да коюңуз. Биз деле жалпы тилибиздин жана маданиятыбыздын таасири астында калыптанып калдык да. Бирок биз өзгөрүүгө аракет кылып жатабыз.
Китептин автору(-лору) тууралуу сөз болгондочу? “БИЗ” же “МЕН”?
Бул китепти жазуу ишинин негизги бөлүгүн бир адам аткарды, бирок баары бир китеп көптөгөн адамдардын аракеттеринин жыйынтыгы (китептин башындагы “Ыраазычылык билдирүү” деп аталган бөлүктү караңыз). Андыктан, автордун(-лордун) пикири китепте айтылганда, көбүнчө, “биз” деп бердик. Бул китеп – биргелешкен аракеттердин жыйынтыгы.
Бул, конкреттүү балага жардам берүү үчүн, сизге ар кайсы бөлүмдөрдөн маалыматтар керек болушу мүмкүн экенин билдирет. Биз мындай маалыматты издөөнү мүмкүн болушунча сизге жеңилдетип берүүгө аракет кылдык (Китептин арткы кабынын тескери жагындагы “Бул китепти кантип колдонуу керек” деп аталган бөлүктү караңыз).

КӨПТӨГӨН ИЛДЕТТЕР БОЮНЧА ТОЛУК МААЛЫМАТ АЛУУ ҮЧҮН, БИР НЕЧЕ БӨЛҮМДӨГҮ МАТЕРИАЛДАРДЫ ОКУП ЧЫГУУ АБДАН МААНИЛҮҮ.}}}}