Hesperian Health Guides
БУЛ КИТЕПТИ КАНТИП ПАЙДАЛАНУУ КЕРЕК
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > Киришүү материалы > БУЛ КИТЕПТИ КАНТИП ПАЙДАЛАНУУ КЕРЕК
КИТЕПТИН ТҮЗҮЛҮШҮ
Китеп 3 бөлүккө бөлүнгөн: 1. “Бала жана анын үй-бүлөсү менен иштөө”, 2. “Коомчо менен иштөө” жана 3. “Устаканада иштөө”.
Айыл тургундары олутту деп көбүнчө эсептеген илдеттер китептин баштапкы бөлүмдөрүндө (7-бөлүмдөн башталат) талкууланат. Көпчүлүк өлкөлөрдө, ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген бузулуулары бар балдардын жарымынан көбү жуктуруп алган полиомиелиттен же церебралдык шалдыктан улам оорулуу болуп калышкан. Ушул себептен, биз бул илдеттерди китептин башында жайгаштырдык. Башка бузулуулар алардын учуроо жыштыгына жараша ирээтте же алардын башка бузулуулар менен байланышын же белгилеринин башка бузулуулардын белгилерине окшоштугун (көп учурда аларды бир бири менен алмаштыра беришет) эске алуу менен жайгаштырылган.
А8 бетинде келтирилген тизмектеги “кошумча же коштоочу илдеттердин” айрымдарынын көп учуроосуна көңүлүңүздү бурабыз. (Мындай илдеттер негизги илдеттен кийин же анын айынан пайда болот.) Мисалы, контрактуралар (жазылбай калган муундар) ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттердин көбүндө калыптанышы мүмкүн. Далай айылдарда, контрактураларга алып келүүчү кайсы бир илдети бар балдарга салыштырмалуу контрактуралары бар балдар кыйла көбүрөөк. Ушул себептен, биз “коштоочу” деп белгиленген мындай олуттуу бузулуулардын бир тобуна китепте өзүнчө бөлүмдөрдү арнадык.
Башка илдеттерге карата далай учурларда “кошумча же коштоочу” болгон, көп учураган илдеттер:
Контрактуралар, 8-бөлүм;
Кашка жилик жамбаш сөөк менен болгон ашташынан чыгып кетүү (негизги же коштоочу бузулуу катары), 18-бөлүм;
Омуртка тутуму ийрийүү (негизги же коштоочу бузулуу катары), 20-бөлүм;
Эт оюлуу (көп учурда, жүлүн жабыркап калганда, жүлүн чуркусунда же пес оорусунда пайда болот), 24-бөлүм;
Табарсыктын жана ичегилердин функцияларын башкаруу (жүлүн жабыркаганда жана жүлүн чуркусунда бузулат), 25-бөлүм;
Жүрүм-турум бузулу, 40-бөлүм.
Далай учурда негизги көйгөй болгон, бирок андан да көбүрөөк учурларда башка илдеттерди (көбүнчө церебралдык шалдыкты) коштогон бузулуулар болуп карыштыруучу талма (29-бөлүм), сокурдук (), дүлөйлүк жана сүйлөө бузулуулары (31-бөлүм) эсептелет.