Hesperian Health Guides

ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРҮҮ

Бул бөлүмдө:

Бул китеп – биргелешкен аракеттердин натыйжасы. Көп адам өз салымдарын ар түрдүү жолдор менен кошушту. Бирөөлөр китептин бөлүктөрүн жаңы же кайра жазып чыгууга жардам беришти; башкалар анын бөлүмдөрүнүн алгачкы болжолдуу варианттарына карата өздөрүнүн сын пикирлери менен бөлүштү; кээ бирлер китепти өздөрүнүн программаларында колдонушуп, ал тууралуу ой пикирлерин бизге жөнөтүштү; айрымдар өздүк идеялары же ыкмалары менен бөлүштү (биз буларды адегенде иш жүзүндө текшерип, анан китепке коштук). Бул китепти жаратууга бардыгы болуп 6 континенттеги (Түндүк жана Түштүк Америкалар, Африка, Азия, Европа жана Австралия) 27 өлкөдөн адамдар жана программалар катышты.

Китептин бардык материалдары медицинанын түрдүү тармактарындагы адистер: физиотерапевттер, эрготерапевттер, техник-ортопеддер, протезисттер, дөңгөлөктүү отургучтарды иштеп чыгуучулар, реабилитациялык каражаттар боюнча инженерлер жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын ичинен лидерлери тарабынан кылдат текшерилген. Мында китепти жаратууга катышкандардын бардыгынын аттарын көрсөтүү мүмкүн эмес, бирок төмөндө аттары келтирилген адамдардын жардамы баа жетпес болду.

Sophie Levitt, физиотерапевт (текстте мындан ары – ФТ); Ann Hallum, ФТ; Terry Nordstrom, ФТ; Anne Affleck, эрготерапевт (мындан ары – ЭТ); M. Miles, реабилитациялык программаларды иштеп чыгуучу жана сынчы; Christine Miles, атайын мугалим; Farhad Rashid, ФТ; Bruce Curtis, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар тобундагы кеңешчи; Ralf Hotchkiss, дөңгөлөктүү отургучту пайдалануучу/иштеп чыгуучу; Alice Hadley, ФТ; Jan Postma, ФТ; Jean-Baptiste Richardier, протезист; Claude Simonnot, медицина доктуру (мындан ары – МД)/протезист; Wayne Hampton, МД/ протезист; Jim Breakey, протезист; Wally Motlock, техник-ортопед; Valery Taylor, ФТ; Dr. P. K. Sethi, хирург-ортопед/протезист; Pam Zinkin, педиатр/ коомчодо реабилитациялоо иштери боюнча адис; Paul SilvWa, дөңгөлөктүү отургучтарды жасоочу уста; David Morley, педиатр; Elia Landeros, ФТ; Teresa Paez, социалдык кызматкер; Rafiq Jaffer, реабилитолог; Kris Buckner, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү көп баланы асырап алган адам; Barbara Anderson, ФТ; Don Caston, реабилитациялык каражаттарды иштеп чыгуучу; Greg Dixon, “Partner’s Appropriate Technology in Health” программасынын мүдүрү; Susan Hammerman, “Rehabilitation International” уюмунун мүдүрү; Carole Coleman, жаңдоо тили боюнча адис; Suzanne Reier, күч-кубатты калыбына келтирүүчү терапевт; Sarah Grossman, ФТ; Donal Laub, пластикалык хирург; Jean Kohn, реабилитациялоо тармагындагы МД; Bob Friedricks, техник-ортопед; Katherine Myers, “Жүлүн жабыркоо” адистиги боюнча медайым; Grace Warren, “Пес оорусу” адистиги боюнча ФТ; Jean M. Watson, “Пес оорусу” адистиги боюнча ФТ; David Sanders, педиатр; Jane Neville, пес оорусу боюнча адис; Stanley Browne, “Пес оорусу” адистиги боюнча МД; Alexandra Enders, ЭТ; John McGill, протезист; Victoria Sheffield, Rita Leavell, МД, Jeff Watson, J. Kirk Horton, Lawrence Campbell, Helen Keller International; Owen Wrigley, IHAP; Roswitha и Kenneth Klee, Winfried Lichtemberger, Jeanne R. Kenmore, Christoffel Blindenmission; Judy Deutsch, ФТ; Jane Thiboutot, ФТ; R.L. Huckstep; Linda Goode, ФТ; Susan Johnson, ФТ; David Hall, балдардын ден соолугу боюнча кеңешчи; Ann Goerdt, БУУдан ФТ; Mira Shiva, МД; Nigel Shapcott, отуруу үчүн жасалгалар боюнча адис; Ann Yeadon, мугалим; Charles Reilly, жаңдоо тили боюнча кеңешчи; Eli Savanack, Gallaudet College; John Gray, МД; Molly Thorburn, МД; Lonny Shavelson, МД; Margaret Mackenzie, медициналык антрополог; Rainer Arnhold, МД; Gulbadan Habibi, Caroline Arnold, Philip Kgosa, Garren Lumpkin, ЮНИСЕФ.

Баарынан мурда, Мексикадагы Ajoya жана Sinaloa айылдарында ишин алып барган PROJIMO долбоорундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү реабилитологдордун иш тобуна жана өзгөчө көйгөйлөрү бар жүздөгөн балдар менен алардын үй-бүлөлөрүнө ыраазычылыгыбызды билдиргибиз келет. Булардын жөнөкөй альтернативдик реабилитациялоо ыкмаларын ойлоп чыгарууга, ачууга, изилдөөгө жана иш жүзүндө текшерүүгө катышуусу жана биргелешип иштөөсү ушул китептин жаралуусуна алып келди. PROJIMO иш тобундагы, китепти жаратуу иштеринин негизги катышуучуларынын ичинен Marcelo Acevedo, Miguel Alvarez, Adelina Bastidas, Roberto Fajardo, Teresa Garate, Bruce Hobson, Concepcion Lara, Ines Leon, Ramon Leon, Polo Leyva, Armando Nevarez, Maria Picos, Adelina Pliego, Elijio Reyes, Cecilia Rodriguez, Josefa Rodriguez, Concepcion Rubio, Moises Salas, Rosa Salcido, Asuncion Soto, Javier Valverde, Florentino Velazquez, Efrain Zamora жана Miguel Zamora аттуу айым/мырзаларды өзгөчө белгилеп өтүүнү туура көрдүк.

Бул китепти жазуу үчүн, биз басылып жарык көргөн жана көрбөгөн көптөгөн булактардан маалыматтарды, ойлорду, сүрөттөрдү, мисалдарды, ыкмаларды жана түзүлүштөрдү пайдаландык. Биз китепте ошол булактарды атап өтүүнү унутпоого аракет кылдык. Бирок эгер биз муну кылбай калганыбызды байкасаңыз, силерден кечирим сурайбыз жана эмгегиңер үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Кол жазманы басып чыгарууга даярдоодо кыйышпас зор эмгеги үчүн Jane Maxwell (текшерип оңдоо, беттерди түзүү жана көркөм кооздоо), Irene Yen (текшерип оңдоо жана куроо), Kathy Alberts, Elizabeth de Avila, Martin Bustos, Mary Klein, Carlos Romero жана Marjorie Wang (куроо), Martin Bustos жана Anna Munoz-Briggs (испан тилине которуу), Myra Polinger (текстти терүү), Lynn Gordon, Bill Power, Phil Pasmanick жана Dan Perlman (жалпылап текшерүү), Alison Davis (Кошумча адабият бөлүгүн изилдеп даярдоо), Elizabeth de Avila, Don Baker, Agnes Batteiger, Jane Bavelas, Leda Bosworth, Renee Burgard, Michael Lang, Betty Page, Pearl Snyder, Tinker Spar, Paula Tanous жана Roger Wilson (терилген текстти текшерип түзөө), Lino Montebon, Joan Thompson жана David Werner (колго тартылган сүрөттөр), Richard Parker, John Fago, Carolyn Watson, Tom Wells жана David Werner (фотосүрөттөр), Dyanne Ladine (көркөм кооздоо), Martin Bustos жана Richard Parker (фотосүрөттөрдү даярдоо), Bookman Productions ишканасынан Hal Lockwood жана Helen Epperson, Reprographex ишканасынан Tim Anderson жана Linda Inman (текстти басмаканада тизүү жана чогултуу), жана Trude Bock (бул китепти даярдоодо жанын аябай эмгектенгендиги жана буга үйүн пайдаланууну мүмкүн кылгандыгы үчүн) аттуу айым/мырзаларга өзгөчө ыраазыбыз.

Мындан тышкары, ишти координациялоосу, текстти терип берүүсү жана келген каттар менен иштөөдө жардамы үчүн Carol Thuman жана графика, сүрөттөр, китепти чогултуу иштери үчүн Janet Elliott деген аттуу айымдарга; жана китепти даярдоо, анын сапаты үчүн жоопкерчиликти биз менен бөлүшкөндүгү үчүн бул экөөнө дагы бир ирет өзүнчө ыраазычылыгыбызды билдиргибиз келет.

Китепти даярдоо боюнча иштин негизги бөлүгү Коомдук бакубаттуулук фондунун гранттык каражаттарынын эсебинен каржыланды. Биз бул фондго бизге дос мамиле кылганы жана Геспериан фондунун материалдарын басып чыгарып турууга үзгүлтүксүз колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазыбыз. Кошумча каражаттарды Гэри Ванг мемориалдык фонду, ЮНИСЕФ, OXFAM UK, Швед эл аралык өнүгүү агенттиги, MISEREOR жана Стенли Смиттин кайрымдуулук трасты камсыз кылышты. Мындан тышкары, биз PROJIMO долбоорунун чыгымдарын каржылагандыгы үчүн Трэшер изилдөө фондуна жана Мулаго фондуна ырахмат айтабыз (бул китепти жаратуу ою алгач ушул PROJIMO долбоорунда пайда болгон).

Китепти жаңылантып оңдоп бергендиги үчүн Manisha Aryal, John Bergez, Martin Bustos, Darlena David, Digital Divide (Камбоджа), Inaki Fernandez de Retana, Jacob Goolkasian, Shu Ping Guan, Todd Jailer, Rosemary Jason, Jane Maxwell, Susan McCallister, Gail McSweeney, Elena Metcalf, C. Sienkiewicz, Dorothy Tegeler, Sarah Wallis жана Paula Worby аттуу кишилерге ыраазыбыз.

Акырында, биз бул китепти даярдоодо талыкпас зор эмгеги үчүн Дэвид Вернерге ыраазычылыгыбызды билдиргибиз келет. Дүйнө жүзүнүн бардык булуң-бурчтарында жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын келечеги жана укуктарынын корголушу кандай болуш керек – анын ушул нерселерге көз карашы китептин баардык бөлүмдөрүндө чагылдырылган.



This page was updated:23 Май 2025