Hesperian Health Guides

КООМЧОСУНАН КОЛДОО

Бул бөлүмдө:

Жергиликтүү коомчо ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттин оор формасынан жапаа чеккен балага кандай көмөк бере алат – мунун түрдүү жолдору бар. Кээ бир өлкөлөрдө (негизинен бай келгендеринде), ден соолук мүмкүнчүлүктөрү абдан чектелген, акыл-эси жагынан жөндөмдүүлүгү жай болгон балдар атайын кам көрүлчү борборлордо же “атайын мекемелерде” дарыланышы мүмкүн. Негизинен, өзгөчө көйгөйү бар бала үйүндө үй-бүлөсү менен эле болгону дурусураак, бирок кээде ага атайын жайда жардам берүү зарыл болот. Бул, баланын үйүндөгү кыйынчылыктарына байланыштуу болушу мүмкүн. Же болбосо, ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген бир нече илдети бар балага көбүрөөк убакыт бөлүү жана ага атайын жардам зарыл болушу ыктымал, бул кээде үй-бүлөсүнүн колунан келбейт.

Бирок атайын мекемеде дарылануу абдан кымбат жана өкмөт муну каржылаганда гана бул, негизинен, мүмкүн. Жаңыдан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн саналууларында гана буга барууга ниет бар же мындай өлкөлөрдө бул үчүн каражат жетишсиз. Бул, жакыр өлкөлөрдө, айрыкча, элет жергесинде негизги жардам менен колдоону андагы коомчолор өздөрү камсыздоого тийиш дегенди билдирет.

Коомдук реабилитациялоо программалары жүргүзүлгөн аймактарда, ушундай программалар абдан маанилүү болушу мүмкүн. Мындай программа үчүн, ден соолук мүмкүнчүлүктөрү катуу чектелген балага ар тараптуу толук же үзгүлтүксүз кам көрүү негизинен сунуш кылынбайт жана мүмкүн эмес. Ошентсе да, мындай программа бир топ багыттарда жардам бериши мүмкүн:

  • Коомчодогу реабилитологдор ден соолук мүмкүнчүлүктөрү катуу чектелген баланын үйүнө такай барып, ошол жерден жардам көрсөтүп, кеңеш берип, ага досундай мамиле кылышса болот.
  • Алар балага атайын отургуч же башка көмөкчү жабдуу жасоого же таап берүүгө жардам бере алышат. Ушул сыяктуу жасалгалар баланын үй-бүлөсүнө баласынын турмушун жеңилдетүүгө шарт түзүүгө жөндөмдүү.
  • Алар баланын өнүгүүсүнө түрткү берген ыкмаларды баланын үй-бүлөсүнө үйрөтө алышат жана мындан тышкары алдыга реалдуу максаттарды коюп, анан аларга жетүү үчүн, ирети менен аткарылчу кадамдарды баланын үй-бүлөсү менен чогуу иштеп чыгууга жөндөмдүү.
  • Алар “күндүзү гана иштеген, жардам көрсөтүп кароо борборуна” окшогон бир нерсе уюштура коюп, иш башташса болот. Реабилитологдор, ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын ата-энелери, коомчодогу кызыкдар башка адамдар жана жумушсуз жаштар кезектешип, убактыларынын бир бөлүгүн мындай борбордо өткөрүп, атайын муктаждыктары бар балдарга жардам берип, аларды карай алышат. Муну, бирөөнү зордобой, өз ыктыярдуу негизде жасоого мүмкүн. Же болбосо, балдарды караган кызматчыларга аткарган иштери үчүн маяна төлөп берүүсүн камсыз кылуу максатында жергиликтүү коомчонун тургундары өз ыктыярдуу акча бөлүү ыкмасы, лотерея же музыкалык иш-чараларды өткөрүү, даамдуу тамактарды сатуу же дагы башка иш-чаралар аркылуу каражат чогултушса болот.


a woman in a group speaking to a woman who is caring for a girl with disabilities.

Баланын энеси менен үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрүнүн, ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баласын кароодон тыныгып туруусу үчүн, атайын эс алуу маалы болуп туруусу абдан маанилүү. Мындай эс алуу маалынын болуп туруусу кыйынчылыктарга моюн сунбай, баласына мээримдүү мамиледе кам көрүүнү улантууга аларга шарт түзөт.

Кээ бир жагдайларда, мындай “күндүзү кароону” баланын үйүндө уюштуруу дурусураак болушу мүмкүн. Баланын коомчосу өз ыктыярдуу көмөкчүлөр же маянага иштеген кароочу адамдар менен камсыз кылса болот.

Жагдайдын өзү кандай болгон күндө да, коомчосунан чоң жардам жана колдоо болбосо, ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн катуу чектеген бир нече илдети бар баланын үй-бүлөсү баласына дайыма туура кам кам көрүп туруусун күтүү көпчүлүк учурда реалдуулукка дал келбейт.




This page was updated:30 Дек 2025