Hesperian Health Guides

ДЕН СООЛУК МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ КАТУУ ЧЕКТЕЛГЕН БАЛАГА КАМ КӨРҮҮ

Бул бөлүмдө:

Ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн катуу чектеген бир нече илдети бар балага кандай кам көрүү жана ал менен кандай иштөө керектигин аныктоодо, анын ошол илдеттерин жана мүмкүнчүлүктөрүн болушунча жакшылап изилдөө маанилүү. Муну өтө жаш балада аткаруу айрыкча кыйын болушу мүмкүн. Жаңы белгилерди табууга жана буга чейин жасалган изилдөөдөн алынган маалыматтарды өзгөртүүгө даяр болушуңуз керек. Мындан тышкары, бала өздөштүрө ала турган ык-жөндөмдөрдү өнүктүрүүсүнө ага болушунча жардам берүү үчүн, бала менен иштөө планыңызды да өзгөртүүгө туура келиши мүмкүн.

Балага карата жасала турган иш-чараларды тандоодо жана пландоодо, иш жүзүндө аткарууга мүмкүн болгон гана булардын түрлөрүн караштырууга аракеттениңиз. Баладан өтө көптү күтпөңүз, анткени мындан баланын көңүлү калып калышы ыктымал. Бирок ошол эле учурда, өтө азга да макул болбоңуз.

Мисалы, дүлөй жана/же сокур да болгон, ден соолук мүмкүнчүлүктөрү физикалык жагынан катуу чектелген баланын акыл-эси жагынан өнүгүүсү жабыркап, жай жүрүшү мүмкүн, анткени анын, айланасындагы ар кандай нерселерге карата болгон тажрыйбасы жана жообу абдан чектелүү. Чынында, акыл-эсин өнүктүрүү үчүн, мындай балада көп жөндөмдүүлүктөр (же мүмкүнчүлүктөр) болушу мүмкүн. Баланын акыл-эсин колдонууга, өрчүтүүгө жана туура баалоого жолдорду издебей, аны тим коюу жаңылыштык. Бирок муну аткаруу үчүн, баланы карагандардан көп сабырдуулук жана ойлоп чыгаруучулук талап кылынат.

ДЕН СООЛУК МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН КАТУУ ЧЕКТЕГЕН БИР НЕЧЕ ИЛДЕТИ БАР БАЛАГА КАМ КӨРҮҮДӨГҮ АЙРЫМ МАКСАТТАР

  1. Физикалык жактан ыңгайлуу, таза, коопсуз болуп, курсагы пайдалуу азыктар менен ток болуусуна балага жардам берүү.
  2. Денесинин андан ары деформациялануусуна жол бербөө жана ага кам көрүүнү жеңилдетүү максатында, балага денесин туура абалга келтирүүсүнө жана көнүгүүлөрдү жасап туруусуна көмөк кылуу.
  3. Негизги ык-жөндөмдөрдүн ичинен алы жеткенин (башын жана алакандары менен манжаларын башкарууну, жана айланасындагылар менен катнашуунун ал үчүн мүмкүн ыкмасын) үйрөнүүсүнө балага жардам берүү. Мындан тышкары, баланын муктаждыктары канааттандырылып, жүрүм-туруму кабыл алгылыктуу түрдө башкалар менен чогуу болуп, өз ара катнашууну үйрөнүүсүнө ага көмөк кылуу.
  4. Балага жооп бергендер үчүн аны карап, ага кам көрүүнү жеңилдетүү жана бул ишти жагымдуу кылуу.
  5. Баланы бардыгы жакшы көрөрүн балага жеткирүү.


a child in a seat that supports his body and head while a woman feeds him.
Атайын отургуч ден соолук мүмкүнчүлүктөрү катуу чектелген балага денесин жакшыраак башкарууну мүмкүн кылган абалда кармап, жөлөк болуп бергенге жарайт.

Эртелеп түрткү берүүгө жана өнүктүрүүгө арналган 34- жана 35-бөлүмдөрдөгү маалыматтардын жана сунуштардын көбү ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген бир нече илдети бар балага пайдалуу болушу мүмкүн. Бала өзүн чынында даяр же мүмкүнчүлүктөрүм бар деп сезген өнүгүү багыттарын издеңиз. Андан кийин тийиштүү иш-чараларын, түрткү берүүчү нерселерди жана аткарган тапшырмалары үчүн ала турган сыйлыктарын пландаңыз. Бала бул иш-аракеттердин көмөгү менен алдыга улам кичинекей кадам таштап, бара-бара жылгыдай болсун. “Баланын үйрөнүүсүн жана жүрүм-турумун жакшыртуу үчүн жолдор” аттуу 40-бөлүмгө кошулган сунуштардын айрымдары жардам бериши мүмкүн. Бирок аларды чоң сабырдуулук менен жана көп кайталоо аркылуу колдонууңуз керек болот.

Ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген бир нече илдети бар баланын муктаждыктарын канааттандырууга жардам берүү үчүн, ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген дагы башка бузулууларга арналган бөлүмдөрдөн пайдалуу маалыматтарды тапсаңыз болот.

65-бөлүмдө талкууланган, атайын отургучтар жана денени өзгөчө жайгаштыруу ыкмалары балага денесин жакшыраак башкара алуусуна жардам бериши мүмкүн. Мындай нерселер баланын тамактануусун, айланасындагылары менен эң жөнөкөй түрдө болсо да катнашуусун жана башка маанилүү иш-аракеттерди жеңилдетүүгө шарт түзөт.

A baby is being helped to roll over
Акыл-эсин жана денесин колдонууну көпчүлүк балдардан айырмаланып жайыраак үйрөнгөн бала кошумча жардамга муктаж. Денесинин төмөнкү бөлүгүн үстүнкү бөлүгүнө карата бурууну, коңторулууну, колдоруна таянып денесин көтөрүүнү жана денеси менен толук бурулууну үйрөнүү иш-аракеттери – өнүгүүнүн эрте баскычтарынын маанилүү кадамдары. Бул сүрөттө, реабилитолог баланын жамбаш ашташтарын бир жагынан экинчи жагына жай жылдыруу аркылуу булчуңдарынын “бошоңдоосуна” жардам берип жаткан учуру көрсөтүлгөн.
a woman holding a baby bottle while a child turns to look at it.
Андан кийин реабилитолог баланы сүт бар бөтөлкөгө жетүү үчүн, башын көтөрүп, денесин бурууга кызыктырып, түрткү берип жаткан учуру сүрөттөлгөн.


ЭСКЕРТҮҮ! Эмчек эмизүү бөтөлкө менен тамактантууга салыштырмалуу баланын ден соолугу үчүн пайдалуураак. Баланын көңүлүн буруу үчүн, бөтөлкөнүн ордуна оюнчукту же шылдыракты колдонгон негизинен жакшыраак.




This page was updated:30 Дек 2025