Hesperian Health Guides
33-БӨЛҮМ: Ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн катуу чектеген бир нече илдети бар бала
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 33-БӨЛҮМ: Ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн катуу чектеген бир нече илдети бар бала
</table> Кээ бир балдарда ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн катуу чектеген илдеттен бирөө эмес, дароо бир нечеси болот. Мисалы, баланын акыл-эси жагынан жөндөмдүүлүгү катуу жабыркаган болушу жана ал, андан тышкары, өз денесин бир аз гана башкара алышы же таптакыр башкара албашы мүмкүн. Бала сокур же дүлөй болушу, анын талмасы кармашы же тамакты жакшы жута албай кыйналышы да ыктымал. Балада ушул илдеттердин бир нечеси айкалышып, бир байкалышы жана мындан тышкары жүрүм-турумуна байланышкан чоң көйгөйлөр да пайда болушу мүмкүн.
Ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген бир нече катуу илдети бар балдарга кам көрүү эч качан жеңил болгон эмес. Аларга абдан көп убакытты, сабырдуулукту жана мээримди бөлүп берүү талап кылынат. Коомдордун көпчүлүгүндө, мындай балдарды караган негизги адамдар – алардын ата-энелери жана жакын туугандары. Бирок, баласына туура кам көрүүгө жөндөмдүү болуу үчүн, ата-энеси коомчосунун чоң колдоосуна муктаж. Эгер ата-эне мындай колдоого ээ болбосо, баласына тийиштүү көлөмдө кам көрүүнү талыкпай улантуу талабы алар үчүн көтөрө алгыс түйшүк болушу мүмкүн. Ден соолук мүмкүнчүлүктөрү абдан чектелүү баласына бир нече айлап же жылдап кам көрүүдөн кийин, атүгүл баласын жанынан артык көргөн ата-эненин да ындыны өчүп, кыжыры кайнашы мүмкүн. Мындай жагдай баланын ахывалы жакшы жакка бир аз гана өзгөргөндө, же баланын денеси ага карата аткарылган ар кандай иш-чараларга анча жооп бербегенде, жана мунун натыйжасында, бала чоңойгондо да, анын муктаждыктары жаш баланыкы бойдон калганда айрыкча байкалат.
Ден соолук мүмкүнчүлүктөрү катуу чектелген баласына жылдап мээримин төгүп, көңүл буруп келген атаэненин ошол баласын капыстан чаап иймейи, аны карабай калуусу, ага орой же туура эмес мамиле кыла баштоосу сейрек учураган көрүнүштөрдөн болбой калган. Баланы согууга же аны карабай калууга жол берүүгө болбойт. Сиз мындай жагдайда тийиштүү кадамдарга барууңуз – парзыңыз.
Ата-энеге мындай көрүнүштөр үчүн сын айткандан мурун, биз өзүбүздү анын ордуна коюп көрүшүбүз керек. Ал баласына жылдап болгон мээримин төгүп, көңүл буруп келген. Ата-эне баласынан кандайдыр бир өзгөрүүнү, жылмаюну, төккөн мээримине жана аракеттерине бир аз болсо да жооп күтүп жүрөт. Бирок баласынын денеси мурункудан да көбүрөөк катыгансып, баласынын тынчы кетүүсү күчөп, баласы улам чоңойгон сайын аны көтөрүү жана ага кам көрүү ого бетер кыйындап, баласы жаңы төрөлгөн наристе сыяктуу бойдон калуусу байкалат. Кылган аракеттеринин үзүрүн көрбөсө да, мээнеттүү ошол аракеттерин уланта берүүсүнүн чеги ар бир адамда бар. Тагдырдын адилетсиздигине, төккөн мээнетин эч ким көрбөгөндөй ага болгон мамилеге, ага карата эбегейсиз суроо-талаптын бүтпөгөндөй сезим калтыруусуна, жардамдын жоктугуна жана жүрөгүнүн сыздоосуна бир маалда ата-эненин жаны кейийт. Ошентип жүрүп, ата-эне чегине жетип, баласына кол көтөрүп жиберет. Мындай жагдайда ата-энени күнөөлөгөндүн ордуна, аны түшүнүүгө аракет жасообуз зарыл. Бардыгынан мурун, биз балага да, үй-бүлөсүнө да бирдей жардам берүү жолдорун издөөгө тийишпиз. Мүмкүн болсо, муну баланын энеси же үй-бүлөсүнүн башка мүчөсү чегине жете элегинде эртелеп жасоо зарыл..