Hesperian Health Guides

МУУНДАРДЫН АБАЛЫНА ЖАНА КОНТРАКТУРАЛАРГА БАА БЕРҮҮ

Бул бөлүмдө:

Жөнөкөй ченөөчү куралды жалпак узун эки жыгачтан, пластиктен же картондон жасасаңыз болот. (Бул ишке дарыгерлер колдонуучу тил баскычтар жакшы жарайт.)

Муундардын абалын каттоонун дагы башка жөнөкөй ыкмалары келтирилген БАЛАНЫ КОНТРАКТУРАЛАРГА ТЕКШЕРҮҮ.

1. Жалпак жыгачтардын учтарын бириктириңиз. 2. Аларды муунга так жанаштырыңыз.
DVC Ch5 Page 43-1.png
DVC Ch5 Page 43-2.png
3. Алынган бучту кагазга так өткөрүңүз. 4. Муун көнүгүүлөрдүн жардамы менен жазылып жатканжатпаганын текшерүү үчүн, ар 1 же 2 жума сайын муну кайталап туруңуз.
DVC Ch5 Page 43-3.png
Ky DVC Ch5 Page 43-4.png

“Ийкемдүү куурчак” – прогресске баа жана түрткү берүү үчүн жасалга

DVC Ch5 Page 43-5.png
DVC Ch5 Page 43-5.jpg
Ийкемдүү куурчакты алдынан жана капталынан көрсөткөн түрлөрү. Сүрөттө, ийкемдүү куурчактарды өздөрү жасап, анан алар менен ойногон балдар көрсөтүлгөн. PROJIMOнун айылдагы реабилитация борборунда колдонулуп турган ийкемдүү куурчактардын бардыгы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар жана жергиликтүү мектеп окуучулары бынан жасалган.

Ийкемдүү куурчактар, муундары кыймылдап тургудай кылынып, картон кагаздан жасалат. Аларды дени соо балдар да, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар да жасай алышат жана алар менен ойной алышат. Мындай куурчактарды колдонуу ушунчолук оңой болгондуктан, атүгүл окуганды билбеген ата-энелер да алардын жардамы менен балдарынын контрактураларын ченеп, алынган маалыматты кагаз бетине түшүрүп каттай алышат. Мөөнөтү менен үзгүлтүксүз түрдө алынып турган ченөөлөр сүрөттөлүштөрдүн үзгүлтүксүз катары түрүндө катталгандыктан, буга көз чаптыруу аркылуу эле баланын абалынын өзгөрүүсүн дароо эле көрсө болот.

Баласынын абалынын өзгөрүүсүн ийкемдүү куурчактардын жардамы менен каттап турган үй-бүлөлөрдө бала да, ата-эне да муундарды чоюучу көнүгүүлөрдү үзбөй улантып туруулары көбүрөөк кездешери бизге белгилүү. Натыйжада, контрактуралардын көбүн үйдөн эле белгилүү бир даражада же толугу менен оңдоо мүмкүн экени билинип, гипстеп таңууларда жана хирургиялык операцияларда зарылчылык азайды.

Ийкемдүү куурчактарды колдонуу боюнча мисалдар


DVC Ch5 Page 44-1.jpg
DVC Ch5 Page 44-1-b.jpg
Айылдык реабилитологдор буту артын көздөй катуу ийилген, полиомиелиттен жабыр тарткан бала үчүн ортез жасап беришти. Алар буттун абалы бара-бара жакшырар (артка анчалык ийилбей калар) бекенин билгилери келишкен. Алар ушул максатта баланын энесинен ай сайын баласынын тизе муунунун абалын ченеп туруусун өтүнүштү.
DVC Ch5 Page 44-2-a.jpg

Энеси ийкемдүү куурчактын бутун баласынын бутуна, бутун артты көздөй болушунча ийилген абалына келтирип, так жанаштырды. Андан соң аны чоң кагазга көчүрүп өткөрдү.

DVC Ch5 Page 44-2-b.jpg
monthly record of a child's leg
Ай сайын ал бардыгын кайталап, датасын кошуп каттап турду. (Апрель айында баласы ортезди 2 жума колдонбогондо, баласынын тизесинин абалы начарлап кеткенин көрдү. Ортезди такай колдонуу маанилүү экени энеси үчүн да, баласы үчүн да айкын болду.)

Ийкемдүү куурчактарды негизинен колдордун жана буттардын, азыраак даражада моюндун, арканын, кашка жиликтердин жамбаш сөөк менен ашташтарынын жана тулкунун түрдүү абалдарын, деформацияларын, контрактураларын жана кыймылдоо ийкемдүүлүгүндөгү чектөөлөрүн каттоо үчүн пайдаланса болот:


flexikin used to record different positions
Омуртка тутуму алдыга уркуя ийрийип турат
Алакан-манжалар катуу бүгүлүп турат
Баш артка чалкалап турат
Моюн алдыга келтирилип турат
Алакан-манжалар болушунча жазылып турат
Тизелер артка ийилип турат
flexikin used to record different positions
Арка дөмпөйүп турат.
Алаканманжалар салаңдап калгансыйт
Тизелер бүгүлүп турат
flexikin used to record different positions
Колдор менен буттардын ар бирин тартып алсаңыз болот. Сүрөттө көрсөтүлгөндөй кылып, адегенде бирөөсүн, анан экинчисин:
Бут кетмендери астын көздөй бурулуп кармалып калган (контрактура)
тизе контрактурасы
чыканак жана алаканманжалар контрактуралары
flexikin used to record different positions
Баш капталына жантайып турат
Тизелер бир бирине жанашып, ал эми бут кетмендери бир биринен алыстатылып кармалып турат
Бут кетмендери ичти карай бурулуп турат
flexikin used to record different positions
Тулку буралып калгансыйт
Жамбаш сөөк жантайып турат
бут манжаларына туруу контрактурасы
Бул ийин экинчисине салыштырмалуу өйдөрөөк кармалып турат
Омуртка тутуму ийрийип турат
a child with a curved spine and marked vertebra
(Адегенде ар бир омуртканын уркуйган жерин чекиттеп белгилеп, анан ошол чекиттерди бириктириңиз.)


Өзгөрүүлөрдү каттоодо колдонулган кичинекей ийкемдүү куурчактар менен бирге, адамдарды топ-топ кылып үйрөтүү үчүн, ийкемдүү куурчактардын чоң түрлөрүн да жасап колдонсоңуз болот. Же болбосо, аларды сүрөттөлүштөрү бар жана үйдөн аткаруу үчүн нускамаларды даярдоодо дене бөлүктөрүнүн пропорцияларын туура сактоо үчүн пайдаланыңыз.

Эскертме: Контрактураларды каттоо үчүн, адамды капталынан көрсөткөн ийкемдүү куурчактар адамды алдынан көрсөткөн куурчактарга салыштырмалуу пайдалуураак болот экен. Мындан тышкары, адамды капталынан көрсөткөн куурчактарды жасоо да оңоюраак. Баланын функцияналдык абалындагы прогресске баа берип, аны каттоо үчүн, көпчүлүк учурда, ийкемдүү куурчактын ушул түрү гана керек болот.


Ийкемдүү куурчактарды кантип жасаса болот

1. Куурчактын түрдүү бөлүктөрүнүн сүрөттөлүштөрүн (АДАМДЫ КАПТАЛЫНАН КӨРСӨТКӨН ИЙКЕМДҮҮ КУУРЧАК жана АДАМДЫ АЛДЫНАН КӨРСӨТКӨН ИЙКЕМДҮҮ КУУРЧАК) абдан калың кагазга же туруктуу жука картонго өткөрүңүз. Же болбосо, бул үчүн кереги жок рентген сүрөтүн колдонуңуз. Бөлүктөрүнүн сүрөттөлүштөрүн көчүрүү үчүн атайын кагаздын жардамы менен өткөрсө болот. (Бул үчүн кадимки барактын бетин жумшак карандаш менен толук карартып, мындай кагаз даярдап алыңыз.) Же болбосо, бөлүктөрүнүн сүрөттөлүштөрүнүн көчүрмөсүн түз эле картон кагазга жабыштыргыч желим менен чаптасаңыз болот. (Эгер программаңыз боюнча ийкемдүү куурчактан көптү жасоо же балдарга жасатуу зарыл болсо, анда бөлүктөрүнүн сүрөттөлүштөрүнүн көчүрмөлөрүн принтердин же көчүрмө даярдоо аппаратынын жардамы менен түздөн-түз туруктуу жука картон кагазга түшүрүп алууну сунуштайбыз.)
copying a flexikin pattern
картон кагаз
көчүрүү үчүн атайын кагаз
бөлүктөрүнүн сүрөттөлүштөрү
2. Андан соң бөлүктөрүнүн сүрөттөлүштөрүн чоң кайчы же сакалмурут алчу атайын миз менен кесип алыңыз.
DVC Ch5 Page 45-2.png
Учу ажыратылган таякчага сакал-мурут алчу миз бекитилген
3. Бул сүрөттөрдө көрсөтүлгөндөй кылып, бөлүктөрүнүн сүрөттөлүштөрүн бир бирине жанаша жайгаштырыңыз. Пунктирдик сызыктары бар бөлүктөрдү, сүрөттөгүдөй кылып, үзгүлтүксүз сызыктары бар бөлүктөрдүн астына келтириңиз. DVC Ch5 Page 45-3.png
overlapping flexikin pieces
Бул бөлүктүн бул учун
бул бөлүктүн тийиштүү учунун артына, андан соң бул бөлүктүн экинчи учун
бул бөлүктүн бул учунун артына коюп бекитиңиз.
Же болбосо, “шапкелери” бар ийнелерди колдонуңуз,
DVC Ch5 Page 45-6.png
Бул жеринен кесип салып, эпоксиддик жабыштыргыч желимдин тамчысын ошол жерге тамчылатып бекитиңиз.
же ичке сымды колдонуп, учтарын түйүп байлап коюңуз,
DVC Ch5 Page 45-7.png
же муундарды буга жарактуу жип менен бириктириңиз (бул ыкма өйдөкүлөргө салыштырмалуу анчалык туруктуу эмес).
DVC Ch5 Page 45-8.png

Металлдан же пластиктен даярдалган бөрктөп кадагычтар баарынан жакшы жарайт.

DVC Ch5 Page 45-5.png

Металлдан даярдалган бөрктөп кадагычтар. Мүмкүн болушунча кичирээк келген бөрктөп кадагычтарды колдонуңуз. Адегенде ар бир кара чекитти тешип алыңыз. Андан кийин бөлүктөрдү бириктирип, кадагычтарды ордуларына коюп, бөлүктөр бир биринин учуна карата айрылбай, тегеренип кыймылдай тургандай жана жетишерлик бекем кылып, кадагычтарды балка менен жалпайтып бөрктөп коюуңуз.

DVC Ch5 Page 45-10.PNG

Пластиктен даярдалган бөрктөп кадагычтар. Буларды даярдоо үчүн, суусундук шимирип ичүү үчүн колдонулчу пластик түтүкчөдөн, пластиктен жасалган токугуч ийнеден же токугуч илме шибегеден чакан бөлүкчөлөрүн кесип даярдап алыңыз. Суусундук шимирип ичүү үчүн колдонулчу түтүкчөнү пайдаланган оңоюраак, бирок кагаздан жасалган түрүн эмес, пластиктен жасалганын колдонуңуз. Пластиктен кесип алынган бөлүкчөлөрдү куурчак бөлүктөрүнүн учтарындагы тешиктерге салып, андан кийин бычактын мизин же буга жарактуу башка бир металлды шамдын жардамы менен ысытып, анан аны менен пластик бөлүкчөнү эрите басып, куурчактын бөлүктөрүн бир бирине бириктирип карматып бөрктөп коюңуз. Пластик бөлүкчөлөрдү чегинен ашырып эритпеңиз. Антсеңиз, картон кагаздар бир бирине жабышып, “муундар” жылбай калат.

Бул же буга окшогон барактын көчүрмөсүн алып, ийкемдүү куурчакты кошуп, ата-энелерге берсеңиз болот. Аны кандайча колдонуу керектигин аларга түшүндүрүүнү унутпаңыз. Андан кийин ата-энелер куурчакты туура колдонор бекенин текшериңиз.

ИЙКЕМДҮҮ КУУРЧАКТЫ КОЛДОНУУ БОЮНЧА КӨРСӨТМӨ
Көнүгүүлөрдү аткаруунун же көмөкчү каражаттарды колдонуунун натыйжасында орун алган, балаңыздын абалынын өзгөрүүсүнө көзөмөл жүргүзүп турууңуз үчүн, сизге бул ийкемдүү куурчакты бердик. Ченөөнү ар ____________________________________ сайын аткарып турууну сунуштайбыз. Аны төмөнкүчө аткарыңыз:
  1. Баланын денесинин кайсы бир бөлүгүн ченөө зарыл болсо, ошол бөлүгүн ченөө үчүн ыңгайлуу абалына денесин келтирүүнү андан өтүнүңүз (мисалы, тизесин мүмкүн болушунча түздөсүн).
    DVC Ch5 Page 46-1.png
  2. Ийкемдүү куурчакты баланын денесинин абалына так келтириңиз. Ал үчүн ийкемдүү куурчакты көзүңүз менен баланын ортосуна, куурчак бала менен теңелип калгандай аралыкта кармаңыз. Ошондо куурчакты баланын денесинин абалына так келтире аласыз.

DVC Ch5 Page 46-2.jpg
Куурчактын жаңы абалын өзгөртпөй туруп, аны чоң кагазга көчүрүңүз. Алгач бүтүндөй денесин түшүрүңүз. Ченегенде, баланын денеси ар бир жолу бир абалда болууга тийиш.
DVC Ch5 Page 46-3.png
using a flexikin to record a knee contracture
Бул мисалдан кыймылдабай калган тизе физикалык көнүгүүлөрдүн жардамы менен кантип жазылганын көрүүгө болот.
Кийинки ченөөлөрдө дененин ченелген бөлүгүн (же бөлүктөрүн) гана көчүрүү жетиштүү. Ченөөнүн жыйынтыгын каттаганда, дайыма датасын кошуп жазыңыз.
Айрым учурларда, бала колун же бутун өз алдынча же сиздин (күчкө салбай, кичинеден) жардамыңыз менен канчалык түздөй аларын ченөө зарыл болушу мүмкүн.
DVC Ch5 Page 46-5.png
ЭСКЕРТҮҮ! Бутун же колун түздөө учурунда, муунун кокустатып албоо үчүн, ага жакын жерлеринен жакшылап кармаңыз.
Эки колонка чийиңиз. Бирине бала өз алдынча канчалык түздөй аларын, экинчисине сиздин жардамыңыз менен канчалык түздөй аларын каттаңыз.
Бул жерде бут түздөлүп отуруп, ага ортопедиялык аппаратты кийгизүү мүмкүн болуп калганы мөөнөттөрү менен бирге көрсөтүлгөн.
a record of a knee contracture

АДАМДЫ КАПТАЛЫНАН КӨРСӨТКӨН ИЙКЕМДҮҮ КУУРЧАК

Куурчакты жасоо үчүн керек бөлүктөр

DVC Ch5 Page 47-1.png
DVC Ch5 Page 47-2.png

АДАМДЫ АЛДЫНАН КӨРСӨТКӨН ИЙКЕМДҮҮ КУУРЧАК

Куурчакты жасоо үчүн керек бөлүктөр

DVC Ch5 Page 48-1.png
DVC Ch5 Page 48-2.png



This page was updated:23 Май 2025