Hesperian Health Guides
БАЛАНЫН БҮТҮНДӨЙ АБАЛЫНЫН ӨЗГӨРҮҮСҮНӨ БАА БЕРҮҮ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 5-БӨЛҮМ: Баланын өнүгүүсүндөгү прогресске баа берүү жана аны каттоо үчүн жөнөкөй ыкмалар > БАЛАНЫН БҮТҮНДӨЙ АБАЛЫНЫН ӨЗГӨРҮҮСҮНӨ БАА БЕРҮҮ
5 жашка чейинки баланын өнүгүүсүнө баа берүү үчүн, №6 КАТТОО БАРАГЫН колдонууну сунуш кылабыз. Ошол картада түрдүү ык-жөндөмдөр менен кыймыл аракеттерди өздөштүрүү баскычтары көрсөтүлгөн. Баланы алгач текшергенде, ар бир ченелген параметри боюнча бала эмне кыла аларын көрсөткөн сүрөттөлүштү тегеректеп белгилеп коюңуз.
Кийинки текшерүүлөрдө ошол эле баракта тийиштүү сүрөттөлүштү бул жолу түсү башка карандаш (же пунктирдик, үзгүлтүктүү же толкундуу сызык) менен тегеректеңиз. Мындай ыкма аркылуу бала кайсы багыты боюнча алдыга жылды, ал эми кайсынысында артта калганын көрө аласыз.
5 жаштан өткөн баланын өнүгүү деңгээлине баа берүү үчүн, кийинки беттеги карталар жардам бериши мүмкүн. Эки башка ыкма колдонулган. “А” картасы объективдүүрөөк (жекелик ой-пикир азыраак колдонулат), бирок кичине оңолууларды эсепке алууга мүмкүнчүлүк бербейт. “Б” картасы субъективдүүрөөк (жеке ой-пикирге көбүрөөк негизделет). Ал сандык өзгөрүүлөрдү гана эмес, сапаттык өзгөрүүлөрдү да эсепке алууга мүмкүнчүлүк берет. Ыкмалардын экөөсүн тең колдонуп көрүп, кайсынысы оюңузча туурараак натыйжаларды көрсөтөрүн текшериңиз.
“А” картасын кандай колдонуу керек: Ал жерде келтирилген ар бир ык-жөндөм үчүн бала аны “башка бирөөнүн жардамысыз”, “анча-мынча жардам менен” же “чоң жардам менен” аткара аларын тегеректеңиз. Тегеректелген сандардын баарын бир бирине кошуңуз. Экинчи текшерүү учурунда алынган бааны биринчи текшерүүнүн баасы менен салыштырыңыз. Мисалы:
Биринчи текшерүү | Экинчи текшерүү | |||||
башка бирөөнүн жардамысыз | анча-мынча жардам менен | чоң жардам менен | башка бирөөнүн жардамысыз | анча-мынча жардам менен | чоң жардам менен | |
Бала кандай тамактанат? | 4 | ➁ | 0 | ➃ | 2 | 0 |
Бала суюктукту кандай ичет? | 4 | ➁ | 0 | 4 | ➁ | 0 |
Эскертме: Сандардын жардамы менен баланын өнүгүү деңгээлине дайыма туура баа берүү мүмкүндүгү күмөндүү. Бирок күмөн саноонун өзү пайдалуу болушу мүмкүн экенине ишенебиз. Бул жердеги баалоо формаларынын бири да бардык өнүгүү багыттарындагы өзгөрүүлөрдү же оңолууларды камтый албайт. Алар майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөгөн жазууларды, сүрөттөрдү жана жакшы эске тутууну алмаштыра албайт!
Click here for PDF of the following chart