Hesperian Health Guides
БАЛАНЫ КОНТРАКТУРАЛАРГА ТЕКШЕРҮҮ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 8-БӨЛҮМ: Контрактуралар: Жазылып түздөлбөй калган колу-буттар > БАЛАНЫ КОНТРАКТУРАЛАРГА ТЕКШЕРҮҮ
Бул, сүрөттөлгөндөй, муундардын “кыймылдоо ийкемдүүлүгүнүн көлөмүн” текшерүү аркылуу аткарылат. Калыптанып калган контрактуралардын көпчүлүгү ушундай текшерүү учурунда дароо эле байкалат. Бирок жамбаш сөөк - кашка жилик муундарынын контрактураларын байкабай калуу оңой.
Бул бала белин алдыга ийүү аркылуу... | Бирок эгер экинчи тизесин көкүрөгүнө тийгизе карматып текшерсеңиз... | Контрактураларга текшергенде, буту тулкусу менен бир сызыкта болууга тийиш. |
![]() |
![]() |
![]() мындай
мындай эмес
|
...оң бутун жерге дээрлик жанаштырып жата алат. Баланын жамбаш сөөк - кашка жилик муунунда бир аз эле контрактура бар же эч кандай контрактура жок деп ойлошуңуз мүмкүн. | ...бели түздөлүп калат. Ошондо контрактуранын даражасын көрө аласыз. |
Контрактураларга текшергенде, сөөктөр ашташтарынан чыгып кеткен абалында болбоого тийиш, анткени мындан туура эмес корутунду чыгарып алышыңыз мүмкүн. Мисалы:
Бала бул таманынын бүтүндөй бетин жерге коё алат, | ![]() |
себеби таман сөөгү ашташынан капталын көздөй чыгып турат. | ![]() |
Кылтасы тартылып турат. | ![]() |
Эгер таман сөөгүн ашташынан чыкпагыдай кылып бут кетменин кармасаңыз, таман сөөк - жото жилик муунунда чоң контрактура бар экенин дароо эле байкайсыз. |
Мазмуну
Контрактураларды спастикадан кантип айырмаласа болот
Спастика (булчуң өзүнөн өзү тартылып калуу) мээси же жүлүнү жабыркагандарда көп учурайт. Кээде аны контрактуралар менен алмаштырып алышат. Бул эки абалдын ортосундагы айырмачылыкты билип алуу маанилүү
таман сөөк - жото жилик муунунун булчуңдарындагы СПАСТИКА | ![]() |
Эгер бут узак убактылуу туруктуу басымдан адегенде бүгүлбөсө, |
бирок андан кийин кичинеден барып отуруп бүгүлсө, бул спастика болушу ыктымал. |
таман сөөк - жото жилик муунунун КОНТРАКТУРАСЫ | ![]() |
Эгер бут узак убактылуу туруктуу басымга берилбесе, |
жана ошо бойдон бүгүлбөсө, бул контрактура болушу ыктымал. |
Көп учурда булчуңдардын спастикасы контрактуралардын калыптануусуна алып келет.
КОНТРАКТУРАЛАРДЫ ЧЕНƟƟ
This can be done by folding a paper and measuring the angle, as shown here, | ![]() |
Андан кийин алынган бул бурчту каттоо барагына көчүрүп коюңуз. | ![]() |
Же “транспортир” деп аталган атайын сызгычты пайдаланыңыз. | ![]() |
Же болбосо, жалпак келген 2 таякчаны бир бирине бурама же бөрктөп кадагыч менен бекитип, мындай жөнөкөй аспап жасап алыңыз. Бурамасын таякчалар оңою менен жылбагандай кылып бекитиңиз. | ![]() |
Алынган бурчту таякчалардан турган фигура түрүндө каттап алсаңыз болот. | ![]() |
Же оңоюраак жана көңүлдү көбүрөөк ачуучу ийкемдүү куурчакты колдонсоңуз болот. | ![]() |
Үй-бүлө баласынын абалынын өзгөрүүсүн ушинтип каттап туруу жолу аркылуу анын жетишкендиктерин жакшыраак байкай алат. Мындан тышкары, контрактураларын оңдоо үчүн, бала атайын көнүгүүлөрдү күчөтүлгөн түрдө үзбөй аткарып туруусунун ыктымалдыгы да жогорулайт. | ![]() |
Контрактураны айыл шарттарында оңдоо мүмкүнбү?
Контрактуралар булчуңдардын кыскарып кетүүсү менен башталат. Булчуңдар кыскарганда, байламталар (тарамыштар) тартылып калат. Кийин нервдер, тери жана “муункап” да тартылып калышы мүмкүн (муункап – муунду сыртынан каптап турган чарым баштык).
Эскертме: Эгер бул беттеги маалыматты түшүнүү сиз үчүн оор болсо, кабатырланбаңыз. Кийин, оор контрактураларга учураганда, бул беттеги маалыматка кайрылыңыз.
Контрактура булчуңдарда жана тарамыштарда гана болгондо, аны негизинен айылдын реабилитациялык борборунда эле атайын көнүгүүлөрдүн жана гипстөөнүн жардамы менен оңдоого болот. Болгону, буга кээде бир нече ай кетет. Бирок эгер контрактурага муункап да кошулган болсо, көп учурда, атүгүл аны бир топ ай бою гипстеп таңуу жолу аркылуу оңдоо да кыйла оорураак же такыр мүмкүн эмес болот. Хирургиялык кийлигишүү керек болушу мүмкүн.
ТИЗЕ МУУНУНУН ИЙКЕМДҮҮЛҮГҮН ТЕКШЕРҮҮ:
Жамбаш сөөк - кашка жилик муунун адегенде түз кармап, андан кийин бүгүп, тизе муунунун кыймылдоо ийкемдүүлүгүн текшеририңиз. | ![]() |
Түшүндүрмө: Тизе муунунда контрактура калыптануусуна алып келүүчү негизги булчуңдар тобуна сандын арткы бөлүгүндөгү булчуңдар тобу кирет. Бул булчуңдар жамбаш сөөктөн жото жиликке чейин созулат. Жамбаш сөөк - кашка жилик мууну бүгүлгөндө, бул булчуңдар тартылып, тизе ого бетер бүгүлүүсүнө алып келет. | ![]() сандын арткы бөлүгүндөгү булчуңдар |
ТИЗЕ КӨБҮРӨӨК БҮГҮЛӨТ: БУЛЧУҢДАР КОНТРАКТУРАСЫ | ||
Эгер жамбаш сөөк - кашка жилик мууну бүгүлгөн абалына салыштырмалуу | ![]() |
Жамбаш сөөк - кашка жилик мууну бүгүлүп турат |
түздөлгөн абалында тизе да көбүрөөк түздөлсө, | Жамбаш сөөк - кашка жилик мууну түздөлүп турат. | |
Мындай контрактураны көпчүлүк учурда айыл шарттарында эле оңдоп алууга болот. |
ТИЗЕ ЭКИ АБАЛЫНДА ТЕҢ БИРДЕЙ БҮГҮЛӨТ: МУУНКАП КОНТРАКТУРАСЫ | |
Эгер жамбаш сөөк - кашка жилик мууну түз кармалганда деле, бүгүлүп кармалганда деле тизе бирдей түздөлсө, | ![]() |
бул муункап контрактурасы болушу ыктымал. | |
Мындай учурда көбүнчө хирургиялык кийлигишүү талап кылынат. |
ТАМАН СӨӨК - ЖОТО ЖИЛИК МУУНУНУН ИЙКЕМДҮҮЛҮГҮН ТЕКШЕРҮҮ:
Тизе муунун адегенде түз кармап, андан кийин бүгүп, таман сөөк - жото жилик муунунун кыймылдоо ийкемдүүлүгүн текшериңиз. | ![]() |
|
Түшүндүрмө: Бут кетменин аттын бутуна окшоштуруп түздөөчү негизги булчуңдардын бири кашка жиликтен согончок сөөккө чейин созулат. Тизе бүгүлгөн абалга салыштырмалуу түздөлгөн абалда кылта көбүрөөк тартылып калат. | ![]() балтыр
булчуңу кылта |
БУТ КЕТМЕНИ ӨЙДӨ КӨБҮРӨӨК БҮГҮЛӨТ: БУЛЧУҢДАР КОНТРАКТУРАСЫ | |
Эгер тизе бүгүлгөн абалга салыштырмалуу | ![]() Тизе бүгүлүп турат
Тизе түздөлүп турат |
түздөлгөн абалда бут кетмени төмөн көздөй көбүрөөк тартылса, бул булчуңдар контрактурасы. | |
Мындай контрактураны көпчүлүк учурда айыл шарттарында эле оңдоого болот. |
БУТ КЕТМЕНИНИН БҮГҮЛҮҮ ИЙКЕМДҮҮЛҮГҮ АТАЛГАН ЭКИ АБАЛДА ТЕҢ БИРДЕЙ: МУУНКАП КОНТРАКТУРАСЫ | |
Эгер тизе бүгүлгөн абалда да, түздөлгөн абалда да бут кетменинин бүгүлүү бурчу бирдей болсо, | ![]() |
бул муункап контрактурасы болушу ыктымалдуу | |
Мындай контрактураны оңдоо үчүн, көбүнчө хирургиялык кийлигишүү талап кылынат. |
МУУН ТАКЫР КЫЙМЫЛДАБАЙ КАЛУУ
Эгер муун бир аз гана кыймылдаса, муункабы абдан тартылып калган же сөөктөр деформацияланып кеткен болуш керек. Көнүгүүлөрдүн жардамы менен муундун кыймылдоо ийкемдүүлүгүн бара-бара жогорулатууга аракеттениңиз.
Муун такыр кыймылдабай калышы сөөктөр бир бирине “жабышып” биригип калганына байланыштуу болушу мүмкүн. Мындай көрүнүш муун катуу ооруганда жана бузулууга дуушар болгондо орун алат. Муун ушинтип биригип калса, көнүгүүлөрдүн жардамы менен ага кыймылдоо ийкемдүүлүгүн кайтаруу негизи мүмкүн эмес. Мындай муунга жардам берүүнүн бир гана жолу бар: аны хирургиялык операция аркылуу металлдан же пластиктен даярдалган “жасалма муун” менен алмаштыруу. Мындай операция абдан кымбат турат. Абдан активдүү өмүр сүргөн адамда мындай муун бир нече гана жылга жетиши мүмкүн.