Hesperian Health Guides

ОМУРТКА ТУТУМУ ИЙРИЙҮҮСҮНҮН (СКОЛИОЗДУН) СЕБЕПТЕРИ

Бул бөлүмдө:

Ден соолукка байланыштуу башка көйгөйлөрү жок балдарда сколиоздун пайда болуу себептери көбүнчө (болжол менен 80% учурда) белгисиз. Кээде ал бир үй-бүлөнүн бир нече мүчөсүндө байкалат, ошондо тукум куума (үй-бүлөлүк) фактор бар болушу мүмкүн деп болжолдоого болот. Анча чоң эмес сколиоз ар 10 балаланын ичинен болжол менен бирөөндө кездешет, ал эми омуртка тутумунунун коркунуч туудурган жетишерлик олуттуу ийрийүүсү ар 400 баланын ичинен бирөөндө гана учурайт. Омуртка тутумунун белгисиз себептерден улам калыптанган ийрийүүлөрү көбүнчө 10–16 жаш аралыгында, денеси абдан тез өсүп жаткан балдарда алгач табылып, тез күчөй баштайт.

Туруктуу сколиозго алып келүүчү белгилүү себептерге ар түрдүү бузулуулар (инфекциядан баштап, шишиктерге жана сейрек илдеттерге чейин) кирет. Мүмкүн болушунча бул чөйрөдө тажрыйбасы бар адис менен кеңешүүгө аракет кылыңыз.

Кээ бир балдардын омуртка тутумунун өзүндө дефекттер бар болгондуктан, алар туруктуу сколиозу бар болуп төрөлүшөт же ал кичинекейинде калыптанат.

Кээде бир же бир нече омуртка толук калыптанбай, омуртка тутуму бир жакка ийрийип калуусуна алып келет. DVC Ch20 Page 162-1.png Кээде 2 же андан көп омуртка бир бирине бир жагынан “жабышып” калыптанып калат. Мындай омурткалардын “жабышпаган” гана жактары өсүп, омуртка тутумунун ого бетер ийрийүүсүнө алып келет. DVC Ch20 Page 162-2.png
Мындай дефекттерди рентгенографиянын жардамы менен гана аныктоого болот.


Туруктуу эмес сколиоз дайыма кошумча көйгөй катары, арка булчуңдары текши эмес шал болуусунан же жамбаш сөөк капталга жантаюусунан (бир бут кыскараак болгондо) улам орун алат. Көп учурда омуртка тутуму ийрийүү полиомиелиттен жабыркап калган, церебралдык шалдыгы, булчуңдар дистрофиясы, жүлүн чуркусу бар, жүлүнү жабыркаган, артрит менен ооруган жана кашка жилиги жамбаш сөөк менен болгон ашташынан чыгып кеткен балдарда учурайт. Мындай көйгөйлөрү бар балдардын бардыгын омуртка тутумундагы ийрийүүлөргө сөзсүз текшергиле. Туруксуз эмес ийрийүүлөр бара-бара туруктуу түрүнө өтүп кетиши мүмкүн.




This page was updated:23 Май 2025