Hesperian Health Guides

20-БӨЛҮМ: Омуртка тутуму ийрийүү жана анын башка деформациялары


HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 20-БӨЛҮМ: Омуртка тутуму ийрийүү жана анын башка деформациялары


Бул бөлүмдө:

a normal spine
омурткалар
омуртка дисктери

Омуртка тутуму, же кыр арка, деп баш сөөк менен жамбаш сөөктү бир бири менен бириктирип байланыштыруучу, “омурткалардан” турган тизмекти айтытышат. Бир бирине жанаша жайгашкан ар 2 омуртканын ортосунда “омуртка диски” деп аталган, кемирчектүү чакан төшөмчөлөр болот. Баш менен тулку омуртка тутумунун жардамы менен тик кармалат. Омуртка тутумунун көңдөйлүү борбору аркылуу узата өткөн нервдердин жыйындысы (“жүлүн”) мээни дененин калган бөлүктөрү менен байланыштырат.

DVC Ch20 Page 161-4.png
Капталга ийрийүү (сколиоз – S-кейпилүү ийрийүү)
Арка булчуңдарынын шалдыгы текши эместигинен же бир бут кыска болгондуктан жамбаш сөөк капталына жантайып калгандыктан улам калыптанышы мүмкүн.
DVC Ch20 Page 161-5.png
Арка бүкүрөйүү (кифоз)
Арка булчуңдарынын алсыз болуусунан же турганда же отурганда, денени туура эмес (арканы бүкүрөйтүп) кармоодон улам калыптанышы мүмкүн.
DVC Ch20 Page 161-6.png
Бел бөлүк алдыга ашыкча ийилүү (лордоз)
Курсак булчуңдарынын алсыз болуусунан, жамбаш сөөк - кашка жилик муундарынын контрактураларынан же буттун же жамбаш сөөк - кашка жилик муунунун алсыздыгын компенсациялоо максатында басууну өзгөртүүдөн улам калыптанышы мүмкүн.
алдыга ашыкча ийилүү
DVC Ch20 Page 161-7.png
Омуртка тутумунунун бир жери уркуюп калуу (анын кургак учугу)
Кургак учукту козгоочу инфекциядан бир же бир нече омуртка бузулууга дуушар болгондо калыптанат

Жогоруда келтирилген деформациялардын ичинен эң көп учураганы жана эң олуттуусу – сколиоз (омуртка тутуму капталга ийрийүү). Бирок сколиозу бар балада кифоз (арка бүкүрөйүү) жана/же лордоз (омуртка тутумунун бел бөлүгү алдыга чегинен аша ийилүү) да көп кездешет.

ОМУРТКА ТУТУМУНУН ТУРУКТУУ ЭМЕС ЖАНА ТУРУКТУУ ИЙРИЙҮҮЛӨРҮ

Туруктуу эмес, же б.а. “функционалдуу” ийрийүүдө омурткалар деформацияланып кеткен эмес. Көбүнчө мындай ийрийүү жамбаш сөөк капталына жантайып турганына же омуртка тутумуна байланышы жок, денедеги башка ассиметрияга карабастан дене түз абалына келүүгө аракет кылганда пайда болот.

DVC Ch20 Page 161-8.png
Мисалы, полиомиелиттен бир буту кыскараак болуп калыптанып калган бала турганда, анын жамбаш сөөгү капталына жантайып калат.
DVC Ch20 Page 161-9.png
Омуртка тутумунун туруктуу эмес ийрийүүлөрүн кыска буттун астына бир нерсе коюп же баланы колтуктарынан кармап көтөрүү аркылуу түздөсө болот.
DVC Ch20 Page 161-10.png

Омуртка тутумунун туруктуу, же б.а. “структуралык” ийрийүүлөрү омурткалар өздөрү деформамацияланып кетүүсү менен мүнөздөлөт.

DVC Ch20 Page 161-11.png
Мындай ийрийүүнү атүгүл денени туура абалына келтирүү же баланы колтуктарынан кармап көтөрүү аркылуу түздөөгө болбойт.

Эскертме: Кээде туруктуу эмес ийрийүүлөр бара-бара туруктуу ийрийүүгө өтүп кетиши мүмкүн.





This page was updated:23 Май 2025