Hesperian Health Guides
Эмне кылуу керек?
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 20-БӨЛҮМ: Омуртка тутуму ийрийүү жана анын башка деформациялары > Эмне кылуу керек
Бул бир катар факторлордон көз каранды:
- ийрийүү канчалык чоң;
- ал күчөп баратабы – эгер күчөп баратса, канчалык тез;
- ийрийүү туруктуубу;
- баланын жашы.
Омуртка тутуму ийрийүүсү канчалык олуттуу экенин жана ал күчөп бараткан-баратпаганын рентгенографиянын жардамы менен эң сонун аныктоого болот.
1. Омуртка тутумундагы ар бир ийрийүүдө бир бирине карата эң чоң бурчту түзгөн 2 омуртканы тандаңыз. | ![]() |
2. Ушул 2 омуртканын үстүнкү кырларына параллелдүү болгон 2 сызыкты чийиңиз. |
![]() |
3. Омуртка тутумунун ийрийүү бурчун ченеп, аны каттаңыз. | ![]() |
4. Ийрийүү бурчун такай каттап, өзгөрүүлөргө көңүл буруңуз. |
Рентген аппараты менен изилдөө кымбат болгондуктан жана ал бардык эле жерлерде боло бербегендиктен, уркуюп чыгып калган кабырганын бурчун ченеп туруу аркылуу омуртка тутумунун ийрийүүсүнүн өзгөрүүлөрүнө байкоо жүргүзүп турса болот.
Мындай бурчту алуу үчүн, жыгач усталык бурч ченегич аспап жарайт. Үстүнкү таякчасы так горизонталдуу кармалууга тийиш |
![]() |
Бул бурчту ченеңиз. |
![]() | ||
Бала мүмкүн болушунча түз туруп же түз отуруп алып алдына эңкейсин. |
Эгер уркуюп турган кабырганын бурчу бир нече ай бою өзгөрбөй, бир эле көрсөткүчтө сакталса, омуртка тутумунун ийрийүүсү да күчөгөн жок болушу мүмкүн. Муну ар бир нече айда текшерип туруңуз. Эгер бул бурч туруктуу түрдө чоңоюп жатса, ийрийүү да күчөп бараткандыгы анык. Баланы рентген аппаратына түшүрүп, эмне кылуу керектигин чечүү зарыл.
Омуртка тутумунун күчөбөгөн туруктуу эмес ийрийүүлөрүн демейде алардын негизинде жаткан көйгөйгө карата чара көрүү жолу менен эле дарылоо жетиштүү болот.
Мисалы, эгер баланын омуртка тутумунун ийрийүүсү туруктуу эмес болсо жана буттарынын узундуктары эки башка болгондуктан жамбаш сөөгү капталына жантайып калгандыгынан улам пайда болсо:
![]() кыска бутунун астына китеп же такта коюп, жамбаш сөөгүн тегиздеңиз; |
||
![]() |
![]() |
![]() |
Бул баланын бир буту кыска болгондуктан жамбаш сөөгү капталына жантаюусунан улам омуртка тутуму ийрийип кеткен. | Реабилитологдор бул баланын бут кийиминин таманынын астын бийиктетип беришкен. | Ошондо, баланын омуртка тутумунун ийрийүүсү жоюлган жана тулкусу бир капталына ооп кармалбай калган. |
Тулкуну бир калыбында бекем кармоочу, “корсет” деп аталган жасалгалар омуртка тутумунун туруктуу эмес ийрийүүлөрүн оңдоого жана атүгүл анын күчөшүн токтотууга, негизи, жардам бербейт. Бирок эгер ийрийүү баланын отуруусуна же басуусуна кыйынчылыктарды жаратса, корсетти колдонуу пайдалуу болушу мүмкүн. | ![]() |
![]() |
Корсеттерди жасоо боюнча нускамалар келтирилген. |
Демейде, омуртка тутумунун 20oка жетпеген ийрийүүлөрү (туруктуу же туруктуу эмес – айырмасы масы жок) атайын дарылоону талап кылбайт. Болгону, күчөп кетпешин камсыз кылуу үчүн, аларга байкоо жүргүзүп туруу жана аларды ар бир нече ай сайын ченеп туруу керек. | ![]() | |||
Айрым адистер “арка булчуңдарын бекемдөөчү, сүрөттөгүгө окшогон көнүгүүлөр омуртка тутумунун ийрийүүсүн түздөөгө же аны жайлатууга жардам берет” деп эсептешет. Ал эми башкалар “булардан пайда жок” деген ойду карманышат. (Биз кимиси туура экенин билбейбиз.) | ![]() | |||
Омуртка тутумунун 20oтан ашып кеткен ийрийүүлөрүн (эгер алар туруктуу болсо жана күчөп баратса) денени бир калыпта бекем кармоочу атайын жасалганы колдонуу жолу менен жайлатууга болот. |
Буга окшогон (“Милуоки корсети”) жасалгалар көп колдонулат. Мындай жасалга балага ыңгайсыздыкты жаратуусу менен пайдалуу. Анткени бала, бул ыңгайсыздыкты азайтуу үчүн, денесин мүмкүн болушунча чоюп түз кармоого аргасыз болот. | ![]() |
“Бостон корсети” деп аталган, пластиктен аткарылган мындай жасалга ыңгайлуураак келет, кийим астында такыр билинбейт жана пайдасы кем эмес. | ![]() |
ХИРУРГИЯЛЫК КИЙЛИГИШҮҮ
Омуртка тутумунун тез күчөп бараткан жана 50oтан ашып кеткен ийрийүүлөрүнө хирургиялык операция жасатуу зарыл болушу мүмкүн. Хирургиялык операциянын жардамы менен эң жабыркап калган омурткалар бир бирине “жабыштырылып” бириктирилет. Негизи, омуртка тутуму мындай операциядан толук түдөлбөйт. 12 жашка чыга элек балдарга, мындай ийрийүүсү өтө олуттуу болбогон учурларда, хирургиялык операция жасатпай эле койгон оң, анткени бириктирилген мындай омурткалар ошол бойдон өспөй калат.
Эгер омуртка тутумунун ийрийүүсү 40oка жетпесе, денесинин өсүүсү токтогондон кийин, негизи, мындай ийрийүү андан ары күчөбөйт. Эгер ийрийүү 50oтан жогору болсо, денесинин өсүүсү токтогондон кийин деле ийрийүү андан ары күчөшү толук мүмкүн, жана мындай жагдайда хирургиялык операция сунуш кылынат.
Бирок “омурткаларды бир бирине бириктирүү” операциясы абдан кымбат, жана аны атайын даярдыгы бар ортопед-хирург жасоосу талап кылынат. Мындай операция баланын өзү жана анын үй-бүлөсү үчүн да чоң кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Хирургиялык операция мүмкүн болбогон жагдайда, омуртка тутумунун андан ары ийрийүүсүн басаңдатуу үчүн, корсетти же денени бир калыпта бекем кармоочу буга окшогон каражатты колдонуу зарыл. Эгер омуртка тутуму өтө эле ийрийип кетсе, өпкөлөрдүн жана жүрөктүн нормалдуу иштөөсү үчүн көкүрөктө жетиштүү мейкиндик калбай калат да, бала пневмония менен ооруп, чарчап калышы мүмкүн.
КИФОЗДО ЖАНА ЛОРДОЗДО ЖАСАЛА ТУРГАН КӨНҮГҮҮЛӨР
Бүкүрөйүп калган балдарга аркасын түздөөгө жардам берүүчү мындай көнүгүүлөр жардам бериши мүмкүн. | Омуртка тутумунун бел бөлүгү алдыга ашыкча ийилип турган балдарга курсак булчуңдарын бекемдөөчү мындай көнүгүүлөр. | ||
![]() |
![]() |
![]() | |
Отурганда жана турганда, ийиндерин дайыма артка тартып, ал эми тулкусун мүмкүн болушунча түзүрөөк кармап жүрүүсүнө баланы кызыктырып туруу зарыл. | же жамбаш сөөк - кашка жилик муундарынын контрактураларын (эгер бар болсо) оңдоочу көнүгүүлөр пайдалуу болушу мүмкүн. №3 көнүгүү барагын караңыз. |