Hesperian Health Guides

1-БӨЛҮМ: Терапияны кантип таасирдүү жана кызыктуу кылууга болот


HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 1-БӨЛҮМ: Терапияны кантип таасирдүү жана кызыктуу кылууга болот


Бул бөлүмдө:

DVC Ch1 Page 1-1.jpg
Фотограф: John Fago



DVC Ch1 Page 2-1.jpg
Фотограф: John Fago
TДен соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар менен иштегендер тарабынан көп колдонулган эки сөз – “реабилитациялоо” жана “терапия”.


Реабилитациялоо – жөндөмдүүлүктү калыбына келтирүү же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамга үйүндө жана коомчосунда тиричилигин жакшыраак жүргүзө алуусуна жардам берүү дегенди билдирет.


Терапия түпкүлүгүндө дарылоо дегенди билдирет. Физикалык терапия – же, кыскача, физиотерапия – дененин жайгашуу абалын, кыймылдоосун, алдуулугун, тең салмактуулугун сактоо жана абалын башкаруу жөндөмдүүлүктөрүн жакшыртуу өнөрү дегенди билдирет. “Эрготерапия” – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамга пайдалуу жана жагымдуу иш-аракеттерди аткарууну үйрөнүүсүнө жардам берүү өнөрү.


“Терапияны” илим катары эмес, өнөр катары карообуздун себеби – биринчиден, ыкмалардын көптөгөн түрлөрү бар болуусунда, экинчиден, терапиялык иш-аракеттерде методдордун таасири канчалык маанилүү болсо, адамдык сезимдердин таасири да ошончолук маанилүү болуусунда.

Дүйнө жүзү боюнча, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын көпчүлүгү айылдарда жана жакыр келген коомчолордо жашайт. Алар ошол жашаган жерлеринен “реабилитация иштери боюнча адисти” же “физиотерапевтти” өмүрүндө бир да жолу көрүшпөйт. Бирок бул “аларга карата эч кандай реабилитациялоо же дарылоо иш-чаралары көрүлбөйт” дегенди билдирбейт. Көптөгөн айылдарда жана үй-бүлөлөрдө үй-бүлө мүчөлөрү, жергиликтүү усталар, салттуу эмчилер жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын өздөрү күндөлүк иштерин жакшыраак аткарууга жана ары-бери оңоюраак кыймылдоого ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жардам берген ыкмаларды иштеп чыгышат.

Жөнөкөй түзүлүштөгү балдактарды, ары-бери жүрүүгө ылайыкталган дөңгөлөктүү такталарды, буттардын жыгач протездерин жана башка көмөкчү каражаттарды жыгач, каңылтыр, булгаары же темир менен иштеген жергиликтүү усталар жасаган мисалдарга биз өз көзүбүз менен күбө болдук. Балдары үй-бүлөсүнүн айыл чарбалык же үй тиричилик иштерине өз салымдарын кошо алуусун жана ошол эле убакта өздөрүнө зарыл көнүгүүлөрүнүн көбүн аткаруусун (терапия) мүмкүн кылуу үчүн, ата-энелер өздөрүнүн күндөлүк иштерин ушул максаттарга жараша ыңгайлап өзгөртүп алган мисалдарды да билебиз.

Кээде, сырттан келген профессионал адистердин ыкмаларына же көмөкчү каражаттарына салыштырмалуу, үй-бүлөлөр жана жергиликтүү коомчолор өздөрү иштеп чыккан “реабилитациялоо ыкмалары” жакшыраак таасир берет. Буга 2 мисал:


a child kicking a ball with his one leg while using a crutch.
Балдардын бардыгы мүмкүн болушунча күнүгө иш аткарып жана ойноп туруу жолдору аркылуу өздөрүнө зарыл болгон көнүгүүлөрдү аткарып турууга тийиш. (Морокко. Сүрөттү тартып алган: Чарлз Тришманн) (Morocco. Фотограф: Charles Trieschmann)
  1. Индияда, курулушта болгон кокустуктан улам бутун жоготуп алган айылдын тургунуна жолуктум. Ойлоп чыгаруу жөндөмдүүлүгүн пайдаланып, өзүнө бекем сымдан, бут кетмен бөлүгү ийкемдүү болгон, эски пахта кездеменин кесимдеринен турган жумшак төшөмдөрү бар, жасалма бут жасап алыптыр. Бир нече айдан кийин шаарга чыгып, профессионалдуу протез жасоочу адиске айнекбуладан (орусчасы “стекловолокно”) заманбап кымбат буттун протезин жасаткан. Айыл тургуну жаңы протезди 1–2 айча колдонуп көрдү, бирок протез оор сезилип, анда бут ысып кетет экен. Жаңы протезде, өзүнүн сымдан жасалган “бутунан” айырмаланып, буттан калган молтокко аба кирбей, ал “дем албайт” экен. Мындан тышкары, жаңы протезинде ал тамактануу же заңдоо үчүн чочоюп отура албайт экен. Ошентип, кымбат жаңы протезди колдонууну токтотуп, өзү жасаган протезин колдонууну улантты. Ал жашаган аймактын аба-ырайына жана жергиликтүү адаттарга өзүнүкү ылайыктуураак келет экен
  2. Мексикада жайгашкан кичинекей айылдын тургундары дүлөй айылдаштары менен чогуу алакан менен манжаларды, бетти, оозду жана дегеле бүтүндөй денени катнашуу үчүн пайдалануусу менен мүнөздүү жөнөкөй, бирок ошол эле учурда абдан түшүнүктүү “жаңдоо тилин” бир топ жылда иштеп чыгышыптыр. Натыйжада, дүлөй болуп төрөлгөн балдар ойлорун көркөмдүү түрдө башкаларга жеткирүүнү тез эле үйрөнүп кетишет. Коомчосу аларды жакшы кабыл алат. Айрымдары, чоңойгондо, ойлоп чыгаруу жөндөмдүүлүктөрү күчтүү, башкалар тарабынан урматталган усталардан болушту. Айылда иштелип чыккан мындай “комплекстүү катнашуу” ыкмасы дүлөй балдарга алар үчүн пайдалуу тилди, азыркы учурда чоң шаарларда окутулуп-үйрөтүлүп турган, “эриндерди карап окуп катнашуу” ыкмасына салыштырмалуу, тезирээк, оңоюраак жана майнаптуураак түрдө үйрөнүүсүнө мүмкүнчүлүк берет. Дүлөй болуп төрөлгөн балдарга эриндерден окуп катнашуу тилин гана үйрөтүү аракеттери көрүлгөндө, балдардын мындай аракеттерден көңүлү калуусу менен аяктаган учурлар аз эмес. Шаарлардагы атайын мектептердин “адис мугалимдери” бул айылдардын тургундарынан көптү үйрөнө алышмак.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар – эгер аларга мүмкүнчүлүк берилсе – ары-бери кыймылдоо, башкалар менен катнашуу же өздөрүнө керектүү нерселерине жетүү үчүн ар кандай жолдорду иш-теп чыгууга ойлоп чыгаруу зор жөндөмдүүлүктөрү жана күч-кубаты бар экендигин көп учурда далилдешет. Алар жасаган нерселердин көбү, негизинен, “терапиянын” ар бир бала тарабынан өзү үчүн ыңгайлашты-рылган түрү.

Башты башкарууну, арканын алдуулугун жана колдор менен манжалардын биргелешип иштөөсүн жакшыртуу үчүн колдонулган “физиотерапия”:
(а) шаардагы клиникада (б) үйдөн
a child using special equipment for physical therapy.
a child using everyday objects and a health worker's lap for physical therapy.
Сүрөттүн автору: Чейн Уолк, Спастика көйгөйлөрү менен иштөө борбору Сүрөт: PROJIMO долбоору, Ахойя айылы, Мексика

Башкалардын бир аз жардамы, шыктандыруусу жана ага эркиндик берүүсү менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бала көп учурда өзү үчүн эң мыкты терапевт болот алат. Бир нерсе анык: бала өзүнүн терапиясынын “таасирдүүлүгүн” (пайдалуулугун) өзүнүн улам өзгөрүп турган муктаждыктарын канааттандыргыдай кылып өзгөртүп туруу аркылуу камсыз кылат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бала, башка балдар сыяктуу эле, жашоону эртеңкиге калтырбай, АЗЫР жашоо керектигин, өз денесинин мүмкүнчүлүктөрүн жана айланасындагы дүйнөнү изилдөө, пайдалануу жана аларды өзүнө ыңгайлап өзгөртүү зарылдыгын инстинктивдүү түрдө түшүнөт. Эң мыкты терапия – бул, баланын күндөлүк иш-аракеттерине: оюндарына, ишине, башкалар менен болгон мамилелерине, эс алуусуна жана кызыктуу жаңы нерселерди изилдөөсүнө интеграцияланган терапия.

Демек, ден соолук маселелери боюнча иштегендердин, ата-энелердин жана терапевттердин алдында турган милдет – балдар муктаж болгон “терапиясын” жеңил, кызыктуу жана таасирдүү түрдө аткара алуусу үчүн жолдорду жана ыкмаларды таап берүүдө.

Бул ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бала менен иштегендерден ойлоп чыгаруу жана ийкемдүү болуу жөндөмдүүлүктөрүн талап кылат. Бирок баарынан мурун ал түшүнүүнү талап кылат. Үй-бүлөнүн мүчөлөрү эмне үчүн белгилүү бир конкреттүү терапия зарыл экенин жана анын негизги принциптерин так түшүнгөндө, алар ошол терапияны аткаруу жана өздөрүнө ыңгайлап өзгөртүү үчүн көптөгөн оригиналдуу ыкмаларды таба алышат.

Туура тандалган терапия күндөлүк тиричилигине зарыл болгон ык-жөндөмдөрдү өздөштүрүүдөн тышкары андан ырахат алууга, пайдалуу болууга жана башка балдарга кошулуп ар кандай нерселерди жасоого балага жардам берет.


Физиотерапия жана реабилитациялоо ыкмаларынын басымдуу бөлүгү шаарларда иштелип чыгат. Бирок дүйнө жүзүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын далайы айыл жергесинде жана фермаларда жашайт. Демейде алардын ата-энелеринин үй-бүлөлөрүн багуу үчүн талаада тамак-аш өсүмдүктөрүн өстүрүүдөн жана чарбачылыгында ар кандай иштерди аткаруудан баштары такыр көтөрүлбөйт. Бир четинен, мунун баары терапия иштерин үйдөн аткарууну кыйындатпай койбойт. Бирок дагы башка жактарынан алып караганда, мындай жагдай баланын күндөлүк тиричилигиндеги муктаждыктарын үй-бүлөсү менен биргелешип канааттандыруусу менен мүнөздүү болгон терапиянын түрү үчүн ар түрдүү мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Төмөндө, терапияны айылдагы турмушка кандайча ыңгайлоого мүмкүн экенин сүрөттөгөн окуя келтирилген.

Марисела дарыянын жээгиндеги кичинекей айылда жашайт. Анын церебралдык шалдыгы бар. Ал 4 жашка чыкканда гана басканды үйрөнө баштаган.


Maricela trying to walk.

Бирок кадам таштайын деп аракет кылганда, тизелери бири бирине уруна берчү. Ошондуктан Марисела көп деле аракет кылчу эмес. Мындан тышкары, анын колдору алсыз болуп, жакшы кыймылдай алчу эмес.

Мариселанын үй-бүлөсү акча чогултуп, кызын шаардагы реабилитациялык борборго алып барды. Бир топ убакыттан кийин кезеги келгенде, Мариселаны терапевт карап текшерди. Тизелери бир бирине тийе бербеши үчүн, Марисела сандарынын ички беттериндеги булчуңдарын чоюусу керек экенин терапевт кыздын үй-бүлөсүнө түшүндүрдү.

Maricela using a special seat that keeps her legs apart.

Терапевт Мариселанын ата-энесине: “Кызыңар менен атайын көнүгүүлөрдү аткартып турушуңар жана ага тизелерин бир биринен алыс карматкан атайын пластик отургуч сатып беришиңер керек” деп кеңеш берди.

Ал колдорун башкаруу жөндөмдүүлүгүн бекемдеп жакшыртуучу көнүгүүлөрдү Марисела аткарып туруусу керектигин да айтты.


a special device for exercising the hands.

Терапевт: “Түрдүү буюмдарды кармап, аларды пайдаланууну жакшыраак өздөштүрүүсү үчүн, кызга кээ бир атайын оюнчуктарды, тактада ойнолгон оюндарды жана көмөкчү каражаттарды сатып бергиле” деп да кеңеш берди.

the seat that Maricela's father made. Maricela's new seat with a table added.

Мариселанын үй-бүлөсүндө мындай кымбат буюмдарды сатып алуу үчүн акча каражаты жок болчу. Ошондо, кыздын атасы айылынан болушунча табылган материалдардан арзан, сунуш кылынгандай жасалгаларды өзү жасады. Адегенде ал дарактын бутактарынан атайын отургуч жасап берди.


Кийинчерээк, атасы кызына тактайдын кесиндилеринен жана эски чакадан буттарын бир биринен алыстатып карматуучу ыңгайлуураак отургуч жасады.


Андан соң, кызы колдорун башкаруусун өрчүтүүсү үчүн, тактадан, жүгөрүнүн мардектеринен жана бамбуктан кесилген шакектерден чакан үстөлчө жасап, отургучуна кошуп берди.


how to make a homemade hand exerciser.
бамбуктан кесилген шакек
жүгөрүнүн мардеги
такта
using a homemade hand exerciser.

Кызы колдорун көнүктүрүп туруусу үчүн, атасы бамбуктан атайын жасалга да жасап берди


Адегенде, булар жаңы болуп, Мариселага кызыктуу сезилгендиктен, ал бул отургучун пайдаланып, атасы жасап берген атайын оюнчуктары менен ойноп жүрдү. Бирок арадан көп өтпөй, Марисела алардан тажап, көмөкчү жасалгаларын колдонбой калган. Ал башка балдар кылган нерселерди кылгысы келди. Марисела атасы жана агасы менен чогуу жүгөрү өстүрүлгөн талаага барууну каалады, апасы менен тамак даярдашып, кир жуушуп ага жардам бергиси келди. Марисела пайдалуу чоң кыздардан болууну каалады.


Maricela breaking her toys.

Ошентип отуруп, Марисела оюнчуктарын талкалап, атайын отургучуна отуруудан баш тартты. Ата-энеси кызына абдан ачууланды – кызы мындан ырахат алып жаткандай сезилди! Марисела тизелерин бир бирине жабыштырып, шыйрактарын артты көздөй бүгүп алып, сааттап отурчу болду. Басуу ал үчүн ого бетер кыйын боло баштагандыктан, Марисела көп аракет кылган жок.


Ошондо кыздын ата-энеси коңшу айылда жайгашкан чакан реабилитациялык борборго барышты. Ошол борбордун реабилитациялык тобу Мариселага тизелерин бир биринен алыс кармоосуна жана колдорун башкаруусун жакшыртууга жардам берүүнүн ал үчүн пайдалуу ык-жөндөмдөрүн үй-бүлөсү менен бирге иштеп чыгып, аларды колдонуусуна көмөк берүүчү кызыктуу жаңы жолдорун издеп көрүүнү сунуш кылды.


Мында, Марисела ата-энеси менен чогуу иштеп чыгышкан идеялардын айрымдары келтирилген: Кызынын жүрүм-туруму жакшы болгондо (атүгүл жүрүм-туруму кээде начар болгондо деле), атасы Мариселага башка балдарына кошулуп алып, жүгөрүнүн сотосунан дандарын ажыратып жардам берүүгө уруксат берип турду. Марисела жүгөрүнүн сотосун жакшы кармай албай, дандарын манжалары менен ажырата албай кыйналгандыктан, ат асы кызына атайын кармагыч жана кыргыч жасап берди.


Maricela's corn scraper and basket.
жүгөрүнүн дандарын себетке гана өткөрүүчү тешиктер
түбүнөн өйдөнү көздөй сороюп чыгып турган мыктары бар, жүгөрүнүн сотосун өз ордунда кармаган оюк
2 таякчанын ортосуна кыстырылып бекитилген, эски араанын мизинин бөлүгү
тактаны себеттен түшүрбөй кармаган чектөөчтөр

Себет Мариселанын буттарынын ортосуна жайгаштырылганда, тизелери бир биринен алыс кармалып, жүгөрүнүн сотосун дандарынан ажыратуу кыймыл аракеттеринен колдору бекемдеп, бир нерсени кармоо, денесинин бөлүктөрүн биргелешип иштетүү жана аларды башкаруу жөндөмдөрү жакшырды.

Maricela shelling corn with another child.


Мариселанын колунан келген бул иш кызга оор, бирок маанилүү болуп сезилди. Ал андан ырахат алып жатты!

Maricela washing clothes with her mother.

Мариселанын апасы кызын кээде дарыянын жээгине чогуу кир жууганы чакырып турду. Марисела дарыянын четине, эки бутун “кир жуучу таштын” эки жагына сунуп отуруп алчу. Ал апасын туурап, кийим-кечекти ташка чаап, жышып жуучу

Таш тизелерин бир биринен алыс кармоосуна жардам берсе, кийим-кечекти ташка чабуу жана аларды жышып сыгуу кыймыл аракеттери колдорун бекемдөөгө жана аларды башкаруусун жакшыртууга мүмкүнчүлүк берди. Бирок Марисела үчүн кийим-кечектин мындай иштен тазалануусу баарынан маанилүү болду. Бул мээнетти талап кылган иш эле. Бирок ал Мариселага жеңил сезилип, ал андан ырахат алып жатты!

Maricela carrying pails of clothes.
the padded handle of Maricela's pail.


Дарыядан үйүнө чейинки жолду Марисела өз алдынча басып өтүүгө аргасыз эле. Аралык төрт аяктап жөргөлөө үчүн өтө эле алыс болчу. Мындан тышкары, жуулган кийим-кечекти көтөрүүгө апасына жардам берүү да зарыл эле. Марисела үчүн бул оор болду, бирок ал мүмкүн болушунча аракет кылып, аракеттери текке кеткен жок!


Кийим-кечекке толгон чакаларды көтөрүү Мариселага денени бүкпөй жана колдорду анчалык жулкутпай басууну үйрөнүүгө жардам берди.


Марисела чаканын туткасын жакшыраак кармай алуусу үчүн, атасы туткасын велосипеддин эски камерасынан кесилген узун бөлүгү менен абдан тыгыз ороп берди. Бирок кыздын колдору тердегенде, жылмакай резинке ого бетер жылмышкак болуп кетип жатты. Ошондо атасы резинкенин үстүнөн ичке жипти ороп койду. Марисела үчүн мындай туткалуу чаканы көтөрүү оңоюраак болду.


Maricela carrying water on her head.

Бир канча убакыттан кийин Марисела адегенде кийим-кечекке толгон, анан суу куюлган чаканы төбөсүнө коюп алып көтөргөндү үйрөнүп алды. Муну үйрөнүү үчүн, дененин тең салмактуулугун сактоо жана анын кыймылдарын башкаруу ык-жөндөмдөрүн жакшылап өздөштүрүү талап кылынды. Денесинин тең салмактуулугун сактоо үчүн, буттарын бир биринен алыстатып басууну үйрөнүүгө аргасыз болду


Апасы кызынын суу куюлган чаканы көтөрүүгө кылган аракеттеринен чочулады. Бирок Марисела: “Көтөрөм!” деп көгөрүп туруп алды. Акыры ал чаканы көтөрдү! Чакадагы суунун үстүнө чөмүч (же чоң жалбыракты) коюп койсо, суу чакадан анчалык чачырабашын да байкады.


Ушинтип түрдүү нерселерди колдонуп көрүү аркылуу Мариселанын үй-бүлөсү, жана Мариселанын өзү, терапиянын жана көмөкчү каражаттардын майнаптуу, пайдалуу жана жагымдуу түрлөрүн жаратуу жолдорун үйрөнүштү.


Марисела жакшыраак басканды жана, көп нерселерди аткаруу үчүн, колдорун пайдаланганды үйрөндү. Бирок буга бир топ убакыт кетти. Кээде Марисела өтө эле оор болгон нерсени аткарам деп аракеттенип, анын татаалдыгына дээрлик багынган учурлары да болуп жатты. Бирок иниси: “Жасай албайсың!” деп, Мариселаны ардантканда, ал улам-улам аракет кылып жатып, акыры бул иш дагы анын колунан келди.


Maricela on her rocking horse.

Атүгүл Мариселага кандайдыр бир нерсени аткаруу жакса да, өзү жаш бала болгондуктан, ал анысынан тез эле тажап кетчү. Кызы терапиясын токтотпой улантып туруусу үчүн, ата-энеси такай жаңы ыкмаларды издөөгө аргасыз болду. Бул аларга, бир четинен, милдет болуп, бир четинен, оюндай сезилди.


Марисела аттарды абдан жакшы көрчү. Муну билген атасы кызына эски устундан, дарактын бутактарынан, жана арканды куйрук катары колдонуп, термелме ат жасап берди


Maricela's special stirrup.

Атасы кызы бут кетмендеринин учтарына туруп алып баса баштаганын байкаганда, термелме атына атайын үзөңгүлөрдү кошуп берди. Бул үзөңгүлөрдүн жардамы менен Мариселанын бут кетмендери туурараак абалга келтирилип кармала баштады.


Термелме аты тизелерин бир биринен алыстатып кармап, алакандары менен манжаларын бекемдеп, дененин тең салмактуулугун сактоо ык-жөндөмүн жакшыртууга жардам берди. Марисела оюнчук атын абдан жакшы көрчү, кээде анда бир саатка чейин же андан да көп отуруп алып термелчү. Атынан түшкөндө, басуусу жакшырып калгандай сезилчү.

Maricela sitting behind her father on a donkey.


Оюнчук атында термелгенди үйрөнүп бүткөндөн кийин, Марисела тирүү атты мингиси келди. Ал муну ата-энесинен өтүнө берди. Бир күнү атасы Марисела эшегине учкашып алып, жүгөрү өскөн талаага аны менен чогуу баруусуна уруксат берди. Кызын кулатпай кармап баруу атасына оңоюраак болушу үчүн, ал кызынан алдына учкашуусун суранды, бирок Марисела “Башка балдардай артыңа учкашып барам!” деп көгөрүп туруп алды.


Атасы эшектин арткы бөлүгүнө кошумча үзөңгүлөрдү бекитип, Мариселага артынан учкашууга уруксат берди. Кыздын буттары эшектин үстүндө кенен жайылып, өзү эшекте бекем отурду. Эч бир адам эшек минүүнү терапиянын эң мыкты түрү деп атабаса да, иш жүзүндө бул так ошондой эле.

Maricela riding a donkey alone.


Жүгөрү өскөн талаада Марисела атасы менен байкесине чоңоюп келаткан жаш жүгөрүлөрдүн араларындагы отоо чөптөрдү жулуп тазалоого жардам берди. Мындай иш-аракет жаш жүгөрүлөр үчүн да, Марисела үчүн да пайдалуу болду! Жүгөрү өскөн талаага атасына учкашып, бир нече жолу баргандан кийин, Марисела талаага эшекти өзү жалгыз минип барууну атасынан өтүндү. Атасы бир четинен чочуласа да, кызына уруксатын берди.


Бул да Мариселанын колунан келди. Өзүнө болгон ишеними чектен ашты! Көп өтпөй ал атасы менен байкесине түшкү тамактарын даярдап, иш ордуна алып келип берип турду – бардыгын өз алдынча жасады. Ушинтип, мурун такыр ойлоп көрбөгөн нерселердин көбүн жасай аларын түшүндү. Олдоксон кыймылдары дагы деле сакталып, айрым нерселерди аткаруу үчүн, кээде атайын эбин табууга аргасыз болсо да, аракет кылганда, каалаган же муктаж болгон нерселеринин басымдуу бөлүгүн аткарууга жөндөмдүү экенин түшүндү.

Мариселанын “терапиясын” так кайталоо мүмкүн эмес жана буга аракеттенүүнүн да кереги жок, андан көрө, андан сабак алуу керек. Негизи, Мариселанын мисалында, кандай гана реабилитациялык ыкма болбосун, аны так кайталабоо керектиги тууралуу айтылат. Биздин алдыбызда турган милдетибиз – адегенде ар бир баланын муктаждыктарын түшүнүү, андан соң ошол балага карата аткарылган реабилитациялык иш-аракеттерди анын үй-бүлөсүнүн жана коомчосунун чектөөлөрүнө жана мүмкүнчүлүктөрүнө ылайыктоо жолдорун издөө. Биз терапиялык иш-аракеттерди таасирдүү жана кызыктуу кылуу жолдорун дайыма издөөгө тийишпиз.

“Реалдуу шарттарга эсептелген технологиялар” багытында иштеген топтордун айрымдарынын стандарттык “реабилитациялык көмөкчү каражаттарды” жакыр айыл коомчолорунун шарттарына ылайыктоо аракеттери бизге маалым. Алар сунуш кылган мындай каражаттардын түзүлүштөрүнүн көбү шаарда иштелип чыккан, эски, оригиналдуу түзүлүштөрүнө абдан окшош келет, болгону, пластик менен алюминийдин ордуна бамбук менен аркан колдонулат. Аз чыгымдуу мындай түзүлүштөрдүн кээ бирлери эң сонун. Бирок реабилитация жана терапия иш-аракеттери үчүн айылдарда, фермаларда же балык уулаган конуштарда бар уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга көбүрөөк аракеттер жасалышы керек.

Мариселанын үй-бүлөсү так ушуну жасады. Жүгөрү тазаланчу себет, “кир жуучу таш”, “термелме ат” жана эшек – булардын баары Мариселанын спастикадан жапаа чеккен буттарын чоюуга жана, ошол эле учурда, үй-бүлөсүнүн жана коомчосунун турмушуна катышуусуна жардам берүү үчүн, “терапиялык көмөкчү каражат” катары колдонулду. Бирок ар бир үй-бүлө себетте жүгөрү тазалабайт, таштарга кирин жуубайт же эшек ар биринде болбойт.

Мындан тышкары, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгон ар бир балада так Мариселаныкындай муктаждыктар жана анын күчтүү жактары болбойт, ар бириники – ар башка. Андыктан дагы бир ирет кайталайбыз:

Биз, адегенде, ар бир үй-бүлөнү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баласынын ага гана мүнөздүү болгон муктаждыктарына жана мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурууга, баласына зарыл болгон терапиянын негизги принциптерин түшүнүүгө, андан соң, терапия иш-аракеттерин баланын жана анын үй-бүлөсүнүн күндөлүк турмушуна ылайыктоо жолдорун издөөгө үндөп чакырабыз.


a boy with no arms using his toes to write on a wall.



This page was updated:23 Май 2025