Hesperian Health Guides

2-БӨЛҮМ: Китептеги материалдар менен кандайча иштөө керек


HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 2-БӨЛҮМ: Китептеги материалдар менен кандайча иштөө керек


Бул бөлүмдө:

Бул китепте камтылган маалыматтын басымдуу бөлүгү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга көп кездешкен, ден соолук маселелери боюнча иштегендер жана айылдагы реабилитациялык кызматкерлер үчүн пайдалуу курал болуп бере алат. Айрым маалыматтар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланын үй-бүлөсү үчүн да пайдалуу болот. Бирок ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баласы бар үй-бүлө үчүн китепти бүтүндөй окуунун зарылчылыгы жок, же китепти бүтүн сатып алуу үчүн алардын каражаты жок. Китепте ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген ушунчалык көп илдеттер тууралуу маалыматтар бар болгондуктан, ата-энелер өз балдарына тийешелүү маалыматты таба албай кыйналышы мүмкүн.

Мындан тышкары, бир нерсени китептен үйрөнүү, далай учурларда, үйрөнүүнүн эң мыкты жолу боло албайт. Ыкмалардын жана көнүгүүлөрдүн көбүн, көмөкчү каражаттарды кандайча пайдалануу керектигин башкалардан – аларга байкоо жүргүзүү жана алардын көзөмөлү астында өз алдынча аткаруу жолу аркылуу – үйрөнүү оңоюраак. Бирок айылдагы кызматкер ата-энелерге белгилүү бир көнүгүүлөрдү кандай аткаруу керектигин үйрөткөн соң же колго жасалган көмөкчү каражаттардын үлгүлөрүн көрсөткөндөн кийин, түшүнүктүү сүрөттөрү бар, басып чыгарылган көрсөтмөлөр жакшы жардам берет. Кээде ушундай көрсөтмөлөрдүн үй-бүлөлөрдө болушунун өзү эле сунуштарды унутпай, такай аткарып туруусуна үй-бүлөгө түрткү берип турат.

Бул китептин белгилүү бир бөлүктөрүн же беттерин, адегенде алардагы маалыматтарды түшүндүрүп, анан тандалган көнүгүүлөрдү үйрөткөн соң, үй-бүлөлөргө берсеңиз болот. Мисалы, артрити бар кыздын үйбүлөсүнө {{futurelinl|42-бөлүмдүн аягындагы “Көнүгүүлөрдү аткаруу көрсөтмө барактарын” жана “Аспирин тууралуу маалымдоо баракчасын” берсе болот. Артритке арналган 16-бөлүмдүн беттерин, алардагы, кызы үчүн маанилүү болгон көнүгүүлөрдү жана иш-чараларды кошумча белгилеп, бул үй-бүлөнүн колуна карматсаңыз да болот.

Баланы өнүктүрүүгө жана эртелеп өрчүүсүнө түрткү берүүгө арналган бөлүмдөрдү (34- жана 35-бөлүмдөр) өнүгүп өрчүүсү жайыраак жүргөн баланын үй-бүлөсүнө берүүнү туура көрүшүңүз мүмкүн. Өнүгүүсү жагынан алдыраак турган баланын үй-бүлөсүнө өзүнө өзү кам көрүүгө арналган бөлүмдөрдү (36–39-бөлүмдөр) бергиңиз келиши ыктымал.

Үй-бүлөнүн кызыгуусуна жана андагы адамдардын окуп түшүнө алуусуна жараша, алардын баласынын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдетине арналган бүтүндөй бөлүмдү (же бөлүмдөрдү) берүүнү туура деп эсептешиңиз мүмкүн. Мисалы, балдардын церебралдык шалдыгына (9-бөлүм) же дүлөйлүккө (31-бөлүм) арналган бөлүмдөрдү. Омуртка тутуму сынганынан улам шал болгон, бир аз чоңоюп калган бала үчүн жүлүн жабыркоого арналган бөлүмдүн көчүрмөсү пайдалуу болушу мүмкүн. Ошол бала менен анын үй-бүлөсүнө эт оюлууга жана табарсык менен ичегилердин ишин башкарууга арналган бөлүмдөрдү дагы алууга мүмкүнчүлүк берсеңиз, баланын өмүрүн сактагандыкка барабар болушу ыктымал! Айылындагы жыгач уста жана темир уста жасап бере алар бекенин текшерүү үчүн, аз чыгымдуу дөңгөлөктүү отургучту жасоого арналган көмөкчү пландарды ошол баланын үй-бүлөсү үйүнө кошо алып кеткиси келиши мүмкүн.

a file box with a label.
Кеңеш: Үй-бүлөлөргө берүү үчүн, беттердин, бөлүмдөрдүн жана маалымат баракчаларынын өзүнчө жыйындыларын даярдап алыңыз.

Мексикадагы PROJIMO долбоорунда, айылдын тургундарынан турган реабилитациялык топ китептин үй-бүлөлөргө берилгенде эң пайдалуу деп табылган түрдүү беттеринин жана бөлүмдөрүнүн көчүрмөлөрү салынган чоң кутуча даярдап алган. (Чынында, 42-бөлүмдүн аягындагы көнүгүү баракчалары адегенде үй-бүлөлөргө берүү үчүн өзүнчө даярдалган болчу. Кийин, аларды бул китепке кошууну туура көрдүк.)

Эгер сизде компьютер жана Интернетке чыгуу мүмкүнчүлүгү бар болсо, анда биздин вебсайттан (www.hesperian.org) китептин өзүңүзгө керектүү беттерин жүктөп алып, анан кагаз бетине басып чыгарып алсаңыз болот.

Балага тиешелүү маалыматтарды белгилөө

Ата-энелерге берилген беттердин же бөлүмдөрдүн ар бириндеги айрым маалыматтардын же кеңештердин башка маалыматтарга салыштырмалуу алардын балдарына тийешеси көбүрөөк болот.

Конкреттүү баланын учурдагы абалына же өрчүп өнүгүүсүнүн деңгээлине дал келген, баарынан пайдалуу иш-чараларды же кеңештерди тегеректеп белгилеп алууну сунуш кылабыз. Ал эми кылууга болбогон же бала үчүн зыяндуу болушу мүмкүн нерселерди Х тамгасына окшоштуруп чийип салсаңыз болот.

Мисалы: Эгер балада спастика бар болуп, ал жаңыдан отура баштаса, 307-беттеги биринчи 3 көнүгүү баланын тең салмактуулукту сактоо ык-жөндөмүн жакшыртууга жана денесин кыймылдатуусун башкаруусун өнүктүрүүгө жардам бериши мүмкүн. Андыктан аларды тегеректеңиз. Ал эми кийинки 3 көнүгүү бала үчүн азырынча өтө оор, аларды аткаруу спастикасын ого бетер күчөтүп жиберет. Баланын үй-бүлөсү бул көнүгүүлөрдү аткарбашы үчүн, аларды Х тамгасына окшоштуруп чийип салыңыз.

a page from this book, with some activities circled and some crossed out.

Беттердин көчүрмөлөрүн даярдоо чыгымдуу болушу мүмкүн. Же болбосо, аларды даярдоо үчүн, узак жолду басуу зарыл болушу ыктымал. Мындан тышкары, алдын ала даярдалган көчүрмөлөр жок болгон учурларда, үй-бүлөгө маалыматты колго жазып же сүрөттөрдү колго тартып берүүгө туура келет.

a girl drawing while sitting in a wheelchair.

Минерва полиомиелиттен жабыр тарткан. Ал азыр PROJIMO долбоорунда ар кайсы нерселерди үйрөнүп, ошол жерде иштейт. Минерва китептеги сүрөттөрдү конкреттүү балдардын муктаждыктарына ылайыктап өзгөртүп берип турат.

Реабилитацияга келген же иштеп үйрөнүп жаткан, айылдагы борбордогу балдардын же жаш адамдардын айрымдары, балким, китептен сүрөттөрдү көчүрүп тартып жардам бере алышат. Эгер аларда анча-мынча сүрөтчүнүн шыгы болсо, сүрөттөрдү чоңойтуп же сүрөттөгү баланын кебетесин аны колдоно турган балага окшоштуруп тартып бериши мүмкүн.

Сүрөттөрдү чоңойтуп тартуу жана көчүрмөлөрүн даярдоо боюнча идеялар Helping Health Workers Learn (Коомчолордогу медициналык-санитардык кызматчылардын билимин жогорулатууга жардам берүү) деген аталыштагы китептин 12-1-ден 12-21-ге чейинки беттеринде келтирилген.

Эгер сүрөттөрдүн чоңойтулган көчүрмөлөрүнүн бир тобун алдын ала даярдап койсоңуз, айылдагы борборго келген, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бала үйүнөн аткарууга көрсөтүлгөн көнүгүүлөрдүн сүрөттөрүн көчүрүп тартып алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт. Балага башынан эле жоопкерчиликти берип, сүрөттөгү көнүгүүлөрдү үйүнөн аткаруусуна кызыктыруу маанилүү.

Эгер сиз колуңуздагы китептин беттеринин көчүрмөлөрүн эле даярдагандын ордуна өзүңүздүн “таратып берүүчү баракчаларыңызды” даярдоону туура көрсөңүз, жергиликтүү тилди жана айылдын тургундарынын айрым нерселерди атоо өзгөчөлүктөрүн колдонуңуз. Мындан тышкары, сүрөттөрдөгү адамдардын чачтарын жана кийимдерин көнүмүш жергиликтүү түрлөрүнө окшоштуруп өзгөртсөңүз болот.

Эмне гана кылууну туура көрбөңүз, жеткирүү тилин жана сүрөттөрдү жөнөкөй жана түшүнүктүү түрүндө сактоого аракеттениңиз. Түшүнүксүз сөздөрдү пайдалануудан оолак болуңуз.

Мындан тышкары, көнүгүүлөрдү же көмөкчү иш-чараларды жергиликтүү жагдайга ылайыктап өзгөртүү жолдорун издөөгө аракет кылыңыз.

Мисалы, сиз балык уулоо менен жан баккан айылда жашайсыз жана кырк муунду бекемдөөгө жардам берүүчү көмөкчү жасалганын сүрөтүн көчүрүп алгыңыз келип жатат дейли. Китептеги сүрөттөрдү эле көчүрүп колдонуунун ордуна, балким, төмөнкүгө окшогон сүрөттү даярдоону туура көрөсүз. Мындай ыкма бир эле убакта балага көнүгүүлөрүн да аткартуу, үй-бүлөсүнүн жана жергиликтүү коомчосунун турмушуна да катыштыруу жолдорун издөөгө ата-энелерге түрткү берет.
how to make and use a wrist-strengthening aid.
бамбуктан жасалган туткасы
ийкемдүү түркүк
таш салынган баштыкча

a man and a boy using fishing poles in a boat.

Атасы менен чогуу балык уулоо – кырк муундарын бекемдөө үчүн мыкты көнүгүү, жана мунун өзү бала үчүн кызыктуу болот.

Эсиңизге түйүп алыңыз! Китептен көчүрүлгөн беттер жана сүрөттөр чоң жардам бере алышы күмөнсүз, бирок адамдын түшүндүрүп жана көрсөтүп үйрөтүүсүн булар алмаштыра албайт. Үй-бүлөгө көмөкчү иш-чаралар менен көнүгүүлөрдү түшүнүүсүнө жардам берүү үчүн:

  1. адегенде көрсөтүп түшүндүрүңүз;
  2. туура аткармайынча жана эмне үчүн так ушундай аткаруу туура экендигин түшүнмөйүнчө, аткаруусуна көз салыңыз;
  3. андан соң, таратып берилүүчү материалды тапшырып, андагы негизги жерлерин түшүндүрүңүз.

Үйрөтүү баскычтары (мисалдары жана сүрөттөрү менен кошо) толук келтирилген.

Көрсөтмөлөрдү такыр өзгөрттүрбөй, ийне-жибине чейин так кайталоосун талап кылбоого 'мүмкүн болушунча аракет кылыңыз. Андан көрө, китепте берилген маалыматтарды негиз гана катары колдонуп, баласы толук кандуу өмүр сүрүүсүнө жана коомчосунун турмушуна мыктыраак ыңгайлашуусуна жардам берүү үчүн пайдаланууга ар бирин кызыктырыңыз.


ЭСИҢИЗГЕ ТҮЙҮП АЛЫҢЫЗ...

Китептеги маалыматтарды башкалар менен бөлүшүүнүн эң мыкты жолдорунун бири:

1. көнүгүүлөрдү кандай жасоо керектигин КӨРСӨТҮП бериңиз;
Айылдык реабилитологдор ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланын ата-энеси менен сыртта чогуу үйрөнүп жатышат. Мында алар кашка жиликтин жамбаш сөөк менен ашташынын айланасындагы булчуңдарды чоюучу көнүгүүнү аткарганды үйрөнүп жаткан учуру сүрөттөлгөн. Алардын арт жагында класстагы жазуу тактасы турат. Андагы сүрөттө, көнүгүүнү аткарганда, кайсы булчуңдар чоюулары көрсөтүлгөн. a man showing people how to do a hip-stretching exercise
2. Tандан соң, көнүгүүнү сиздин көзөмөлүңүз астында өздөрү АТКАРЫП ҮЙРӨНҮҮСҮНӨ жардам бериңиз;
Коомчодогу медициналык-санитардык кызматчы кылтаны чоюучу көнүгүүнү аткарганды үйрөнүп жатат. a man holding a child's leg while another person guides his arms.
3. жана, эсине түйүп алуусуна жардам берүү үчүн, СҮРӨТҮН же КӨРСӨТМӨСҮ КАМТЫЛГАН БАРАКЧАНЫ алуусун сунуш кылыңыз.


a sample instruction sheet.
МААНИЛҮҮ! Эмне кылуу керектигин гана эмес, эмне үчүн кылуу керектигин да кошо түшүндүрүүгө аракет кылыңыз. Китептеги маалыматтарды пайдаланып, башкаларга көп нерселерди үйрөтүүгө жөндөмүңүз жетет. Көрсөтүп түшүндүрүү иштерин көмөкчү кеңештердин принциптери жана аларды эмне үчүн аткаруу маанилүү экендигин түшүндүргөн себептери менен аралаштырып берүүгө аракеттениңиз.



This page was updated:23 Май 2025