Hesperian Health Guides

41-БӨЛҮМ: Интеллекти сакталуу балдардын түрдүү нерселерди “үйрөнүүсүндөгү кыйынчылыктары”


HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 41-БӨЛҮМ: Интеллекти сакталуу балдардын түрдүү нерселерди “үйрөнүүсүндөгү кыйынчылыктары”


Бул бөлүмдө:
Негизинен акыл-эси сергек, интеллекти сакталуу болуп элес калтырган балдардын айрымдарынын үйрөнүүсүндө же белгилүү бир нерселерди эстеп калуусунда кыйынчылыктар орун алат.

Мисалы, окуганды үйрөнгөндө, бала көп учурда белгилүү бир сөздөрдү, тамгаларды же сандарды бир бири менен алмаштыра бериши, же адамдардын, буюмдардын же жерлердин аттарын эстей албай кыйналышы мүмкүн. Түрдүү нерселерди үйрөнүүдөгү мындай “тоскоолдуктар” интеллекти сакталуу же атүгүл теңтуштарыныкынан кыйла мыктыраак өнүккөн балдарда байкалышы ыктымал.
A child building a toy truck
Белгилүү бир нерселерди үйрөнүүдө же эстеп калууда кыйналган бала башка багыттарда өзгөчө жөндөмдүү же шыктуу болушу мүмкүн. Айрым аспектилерде анын интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрү орто көрсөткүчтөрдөн жогору болушу ыктымал.


Өнүккөн өлкөлөрдө ар 30 баланын ичинен жок дегенде бирөөндө түрдүү нерселерди үйрөнүүсүндө ушуга окшогон кыйынчылыктар орун алат. (Жакыр өлкөлөрдөгү мындай көрсөткүч белгисиз.) Өмүрүнүн биринчи жылдарында мындай балдардын ык-жөндөмдөрү жана зейректиги башка балдардыкындай эле өнүгөт, бирок белгилүү бир курактан баштап, түрдүү нерселерди үйрөнүүсүндө же белгилүү бир нерселерди эстеп калуусунда кыйынчылыктар пайда боло баштайт, б.а. “түрдүү нерселерди үйрөнүүдө өзгөчө кыйналуу” абалы (же аны кандай гана атабаңыз) байкалат. Көп учурда мындай балдар өзгөчө чыйрак болушат, ордуларында тынч олтура алышпайт же жүрүм-турумунда белгилүү бир көйгөйлөр пайда болот.

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК
  • Мындай балдарга (атүгүл башка балдардын көпчүлүгүнөн да көбүрөөк) зор сүйүү, түшүнүү жана колунан жакшы келген нерселерин бийик баалоо менен мамиле кылуу талап кылынат.
  • Мындай балдарга акылсызга же “акыл-эси тайкыга” карата кылгандай мамиле кылбоо өтө маанилүү. Баланы мактап, ага дем берип туруу аркылуу ал кызыккан же анын шыгы бар багыттарындагы ыкжөндөмдөрүн өрчүтүүсүнө балага жардам берүүгө аракет кылыңыз.
  • Өзгөчө кыйынчылыктары бар багытында үйрөнүүсүнө балага жардам берүүнүн эң мыкты жолу – ал жактырган жана жакшы аткара алган көнүгүүлөр аркылуу зарыл маалымат менен аны кичинеден бара-бара тааныштыруу.

Бала сандарды эстеп калууда жана аларды колдонууда кыйналат, бирок түрдүү буюмдарды жасаганды жактырат дейли. Мындай учурда, ал жасаган буюмдарынын түрдүү бөлүктөрүн ченеп туруу аркылуу сандар менен иштегенди бара-бара үйрөнүп алышы мүмкүн.

An adult holding a book up to the child and the child holding up a hand angrily
  • Кайсы бир нерсени үйрөнө албаганы же “аракет кылбаганы” үчүн баланы күнөөлөбөңүз, урушпаңыз жана жазалабаңыз. Бул жагдайды оорлотуп гана жибериши мүмкүн. Үйрөнүүсүндөгү өзгөчө кыйынчылыктарынан улам баланын ындыны өчүшү мүмкүн. Үйрөнүүсүнө мажбурлоо же уяткаруу аракеттеринен улам бала тынчын жоготуп, ачууланышы, атүгүл мүнөзү орой болуп өзгөрүп кетиши ыктымал. Айрым балдар кайсы бир нерселерди үйрөнүүдө кыйынчылыктары бардыгын өзүнүн жана башкалардын алдында моюндарына алышпайт. Тескерисинче, алар жөн гана үйрөнгүлөрү келбегендей болумуш болушуп, мындай көйгөйлөрүн башкалардан катышат. Үйрөнүүсүндө кыйынчылыктары бар баланы чынында кежирленип жаткан, жалкоолонуп жаткан же корс бала менен алмаштырып алуу мүмкүн. Бала коргонуу же эч кандай кызматташтыкка барбоо позициясына өтүп алышы ыктымал. Балага түшүнүү, сабырдык жана сыйурмат менен мамиле кылуу аркылуу анын ишенимине ээ болуп, кызматташтыкка даяр болуусун камсыз кылууга болот. Ортодо ишенимге жана сый-урматка негизделген мамилелер түзүлгөндө, мурун бала кежирлигин жана корстугун кандай көрсөтүп келген болсо, эми ошончо күч менен билим алууга тырышчаактыгын жана ынталыгын көрсөтө башташы мүмкүн.
  • Үйрөнүүсүндө атайын жардамга муктаж болушу ыктымал. Бул иште алдыга кичинекей кадамдар менен, үйрөтүлгөн нерселерди көп жолу кайталап, бара-бара жылгандан артык эч нерсе жок. Ушундай жол менен алдыга жылганда, баары балага жеңилирээк сезилип, анда өзүнө ишеними жогорулайт. (34-бөлүмдү караңыз.) Баланы үйрөтүү иш-чаралары кыска болууга тийиш. Араларындагы тыныгууларына баланын сүйүктүү ишмердиктерин кошууңуз. Жана албетте, үйрөтүүнүн өзүн кызыктуу кылууга аракет кылыңыз.
  • Бала өз ылдамдыгында үйрөнүүсүнө жана үйрөнгөн нерселерди өз ылдамдыгында колдонуусуна мүмкүнчүлүк бериңиз. Аны шаштырбаңыз. Өзүн бош кармоосуна ага жардам бериңиз. Китеп окууда же жазууда кыйналган балдарга тесттерди аткарууга жетиштүү убакыт бергенде, алар тесттерди, көпчүлүк учурда, башкалардай эле аткарууга жөндөмдүү экени табылган.
  • Айрым абдан акыл-эстүү балдар өмүрүнүн акырына чейин китеп окуганды же жазганды ошо бойдон үйрөнүшпөйт. Мындай балдардын кээ бирлерине үнжазгыч аспаптын же буга окшогон башка каражаттардын жардамы менен окуп үйрөнүүсүнө өз убагында мүмкүнчүлүк берилгенде, алар университеттерди ийгиликтүү аяктаган учурлар аз эмес. Башкалары мектепти таштап, башка ык-жөндөмдөрдү өздөштүрүүнү туура көрүшөт. Көбү өз коомчолорунда же иш орундарында лидер болууга жетишишти. Эң башкысы – мындай балдарды ɵздɵрүн күчтүү сезген багыттарында өнүгүүсүнө жардам берүү жана буга шыктандыруу.

ЭСКЕРТҮҮ! Айрым доктурлар жаңы нерселерди үйрөнүүсү кыйынчылыктар менен коштолгон балдарга, айрыкча абдан чыйрактарына дары-дармектерди дайындоого шашышат. Дары-дармектерди колдонуудан пайда болбошу мүмкүн, алар атүгүл зыян келтириши ыктымал. Балага дары-дармек берүүдөн мурун, бир нече тажрыйбалуу адис менен кеңешүүгө аракет кылыңыз.




This page was updated:30 Дек 2025