Hesperian Health Guides
ТАҢ КАЛАРЛЫК ЖҮРҮМ-ТУРУМ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 40-БӨЛҮМ: Кантип баланын жүрүм-турумун оңдоп, үйрөнүүсүн жакшыртса болот > ТАҢ КАЛАРЛЫК ЖҮРҮМ-ТУРУМ
Мындай балдарга жардам берүү үчүн, эң биринчиси, мындай жүрүм-турумдун “триггери” – түрткүсү же себеби эмнеде экенин түшүнүү зарыл. Мисалы:
Термелүү
“Жоэл ары-бери көп термеле берет. Сыртынан караганда, ал өзүнүн бир дүйнөсүнө кирип кеткендей элес калтырат! Мындай учурларда ал айланасын таптакыр сезбегендей байкалат. Кээде Жоэл бир саатка чейин ушундай термелет”.
“Бул кандай жагдайда көбүрөөк байкалат?”
“Негизинен, ал башка балдар же коноктор менен чогуу болгондо. Бирок кээде Жоэл таптакыр жалгыз болсо деле ушинтип термеле берет”.
Кыязы, Жоэл ал үчүн өтө эле адаттан тыш, аны чочулаткан же атүгүл зериктирген жагдайга туш болгондо “термелүү дүйнөсүнө” чөмүлүп, өзүнө коргон тапкандай сезилет. Бала термелүү адатын ташташы үчүн, айланасындагы адамдар менен катнашуу, ойноо жана дегеле эмне менен гана алектенүү болбосун ал жагымдуу жана кызыктуу экенине көзү жетүүсүнө балага жардам берүү керек. Баланын башын маң кылып, аны капалантып албаш үчүн, аны жаңы адамдарга, оюнчуктарга жана иш аракеттерге тажатпай жана кичинеден көндүрүү зарыл. Муну бала көнгөн жана ал ишенген адамдарына жүктөө керек. Эгер бала жылмайса же башка балдар же жаңы оюнчуктар менен ойногонду каалап турганын көрсөтсө, аны мактоо жана бир нерсе менен сыйлоо керек. Эгер бала термеле баштаса, ал жакшы көргөн нерсеси менен аны кызыктырууга аракет кылыңыз. (Бала термелбегенде, анын сүйүктүү иш-аракеттерине көбүрөөк көңүл буруу андан да маанилүүрөөк. Антпесеңиз, сиздин көңүлүңүздү өзүнө буруу үчүн, термелүү адатын бала андан ары да колдоно берүүсүн сиз өзүңүз билбей эле сактай бересиз.)
Көз ныгыруу
“Менин 5 жаштагы кызым, аты Жуди, – сокур. Мындан тышкары, анын акыл-эси өрчүүсү да бир аз артта калган. Көздөрүн катуу ныгыра берүү адаты бар. Мунун натыйжасында, көздөрү көп сезгенет”.
Түбөлүк караңгылыкка чөмүлгөн кыздын турмушу дайыма эле кызыктуу боло бербейт. Ал ойногон оюнчуктарын көрө албайт, айланасын изилдөөгө аракет кылганда, андагы буюмдарга уруна берет. Бир жолу, Жуди көздөрүн ныгырганда жарык дүрт эткенин байкаган. Ошондон бери ушуну көңүлүн ачуу аракети катары колдонуп жүрөт. Мындан тышкары, ал ушинткенде, апасы ишин таштап, ага шашып келерин байкаган. Бирок кээде апасы анысы үчүн кызын колдорунан чаап жиберет. Баары бир, жок эле дегенде, Жуди башкалардын көңүлүн өзүнө бурууга жетишти!
Жудини бул зыяндуу адатын таштатуу үчүн, ага башка кызыктуу нерселерди таап берүү керек:- добуштарды чыгарып турган, шумдук формалары жана беттери бар оюнчуктарды сунуш кылуу;
- каалаган оюнчуктарына тез жетүүсү үчүн, үйүндө анын атайын “бурчун” уюштуруу (сокур балдардын көйгөйлөрү тууралуу 30-бөлүмдөн издеңиз);
- бул адатынан өзүн кармаганда, аны мактоо жана ага көбүрөөк көңүл буруу
Эгер баланын жүрүм-турумунда таң каларлык нерселер байкала баштаса, төмөнкүлөрдү тактаңыз: Бала алардан кандай пайда табат? Кандай альтернативалар бар, жана эмне себептен бала аларга кызыккан жок? Балага кандай жагымдуураак иш аракеттерди сунуш кыла алабыз?