Hesperian Health Guides

34-БӨЛҮМ: Баланын өнүгүүсү жана өнүгүүсү артта калуу


HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 34-БӨЛҮМ: Баланын өнүгүүсү жана өнүгүүсү артта калуу


Бул бөлүмдө:


Ky DVC Ch34 Page 287-1.png


32-бөлүмдө акыл-эсинин өнүгүүсү артта калышынын негизги себептеринин айрымдарын талкууладык. Биз, негизинен, баланын башынын ичиндеги кандайдыр бир дефекттен улам пайда болгон абалдарды (мээге зыян келтирилгенде, мээ абдан кичинекей же дагы башка себептерден улам, башка балдардыкындай ылдамдыкта иштөөгө жөндөмсүз болгондо) карадык.

Биз бул бөлүмдө баланын эрте өнүгүүсү анын башынан сырткары орун алан факторлорго да – айланасындагы нерселер жана адамдар менен таанышуу үчүн, табигый сезимдерин, мээсин жана денесин колдонууга анда болгон мүмкүнчүлүктөргө – кандайча көз каранды болорун карайбыз. Биз баланын нормалдуу өнүгүүсүнүн баскычтарын же кадамдарын, баланын ар кандай нерселерди тезирээк үйрөнүүсүнө жана жасоосуна ага жардам же “түрткү” берүү жолдорун карап чыгабыз. Биздин максат – белгилүү бир кемтиктиктен улам акыл-эсинин өнүгүүсү тоскоолдуктарга тушалган балдарга гана жардам берүү эмес, акыл-эсинин өнүгүүсү ар кандай себептерден улам артта калган балдарга да көмөк кылуу.

Акыл-эсинин өнүгүүсү жай жүргөн балдар, адетте, денелерин колдонууну да жай үйрөнүшөт. Алар баштарын көтөрүүнү, денелери менен оодарылууну, отурууну, алакан менен манжаларын колдонууну, турууну, басууну жана дагы башка нерселерди жасоону башка балдарга салыштырмалуу кечирээк башташат. Акылэсинин өнүгүүсүнүн артта калышынан улам алардын физикалык жактан өнүгүүсү да артта калат.

Ал эми башка балдар үчүн тескерисинчеси чын. Алардын мээлери негизинен калыптанып бүткөн жана мээлерине эч кандай зыян келтирилген эмес, бирок айрым физикалык дефекттерден улам мээлерин колдонуусу кыйыныраак болуп, акыл-эсинин өнүгүүсү жай жүрөт.

Мисалы, мээси нормалдуу калыптанганы менен, дүлөй төрөлгөн балага башкалардын эмне деп сүйлөп жатканын түшүнүү жана сүйлөгөндү үйрөнүү кыйын болот. Дартынын кесепетинен улам мындай бала ойлор жана маалымат менен алмашып бөлүшүүдөн сырткары калат. Тил мээнин толук өнүгүүсү үчүн абдан маанилүү болгондуктан, кээ бир жактардан караганда баланын акыл-эсинин өнүгүүсү өзүнүн курагы үчүн артта калгандай эс калтырат. Эгер, башка балдар сүйлөгөндү үйрөнгөн куракта, мындай балага өз ойлору менен каалоолорун “белгилөө тилининин” жардамы менен башкаларга билдирүүнү үйрөтүп койсо, анда мындай баланын ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү (интеллекти) кадимкидей эле болуп калыптанып калат (31-бөлүмдү караңыз).

Кийинки бетте абдан оор формадагы физикалык илдет акыл-эстин өнүгүүсүн кантип артта калтырарын жана, баласын толугураак өнүктүрүү үчүн, анын үй-бүлөсү кандай жолдорду издеп тапканын сүрөттөгөн, ойлоп чыгарылбаган чын окуя тууралуу баяндалат.

ЭНРИКЕ ТУУРАЛУУ ОКУЯ

Энрикенин төрөлүүсү кыйынчылыктар менен коштолгон. Денеси көп-көк болуп, алсыз төрөлгөн. Энрике болжол менен 3 мүнөткө чейин дем алган эмес. Натыйжада ал оор формадагы церебралдык шалдык менен ооруп калган. Энрикенин денеси ийкемдигин жоготуп, өзүнөн-өзү эле туш келди кыймылдай баштаган. Анын башы капталын карай бурулуп, жутуу кыймылын жакшы жасай албай кыйналган.

A mother feeding a child who is lying down
Энеси баласын ар кандай кокустуктардан сактайм деп, бөлмөнүн бурчунда, жерде кармап келди.

Энеси Энрикени абдан жакшы көрчү. Ал болгон дараметине жараша баласына кам көрдү. Арадан жылдар өттү, бирок Энрикенин денесин башкаруу жөндөмдүүлүгү ошол эле бойдон кала берди. Энрике өзүнө зыян келтирип албасын деген максат менен, энеси аны бөлмөнүн бурчунда жерде жаткан абалында кармап келди. Ал жаш өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн чалкасынан жаткан, буттары бири-бирине кайчылашып катыгансып калган, башы артын карай керилген, бөлмөсүнүн төбөсүн жана чопо кыштан турган дубалдарды тиктеген абалда өткөрдү. 3 жашка чыккыча Энрике болгону бир нече сөздү сүйлөгөндү гана үйрөнгөн, бирок анысы да чоң кыйынчылыктар менен коштолчу. 6 жашка келгенде, анын сүйлөө жөндөмдүүлүгү бир аз эле илгерилеген. Энрике жашын көп төктү, ачуусу келип туталанды, жана ичегилери менен табарсыгын башкара албай, кийимин жана төшөгүн көп булгады. Далай жактан караганда, ал ымыркай бойдон калган. Үйгө келип караган медайым Энрикени “акыл-эси тайкы” деп атаган күндөр да болду. Бөлмөсүнүн бурчунда жалгыз жата берип, ал абдан чүнчүп кетти. Жети жашында – эгер энеси аны туура түшүнгөн болсо – Энрике, жанын кыюу үчүн, энесинен мылтык алып келүүсүн өтүндү.


A child stiffened in lying position on chair

Мындан көп өтпөй, Энрикенин энеси менен эжеси аны коңшу айылдагы реабилитациялык борбордо эмгектенген кызматкерлер тобуна алып барышты. Колдору менен буттарын жакшы башкарууга Энрикеде эч качан мүмкүнчүлүк болборуна андагы кызматкерлердин көзү жетти. Бирок Энрике башкалар менен көбүрөөк катнашып турууну, айланасында кандай тиричилик болуп жатканын көрүүнү, жана үй-бүлөсү менен конушунун турмушуна аралашып катышууну абдан эңседи. Бирок муну бөлмөсүнүн бурчунда жата берип, кантип аткармак эле? Энеси аны отургучка отургузууга далай аракет жасады, бирок Энрикенин денеси чыңалуу менен керилип, отургучтан кулап калчу, же болбосо, Энрике чыдай албаганынан ыйлачу.


Ошол айылдагы борбордун кызматкерлери Энрикеге ыңгайлуу абалда отурууга мүмкүндүк бере турган, жамбаш жаздыкчасы жана жамбаш сөөк менен кашка жиликтеринин ашташтары үчүн курлары бар атайын отургуч жасоого анын үй-бүлөсүнө жардам беришти. Алар, Энрике отургучка кандай отурганда, денеси чыңалуу менен анчалык керилберин Энрикенин энеси менен эжесине үйрөтүштү.

A special slanted seat cushion жамбаш жаздыкча Enrique in his special chair.
Кийинчерээк, алар отургучуна дөңгөлөктөрдү кошуп беришти.


Жаңы отургучтуу болгондо, Энрике ага отуруп алып, айланасында кандай тиричилик жүрүп жатканын көрүүгө мүмкүнчүлүк алды. Ал абдан кубанып, ар кандай нерселерге көбүрөөк кызыга баштады. Мындан тышкары, Энрике үй-бүлөсү менен чогуу отуруп, тамактанууга да мүмкүнчүлүк алды (бирок энеси ага мурункудай эле тамак берүүсүн улантты). Ар бирөө Энрике менен сүйлөшүп турду. Көп өтпөй, ал өзү да көбүрөөк сүйлөп калды. Энрикенин сөздөрүн түшүнүү демейде оор болсо да, ал абдан аракеттенди. Бир канча убакыттан кийин Энрике бир аз тагыраак сүйлөгөндү үйрөндү. Ал ажатканага баргысы келгенин башкаларга айтып билдире да баштады. Энрике жаш балалыктан өтүп чоңоюп калганын түшүндү. Башкалар ага жаш баладай мамиле кылуусун да Энрике каалабай калды.


2 children eating at the dining table and one child in a wheelchair being fed by his mother
Child reading a book using headband with wire arm

Энрикенин эжеси менен агасы күн сайын мектепке барып жатышты. Бир күнү Энрике да барам деп өтүндү. Ошондо бир туугандары аны отургучунда отурган бойдон мектепке түртүп жөнөштү. Көп өтпөй Энрике да күн сайын мектепке барчу болуп, ал жерден окуганды үйрөнө баштады. Башын башкаруу жөндөмдүүлүгү да улам илгериледи. Баягы коңшу айылдагы борбордун кызматкерлери, китеп кармагыч даярдап, аны Энрикенин отургучуна бекитип, андан тышкары, сымдан, башка кийме, китеп бетин которгуч жасап берүүсү үчүн, мугалимине жардам беришти.


Ошентип, Энрике үчүн ар кандай нерселерге байыраак жана бактылуураак турмуш башталды.

Enrique and his sister.
Жаңы отургучуна жайгашуусуна эжесинин Энрикеге жардам берип жаткан учуру.


Энрикенин окуясы дененин, мээнин жана табигый сезимдердин өнүгүүлөрү кандайча бири-бирине таасир берерин көрсөттү. Энрике бөлмөсүнүн бурчунда чалкасынан жаткандан башка эч нерсе жасабагандыктан, анын акыл-эсинин өнүгүүсү жай жүрүп, артта калган. Мээси өнүгүп, күчүнө кирүүсүнө түрткү берген иш-аракеттер, көнүгүүлөр жана кадимкидей толкундануу жетпей жатты. Энрике денесинин кыймылдарын дээрлик такыр башкара алчу эмес. Ошентсе да, көздөрү менен кулактарынын абалы жакшы эле болчу. Акырында, Энрике айланасында өтүп жаткан тиричиликти көбүрөөк көрүп, андан таасир-тажрыйба алып, башкалар менен көбүрөөк катнашкыдай кылып денеси жайгаштырылганда, анын акыл-эси тез өнүгө баштады. Бир аз көмөктүн жана ой жүгүртүүнүн жардамы менен, ал жана анын үй-бүлөсү кыялдарында да эч качан көрбөгөн көп нерселерди жасоону Энрике үйрөнүп алды.

Энрикенин физикалык кемтиги анын акыл-эсинин өнүгүүсүнүн жай жүрүүсүнө кандайча таасир бергенине биз күбө болдук десек болот. Ошол сыяктуу эле, акыл-эсинин өнүгүүсү жай жүргөн баланын физикалык жактан өнүгүүсү да көп учурда артта калат. Дене менен мээнин өнүгүүлөрү бири-бири менен тыгыз байланышта. Мээ бүтүндөй денени башкарат эмеспи, бирок ошол эле учурда, айланасындагы адамдар жана нерселер жөнүндө маалымат алып туруусу үчүн, дененин 5 сезиминен (көрүү, угуу, тийип сезүү, даам татуу жана жыттоо) көз каранды. Андыктан:

DVC Ch34 Page 289-2.png
ФИЗИКАЛЫК ИЛДЕТ
буга алып
келе алат
АКЫЛ-ЭС АРТТА КАЛУУ
АКЫЛ-ЭС АРТТА КАЛУУ
буга алып
келе алат
ФИЗИКАЛЫК ИЛДЕТ
Эгер баланын ДЕНЕСИН ДА, МЭЭСИН ДА мүмкүн болушунча толугураак өнүктүрүү үчүн атайын чаралар КӨРҮЛБӨСӨ.



Албетте, ар бир баланын (кыз болобу, эркек болобу) өзгөчө муктаждыктары бар. Ата-энелери жана реабилитация иштери боюнча кызматкерлер бул муктаждыктарды таап, аларды канааттандырууга аракет кылып көрүшсө болот. (Мисалы – Энрике айланасын жакшыраак көрүп, ар кандай нерселерди жасоого көбүрөөк жөндөмдүү болуусу үчүн, анын өзгөчө жайгашууга болгон муктаждыгын алсак болот.)

Бардык балдардын окшош негизги муктаждыктары бар. Алар мээримге, жакшы тамакка, үй-жайга муктаж. Мындан тышкары, балдар өздөрүнүн денелерин жана айланасындагы дүйнөнү мүмкүн болушунча толугураак изилдөө үчүн мүмкүнчүлүк алууга да муктаж болушат.

Өнүгүүсүнө түрткү берүүнү эрте баштоо

“Өнүгүүсүнө түрткү берүү” дегенибиз айланасындагы нерселерди изилдеп, алардан түрдүү тажрыйба алып, алар менен ойноого балага шарт түзүп, мүмкүнчүлүк берүүнү билдирет. Дененин кыймылдоосу жана табигый сезимдерди, айрыкча, көрүү, угуу жана тийип сезүү жөндөмдүүлүктөрүн колдонуу анда өз ролдорун ойнойт.

Өнүгүүсүнө эртелеп түрткү берүү ар бир баланын денесинин жана мээсинин саламат өнүгүүсү үчүн зарыл. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелбеген, саламаттыгы чың баланын өнүгүүсү башка адамдар жана нерселер менен болгон өз ара аракеттешүүнүн натыйжасында өзүнөн-өзү эле болгонсуп сезилип, оңой жүрөт. Ал эми, айланасындагы зор дүйнөнү изилдеп, андан таасир-тажрыйба алуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бала үчүн көпчүлүк учурда кыйла кыйыныраак өтөт. Мээси менен денесин мүмкүн болушунча эртерээк жана толугураак өнүктүрүү үчүн, мындай балага кошумча камкордук жана ар кандай нерселерди үйрөнүүсүн камсыз кылган атайын иш-чаралар зарыл болот.

“Өнүгүүсүнө түрткү берүү программасы” башталганда, бала канчалык жашыраак болсо, кийин чоңоюп калган кезде, акыл-эсинин өнүгүүсүнүн артта калуусу ошончолук азыраак болот.




This page was updated:30 Дек 2025