Hesperian Health Guides

БАЛАНЫН НОРМАЛДУУ ӨНҮГҮҮСҮ

Бул бөлүмдө:

Баланын жөндөмдөрү белгилүү бир ирээт менен, кыш сыяктуу биринин үстүнө бири туруп, өрчүп өнүгөт.
a baby stacking blocks with developmental steps on them, beginning with eye control at the bottom.

Баланын канчалык жакшы өнүгүп жатканын, кайсы багыттарында атайын жардамга муктаж болушу мүмкүн экенин билүү үчүн, биз анын өнүгүү деңгээлин башка балдардыкы менен салыштырып көрсөк болот.

Баланын нормалдуу өнүгүүсү кандай болорун түшүнсөк, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланын өнүгүүсүнө жардам берүүгө жарактуу иш-чараларды пландообуз да оңой болот.


Ар бир бала 3 негизги багытта өнүгөт: физикалык (дене), акылэси (мээ) жана социалдык (башкалар менен катнашуу). Ар бир багытта, жөндөмдөрүнүн өрчүп өнүгүүсү кадам-кадам менен, белгилүү бир ирээтте жүрөт. Өмүрүнүн биринчи жылында жаш бала, адетте, денесин уламдан улам жакшыраак башкаруу жөндөмүн өрчүтөт.

Денени башкаруу жөндөмү баштан ылдый карай багытта өрчүп өнүгөт:

Ky DVC Ch34 Page 290-2.png

Ky DVC Ch34 Page 290-3.png


Басканды баштоодон мурун, бала бир катар өнүгүү баскычтарын же “деңгээлдерин” өтүүсү зарыл. Адегенде ал башын көтөрүп, айланасында эмне болуп жатканын көрүүгө жөндөмдүү болушу керек. Бала муну үйрөнүп алганда кийин, боюн көтөрүп отурууну үйрөнүүсү үчүн, колдорун жана алакан менен манжаларын колдонууга жолу ачылат. Андан кийин, ал отуруп алып, колдорун айланасындагы түрдүү нерселерге сунуп, колдору менен таянып, денесинин үстүнкү бөлүгүн капталдарына бура баштайт. Мунун баары тең салмактуулукту сактоо жөндөмүн өздөштүрүүгө жана салмагын бир капталынан экинчисине ооштурууну үйрөнүп алуусуна балага жардам берет. Бул жөндөмдөр жакынкы келечекте турууну жана басууну өздөштүрүү үчүн керек болот. Бала айланасындагы адамдар жана түрдүү нерселер менен күнүгө кадимкидей эле өз ара аракеттешип турса, бул, адетте, ал үчүн жогоруда айтылган баскычтардан ийгиликтүү өтүүсүнө зарыл болгон жакшы түрткү болот.

Бирок, ден соолугунда кандайдыр бир кемтиктиги бар бала, өрчүп өнүгүүсү токтобой улануусу үчүн, атайын жардамга муктаж болушу мүмкүн. Жогоруда келтирилген мисалда баланын көрүү жөндөмдүүлүгү айланасындагы нерселерди көрүп, аларга умтулуп, аларды изилдөөнү каалоосун мүмкүн кылганына көңүлүңүздү буруңуз. Көрүү жөндөмдүүлүгү балага ар кандай нерселерди көбүрөөк үйрөнүп, анан аларды өз алдынча жасоого аракеттенүүсүнө түрткү берет. Эгер бала көрө албаса, бул анын өнүгүүсүнө эртелеп түрткү берчү зарыл нерселердин негизгиси жок деген менен барабар. Мындай баланын өнүгүүсү такыр эле токтоп калбашы үчүн, анын түрдүү нерселерди үйрөнүп, аларды өз алдынча жасоого жөндөмдүү болуусуна дем берген башка жолдорду биз издөөгө тийишпиз. Мындай көйгөйү бар бала тийип сезүү жана угуу жөндөмдөрүн андан ары өрчүтүү аркылуу ар кандай нерселерди үйрөнө алат. Бул үчүн биз түрткү берчү иш-чараларды баланын өнүгүүсүнүн деңгээлине ылайыктап колдонушубуз керек. Мисалы, эгер жаш бала көрө албаса:

Эң башынан тартып эле биз аны колдорубузга алып, аны менен көп сүйлөшүбүз зарыл. Колдорун сунуп, түрдүү буюмдарга тийип, аларды сезүүсүнө ага жардам бериңиз. Кийинчерээк, башын көтөрүп, капталдарына бура баштоосуна, андан кийин түрдүү добуштарга колдорун сунуусуна аны шыктандырсак болот.
using sound and touch with a child who can't see.
Отура баштаганда, кайра эле түрдүү добуштарды таануусуна жана аларга колдорун сунуусуна балага жардам берсек болот. Баса баштаганда, багыттоочу таяктардын жана дагы башка ыкмалардын жардамы менен жолун таап туруусуна ага жардам берсек болот.
using sound and touch with a child who can't see.

Жакшы көрө албаган балага жардам берүүгө жарактуу дагы башка ыкмаларды 30-бөлүмдөн караңыз.

Бала денесин башкаруу жана колдонуу жөндөмдүүлүктөрүн белгилүү бир ирээт менен өздөштүрө турарын атаэнелери түшүнүүсү маанилүү:

DVC Ch34 Page 291-1.png
БАШТЫН КЫЙМЫЛЫН БАШКАРУУ
ТУЛКУ БОЙДУ БАШКАРУУ (ОТУРУУ ЖАНА ТЕҢ САЛМАКТУУЛУКТУ САКТОО ЖӨНДӨМДӨРҮ)
ТУРУУ ЖАНА БАСУУ ЖӨНДӨМДӨРҮ

Бул атүгүл чоңоюп калган бала үчүн да чын. Көп учурда, өрчүп өнүгүүсү жагынан артта калган, чоңоюп калган баланын ата-энеси татаалыраак (баласы менен тең курактагы башка балдар үйрөнгөн) жөндөмдөрдү, баласы даяр боло электе, ага үйрөтүүгө аракет кылышат. Бул, көпчүлүк учурда, андан ары аракеттенүүдөн баланын да, ата-энесинин да көңүлдөрүнүн калуусуна жана капалануусуна алып келет.

Мисал катары кийинки окуяны карайлы. Нина церебралдык шалдыгы бар, 3 жаштагы кыз. Ал азыр да башын көтөрүп кармай албай, кулап калуусуз отура албай кыйналат.

a baby who isn't ready to walk.
1 айга чыккан жаш баладагы “кадам таштоо рефлекси”
DVC Ch34 Page 291-2.png

Бирок энеси, кызы “басууга дээрлик даяр”, деп ишенет. Ал Нинаны күнүгө бир нече жолу буттарына тургузуп кармап алып, кызы буттарынын учтары менен олдоксон кадам таштап, жулкунуп, эптеп басканына карабастан, алдыны көздөй бастырып турат. Мындай кадам таштоо кыймылы жаңыдан буттарына тура баштаган жаш балдарда гана адетте байкалчу “баштапкы рефлекс” (311-бетти караңыз) экенин энеси билбейт. Бул, Нинанын өнүгүү деңгээли, айрым жактарынан караганда, дагы эле 1 айдан 3 айга чейинки баланын өнүгүү деңгээлинде калганын билдирет. Ал басууга азырынча даяр эмес. “Кадам таштап, аракет кылуусуна” мажбурлоодон балада болгону баштапкы рефлекс гана сакталып кала берет. Ал эми Нинага, басканды чынында үйрөнүү үчүн, бул рефлекстен арылуу керек.

DVC Ch34 Page 291-4.png
Балаңыз даяр боло электе, аны басууга мажбурлоо
ага “СЕКИР” деген менен барабар!
Анын ордуна, туңгуюктан кадам-кадам менен, бара-бара өтүүсүнө ага жардам беришибиз керек.

Нина басканды үйрөнүүгө даяр болгонго чейин, адегенде башка маанилүү өнүгүү баскычтарынан өтүүсү керектигин Нинанын энеси түшүнүүсүнө ага жардам берүүгө тийишпиз. Кызынын андан ары өнүгүүсүнө жардам берүү үчүн, энеси төмөнкүлөрдү аткарышы керек:

  1. Кызынын өнүгүү жашы же деңгээли кайсы экенин аныктоо.
  2. Ээ болгон жөндөмдөрүнүн үстүнө жаңы жөндөмдөрдү тургузууга жөндөмдүү болуусу үчүн, кызы кайсы кийинки, алдыга багытталган кадамдарга, саламаттыгы чың, нормалдуу баланын өнүгүүсүндөгүдөй ирээтте, баруусу керектигин чечүү.


Жогоруда айтылгандарды аткаруу үчүн, Нинанын энеси адегенде кызына жакшылап байкоо жүргүзүүгө тийиш. Өнүгүүнүн ар бир багытында Нина эмнелерди жасай аларына, эмнелерди азырынча жасай албарына, кыйналганына карабастан эмнелерди жаңыдан жасай баштаганына же жасаганга аракет кылып жатканына энеси көңүлүн буруусу зарыл. Андан кийин, энеси Нинаны кайсы нерселерди жасай аларын жана жасай албарын ал менен тең курактагы башка балдар эмнеге жарамдуу экени менен салыштырат. Ошондо, кызынын өнүгүүсү ар бир багытында кайсы деңгээлде экенин жана андан ары алдыга жылуу үчүн кайсы кийинки кадамдарга баруу керектигин аныктай алат.

БАЛАНЫН НОРМАЛДУУ ӨНҮГҮҮСҮНҮН КАРТАСЫ

Кийинки 2 беттеги карта баланын өнүгүү баскычтарынын айрымдарын көрсөтүп турат. Сиз ал картаны, балаңыз өнүгүүсүндө кайсы баскычта турганын аныктоо жана ага жардам берүүгө зарыл болгон кийинки кадамдарды пландоо үчүн, колдонсоңуз болот.

PDF :

ЭСКЕРТҮҮ! Өнүгүү картасы балдар түрдүү нерселерди кыла баштаган орто курактарды көрсөтөт. Бирок саламаттыгы чың, нормалдуу балдар түрдүү ык-жөндөмдөрдү ар бири ар башка куракта үйрөнөт. Картада көрсөтүлгөн курагында белгилүү бир ык-жөндөмдөрү пайда болбой калса эле бала өнүгүүсү жагынан артта калып калган же анын олуттуу көйгөйү бар деп гана түшүнүүнүн зарылчылыгы жок. Андан көрө, баланы бардык жактарынан, бүтүн кароону унутпаңыз.
Баланын өнүгүү картасын кандай колдонуу керек

жадыбалды төмөнкүдөй колдонсо болот:

  1. баланын өнүгүүсүнүн деңгээлин аныктоо жана аны кагаз бетине түшүрүп каттоо үчүн;
  2. балага жардам бере турган, андан ары өнүктүрүүнүн кийинки кадамдарын же иш-чараларын пландоо үчүн; жана
  3. бала өнүгүүсүнүн кайсы багыттарында жана канчалык илгерилеп баратканын каттоо үчүн.


3 жаштагы кызынын баштапкы ык-жөндөмдөрүн өнүктүрүү үчүн, Нинанын энеси мындан ары эмне кылуусу керектигин аныктоого айылдагы медициналык кызматкер ага жардам бергиси келип жатат дейли. Алар экөө биригип жадыбалды карашат.

child development chart with some items circled.

Адегенде алар Нина аткара алчу нерселердин ар бирин тегеректеп белгилеп чыгышты. Нина эмдигиче башын көтөрүп кармап тура албай кыйналгандыктан, алар бул жерди тегеректеп белгилешти. Нина курсагынан аркасына башка бирөөнүн жардамы менен гана оодарыла алгандыктан, алар “курсагынан аркасына оодарыла алат” дегендин жарымын гана тегеректеп белгилешти.

Өнүгүүсүнүн ар бир багытында Нинанын деңгээлин тегеректеп белгилеп чыккандан кийин, алар жалпы денесинин кыймылдары жана денесин башкаруу жөндөмү боюнча Нина эмдигиче 2–4 айлык ымыркай бойдон экенин көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Анын алакан менен манжаларын башкаруу жөндөмү болжол менен 6 айлык баланыкындай. Нинанын көрүүсү жана угуусу нормалдуу сыяктуу, ал эми акыл-эсинин өнүгүүсү болжол менен 2 жаштагы баланыкындай.


Андан соң алар ар бир тегерекчеден кийин турган өнүгүү баскычын төрт бурчтук менен белгилешет. Нина өнүгүү баскычынын кайсынысын өздөштүрүүсү үчүн жардамга муктаж экенин ошол төрт бурчтуктар көрсөтөт. Башын жакшы башкара албоосу башка багыттарында Нинанын өрчүп илгерилөөсүн токтотуп жаткандыктан, алар негизинен ушул жөндөмдүн үстүнөн иштөөнү (302-бетти караңыз) жана дагы ага оодарылууну жана тулку боюн бурууну үйрөтүүнү чечишет (304-бетти караңыз). Алар Нинага отурууну жана жөргөлөөнү үйрөтүүдөн башташса болот, бирок башынын кыймылдарын жакшыраак башкарууну өздөштүрмөйүнчө, Нина ал жөндөмдөрүн өнүктүрүүдө көп деле илгерилей албайт. Алакан менен манжаларын пайдалануу жөндөмү өз курагынан бир канча артта калган, бирок мунун себеби, кайсы бир деңгээлде, башын жакшы башкара албаганында болушу мүмкүн. Андыктан, алар Нинаны күнүгө бир аз убакытка атайын отургучка отургузуп турууну чечишет. Алакан менен манжаларын жакшыраак пайдаланууну өнүктүрүүсүнө жардам берүү үчүн, Нинанын башын туура абалда карматып койсо, ал оюнчуктар менен ойноого жана ар кандай нерселерди жасоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бирок, башын көп убакытка карматып койгон да туура эмес, анткени бул, Нина башын өзү кармаганды үйрөнүүсүнө тоскоол болот. Алар көрөгөчтүк кылып, денесинин башка бөлүктөрүн жакшыраак башкаруусу үчүн Нинага талап кылынган колдоонун мүмкүн болгон эң аз көлөмүн гана камсыз кылышты. Башы менен денесин башкаруу жөндөмү жакшырган сайын, колдоону да улам азайтуу зарыл.

Нинанын көрүүсү, угуусу, сүйлөөсү жана акыл-эси жетишерлик жакшы өнүгүп жаткандыктан, чоңоюп калганда, ал так ушул жөндөмдөрүн эң мыкты пайдаланууну үйрөнөрүндө күмөн жок. Ушул себептен, Нинанын ата-энеси болгон күчүн ушул жөндөмдөрүн андан ары жакшыртууга жумшайлы деп чечишет. Кызынын акыл-эсин өнүктүрүү үчүн, алар сүрөттөрдү, ырларды, аңгемелерди жана өнүгүүсүнө түрткү берүүчү дагы башка нерселерди колдонушат. Ошол эле учурда, кызы болгону 3 жашта экенин да унутушкан жок. Нинаны үйрөтүүдө ага өтө эле көп нерселерди берип “түрткүлөп” шаштыруу да болбойт. Кээде жөндөмдөрүн жана өзүнө ишенимдүүлүгүн бир убакта 1 же 2 гана багытта өнүктүрүү туура.

Өнүгүү картасына баланын өрчүп илгерилөөсүндөгү жетишкендиктерин каттап туруу үчүн, ар ай сайын же эки айда бир жолу картага жаңы тегерекчелерди кошуп турсаңыз болот. Белгилөө үчүн, ар бир жолу ар башка түстү колдонуңуз жана датасын да ошол эле түс менен жазыңыз. Андан соң ирээтинде кийинки турган өнүгүү баскычын төрт бурчтук менен белгилеңиз (49-бетти караңыз).




This page was updated:30 Дек 2025