Hesperian Health Guides

Басуу ык-жөндөмүн мүмкүн болушунча узагыраак сактоого балага кантип жардам берсе болот

Бул бөлүмдө:

Өйдөлүш боюнча басуу жана адырдуу жерлерде иш аткаруу бут кетмендери аттын бутуна окшошуп түздөлүү контрактураларынын калыптануусуна жол бербөөгө жардам берет.
DVC Ch10 Page 111-1.png

Көнүгүү. Булчуңдарды мүмкүн болушунча күч-кубатында сактоого жана контрактуралардын калыптануусуна жеткирбөөгө багытталган терапиялардын, балким, эң мыктысы (жок дегенде, илдеттин баштапкы мезгилинде) – такай басып, чуркап жана ойноп туруу аркылуу активдүүлүктү сактоо. Муундардын толук көлөмүндө кыймылдоо ийкемдүүлүгүн сактоочу жана булчуңдар менен тарамыштарды чоюучу көнүгүүлөрдүн (42-бөлүмдү караңыз) жардамы чоң, бирок баланы түрдүү оюндарга, иштерге жана башка ишчараларга катыштырып туруу аркылуу анын муундарынын ийкемдүүлүгүн сактоо андан да мыкты. Бала жай кыймылдаганына жана денесин олдоксон кармаганына карабай, аны жогоруда айтылган иш-аракеттерге катышууга кызыктырыңыз. Баланы чегинен ашырып аяп, ордунан турбай жөн эле отура берүүсүнө уруксат берүү – өтө туура эмес нерсе.

DVC Ch10 Page 111-2.png

Башка каражаттар. Балага бара-бара балдак менен басууга туура келет. Андан кийин (көбүнчө 10 жашка жакын) ал таптакыр баса албай калат. Басуу бала үчүн өтө оор болуп калганда, аны зордоп бастыртпаңыз. Андан көрө, балага дөңгөлөктүү отургуч алып же жасап берүүгө аракеттениңиз. (64–66-бөлүмдөрдү караңыз.) Адегенде бала дөңгөлөктүү отургучту өз алдынча жылдырууга жөндөмдүү болушу мүмкүн. Бирок абалы улам начарлаган сайын, башка бирөөгө түрттүрүү зарылчылыгы жаралат. Тереӊ дем алуу, айрыкча өпкөнү кыймылга келтирүүчү булчуңдар алсыз болуп начарлай баштаганда, абдан чоң мааниге ээ. Үнүн бийик чыгарып ырдап, кыйкырып, ышкырып жана шар үйлөп турууга баланы кызыктырыңыз. Ортопедиялык жасалгалар. Буттун бүтүндөй узундугуна кийилүүчү ортездердин түрлөрүн шексиз зарылдык бар болмоюнча пайдаланбай эле койгон оң, анткени алардан баланын бут булчуңдары тез эле алсыз болуп кетет. Кээде, таман сөөк - жото жилик муунуна кийилүүчү, пластиктен жасалган жеңил шакшактар ушул муунда контрактуралар калыптануусуна бир топ убакыт жол бербөөгө жана баланын басуу ык-жөндөмүн сактоого жардам берет. Ал үчүн аларды күнү-түнү кийүү талап кылынат (58-бɵлүмдү караңыз).

Эгер тизе жана жамбаш сөөк - кашка жилик муундарында бүгүү контрактуралары калыптана баштаса, муундарды кум салынган баштыкчалар менен үстүнөн бастырып, эс алууга жана уктоого аракеттенгиле.

child lies down with sand bags and splints
жумшак кездемеден тигилген, ичине таза кум менен салынган баштыкчалар
аман сөөк - жото жилик муундары үчүн пластик шакшактар
child lies down with sand bags and cushions
кум салынган баштыкча
жаздыкча
ЭСКЕРТҮҮ! Балага керек терапияны же хирургиялык операцияны камсыз кылууга багытталган аракеттериңизди анын мүмкүн болушунча башка балдардыкындай толук баалуу, бактылуу өмүр сүрүүгө болгон муктаждыгы менен таразалаңыз. Баланын денесинин алсызданышы бардык кылган аракеттериңизге карабай улам күчөп, анын өмүрү кыска болот. Булчуңдар дистрофиясы менен ооруган балага карата көрүлүүчү камкордуктун максаты ага жашоодон мүмкүн болушунча көбүрөөк ырахат алуусуна жардам берүү болуш керек. Хирургиялык операциянын убактылуу пайдасын ооруу менен коштолгон андан кийинки абал жана ага байланышкан кыйынчылыктар менен таразалап, туура чечимге келүү зарыл.
Башка каражаттар. Балага бара-бара балдак менен басууга туура келет. Андан кийин (көбүнчө 10 жашка жакын) ал таптакыр баса албай калат. Басуу бала үчүн өтө оор болуп калганда, аны зордоп бастыртпаңыз. Андан көрө, балага дөңгөлөктүү отургуч алып же жасап берүүгө аракеттениңиз. (64–66-бөлүмдөрдү караңыз.) Адегенде бала дөңгөлөктүү отургучту өз алдынча жылдырууга жөндөмдүү болушу мүмкүн. Бирок абалы улам начарлаган сайын, башка бирөөгө түрттүрүү зарылчылыгы жаралат. DVC Ch10 Page 111-5.png Баланы отургучуна кенен кездеме же брезент менен көкүрөгүнөн жана курсагынан байлап карматуу аркылуу алдын көздөй эркин эңкейүүсүнө, колдорун пайдалануусуна жана ойноого мүмкүндүк берсе болот.
Тереӊ дем алуу, айрыкча өпкөнү кыймылга келтирүүчү булчуңдар алсыз болуп начарлай баштаганда, абдан чоң мааниге ээ. Үнүн бийик чыгарып ырдап, кыйкырып, ышкырып жана шар үйлөп турууга баланы кызыктырыңыз.
child shouts across a field
Кыйкырууну да, тоого чыгууну да өпкөнү кыймылга келтирүүчү булчуңдар үчүн пайдалуу көнүгүүлөр катары кароого болот.





This page was updated:23 Май 2025