Hesperian Health Guides
Башка көйгөйлөр
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 10-БӨЛҮМ: Булчуӊдар дистрофиясы: Булчуңдардын алсыздыгы бара-бара күчөө > Башка көйгөйлөр
- Ич катуу (заң катып, сыртка оңой чыкпай калуу) улам кайталана берген көйгөйгө айланышы мүмкүн. Мындай жагдайда кɵп суюктук ичүү жардам берет. Мындан тышкары, мөмөлөрдү, жер жемиштерди жана ашказан-ичегилерде сиңирилбөөчү бөлүктөрү көп азыктарды тамакка колдонуу да пайдалуу.
- Омуртка тутуму ийрийүү күчөшү мүмкүн (сүрөт тартып жаткан төмөндөгү Титону караңыз). Мындай жагдайда бала колдорун жакшыраак пайдаланууга жана толугураак дем алууга жөндөмдүү болушу үчүн, денесин түзүрөөк абалда карматуучу атайын корсет же ортез жардам берет.
- Колдорунун алсыздыгы убакыт өткөн сайын күчөп, бала өзүн тейлөөсүнө, анын ичинде, өз алдынча тамактануусуна тоскоолдуктарды жаратат.

Колду оозго жеткирүүгө көмөк бере турган жөнөкөй жасалга даярдап алсаңыз болот. тамактанууга жана алыс турган нерселерге кол сунуп жетүүгө мүмкүнчүлүк берген көмөкчү жасалгалар боюнча кошумча ойсунуштар келтирилген.

Атүгүл денеси абдан алсыз болуп калганда да уланта ала турган өнөрлөргө жана буга окшогон башка нерселерге баланы кызыктыруу абдан маанилүү. Атүгүл дөңгөлөктүү отургуч менен гана жүрө алса да, ал мектепте окуусун мүмкүн болушунча улантуусу зарыл.
Сүрөт тартууну жана боёну үйрөнүү абдан пайдалуу болушу мүмкүн. Мексикада ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын үй-бүлөлөрү түзгөн, Лос Паргос деп аталган уюмда булчуңдар дистрофиясы бар 4 бала абдан дурус сүрөтчүлөрдөн болууга жетишкен. Алар тарткан сүрөттөр мелдештерде түрдүү байгелерди багынтып, уюмуна зарыл акча каражаттарын табуу максатында сатылып келет. Бул 4 сүрөтчүнүн эң мыктысы жана эң улуусу – Тито эле. Ал тарткан сүрөттөрү менен сыймыктанып, башка балдарды бул өнөргө үйрөтүүдөн ырахат алчу. Тито эң мыкты сүрөттөрүнүн бирин – канаттуу деңиз ташбакасын – 17 жашында, көз жумарына бир жума калганда тартып бүткөн.
АЛДЫН АЛУУ: Булчуңдар дистрофиясынын гени бар аялдардан бул илдети бар балдардын төрөлбөшүн камсыз кылган бирден бир жол – бул аялдар балалуу болуудан таш тартуулары керек. Негизинен бул ушундай көйгөйү бар эркек балдардын эже-карындаштарына жана энеси тарабындагы жакын туугандарына да тийешелүү. Булчуңдар дистрофиясын пайда кылуучу “ген” адамда бар же жок экенин аныктоочу тесттер бар, бирок алар кымбат. Эгер уулдарыңыздын биринде бул илдет бар болсо, калган уулдарыңызда да ал бар болуусунда күмөн аз.
БУЛЧУӉДАР ДИСТРОФИЯСЫНЫН ЖАНА АТРОФИЯСЫНЫН БАШКА ТҮРЛƟРҮ
Булчуӊдар дистрофиясынын жогоруда сүрөттөлгөн түрү (прогрессивдүү, псевдогипертрофиялык атрофия же Дюшенн булчуӊдар дистрофиясы деп да аталат) эӊ көп кездешүүчү түрү болуп саналат. Бирок булчуӊдар дистрофиясынын жана булчуңдар атрофиясынын мындан башка дагы 30 түрү бар. Булардын бардыгы кичинеден: кээ бирлери – бала кичинекей кезинде, башкалары – 13–19 жаш аралыгында, айрымдары – бойго жеткенден кийин башталып, улам күчөйт. Кээ бир түрлөрүндө, адам белгилүү бир куракка жеткенде, абалы дээрлик начарлабай калат, жана адам ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуусуна карабай карылыкка чейин активдүү өмүр сүрө алышы мүмкүн.