Hesperian Health Guides
10-БӨЛҮМ: Булчуӊдар дистрофиясы: Булчуңдардын алсыздыгы бара-бара күчөө
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 10-БӨЛҮМ: Булчуӊдар дистрофиясы: Булчуңдардын алсыздыгы бара-бара күчөө
Булчуңдар айдан айга, жылдан жылга улам алсызданышы менен мүнөздөлгөн абал булчуңдар дистрофиясы деп аталат. Булчуңдар дистрофиясынын болжол менен 30дай түрү белгилүү.
БУЛЧУӉДАР ДИСТРОФИЯСЫНАН УЛАМ БОЛУУЧУ БУЛЧУҢДАР АЛСЫЗДЫГЫН КАНТИП АНЫКТАСА БОЛОТ

- Булчуӊдар дистрофиясынын эӊ көп кездешүүчү түрү (анын бардык учурларынын дээрлик жарымы) – Дюшенн булчуӊдар дистрофиясы. Андан көбүнчө эркек балдар жабыркайт (кыздар жабыркаган учурлар сейрек).
- Көп учурда ага-инилерде же эркек туугандарда кездешет.
- Биринчи белгилери 3–5 жашта алгач пайда болот: бала олдоксон кыймылдагандай көрүнүшү мүмкүн, же тамандарын жерге текши коё албагандыктан бут кетмендеринин учтарына туруп баса баштайт. Бала кызыктай чуркайт, далай жыгылат.
- Баланын абалы кийинки бир нече жыл ичинде туруктуу түрдө улам начарлай берет.
- Адегенде бут кетмендеринин, сандардын алдыңкы бөлүгүндөгү, жамбаш сөөк - кашка жилик муундарынын айланасындагы, курсак, ийин жана чыканактагы булчуңдар алсыз боло баштайт. Кийин бул бузулуу алакан-манжалардын, беттин жана моюндун булчуңдарына өтөт.
- Мындай илдетке чалдыккан балдардын көпчүлүгү 10 жашка жеткенде баса албай калышат.
- Омуртка тутуму катуу ийрийип кетиши мүмкүн.
- Жүрөктүн жана дем алуу органдарынын булчуңдары да алсыздайт. Дюшенн булчуңдар дистрофиясы менен ооруган балдардын көпчүлүгү 20 жаш курагына жетпей эле жүрөк иштебей калуудан же пневмониядан улам каза болушат.
Булчуӊдар дистрофиясынын жалпыга мүнөздүү баштапкы белгилери

- Бала, отурган же жаткан жеринен туруу үчүн, санына колу менен таянып калат.
- Бул, негизинен, сан булчуңдарынын алсыздыгынан улам болот.
This page was updated:23 Май 2025