Hesperian Health Guides
БУЛЧУӉДАР ДИСТРОФИЯСЫ БОЮНЧА СУРООЛОР
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 10-БӨЛҮМ: Булчуӊдар дистрофиясы: Булчуңдардын алсыздыгы бара-бара күчөө > БУЛЧУӉДАР ДИСТРОФИЯСЫ БОЮНЧА СУРООЛОР
Канчалык көп учурайт? Бул илдет абдан көп кездешпейт. Булчуңдар дистрофиясы реабилитациялык борборлорго кайрылган, церебралдык шалдыгы бар ар 30 же 40 баланын ичинен бирөөндө байкалат.
Пайда болушунун себеби эмнеде? Булчуӊдар дистрофиясы – ата-энеден баласына өтүүчү же мутациядан булчуңдар протеиндерин жасоону жөнгө салган гендер өзгөрүп кетүүсүнөн улам болуучу генетикалык бузулуу. Булчуңдар дистрофиясы учураган ар 3 үй-бүлөнүн ичинен экөөндө бул бузулуу эне тарабындагы жынысы эркек туугандарда байкалат. Ата-эненин ден соолугу демейде нормалдуу болсо деле, эне эркек балдарында бул бузулууну пайда кылуучу “генди” алып жүрүшү мүмкүн. Кыз балдарынын ден соолугуна таасири тийбейт, бирок ошол кыздардын эркек балдары булчуңдар дистрофиясы менен ооруп калышы мүмкүн.
Кандай дарылоо жолдору бар? Бул илдетти айыктыруу мүмкүн эмес. Бирок кортикостероид же АПФ ингибиторлору (эгер жүрөк жабыркаган болсо) сыяктуу дарыларды тийиштүү терапияны же көнүгүүлөрдү аткакаруу менен чогуу колдонуу булчуңдардын алсызданышынын улам күчөшүн жайлатышы мүмкүн. Бут кетмендери аттын бутуна окшошуп түздөлүп калуу контрактурасын оңдоого багытталган хирургиялык операциядан эң эле дегенде убактылуу гана жардам алууга болот.
Жагдай кандай болсо да, илдетинен улам пайда болгон, улам күчөгөн чектөөлөрүнө ыңгайлашып, мүмкүн болушунча толук кандуу өмүр сүрүүсүнө балага жардам берүү үчүн, анын үй-бүлөсү көп нерсе кыла алат.

Мындан тышкары, тийиштүү иш-аракеттердин, көнүгүүлөрдүн жана ортопедиялык аппараттардын жардамы менен контрактуралардын алдын алуу аркылуу басуу ыкжөндөмүн узагыраак сактоосуна балага жардам берүү мүмкүн. Эгер бала туура эмес абалда отурууга ыңгайлашып алса, жаздыкчалардын же жөлөк болуп берүүчү башка нерселердин жардамы менен аны түзүрөөк отургузуу аркылуу балада ар кандай деформациялардын пайда болуусуна жеткирбөөгө болот.
Баланын акыл-эсине таасири барбы? Бул илдет менен ооруган балдардын болжол менен жарымында акыл-эстин кайсы бир деңгээлде жайыраак өнүгүүсү байкалат. Тескерисинче, акыл-эс жагынан абдан жөндөмдүүлөрү да мындай балдардын арасында аз эмес.
![]() |
Сүрөттө, булчуӊдар дистрофиясы менен ооруган бала дөңгөлөктүү отургучуна орнотулган, үстөлчө сымал жасалганын үстүн боёп жатат. Ал колун башка бирөөнүн жардамысыз көтөрө албайт, бирок пенопласттан жасалган атайын “кол терметкичти” пайдаланып, колун бардык багыттарда кыймылдатуу мүмкүн болду. Бул жасалга бала өз алдынча тамактануусуна да жардам берет. |
Кантип жардам берүү мүмкүн? Бала мүмкүн болушунча толук баалуу жана бактылуу өмүр сүрүүгө жөндөмдүү болушу үчүн, үй-бүлөсү көп нерсе кыла алат. Бала активдүү болуусун жана күндөлүк жумуштарын аткаруусун мүмкүн болушунча улантуусу зарыл. Башка балдар менен ойноп бирге убакыт өткөрүүнүн, мындан тышкары, жаңы нерселерди үйрөнүүнүн жана айланасындагы нерселерди изилдөөнүн бала үчүн мааниси чоң. Бала мектепте окуусу зарыл. Айланасындагы балдарды окуусунда жана оюндарда ага жардам берип туруусуна кызыктырыңыз. Булчуңдар дистрофиясы бар балдардын баары эмес, айрымдары ар кандай нерселерди демейкиге салыштырмалуу бир аз жайыраак үйрөнөрүн мугалимдер түшүнүүсү зарыл. Баланы үй-бүлөлүк жана коомчосунда өткөн коомдук иш-чараларга мүмкүн болушунча көбүрөөк катыштырууга аракет кылыңыз.
Денесинин алсызданышынын улам күчөшүн жана бузулууну натыйжалуу дарылоо жолу жоктугун бала да, анын үй-бүлөсү да оор кабыл алышат. Коомчодогу медициналык-санитардык кызматчылардын жана баланын досторунун көмөгү, кеп-кеңеши жана көңүл көтөрүүчү сөздөрү чоң жардам берет. Түзүлгөн жагдайга ачык көзкараш менен мамиле кылуусуна жана колунан келе турган нерселердин бардыгын кылуусуна үй-бүлөгө жардам бериңиз.
Үй-бүлөнүн максаты – баласы мүмкүн болушунча активдүү болуусуна жана өзүн бактылуу сезүүсүнө, мындан тышкары, илдетинен барган сайын улам күчөгөн чектөөлөрүнө ыңгайлашып эбин таап алуусуна жардам берүү.