Hesperian Health Guides

ДААРАТКАНАНЫ ПАЙДАЛАНГАНДЫ ҮЙРӨТҮҮНҮ ЖЕҢИЛДЕТҮҮ ЖОЛДОРУ

Бул бөлүмдө:

Үйрөтүү иш-аракеттерин кечиктирбөө кандай зарыл болсо, аларды аябай эрте баштабоо да ошондой эле маанилүү. Эгер баланын денеси табарсык менен ичегилерин башкарууга али жөндөмсүз болсо, анда күчкө салып баланы үйрөтө коюу аракеттеринин жыйынтыгы ийгиликсиз чыгып, бала да капаланып, ата-энеси да капага батат. Демейде бала эки же эки жарым жашка чыгып калганда буга “даяр” болот. Бирок айрым балдар үчүн мындай үйрөтүү иш-аракеттерин бала үч же төрт, кээде мындан да жогору жашка чыкмайынча токтото туруу зарыл болушу мүмкүн.

Адегенде балдардын көпчүлүгү кийимине заңдап албаганды, анан бир топ көп убакыт өткөндөн кийин гана кийимине заара кылып албаганды үйрөнүшөт. Заара кылып туруусу заңдап туруусуна салыштырмалуу көбүрөөк орун алгандыктан, эгер балага кийимине заара кылбоону үйрөтсөк, ал шымына заңдабоого да кошо көнөт

Балаңыз даараткананы пайдаланганды үйрөнүп алууга “даяр” бекенин текшерүү үчүн 3 жөнөкөй критерий бар. Булар: табарсыкты башкаруу жөндөмдүүлүгү, тил алууга даяр болуу жана физикалык даярдык.

DVC Ch38 Page 338-1.PNG
a woman speaking while holding her hands out toward a boy who holds a ball.
  • Табарсыкты башкаруу жөндөмдүүлүгү Балаңыз бир нече мүнөт сайын улам жыбылжытпай, бир турганда же отурганда дароо көп заара кылабы? Сааттап кургак жүрүүсү ал үчүн көнүмүш болуп калдыбы? Качан заара кылуусу керек экенин билеби? (Кебетеси өзгөрүү; буттарын бир бирине кысып, алаасын кармоо, ж.б.у.с.) Эгер бул 3 суроого тең (же жок дегенде биринчи экөөнө) жооп “ооба” болсо, анда бала табарсыгын жетишерлик даражада башкара алат жана заарасы келгенин түшүнөт. Ага даараткананы пайдаланганды үйрөтө баштаса болот.
  • Тил алууга даяр болуу. Жетишерлик деңгээлде түшүнөөрүн жана тил алууга даяр бекенин текшерүү үчүн, бул жөнөкөй тапшырмаларды аткаруусун өтүнүңүз: жатсын, отурсун, денесинин бөлүктөрүн көрсөтсүн, оюнчукту кутуга салсын, сизге бир буюмду сунсун жана сизди туурап кандайдыр бир кыймыл-аракет жасасын, мисалы, кол чапсын. Эгер ушул тапшырмалардын баарын чын көңүлү менен аткарса, анда ал даараткананы пайдаланганды үйрөнүүгө даяр болушу мүмкүн.
  • Физикалык даярдык. Бала майда буюмдарды оңой кармай алабы? Ал жакшы баса алабы же денесин жылдыра алабы? Чочоюп же отургучка отуруп, тең салмактуулугун сактай алабы? Эгер буларды аткара алса, демек физикалык жактан ал даараткананы өз алдынча пайдаланууга жарайт. Эгер буларды аткара албаса, мындай жагдайда деле ал бул ыкжөндөмдү үйрөнүп кете алат, бирок башка бирөөнүн жардамына муктаж болушу мүмкүн.


2 жаштан өткөн балдардын көпчүлүгү бул 3 критерийдин шарттарын аткарууга жарашат. Эгер андай болбосо, балага даараткананы пайдаланганды үйрөтпөй коё турган же бул ык-жөндөм үчүн “жетилүүсүнө” ага жардам берген артык.

ӨЗГӨЧӨ КӨЙГӨЙЛӨР

Эгер бала эмдигиче табарсыгын башкара албаса же заарасы келгенин түшүнбөсө, ал бир аз чоңойгуча күтө турган оң. Мисалы, церебралдык шалдыгы бар балдардын айрымдарында табарсыкты башкаруу жөндөмдүүлүгү кечирээк калыптанат.

Эгер бала жөнөкөй тилди укпаса же түшүнбөсө, же болбосо, анын акыл-эсинин өрчүүсү артта калса, анда үйрөтүү иш-аракеттеринин көбүрөөк бөлүгүн көрсөтүү жолу менен, азыраак бөлүгүн сөздөр менен түшүндүрүү зарыл. “Суу болуп калыптыр”, “кургак”, “кир”, “таза” жана “заара кылынчу карапа” же “даараткана” дегендерди билдирүүчү атайын жаңдоолорду же “белгилерди” иштеп чыгуу керек. Куурчакты колдонуп үйрөтүүнүн ордуна башка баланы көрсөттүргөн эффективдүүрөөк.

Эгер бала кежирленип, жөнөкөй тапшырмаларды аткаруудан баш тартса, же оюндагысындай болбой калганда ыйлап баштамайы же кыйкыра бермейи бар болсо, ага даараткананы пайдаланганды үйрөтүү кыйыныраак болот. Мындай кежирленүү жана тил албоо ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарда негизинен жакындары аларга чектен ашырып камкордук кылганда же аларды эркелетип буза бергенде көбүрөөк учурайт. Мындай балдарга даараткананы пайдаланганды үйрөтө баштоодон мурун, адегенде алардын буга карата болгон мамилесин жана жүрүм-турумун оңдоого аракет кылган туура болот. Бул маселе 40-бөлүмдө талкууланат.

Эгер бала физикалык бузулуусунан улам дааратканага жете албаса, шымын түшүрө албаса, чочоюп же карапага отура албаса, же көтөнүн аарчып тазалай албаса, башкалардын жардамынан мүмкүн болушунча азыраак көз каранды болуусуна жардам бере турган альтернативдик ыкмаларды жана көмөкчү каражаттарды иштеп чыгуу зарыл. Мындай жасалгалар жана ыкмалар кийинки беттерде каралат.

2. Баланы карапасына аны пайдалануусу эң ыктымалдуу маалында отургузуңуз

DVC Ch38 Page 339-1.PNG

Балага карапаны пайдаланганды үйрөтө баштоодон мурун, ал кайсы убакта заара кылып жана заңдап турарына бир нече күн бою байкоо жүргүзүңүз. Көбүнчө ал муну бир убакта, мисалы, эртең мененки тамактан кийин көп узатпай кылат.

Ушул убакта баланы карапасына отургузуп, “кана, балам, чычып койчу” же “сийип койчу” деп, аны көндүрүңүз.

Бала карапасында заара кылып же заңдап бүтмөйүнчө, бирок 10 мүнөттөн ашпай отурсун.

Эгер бала заара кылса (же заңдаса), кол чаап, бетинен өөп, эмне кылганын ага көрсөтүп, ыраазы болгонуңузду ага билдириңиз.

Эгер бала заара кылбаса (же заңдабаса), буга көңүлүңүздү бурбаңыз. Баланы урушпаңыз, күнөөлөбөңүз, антсеңиз ал карапаны жек көрүп же андан чочулап калат жана аны пайдалануудан баш тарта баштайт.

3. Ийгиликтери үчүн мактаңыз жана сыйлаңыз

a woman and a girl speaking.


Даараткананы пайдаланганды үйрөтүүдө – башка нерселерди үйрөтүүдөгүдөй эле – аткара албагандыгы үчүн жазалагандын ордуна, ийгиликтери үчүн сыйлап туруу артык. Бала карапасына, дааратканага же атайын буга каралган жерге заңдаганда же заара кылганда, аны мактап, кучактап, бетинен өөп, ага ыраазы болгонуңузду билдириңиз. Бирок ал заара кылганы же заңдаганы үчүн эмес, кургак жана таза жүргөнү үчүн ага ыраазы экениңизди түшүндүрүңүз. Балага карапасын же даараткананы пайдаланганды үйрөтүү учурунда ал “кургак”, “таза” бекенин улам текшерип туруңуз. Бала “кургак” жана “таза” бойдон болсо, аны мактаңыз. Мындан тышкары, балага кийимин өз алдынча текшергенди үйрөтүңүз.

Кокус балаңыз кийимине заара чыгарып же заңдап алса, аны жазалабаңыз же урушпаңыз. Тынч эле анын булганып калган жерин жууп, кийимин алмаштырган артык. Болбой баратса, мисалы, “Бул кокустук! Эч нерсе эмес! Эмкиде буга жеткирбөөгө аракет кыл!” деп жылуу-жумшак (бирок муну жактыргандай эмес) айтыңыз.
illustration of the below: a child lowering his pants.
баланын колдорун багыттоо

4. Баланын кыймылдарын сөздөр менен эмес, колдоруңуз менен багыттаңыз

Эгер бала үчүн кайсы бир тапшырманы аткаруу, мисалы, шымын түшүрүү физикалык жактан кыйын болсо, аны баланын ордуна кылбаңыз (эгер бала муну өз алдынча кылганды үйрөнүүгө жарамдуу болсо). Балага кайсы жерден жаңылып жатканын же кантип оңдоо керектигин түшүндүрбөй эле коюңуз. Андан көрө, бала муну өз алдынча кылганды үйрөнүп алуусу үчүн, анын колдорун колдоруңуз менен кичинеден багыттап туруңуз.

5. Үлгүлөр жана куурчактар менен көрсөтүп түшүндүрүңүз

a woman speaking to a child as they watch another child using a latrine.

Бирөөнү же бир нерсени үлгү кылып колдонуп үйрөтүүдөн артык нерсе жок, айрыкча, бала жакшы көргөн жана суктанган адамдары үлгү болуп берсе. Агалары же эжелери заара кылынчу карапаны же даараткананы кантип пайдаланып жүргөндөрүн балага бул ык-жөндөмдү үйрөнө алгандай куракка келе элегинен тартып эле көрсөтүп, аны даярдап башбаштаңыз. Чоңойгондо ал да муну кыла аларын балага айтыңыз

Дагы бир ыкма – “заара кылуучу” куурчакты колдонуу. Мындай куурчакты сатып же төмөнкү нерселерден жасап алууга болот:


a gourd doll with a mouth to put water in and 2 plugs to remove for peeing and pooping.



Куурчактын карапага кантип отуруп заара кылуусун балага көрсөтүңүз. Же болбосо, куурчакка кантип заара кылуу же заңдоо керек экенин үйрөтүүгө балаңыз сизге жардам берсе, андан да жакшы. Бала мүмкүн болушунча өз алдынча болуусу үчүн зарыл ар бир кадамды кошууну унутпаңыз. Мисалы:

Бала адегенде куурчакка ажатканага же карапасына кантип жетүү керек экенин көрсөтсүн, андан соң шымын түшүрүүсүнө жардам берсин. Андан кийин бала куурчакка жамбашын карапага жайгаштырганды жана заара кылып бүтмөйүнчө анда отурганды үйрөтсүн. Үйрөтүү учурундагы шарттарды баланын шарттарына мүмкүн болушунча жакындатууга аракет кылыңыз – бала пайдаланган карапаны ал аны пайдаланган жерине коюп колдонуңуз.
DVC Ch38 Page 341-5.png
DVC Ch38 Page 341-6.png
Бала куурчакты үйрөтүүсүн оюнга айлантыңыз, бирок негизги максат балага карапаны туура пайдаланганды үйрөтүү экенин унутпаңыз.
a child speaking to a doll. Куурчак заара кылып бүткөндөн кийин, бала куурчактын шымын өйдө кылсын. Бала куурчактын шымын кармап, кургак бекенин текшерсин. Эгер кургак болсо, бала куурчакты мактап койсун.


Акыл-эсинин өрчүүсү артта калган же тилди жакшы түшүнө албаган бала үчүн адамдар (куурчактар эле эмес) заара кылынчу карапаны же даараткананы ырахат алып пайдаланып, бул үчүн сыйланып тургандарын улам көрүп туруусу өзгөчө маанилүү. </div>

6. Конкреттүү баланын өзгөчө муктаждыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алыңыз

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын көбүнө даараткананы өз алдынча пайдалануусуна көмөкчү атайын каражаттар менен жардам берсе болот. Эки бөлөк балага эки бөлөк жасалга талап кылынат. Кандай болсо да, төмөнкү сунуштар сизге жардам бериши мүмкүн:

  • Эгер балага шымын же ички кийимин ылдый кылуу кыйын болсо, ага чоюлчаак же эки учу бир бирине жабышып калчу куру бар же бош отурган кийим кийгизиңиз.
Шымды ылдый кылуу үчүн колдордун абалы шымды өйдө кылуу үчүн
Бармактарын шымынын резинкесинин артына киргизип, аны ылдый түртсүн. hand position for lowering pants. Шымын жамбашына тартуу үчүн, колун анын ичине киргизсин. hand position for raising pants. Үйрөтүү учурунда, көйнөгү тоскоол болбошу үчүн, анысын төөнөгүч менен өйдөрөөк карматып коюңуз, же көйнөгүн кийбей эле койсун.
DVC Ch38 Page 342-1.png


  • Заараны өзүнө сиңирип алган кездемеден тигилген кыска “үйрөтүү шымын” колдонуңуз.
DVC Ch38 Page 342-4.png
  • Церебралдык шалдыгы же жүлүн чуркусу бар бала үчүн, балким, баарын жатып алып жасаган оңоюраак болот – астына таза килемче төшөп бериңиз.
illustration of the below: girl on a potty seat.
Церебралдык шалдыгы бар бул кыз сыяктуу балдардын айрымдары отурганды үйрөнүүгө муктаж. Карапасы бар бул орундук балдардын кичинекей жыгач олтургучунан жасалган.
DVC Ch38 Page 342-6.png DVC Ch38 Page 342-7.png



  • Эгер сиздин аймагыңызда адамдар чочоюп отуруп алып заңдашса, бирок бала үчүн бул оор болсо, колдор менен карманууну камсыз кыла турган жөнөкөй таяныч жардам берет.


  • Атайын жасалганы даараткананын ичине деле жасап койсо болот.


a latrine with a hand rail.
Туткасы көтөрүлмө
балага чак тешиги жана тепкичи бар 2 кишилик ажаткана
a girl in a wheelchair using a latrine that has a high hand rail, arm supports, and a toilet seat at the level of the wheelchair.
Кол же ийин үчүн таянычтар ажаткананын отургучуна жакын орнотулган
Дөңгөлөктүү отургучтун жана ажаткананын отургучунун деңгээлдери бир.
Тутка дөңгөлөктүү отургучтан ажаткананын отургучуна которулууну жеңилдетүү үчүн бийик орнотулган.

Ажаткананы жана анын эшигин дөңгөлөктүү отургуч баткыдай жетишерлик кенен жасаңыз. Ажаткананын эшигин дөңгөлөктүү отургучту ажатканага киргизип, ажаткананын отургучунун жанына аны айлантып буруусуз эле тургузуу мүмкүн болгондой кылып орнотуңуз.

Ажатканага барган жол тегиз жана ага кирип-чыгуу оңой болуусун камсыз кылыңыз.

  • Жаш балдарга табигый муктаждыктарын туура аткарганды үйрөтүү үчүн эң мыкты жасалгалардын бири – заара кылынчу карапа. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн аны түрдүү жолдор менен аларга ылайыктап жасап берсе болот.
Ky DVC Ch38 Page 343-1.png
Оор формадагы церебралдык шалдыгы бар бала үчүн энеси карапаны тизелеринин ортосуна коюп алса болот. Мындай ыкмада баланын аркасы жакшы жөлөнөт. Энеси баласынын ийиндерин алдыга буруп, буттарын жамбаш сөөккө ашташкан жерлеринен бүгүп, ал эми тизелерин эки жакка каратып кармайт. Кийинчерээк баланы буга окшогон бурчтуу отургучка отургузуп коюу мүмкүн болушу ыктымал. Мындай отургуч да ийиндери менен колдорун алдыга буруп, буттарын жамбаш сөөккө ашташкан жерлеринен бүгүп кармоого балага жардам берет.
DVC Ch38 Page 343-5.PNG
illustration of the above: a corner seat.
Тизелерин эки жакка каратып кармоо үчүн 2 мамыча керек болушу мүмкүн
Картон жащиктен да отуруу үчүн мыкты жасалга жасоого болот. Балага табигый муктаждыктарын өз алдынча туура аткаруусуна мүмкүнчүлүк берүү үчүн, колуңузда бар түрдүү материалдарды жана ойлоп чыгаруу жөндөмүңүздү пайдаланыңыз.
DVC Ch38 Page 343-7.PNG
DVC Ch38 Page 343-8.PNG
DVC Ch38 Page 343-9.PNG
DVC Ch38 Page 343-10.PNG
Оор формадагы физикалык бузулуулары бар балдар үчүн “ажаткана орундуктарын” атайын түзүлүштөгү отургучтарга кошуп койсо болот.
illustration of the above: a chair with a shelf for a pot.
карапа үчүн текче
DVC Ch38 Page 343-12.png
Ажаткана орундугунун үстүнө коюп, анан ага кадимкидей эле отуруп алууну мүмкүн кыла турган атайын жаздыкча жасап алса болот. DVC Ch38 Page 343-13.PNG
Карапа үчүн текчени орнотуңуз.
Же болбосо, отургучтун астына орундук ажаткана бата тургандай ал жерин бош калтырыңыз.
Отура албаган бала үчүн шынаа сымал болгон мындай ажаткана орундугун жасаңыз. illustration of the above: wedge-shaped box with a hole in the top.
DVC Ch38 Page 344-2.PNG
Эски пластик чаканы даарат идиштин тешигинин астына тыгыз тургандай кылып, бурч менен кесип алууга болот. DVC Ch38 Page 344-3.png же болбосо, жерге коюп, оодарыла же аркасы менен жыла алган, бирок башка бирөөнүн жардамысыз отура же көтөрүлө албаган бала үчүн “даарат идиш” катары колдонсо болот. Бул жасалга балага табигый муктаждыктарын өз алдынча аткарып туруусуна жардам берет.
DVC Ch38 Page 344-4.PNG
Булчуң спастикасы бар же кыймылдарын бирдиктүү башкаруусу бузулган балага мындай отургуч жасап берсе болот. Чектөөч таягы бала отургучка отургузулгандан кийин орнотулат DVC Ch38 Page 344-5-a.png Мындай отургучту чаканын, ажаткананын жердеги тешигинин же орундук ажаткананын үстүнөн жайгаштыруу мүмкүн болгондой кылып жасоого болот.
Резинке дөңгөлөктөн турган ажаткана орундугу – жумшак, коопсуз, жууп койсо болот.
Резинке дөңгөлөктүн өзүн гана, же аны ажаткана тешигинин үстүнө коюп,
DVC Ch38 Page 344-8.png
DVC Ch38 Page 344-6.png
DVC Ch38 Page 344-7.png
Заара резинке дөңгөлөктүн ичине кирип кетпеши үчүн, аны машиненин камерасынын узун кесимдери менен тыгыз ороп салыңыз.
же орундук ажаткананын үстүнө орнотулчу, жыгач же металл түзүмгө коюп колдонсо болот.
Камыштан же ротангдан чогултулган ажаткана орундугу. Орнотулган таякчаларын карманып, ага чыкса болот
Эгер зарыл болсо, алдына алынма таякчаны кошуп коюңуз DVC Ch38 Page 344-9.png
Жыгачтан же ДСПдан жасалган жабык ажаткана
DVC Ch38 Page 344-10.png
wood toilet with removable back, seat, and potty holder.
баланын көтөнүн тазалоо үчүн, арты алып салынма
отурган жери алып салынма
Же болбосо, мындай орундук ажаткананы сырттагы кадимки ажаткананын тешигине коюп колдонсо болот.
карападагыны төгүп туруу ыңгайлуу болушу үчүн, карапаны кармагыч алынма
Ky DVC Ch38 Page 344-12.png

ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН! Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бала улам чоңойгон сайын табигый муктаждыктарын башка балдар сыяктуу эле дааратканада обочолонуп, өзүнчө аткарууга муктаж боло баштаганын сезет. Балага бул үчүн зарыл шарттарды түзүп бериңиз.




This page was updated:30 Дек 2025