Hesperian Health Guides

38-БӨЛҮМ: Даараткананы пайдаланганды үйрөтүү

Бул бөлүмдө:

“Даараткананы пайдаланганды үйрөтүү” дегенди балага кургак жана таза жүргөндү үйрөнүүсүнө жардам берүү деп түшүнүшүбүз керек. Бала табигый муктаждыктарын туура аткарууну үйрөнүп алды деп төмөнкү учурларда айтсак болот:

DVC Ch38 Page 337-1.PNG
  • Ал качан заара кылышы же заңдашы керек экенин билет жана кийимин же үйүнүн бир жерин булгап албай, “чыдай” турганды үйрөндү (табарсыгын жана ичегилерин башкара алат).
  • Заара кылгысы же заңдагысы келгенин үйдөгүлөрүнө айтып турат, же (эгер физикалык жактан буга жөндөмдүү болсо) . . .
  • өз алдынча бул үчүн атайын каралган жерге (ажатканага, атайын карапага, дааратканага же жок дегенде үйдөн чыгып сыртка) барат, чеччү кийимин чечет, «ишти» аткарат, андан кийин кадимкидей тазаланат, кийимин кайра кийет жана өзүнүн артынан тазалоо үчүн эмне кылуу керек болсо, аны аткарат.


“Даараткананы пайдаланганды үйрөтүү” балада өз алдынчалыкты жана өзүнө сый-урмат менен мамиле кылууну калыптандыруу үчүн маанилүү. Тилекке каршы, көп учурда буларды ден соолугу физикалык жана акыл-эс жактарынан чектелүү балдарга үйрөтүүнүн зарылчылыгы деле жок деп эсептелип жүрөт. 5, 10, атүгүл 15 жаш курагындагы балдар эмдигиче жалаякшым колдонорун, кийимин алмаштырууда жана тазаланууда эмдигиче үйдөгүлөрүнөн толук көз каранды болуп жүргөндөрүн көп көрөбүз. Мындай жагдай бала үчүн да, үй-бүлөсү үчүн да жакшы эмес. Ошол эле учурда, бир аз үйрөтүү жана ындынын көтөрүү жолдорунун жардамы менен мындай балдардын далайына бир нече эле күндө же жумада даараткананы пайдаланганды үйрөтүп коюу мүмкүн. Көбү муну көп жыл мурун эле үйрөнүп алмак.

Демейде, даараткананы пайдаланганды үйрөнүп алуу курагы ар бир баланыкы ар башка. Бул баланын жашаган жеринен, жергиликтүү үрп-адаттардан, балдар кийген кийимден (дегеле кийилсе) жана үй-бүлөсү баласына канчалык жардам береринен көз каранды. Эгер үйрөтүү иштери жакшы жүргүзүлсө, көбү эки же эки жарым жашка чейин эле шымдарын булгабай калышат. Эгер балага бул жакшы же такыр үйрөтүлбөсө, дени соо эле балдардын көпчүлүгү бул маанилүү ык-жөндөмдү 4 жашка чыгып калганда гана өздөштүрөт.

Өнүгүүсүндө артта калган же физикалык бузулуулары бар балдар заара кылгысы же заңдагысы келгенин башкаларга билдиргенди көбүнчө кеч үйрөнүшөт. Бир четинен, бул алардын ден соолугунун абалына байланыштуу, бирок көбүнчө муну үйрөнүп алуусуна ата-энеси баласына мүмкүнчүлүк түзбөгөндүгүнөн, буга көндүрбөгөндүгүнөн, жардам бербегендигинен улам орун алат. Мисалы, акыл-эсинин өрчүүсү артта калган 10 жашар мексикалык дүлөй бир бала жалаякшымын эмдигиче которуп берип турган апасынан толугу менен көз каранды эле. Апасы даараткананы өз алдынча пайдалануу баласынын колунан келбейт деп эсептеп, ага бул ык-жөндөмдү үйрөтүүгө эч качан чындап аракет кылган эмес.

Бирок айылындагы реабилитациялык борбордун кызматкеринин бир аз жардамы менен эле бала 3 (!) күндө даараткананы пайдаланганды үйрөнүп алган. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга даараткананы мүмкүн болушунча өз алдынча пайдаланууга жарамдуу болуусуна жардам берүүгө тийишпиз. Эгер аларга жардам берсек, акыл-эсинин өрчүүсү артта калган жана физикалык бузулуулары бар балдар бул ык-жөндөмдү 3–5 жашка чыкканга чейин эле өздөштүрүшөт.

Албетте, оор физикалык бузулуулары бар балдар кийимин чечип-кийүүсүнө же заара кылынчу карапасына жетип ага отуруусуна жардам берүүгө дайыма муктаж болушат. Бирок алар заара кылгысы же заңдагысы келгенин башкаларга билдирүүнү жана карапасына отургузгуча бир аз “чыдай” турууну үйрөнө алышат.

Жүлүн чуркусунан же жүлүн жабыркоодон улам табарсыгын жана ичегилерин башкара албаган балдардын көйгөйлөрү өзгөчө. Бирок атүгүл мындай балдар да көп учурда табарсык менен ичегилерин белгилүү бир даражада башкарганды үйрөнүп, мурункуга салыштырмалуу көбүрөөк же толук өз алдынчалыкка жете алышат. Мындай балдардын өзгөчө көйгөйлөрү жана алар үчүн керек тренингдер 25-бөлүмдө талкууланат.




This page was updated:30 Дек 2025