Hesperian Health Guides
40-БӨЛҮМ: Кантип баланын жүрүм-турумун оңдоп, үйрөнүүсүн жакшыртса болот
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 40-БӨЛҮМ: Кантип баланын жүрүм-турумун оңдоп, үйрөнүүсүн жакшыртса болот
| “Раулду эмдигиче өзүм кашыктан тамактандырууга аргасызмын. Анткени ал өз алдынча тамактанганда, тамагын чачып салмайы бар. Аны канчалык көп жазаласам, анын жүрүм-туруму ошончолук бузулат.” | |
| “Эриканы атүгүл бир эле мүнөткө колуман түшүрсөм, ал өкүрүп-бакырып ыйлап баштайт. Эгер аны чоочун адамдар бар бир жерге алып барсам, күнүмдү ого бетер түгөтөт. Мисалы, кызымды сайдын жээгине ала барганда, анын өкүрүп-бакырмайы башталып, мага кир жууганга такыр мүмкүнчүлүк бербейт.” | |
| Жорж үйдөн же мектептен башка балдарга тийишип, дайыма урушту баштайт же башка ээнбаштыкка жол берет. Четтен караганда, Жорж башкалардын ачуусун келтирүүдөн кадимкидей ырахат алгандай сезилет.” |
Дени соо балдардын да, ден соолугу бузук балдардын да жүрүм-туруму бузулушу мүмкүн. Бирок өзгөчө муктаждыктары бар балдардын кээ бирлери өзүн туура алып жүрүү эрежелерин үйрөнө албай көбүрөөк кыйналышат. Акыл-эси өрчүүсү артта калган баланын жүрүм-турумунун начардыгы ата-энесинин жана айланасындагылардын талаптары ага так эмес жеткирилишинен же бир бирине каршы келүүсүнөн улам болушу мүмкүн. Физикалык бузулуулары бар балдар кээде чыргоолоно беришет же аларга бөтөнчө көңүл бурууну талап кылышат, анткени алар башкалардын жардамынан көз каранды. Алардын өзүнө ишеними жетишсиз болуп, башкалар аларды унутуп коёт деп коркушат. Бир четинен, өзүн тынч жана жакшы алып жүргөндө, аларга эч ким көңүл бурбайт экен деп түшүнгөн балдар, башкаларды аларга көңүл бурдуруу үчүн, атайылап ээнбаштык кыла башташы мүмкүн.
Негизи, эгер балдар улам-улам ээнбаштык кыла беришсе, демек алар мындай жүрүм-турумунан өзүнө кандайдыр бир пайда көрүшөт болуш керек. Андыктан, аларга өздөрүн туура алып жүрүүнү “НАЧАР” ЖҮРҮМ-ТУРУМГА САЛЫШТЫРМАЛУУ “ЖАКШЫ” ЖҮРҮМ-ТУРУМ КӨБҮРӨӨК КУБАНЫЧ ЖАНА ПАЙДА АЛЫП КЕЛЕРИН ДААНА КӨРСӨТҮП ЖЕТКИРҮҮ аркылуу гана үйрөтүүгө болот.
Биз бул бөлүмдө “бихевиористтик ыкманын” негизинде бул максатка жетүүнүн педагогикалык ыкмаларын карайбыз. Бул ыкмаларды 5 баскычка бөлсө болот:
- Кандай шарттарда баланын жүрүм-туруму бузуларына ыклас коюп көңүл буруңуз.
- Мындай жүрүм-турумунун себебин түшүнүүгө аракет кылыңыз.
- Баланын муктаждыктарына жана анын өрчүп өнүгүүсүнүн деңгээлине туура келген педагогикалык максат коюңуз.
- Бул максатка бара-бара (кичине кадамдар менен) жетүүнүн системин ойлонуштуруңуз. Мындай систем боюнча, бала «жакшы” жүрүм-туруму үчүн сыйланып кызыктырылып турушу керек, ал эми “начар” жүрүм-турумунан эч кандай пайда (ырахат, башкалар ага көңүл буруусун жана сыйлануу) көрбөөгө тийиш.
- Баланын жүрүм-туруму жакшырганда, аны менен демейкидей эле (анчалык пландаштырылбаган) катнашууга бара-бара өтүңүз.