Hesperian Health Guides
39-БӨЛҮМ: Киринтүү
Такай киринип туруу – бардык балдар үчүн маанилүү. Бирок физикалык мүмкүнчүлүктөрү абдан чектелүү баланы киринтүү көп учурда оңой болбойт. Булчуңдарында спастика бар, ал эми тизелери бир бирине кептелип кармалган баланы киринтүү абдан оор. Бала чоңоюп, салмагы улам көбөйгөн сайын, кыйынчылыктар да көбөйөт. Төмөндө, баланы киринтүүнү жеңилдетүүчү жасалгалардын жана ыкмалардын кээ бирлери келтирилген.
Эмчектеги же жаш баланы тепшиде киринткен ыңгайлуу.
| Буга окшогон, силерге ылайыктуу тепшини саман кошулган чоподон, кургатылган чопо кыштан же кадимки кыштан тургузуп, бетин цементтин жука катмары менен каптап жасаса болот. | Денеси чыңалып, артын көздөй ийилип кала берген, же аны көтөргөндө колдору туш-тушка сунулуп калган баланы кармоо үчүн ушундай ыкма ыңгайлуу. |
| Киринткенде денеси чыңалып, артын көздөй ийилип калмайы бар, эмчектеги баланы ушундай көтөрүп кармоого болот. | |
| Эне баласын бети цементтелген тепшиде киринтип жатат. (PROJIMO) | |
| Буттарын этияттык менен мүмкүн болушунча бир биринен алыстатып, чатын жууңуз. Колдорун башынан өйдө көтөрүңүз. Мындай ыкманын жардамы менен, бир эле убакта баланы киринтип, аны менен муундардын толук көлөмдө кыймылдоо ийкемдигин сактоочу көнүгүүлөрдү (42-бөлүм) аткарса болот. |
Бала чоңойгон сайын, киринтүүсүнө аны улам көбүрөөк катыштырууга аракет кылыңыз. Улам көбүрөөгүн өзү аткаруусуна балага жардам бериңиз. Балким бир күнү, эгер бул мүмкүн болсо, ал башка бирөөнүн жардамысыз эле өз алдынча киринип калат.
Баланын физикалык мүмкүнчүлүктөрү кыйла чектелүү же ал өнүгүүсүндө өтө артта калган болсо да, биздин максатыбыз – балага ӨЗ АЛДЫНЧА КИРИНГЕНДИ үйрөтүү болуш керек.
Далай балдар денесинин тең салмактыгын жакшы сактай алышпайт, атүгүл отурган абалында да. Денесинин тең салмактыгын жана абалын сактоого, жана дегеле денесин башкаруусун жеңилдетүүгө жардам берген жасалгалар аны киринтүүнү да жеңилдетет. Мында, балага денесин жакшыраак башкаруусуна көмөк берүүчү каражаттар жана сунуштар келтирилген.
| Денеси чыңалып, артын көздөй ийилип кала бергендиктен отура албаган балага киринтүү учурунда аркасына кандайдыр бир жөлөк керек. |
ЭСКЕРТҮҮ! Суу таза болсун жана андан оору жукпасын. |
| эски автоунаанын 2 резинке дөңгөлөгү же камерасы (бир бирине байланып турат) | Эскертме: Жамбаш сөөк - кашка жилик муундарын бүгүлгөн абалында кармаган бардык каражаттар – сүрөттөгүдөй – булчуңдарында спастикасы бар баланын денесин чыңалып, артын көздөй ийилип калуусунан сактайт. |
| Ичегилерин (заңдоосун) же табарсыгын жакшы башкара албаган баланын жамбашын жана чатын абдан кылдат сүртүп тазалоо керек. Баланы жерге сайылган ачалуу түркүктөргө орнотулган автоунаанын камерасына отургузуп, денесин тазаласа болот. |
| пластик чаканын же кир салынчу себеттин жарымынан жасалган, алкагы түтүктөрдөн турган, киринүү үчүн отургуч | отурган жери автоунаанын камерасынын кесимдеринен согулган отургуч | |
| Түтүктөргө айланта ийип коюу үчүн, кырларын ысытыңыз. | UPKARAN колдонмосунан | |
| жаткан абалында киринген (же киринтилген) бала үчүн такталардан жасалган түзүлүш | эски автоунаанын камерасынан жасалган, суу өткөрбөөчү жаздыкча
Четтерин резиңке жабыштырчу атайын желим менен жабыштырыңыз.
| |
| Эгер бала буюмдарды жакшы кармай албаса, сүлгүрдүн (же түктүү “липучка” илмегинин) кесиминен жасалган колкаптын жардамы менен самындануу оңоюраак болот. |
Баланы киринтүү анда түрдүү ык-жөндөмдөрдү өрчүтүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк ачат. Бала сууда оюнчуктары менен ойноосуна, сиз айткан сөздөрдү кайталоосуна жана сиздин кыймыл аракеттериңизди тууроосуна аракет кылыңыз. Губка менен чүпүрөктүн, кургак, суу жана самындуунун ортосундагы айырманы сезсин. Бир убакта эки колун тең пайдаланганды үйрөнүүсү үчүн, губкадан суусун сыксын.
Өз алдынча кирингенди үйрөнүүсү үчүн, бала адегенде куурчакты же оюнчукту киринтсин. Муну кандай кылуу керектигин ага көрсөтүп, сиздин кыймыл аракеттериңизди тууроосун андан сураңыз.
Эгер бала суудан корксо, адегенде куурчакты же оюнчукту киринтүү сунушу баланы суудан чочулоодон арылтышы мүмкүн.
Сууда калкыган оюнчуктар баланы киринтүүнү кызыктуурак кылат. Ал үчүн бөтөлкөнүн тыгынын, майда жыгачты же бөтөлкөнүн пластик капкагын колдонуңуз. Түркүгүнө желпилдеген кездеме тагылган же дөңгөлөк сымал калактары бар кайык жасап берсеңиз, бала андан чоң ырахат алат жана колдорун жакшыраак пайдаланганды үйрөнүүсүнө жардам берет. Эриндери алсыз же улам шилекейи чубулжуп турган бала кайыктагы кездемени үйлөп, аны ары-бери сүздүртүп, ойной алат.
Денени кыймылдатуу функциясында бузулуусу бар же булчуңдары алсыз бала үчүн оюнчуктар менен суудан тышкары ойногонго салыштырмалуу аларды сууга салып алып ойногон оңоюраак.
Баланы сүртүүнү да аны өнүктүрүүчү оюнга айлантса болот. Баланы бети одуракай кездеме же сүлгүр менен бирде аз-маз тийгизип, бирде катуу-катуу сүртүңүз. Денесинин сүртүлүп жаткан бөлүгүн атынан атап берип туруңуз. Баланы киринтип жана сүртүп жатып, кылган ар бир кыймыл аракетиңизди ага айтып же ырдап берип туруңуз! Сүлгүрдү музыканын тактына жараша кыймылдатыңыз, бала да сиз менен кошо кыймылдоосуна аны кызыктырыңыз. Бул процессти баланын өнүгүүсү үчүн пайдалуу жана балага кызыктуу кылуу үчүн, ойлоп чыгаруу жөндөмдүүлүгүңүздү болушунча пайдаланыңыз.
Баланы киринтүүнү ага жаңы ык-жөндөмдөрдү үйрөтүү жана оюн үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүк катары колдонуңуз.