Hesperian Health Guides

ТИШ МЕНЕН БҮЙЛӨГӨ КАМ КӨРҮҮ

Бул бөлүмдө:

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын көбүнүн тиштеринде жана бүйлөсүндө оорулар пайда болот. Мунун себептери көп:

  • Ооз жана тил булчуңдарын жакшы кыймылдата албаган балдардын тиштери менен бүйлөсүнө тамак жабышып, тили кадимкидей ары-бери кыймылдап турбагандыктан, тазаланбай калат.
  • Мындай балдардын көбүн (тамактануусунда атүгүл эч көйгөйү жокторду да) “чоң кишилердин катуураак жажана одуракайыраак тамактары” менен эбак эле азыктандыра баштагандын ордуна “ымыркайлардын жумшак жана жабышчаак тамактары“ менен азыктандырууну уланта беришет. Андан алардын бүйлөсү жумшак жана алсыз бойдон калат.
  • Кээде мындай балдарды эркелетип, аларга ашыкча таттуу тамак берип, тиштерин ого бетер бузушат.
  • Талмага (эпилепсияда) каршы дарылардын кээ бирлеринен бүйлө шишип, ал ооруй баштайт.
  • Кээ бир балдардын тиштерин жана бүйлөсүн дарылоо оор болот – айрыкча церебралдык шалдыгы барлардын. Айрым тиш доктурлар мындай балдарды дарылоодон баш тартышат


Андыктан, биз ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланын тиштери жана бүйлөсү таза жана бекем абалында сакталуусун камсыз кылышыбыз керек.

ТИШТЕР МЕНЕН БҮЙЛӨГӨ КАМ КӨРҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИ

1. Балдарга курамында шекери көп азыктарды жана суусундуктарды берүүдөн оолак болуңуз – айрыкча тамактануулардын ортолорунда.
2. SБала катуу тамакты жегенге жарар замат ага ушундай азыктарды бере баштаңыз. Куурулган нан, жука кургак печений (“крекер”), сабиз, чийки мөмөлөр, ж.б.у.с., тиштер менен бүйлөнү тазалоочу азыктар пайдалуу.
3. Мүмкүн болушунча ар бир тамактануусунан кийин тиштери менен бүйлөсүн тазалап туруңуз.
Баланын тиши чыга электе бүйлөсүн манжаңызга жумшак кездеме ороп алып тазалап туруңуз. Адегенде кездемени бир аз туз же ашкана соодасы кошулган кайнак сууга жакшылап малып алыңыз
ТУУРА ТУУРА ЭМЕС
illustration of the below: the right position for cleaning a child's teeth.
illustration of the below: the wrong position for cleaning a child's teeth.
Мында баланын тиштери менен бүйлөсүн тазалоо үчүн ыңгайлуу абал көрсөтүлгөн. Эгер башы артка чалкалаган абалында кармалса, ал какап калышы же кузуп жибериши мүмкүн.
Баланын тиши чыкканда, кичинекей жумшак щётка менен тазалап туруңуз. Же кичинекей таякчага калың кездеменин же сүлгүрдүн бөлүгүн ороп алып, аны колдонуңуз.
DVC Ch39 Page 348-3.png
Же болбосо, ылайыктуу дарактын же уулуу эмес башка бир өсүмдүктүн кичинекей бутагын пайдаланыңыз.
DVC Ch39 Page 348-4.png
Таякчанын бир учун учтап, тиш чукугуч жасаңыз.
Башка учун жанчып, үрпөйтүп, “щёткага” айлантыңыз.



Тиш тазалоочу пастанын анчалык деле зарылчылыгы жок. Анын ордуна туз, ашкана соодасы менен аралаштырылган туз, же адегенде күйгүзүлүп, анан майдаланган кадимки нан, тандыр нан же суу колдонуңуз.

Тиштердин бардык беттерин жакшылап тазалаңыз. Андан тышкары, бүйлөсүн да сүртүүнү унутпаңыз.

DVC Ch39 Page 348-5.png
Эгер тиштерин тазалап туруусу үчүн балага муктаждыктарына ылайыкталган атайын жай жасап берсеңиз, ал тиштерин өзү эле такай тазалап турат.
4. Тиштери менен бүйлөсүн мүмкүн болушунча өзү тазалап турууну үйрөнүүсүнө балага жардам бериңиз. Адегенде баланын колдорун багыттап көрсөтсөңүз болот, андан кийин бала барган сайын улам көбүрөөгүн өзү жазасын. Колунан келгенде, аны мактаңыз.



ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН! Тиштерди тазалоо канчалык маанилүү болсо, бүйлөнү тазалоо да ошончолук маанилүү.

Кошумча маалыматты Where There Is No Dentist (Тиш доктур жок жерде эмне кылуу керек) деп аталган китептин “Тиштер менен бүйлөгө кам көрүү” деген аталыштагы 5-бөлүмүн караңыз.




This page was updated:30 Дек 2025