Hesperian Health Guides

КАРЫШУУЛАРГА КАРШЫ КОЛДОНУЛУУЧУ ДАРЫЛАР

Бул бөлүмдө:

Эпилепсиядан айыктыра турган бир да дары жок. Бирок такай кабыл алынганда талманын кармоосун балдардын көпчүлүгүндө жеңилдетүүчү же болтурбоочу дарылар бар. Талмасы кармай берсе – бул жылдап же өмүр бою созулушу мүмкүн – бала эпилепсияга каршы колдонулуучу дарыларды кабыл алууну токтотпой улантууга тийиш.

Туура тандалган дарыларды узак убакыт кабыл алганда, кээде бала илдетинен толугу менен айыгып кеткендей, ка- рыштыруучу талмалары биротоло токтоп калгандай сезилет. Бирок бул эгер дарылоону токтотсо, эпилепсиясы кайрадан жанданбайт дегенди билбирбейт. Ушул себептен, эгер мурун талмасы бат-бат кармап турган болсо, кармаган акыркы талмасынан 2 жылдан кем эмес убакыт өтмөйүнчө бала дарыны кабыл алууну токтотпоого тийиш. Ошондон кийин гана, адегенде дарынын дозасын бара-бара азайтып, андан соң кабыл алууну токтотуп, дарыны кайрадан кабыл алуу керек же керек эмес экенин аныктоо үчүн, балага байкоо жүргүзүү зарыл болот. Балдардын көпчүлүгүндө талма дарынын доза- сын азайтуу баскычында же аны токтоткондон кийин бир айдын ичинде кайрадан кармай баштайт. Дарыны кайрадан та- кай кабыл алууга кайтуу жана анын дозасын кадимки көлөмүнө чейин көбөйтүү демейде карыштыруучу талманы кайра- дан көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүк берет.

2 kids holding child with epilepsy by the hand helping him cross a log bridge

Дарыларды тандоо

Дары баланын карыштыруучу талмасынын түрүнө жараша тандалууга тийиш. Конкреттүү балада карышуулардын кайсы түрү кармоосун тагыраак аныктоо үчүн, талмасынын мүмкүн болушунча толугураак сүрөттөлүшүн алуу керек.

Эпилепсиясы бар бала үчүн эң мыкты дарынын (же дарылардын) төмөнкүдөй сапаттары бар болууга тийиш:

  • эффективдүүлүк (талманы карматпайт);
  • коопсуздук (терс таасирлери аз);
  • баасы кымбат эмес (анткени аны жылдап кабыл алуу талап кылынат);
  • кабыл алуу ыңгайлуулугу (таасири узак убактылуу болгондуктан, аны күнүнө көп маал кабыл алуу талап кылынбайт);
  • жеткиликтүүлүк.
ЭСКЕРТҮҮ! Дарыларды тандоодо өзгөчө этияттык талап кылынат. Бала үчүн эң пайдалуу, ал эми терс таасирлери эң аз болушу үчүн, балага өз дарысын тандап берүү керек. Бала дайыма уйкусуроодон, башы тегеренүүдөн, шалдыроодон же көңүл коштуктан жапаа чекпеши үчүн, ага дарынын өтө чоң дозаларын бербөөгө аракет кылыңыз. Бириндеген сейрек талмалар олуттуу терс таасирлери менен коштолуусуна же баланын башка балдар менен ойноо жана катнашуу, мектепте окуу жана кадимкидей эле тиричилик кылуу жөндөмдүүлүктөрүн бир кыйла азайтууга алып келген агрессивдүү дарылык терапияга салыштырмалуу коопсузураак.

Эпилепсияны дарылоо үчүн карышууларга каршы бир катар дарылар колдонулат. Талмалардын бир түрүн көзөмөлгө алуу үчүн, мындай дарылардын бир тобу эң ылайык болсо, башка түрү үчүн – дарылардын башка тобу ылайык. Талма- лардын кээ бир түрлөрүндө эки же андан көп дарыны айкалыштырып чогуу колдонуу талап кылынат. Балдардын бирин- де талмасын көзөмөлгө алуу жеңил болсо, башкалардын талмасын дарылоо оор болот. Кээде, эң эффективдүү дарылоо ыкмасын табуу үчүн, карышууларга каршы дарылардын далай түрлөрүн жана бир нечесин чогуу биринин артынан бирин колдонуп көрүүгө туура келет. Кээ бир учурларда эч бир дарынын жардамы менен талманын алдын алуу мүмкүн эмес болот.


ЭСКЕРТҮҮ! Карышууларга каршы колдонулуучу дарыны кабыл алууну токтотуу же башкасына өтүү бара-бара кылынууга тийиш. Кабыл алууну капыстан токтотуу же дарыны чукул алмаштыруу талманы күчөтүп жибериши мүмкүн. Мисалы, эгер бала бир нече күн бою фенобарбитал кабыл алган болсо, анын дозасын 2 айдан кем эмес мөөнөттүн ичинде бара-бара азайтып отуруп токтотуу талап кылынат. Мындан тышкары, жаңы дары толук көлөмүндө таасир бере башташы үчүн, бир нече күн керек.


Терапиялык ыкманы тандоодо балада карыштыруучу талманын кайсы түрү кармарын аныктоо абдан маанилүү.

Тандоо дарынын жеткиликтүүлүгүнөн жана анын баасынан да көз каранды. Мисалы, генералдашкан тоникалык-клоникалык же “чоң” талманы вальпроат же карбамазепин (же окскарбазепин) дарысы менен көзөмөлгө алуу баарынан артык.

Абсанстарды демейде этосуксимид же вальпроат жакшы көзөмөлгө алат. Неонаталдык карышууларды фенобарбитал баарынан артык дарылайт. Илгертен, карыштыруучу талмалардын көпчүлүк түрлөрүнө каршы фенобарбитал жана фенитоин биринчи колдонулуучу дарылар катары пайдаланылып келген, бирок бул дарылар эффективдүү болгонуна карабастан, адамдын когнитивдик функцияларына чоң таасирин тийгизет. Бул дарылар бардык жерлерде жеткиликтүү, жакшы иштейт, бирок алардын бир топ терс таасирлери бар. Эгер башка, альтернативдүү дарыларды кабыл алуу мүмкүн болсо, ошолорду сунуш кылуу керек. Фенобарбиталдын жана фенитоиндин когнитивдик функцияларга терс таасири чоң болушу мүмкүн. Эпилепсияны дарылоодо үй-бүлө мүчөлөрүнө терапиялык режимди сактоонун эрежелерин: дарыны күнүгө, кээде, дайындалган дарынын түрүнө жараша, күнүнө бир нече маал кабыл алууну, андан тышкары, эпилепсияга каршы дарыларды колдонуу учурунда кармаган талманы токтотуу иш-аракеттерин үйрөтүү абдан чоң мааниге ээ. Мындан тышкары, кээ бир дарылар менен дарыланганда, мезгил-мезгили менен лабораториялык изилдөөдөн өтүп туруу: мезгил-мезгили менен кандын формуласын же боордун функциясын текшерип туруу талап кылынат. Мисалы, вальпрой кычкылдыгын кабыл алып турган балдар үчүн адегенде дарылоону баштоодон мурун, дарылап баштоодон 6 жума жана 6 ай өткөндөн кийин боордун функциясынын биохимиялык көрсөткүчтөрүн текшертип аныктоо керек. Эгер бул көрсөткүчтөрдүн баары нормалдуу болсо, мындай текшерүүлөрдү андан ары аткаруу талап кылынбайт.

Дарыны жана анын дозасын тандоонун максаты – илдетти бир же эки дарынын жардамы менен оптималдуу түрдө көзөмөлгө алууга жетишүү, терс таасирлери минималдуу, баасы үй-бүлө үчүн кабыл алгылыктуу болушун камсыз кылуу. Акыркы учурларда вальпроат, ламотриджин, окскарбазепин жана леветирацетам сыяктуу жаңы дарылар жакыр өлкөлөрдүн көбүндө улам жеткиликтүүрөөк жана баасы арзаныраак боло баштады.

ЭСКЕРТҮҮ! Бала какап калбашы үчүн, дарысын ал аркасында жаткан же башын чалкалаткан абалында бербеңиз. Дайыма башы бир аз көтөрүлүп жана бир аз алдыга эңкейип туруусун камсыз кылыңыз. Дарысын талмасы кармаган учурда, уктап жаткан же эсин жоготкон абалында эч качан оозу аркылуу бербеңиз.

Демейде, дарылоону карышууларга каршы колдонулуучу бир дарыдан башташып, анын дозасын сунуш кылынган эң чоң өлчөмүнө чейин болжол менен 2 жуманын ичинде бара-бара көбөйтүшөт. Дары балада кармаган талманын түрүнө жараша тандалат. Жаңы дарыны дарылоо нугуна киргизүү узактыгы жана анын дозасын эффективдүү деңгээлине жеткирүү мөөнөтү дарынын өзүнө жараша ар түрдүү. Балдардын болжол менен 80%ында талманы бир эле дарынын жардамы менен мыкты көзөмөлгө алуу мүмкүн. Мисалы, сиз баланы вальпроат менен дарылап баштап, дозасын 20мг-га/кг/күн чейин көбөйтүп (демейде бир күндүк дозасы күнүнө 2 маал берүү үчүн экиге бөлүнөт), оң натыйжага минтип жеткен бекениңерге байкоо жүргүзөсүз. Эгер жетпесеңер, дозасын 30мг-га/кг/күн же атүгүл 40 мг-га/кг/күн чейин көбөйтсө болот, эгер зарыл болсо. Эгер дозасын максималдуу өлчөмүнө жеткирип, бирок талманы ойдогудай көзөмөлгө алууга жетишпесеңер, талманын түрүн туура аныктадыңар бекенин текшериңиз, же карышууларга каршы колдонулуучу башка дарыны кошуңуз. Эгер вальпроатка эпилепсияга каршы колдонулуучу дагы башка дарыны кошуп берүүнү чечсеңиз, анда дозасын кайрадан тууралоо (эгер ламотриджинди кошсоңуз) талап кылынат, бирок эгер леветирацетамды (Кеппра) кошсоңуз, дозасын тууралоо талап кылынбашы мүмкүн.

A skull with cross bones

ЭСКЕРТҮҮ! Эпилепсияга каршы колдонулуучу дарылардын бардыгы өтө чоң дозаларда адамдын өмүрү үчүн коркунучтуу. Дозаларына болгон талаптарды катуу карманып, дарыларды балдар жетпеген жерде сактаңыз.



ЭПИЛЕПСИЯГА КАРШЫ КОЛДОНУЛУУЧУ ДАРЫЛАРДЫ КАБЫЛ АЛУУДАГЫ ДОЗАЛАР ЖАНА САКТЫК ЧАРАЛАР
Фенобарбитал (фенобарбитон, Люминал)
Талмалардын бардык түрлөрү үчүн. Чыгаруу формасы:
15 мг-дык таблеткалар 30 мг-дык таблеткалар (100 мг-дык таблеткаларды алып, аларды бөлүп берген арзаныраак.)
60 мг-дык таблеткалар 100 мг-дык таблеткалар
'Дозасы: Сатыктагы таблеткалардын чоңдуктары ар түрдүү болгондуктан, дозасы миллиграм (мг) түрүндө берилет.

Көбүнчө, бир күндүк дозасы дененин салмагынын ар бир килограммы үчүн 3төн 8 мг-га чейин (3–8 мг/кг/сутки). Демейде күнүнө 2 маал (эртең менен жана кечинде) кабыл алуу үчүн бөлүнөт:

Дарыны күнүнө 2 маал бериңиз. Бир маалдык дозасы:
12 жаштан өткөн балдар 50–150 мг
7–12 жаштагы балдар 25–50 мг
7 жашка чейинки балдар 10–25 мг
'Кээ бир балдарга дарысын күнүнө 2 маал бергендин ордуна, 1 маал эле берген мыктыраак. Эки эселик дозаны 1 маал уктаар алдында бериңиз. Бирок эгер талмасы кайра жанданса, же бала уйкуга кире албай жана уктап атып улам ойгонуп кетип кыйналса, дарысын күнүнө 2 маал кадимки дозаларында берүүгө кайтыңыз.
ТЕРС ТААСИРЛЕРИ ЖАНА АБАЛ ООРЛОО

ЭСКЕРТҮҮ! Баш тегеренүү, каректер ары-бери тез кыймылдоо, көзгө кош көрүнүү жана абдан уйку келе берүү болбошуна көзөмөл жүргүзүңүз. Бул белгилердин бири пайда болору менен дозасын азайтыңыз. Булар – мээнин оң- долгус болуп бузулушуна алып келиши мүмкүн делген, дарынын токсикалык таасиринин биринчи белгилери.

  • Өтө чоң дозасынан баланын уйкусу келе бериши же дем алуусу жайлашы мүмкүн.
  • Абдан активдүү балдардын айрымдары гиперактивдүү болуп кетишет, же алардын жүрүм-туруму бузулат.
  • Кээде жеңил формада баш тегеренүү, каректер тез кыймылдоо жана териге исиркектер чыгуу байкалат.
  • Сөөктөрдүн өсүүсүнө байланышкан көйгөйлөр пайда болушу мүмкүн, айрыкча акыл-эси өрчүүсү жай жүргөн балдарда. D витаминин кошумча кабыл алуу жардам бериши мүмкүн.
  • Ачуу даамдануу. Таблетканы күлгө чейин майдалап, бал же варенье менен кошо берүүгө болот.
  • Көз карандылыкты жаратат.
ЭСКЕРТҮҮ! Эгер сиз 100 мг-дык таблеткаларды колдонсоңуз, үйдөгүлөрдүн бардыгына мындай таблеткаларды бөлүп берүү керек экенин жакшылап түшүндүрүп, андан соң баары муну туура түшүнгөнүн текшериңиз. Адегенде аларга муну кантип аткаруу керек экенин көрсөтүңүз. Андан кийин алар муну сиздин алдында кайталасын.
A whole tablet and a tablet broken into four pieces
Эгер кичине бөлүгүн бергендин ордуна бир бүтүн таблетканы берсе, бала ууланышы мүмкүн..
skull and cross bones
Карбамазепин (Тегретол)
Талманын көптөгөн түрлөрүнө каршы экинчи ирээтте тандалуучу же башка дары менен чогуу берилүүчү дары катары эффективдүү. Карбамазепин “психомотордук” талмаларга каршы өзгөчө эффективдүү. Кемчилиги – баасы кымбат.
Чыгаруу формасы: 100 мг-дык же 200 мг-дык таблеткалар.
Дозалары: 10–25 мг/кг/күн, күнүнө 2–4 маал берүү үчүн бөлүнүп берилет. Же төмөнкү бир күндүк дозалардан, аларды күнүнө 4 маал кабыл алуу үчүн бөлүп алып баштагыла:
10–15 жаштагы балдар 200 мг
5–10 жаштагы балдар 150 мг
1–5 жаштагы балдар 100 мг
1 жашка чейинки балдар 50 мг
Карбамазепиндин дозасын ар бир бала үчүн өзүнчө тандоо керек. Талманын алдын алууга канчалык жакшы жетишкениңизге жараша, анын дозасын 30 мг-га/кг/күн чейин (бирок мындан көп эмес) көбөйтсө же 10 мг-га/кг/күн чейин азайтса болот. Талманын алдын алууга жарактуу эң кичине дозасын карманууга аракет кылгыла (эң кичине эффективдүү дозасы).
ТЕРС ТААСИРЛЕРИ ЖАНА АБАЛ ООРЛОО
Сейрек учурларда боор жабыркоо, кан уюу жөндөмдүүлүгү азаюу же оор формада териге бир нерсе чыгуу мүмкүн. Эгер териге исиркектер чыкса, дарыны кабыл алууну токтотуп, альтернативдүү дарыга өтүү зарыл. Абдан сейрек учурларда териде көптөгөн исиркектердин жана жарылып турган ыйлаакчалардын пайда болушу менен коштолгон Стивенс – Жонсон синдрому деп аталган абал өрчүшү ыктымал. Бул баланы интенсивдүү терапия бөлүмүнө жаткырууну талап кылган, анын өмүрү үчүн абдан кооптуу жагдай.

Эгер бала үчүн карбамазепиндин дозасы өтө эле чоң болсо, анын башы тегерене башташы, басканы туруктуу болбой калышы же ал кусушу мүмкүн. Айрым өлкөлөрдө лабораторияда дарынын кандагы көлөмүн аныктоо мүмкүн. Бул дарынын эффективдүү жана коопсуз дозасын тандоого дарыгерге жардам бере алат.
Фенитоин (дифенилгидантоин, Дилантин)
Талманын көптөгөн түрлөрү үчүн, бирок бала денесинин тең салмактыгын капыстан жоготуп, башын ийкеп, тулкусун эңкейтип, колун сунун жиберүүсү (баланы алдыга, артка же капталына “ыргытып” салгансыйт) менен коштолгон кыска убактылуу түрлөрү жана бала капыстан токтоп, бир жерди тиктеп “катып” калуусу, көздөрүн ирметүүсү же тез кыймылдатуусу менен коштолгон “кичи талмалар” үчүн эмес.
Чыгаруу формасы: 25мг-дык, 50 мг-дык жана 100 мг-дык капсулдар же таблеткалар ар 5 мл-инде 125 мг (1 чай кашык) фенитоини бар сироп.
Дозалары: 5–10 мг/кг/күн, 2 маал кабыл алуу үчүн бөлүнүп берилет, бирок бир күнүнө 300 мг-дан ашпайт.

Төмөнкү дозадан, күнүнө бир маал берүүдөн баштаңыз:
12 жаштан өткөн балдар 100-300 мг
7–12 жаштагы балдар 100 мг
6 жаштагы жана ага чейинки балдар 50 мг
2 жумадан кийин, эгер талма толук көзөмөлгө алынбаса, дозасын бара-бара көбөйтсө болот, бирок 2 эседен ашпоо зарыл. “Жетишсиз” менен “өтө эле чоң дозанын” ортосундагы айырма абдан кичинекей болушу мүмкүн.

Эгер карыштыруучу талманы көзөмөлгө алууга жетишсеңиз, бирок олуттуу терс таасирлери байкалып жатса, дозасын бир аз төмөндөтүп көрсө болот. Бирок дозасын төмөндөтүү талманын кайра жандануусуна алып келиши мүмкүн.
ТЕРС ТААСИРЛЕРИ ЖАНА АБАЛ ООРЛОО
Баш тегеренүү, каректер ары-бери тез кыймылдоо, көзгө кош көрүнүү жана абдан уйку келе берүү болбошуна көзөмөл жүргүзүңүз. Бул белгилердин бири пайда болору менен дозасын азайтыңыз. Булар – мээнин оңдолгус болуп бузулушуна алып келиши мүмкүн делген, дарынын токсикалык таасиринин биринчи белгилери.
  • Фенитоинди узак мөөнөт кабыл алганда, көп учурда бүйлө шишип, аномалдуу түрдө чоңоюп кетет. Муну ооздун ичин жакшылап кароо аркылуу азайтууга болот. Бала тамактангандан кийин тиштерин жана бүйлөсүн жакшылап тазалап туруусун камсыз кылыңыз. Эгер бала муну өз алдынча аткара албаса, ага жардам бериңиз, же андан да мыктысы – муну кылууну ага үйрөтүңүз. Эгер бүйлө олуттуу түрдө жабыркап калса, дарыны алмаштырууну ойлонуштуруңуз. (Where There Is No Dentist (Тиш доктур жок жерде эмне кылуу керек) деп аталган китептин 109-бетин караңыз.)
  • Кээде башка терс таасирлери: денеде түк өсүү күчөө, табит жоголуу, кусуу орун алат.
  • Чоң дозалары боорду жабыркатышы мүмкүн.
  • Кээде сөөктөрдүн өсүүсүнө байланыштуу көйгөйлөр, айрыкча акыл-эси өрчүүсү жай жүргөн балдарда пайда болот. D витаминин кошумча кабыл алуу жардам бериши мүмкүн.
Катуу шишип кеткен, сезгенген бүйлө тиштерди толугу менен жаап калган. Анын себеби – фенитоинди кабыл алып жүргөн бейтап тиштерин тазалап жүргөн жана оозунун ичинин гигиенасын сактаган эмес.
swollen upper gums

ЭСКЕРТҮҮ! Балада фенитоинди кабыл алууну чукул токтотуу узак убактылуу талманын кармашына алып келиши мүмкүн. Ушул себептен, дарыны кабыл алууну токтотууда же аны башкасына алмаштырууда дозасын бара-бара кичирейтиңиз.

ЭСКЕРТҮҮ! Эпилепсияга каршы дарылардын көбүн, өзгөчө фенитоинди жана вальпроатты, боюнда барлар кабыл алса, бала тубаса дефекти бар болуп төрөлүү ыктымалдыгы жогорулашы мүмкүн. Андан тышкары, бул дарылардын айрымдары эмчек сүткө өтүп кетет. Ушул себептен, боюнда барлар бул дарыларды башка дарылардын жардамы менен көзөмөлгө алынбаган талмасы улам кармай бергенде же катуу кармаган талмасы бар болгондо гана кабыл алууга тийиш. Эгер эпилепсияга каршы дарыларды кабыл алган аялдар балдарын эмчек сүтүнөн башка толук баалуу азыктар менен камсыз кыла алса, балдарына эмчек сүтүн бербей эле коюусу зарыл. Аялдар кош бойлуу кезинде кабыл алуу үчүн эң коопсуз дары – фенобарбитал болсо керек.

ЭПИЛЕПСИЯГА КАРШЫ КЭЭДЕ КОЛДОНУЛУУЧУ БАШКА ДАРЫЛАР

  • Примидон (Мизолин). Эпилептикалык талмалардын бардык түрлөрүндө колдонулат. Кичинекей дозалардан баштап, бара-бара аны 10–25 мг-га/кг/күн жеткирип, бир күндүк дозасын 2–4 маалга бөлүп берүү керек. Уйку келе берүүнү, баш тегеренүүнү, кусууну же денеге исиркек чыгууну пайда кылышы мүмкүн. Примидон (Мизолин) дененин ичинде фенобарбиталга чейин метаболизмделет. Колдонуу боюнча сунуштары окшош. Дары фенобарбитал жок жерлерде жеткиликтүү болушу мүмкүн.
  • Этосуксимид (Заронтин). Алдыдагы мейкиндикке “бош кароо”, каректер ары-бери тез кыймылдоо жана, кээде, кызыктай кыймылдар (айрыкча талма эртең менен жана кечинде биринин артына бири кармаса) менен коштолгон “абсанс” сыяктуу кичи талмаларга каршы негизги дары. Бир күндүк дозасы – 10–25 мг/кг/күн, 1 же 2 маалга бөлүнүп берилет. Бул дарыны, ашказан оорубашы үчүн, тамак менен чогуу кабыл алышат. Сейрек учурларда боорду жабыркатышы мүмкүн.
  • Вальпроат (Депакин). Өзүнчө же эпилепсияга каршы колдонулуучу башка дарылар, айрыкча ламотриджин (Lamictal) и леветирацетам (Keppra) менен чогуу берилет. Аны генералдашкан тоникалык-клоникалык талмаларда же абсанстарда биринчи тандоо дарысы катары дайындоого болот. Дары талмалардын бул эки түрүнөн тең жапаа чеккен балдар үчүн абдан эффективдүү. Андан тышкары, дары Леннокс – Гасто синдрому сыяктуу, көзөмөлгө оңою менен алынбаган талманын түрүндө жакшы иштейт. 1 ден 12 жашка чейинки балдар үчүн стандарттык баштапкы дозасы – 20 мг-га/кг/күн чейин, күнүнө 2 маал берүү үчүн бөлүнөт. Улуураак балдар үчүн 40 мг-га жана атүгүл 60 мг-га/кг/күн чейинки дозалары дагы колдонулушу мүмкүн. (Мисалы, салмагы 10 кг бала күнүнө 200 мг, 20 кг бала – 400 мг кабыл алышы керек.) Вальпроатты 2 жашка чейинки балдарга берсе болот, бирок бул курактагы балдардын айрымдарында дарыдан боор жабыркашы ыктымал. Бул категориядагы балдарга кийинкилер кирет:
    • акыл-эси өрчүүсү бузулгандар (өнүгүүсүндө артта калуунун же интеллект бузулууларынын белгилери барлар);
    • белгилүү метаболикалык бузулуулары барлар;
    • карышууларга каршы колдонулуучу башка дарыларды кабыл алгандар;
    • мээсинде органикалык бузулуусу бар экени тастыкталгандар.
Эгер дарыны 2 жашка чейинки балага бергиңиз келсе, бала ушул гана дарыны кабыл алышы керек, жана боорунун функцияларынын кабыл алып баштоого чейинки (андан кийин, кабыл алып баштоодон 6 жума, 3 ай жана 6 ай өткөндөгү) лабораториядан текшерилген көрсөткүчтөрү нормалдуу чыгууга тийиш. Эгер бала улам көбүрөөк көңүл кош, өзүнө окшобогондой болуп, тамакка табити тартпай баратса, кайрадан боорун текшертүү зарыл. Вальпроатты кабыл алуудан улам орун алган боор жабыркоо учурлары 2 жаштан өткөн балдарда кыйла азыраак. Дары миоклоникалык талмасы бар өспүрүмдөрдө мыкты иштейт (эгер терс таасирлери болбосо, ал бул топтогу бейтаптар үчүн абдан эффективдүү). Эгер аял же кыз боюна бүткөн болушу мүмкүн болсо, аларга бул дарыны дайындабаңыз. Дарыны чыгаруучу ишкана аны кабыл алууну каалагандардын бардыгына дарыны алып баштоодон мурун (анан кабыл алып баштагандан 6 жума жана 6 ай өткөндө дагы) лабораториялык изилдөөдөн өтүүнү сунуш кылат. Эгер бардык көрсөткүчтөр нормалдуу болсо, мындан башка текшерүүлөр талап кылынбайт.

УЗАК МӨӨНӨТТҮҮ ТАЛМАЛАРДЫ ДАРЫЛОО

Талма 5 мүнөттөн ашык созулганда:

  • эгер кимдир бирөө венага дары сайганды билсе, венага диазепам (Валиум) или фенобарбитал сайып киргизсин.
ЭСКЕРТҮҮ! Диазепамды да, фенобарбиталды да абдан жай киргизүү керек. Диазепам балдарга 3 мүнөттөн кем эмес убакыт бою, фенобарбитал бир мүнөттө 30 мг же мындан да жайыраак ылдамдык менен киргизилүүгө тийиш. Чоңдорго киргизүү ылдамдыгы – бир мүнөттө 100 мг-дан көп эмес.
Diazepam bottle
Диазепамды сайып берүү дозалары:
Чоңдорго 5–10 мг
7–12 жаштагы балдарга 3–5 мг
7 жашка чейинки балдарга 1 мг (дененин салмагынын ар 5 кг-ы үчүн)


Phenobarbital bottle
Фенобарбиталдын сайып берүү дозалары:
Чоңдорго 200 мг
7–12 жаштагы балдарга 150 мг
2–6 жаштагы балдарга 100 мг
2 жашка чейинки балдарга 50 мг

Эскертме: Булчуңга сайылганда, бул дарылар жайыраак таасир берет, жана эффективдүүлүгү азыраак. Эгер сизде дарынын ийне аркылуу берилүүчү же суюк түрү гана бар болсо, аны арткы тешикке ийнеси жок пластик шприцтин жардамы менен киргизиңиз. Же диазепамдын же фенобарбиталдын таблеткасын күл түрүнө чейин майдалап, ага суу кошуп, арткы тешикке киргизиңиз.


Эгер дарыны киргизгенден кийин 5 мүнөттүн ичинде талма токтобосо, дозасын кайталаңыз. Эч качан бир жолудан ашык кайталабаңыз.




This page was updated:30 Дек 2025