Hesperian Health Guides

ЭРТЕЛЕП ТҮРТКҮ БЕРҮҮНҮН МААНИЛҮҮЛҮГҮ

Бул бөлүмдө:

Ата-энеси жана, жалпысынан, үй-бүлөсү ар бир баланын өнүгүүсү жана түрдүү нерселерге эртелеп үйрөнүүсү үчүн абдан маанилүү. Өнүгүүсү жай жүргөн балдар да, башка балдар сыяктуу эле, эртелеп түрткү берүүчү көмөкчү нерселерге (алар менен сүйлөшүүгө, музыкага, оюндарга, эсте калчу таасирлерге жана мээримге) муктаж. Бирок аларга көбүрөөк нерселер керек. Акылын жана денесин жакшыраак колдонууну үйрөнүүсү үчүн, мындай балдар көбүрөөк жардамга жана көмөкчү көнүгүүлөрдү улам кайталап турууга муктаж.



ЭРТЕЛЕП ТҮРТКҮ БЕРЕ БАШТООНУН ЖАНА ҮЙРӨТҮҮЧҮ КӨНҮГҮҮЛӨРДҮН КӨМӨГҮ МЕНЕН БАЛАГА ӨНҮГҮҮСҮНДӨ КАЙСЫ БАГЫТТАРДА ЖАРДАМ БЕРСЕ БОЛОТ
1. Кыймылдоо, денени башкаруу, күч жана тең салмактуулукту сактоо: булар балага ары-бери кыймылдаганга, түрдүү нерселерди жасаганга, ойногонго жана иштегенге жардам берет. DVC Ch34 Page 295-1.png
DVC Ch34 Page 295-2.png
2. Алакан менен манжаларды колдонуу: буларды жакшы колдонууну үйрөнүү жана алардын көздөр менен биргелешип мыкты иштөөсү балага көп түрдүү жөндөмдөрдү өрчүтүүгө мүмкүнчүлүк ачат.
3. Сезимдер: айрыкча, көрүү, угуу жана тийип сезүү. Булар балага ай ланасындагы дүйнө менен таанышууга жана анын таасирлерине жооп кайтарууга жардам берет. DVC Ch34 Page 295-3.png
someone speaking to a child who holds a bell.
4. Катнашуу: бирөөнү кунт коюп угуу, айтканды түшүнүү, сүйлөгөндү же мүмкүн болгон башка жол аркылуу өз ойлорун билдирүүнү үйрөнүү.
5. Башка адамдар менен өз ара аракеттешүү: күлүү, ойноо, өзүн туура алып жүрүү жана башкалар менен тил табышууну үйрөнүү. DVC Ch34 Page 295-5.png
DVC Ch34 Page 295-6.png
6. Күндөлүк негизги иш-аракеттер: тамактануу, суюктук ичүү, кийинүү, табарсык менен ичегилерди башкаруу (заара кылуу жана заңдоо). Бул “өзүнө-өзү кам көрүү” жөндөмдөр балага көбүрөөк көз карандысыз болууга жардам берет.
7. Байкоо жүргүзүү, ой жүгүртүү жана бир нерсе жасоо: жакшы ойлонуштурулган, туура чечимдерди кабыл алууну үйрөнүү. DVC Ch34 Page 295-7.png

Эртелеп түрткү берүү программасынын максаттары – мүмкүн болушунча жөндөмдүү, өз алдынча, бактылуу жана мээримдүү болуусуна балага жардам берүү.


АТАЙЫН ҮЙРӨТҮҮ ЖАНА ЭРТЕЛЕП ТҮРТКҮ БЕРҮҮ ПРОГРАМММАСЫН УЮШТУРУУ КАДАМДАРЫ


Биринчи: Өнүгүүсүнүн ар бир багытында эмнелерди жасай алат жана эмнелерди жасай албайт экенин аныктоо үчүн, балага тыгыз байкоо жүргүзүңүз.
Экинчи: Ал кайсы нерселерди жаңыдан жасай баштаганын же аларды жасоодо кыйынчылыктарга учураганын байкаңыз.
Үчүнчү: Балада бар жөндөмдөрдү бекемдөөгө жардам бере турган кайсы жаңы жөндөмдү ага үйрөтүүнү же кандай кыймыл-аракетти улам жасап туруусуна аны кызыктырууну ойлонуштуруңуз.
Төртүнчү: Ар бир жаңы жөндөмдү бала бир же эки күндүн ичинде үйрөнө ала тургандай, кичинекей кадамдарга бөлүңүз. Бала ал кадамды өздөштүргөн соң кийинки кадамга өтүңүз.

ЭСКЕРТҮҮ! Тез эле бардыгы болуп кетет деп күтпөңүз. Жагдайга соо көз менен караңыз. Бала жакшы жасай ала турган нерседен баштап, анан мындан бир аз көбүрөөктү жасаганды үйрөнүүсүнө ага дем бериңиз. Эгер балага туура убакта туура жардам берсе, анда мындай көмөк ийгиликтүү болуп, жардам бергендер да, баланын өзү да өздөрүн бактылуу сезишет.

АР БИР (ӨНҮГҮҮСҮНДӨ АРТТА КАЛГАН ЖЕ КАЛБАГАН) БАЛАГА ЖАРАКТУУ ҮЙРӨТҮҮ ИШ-ЧАРАЛАРЫН АТКАРУУ БОЮНЧА СУНУШТАР

Сабырдуу болуп, түрдүү нерселерди байкаңыз. Балдар жаңы нерселерди тынбай үйрөнбөйт. Кээде аларга эс алуу керек. Эс алгандан кийин алар кайрадан жаңы нерселерди өздөштүрүүгө даяр болушат. Балага тыгыз байкоо жүргүзүңүз. Анын кандайча ой жүгүртүүсүн, эмнелерди билерин жана жаңы ык-жөндөмдөрүн кандай колдонуп жатканын түшүнүүгө аракеттениңиз. Ошондо анын ошол ык-жөндөмдөрүн иш жүзүнжүзүндө пайдалануусуна жана аларды андан ары жакшыртуусуна ага кантип жардам берүүнү үйрөнөсүз. Бала менен сүйлөшкөндө, сиздин суроолоруңузга жооп кайтаруусуна ага жетиштүү убакыт бериңиз. Кезеги менен сүйлөңүз. Иш жүзүндө аткаруу жана аны кайталоо маанилүү экенин унутпаңыз.

Тартиптүү жана ырааттуу болуңуз. Бир жөндөмдү өздөштүргөн соң кийинкисине өтүп, бала өнүгүүсүндө табигый түрдө илгерилөөгө багытталган атайын көнүгүүлөрдү пландаштырыңыз. Бала менен күн сайын бир убакта ойноого жана анын оюнчуктарын, шаймандарын, кийимдерин ж.б.у.с. дайым бир жерге коюуга аракет кылыңыз. Үйрөтүүнүн, мээрим арноонун жана жүрүм-турумун өнүктүрүүнүн бир стилин карманыңыз (эгер бул ийгиликтүү болсо!). Баланын кыймыл-аракеттерине жана муктаждыктарына дайыма бир нукта жооп кайтарыңыз. Бул түшүнүүсүнө, өзүн ишенимдүү жана коопсуз сезүүсүнө балага жардам берет.

Түрдүү көнүгүүлөрдү колдонуңуз. Кайталоо маанилүү, бирок ошол эле учурда түрдүүлүк да маанилүү! Бала жана ага жардам бергендер тажап кетпеши үчүн, көнүгүүлөрдү күн сайын бир аз да болсо өзгөртүп туруңуз. Ар кандай нерселерди башкача, үйдүн ичиндеги жана тыштагы ар кайсы жерлерде жасагыла. Баланы базарга, талаага жана дарыянын жээгине ала барыңыз. Ага көп тапшырма бериңиз.

Ачык-айкын болуңуз. Сезимдериңизди жана ойлоруңузду көрсөтүү үчүн, бет түрүңүздү жана үнүңүздү өзгөртүп колдонуңуз. Жөнөкөй сөздөр менен ачык-айкын сүйлөңүз (бирок ымыркай балача эмес). Баланы көбүрөөк мактап, ага дем берип туруңуз.

Көнүгүүлөрдү кызыктуу өткөрүңүз! Бала да, сиз да ырахат алууңар үчүн, бардык көнүгүүлөрдү оюнга айландыруунун болгон айласын издеңиз.

Эпчил болуңуз. Мүмндо, бала көбүрөөк көз карандысыз жана өзү жана башкалар үчүн көбүрөөктү жасоого жөндөмдүү болуусуна жардам бере турган жөндөмдөрдү жана көнүгүүлөрдү тандаңыз. Баланы көбүрөөк өз алдынчалыкка даярдоо үчүн, ага ашкере камкордук кылбаңыз.

Өзүңүзгө болгон ишенимди сактаңыз. Бардык балдар аларга карата болгон камкордукка, бөлүнгөн көңүлгө жана мээримге белгилүү бир таризде жооп кайтарышат. Өнүгүүсү жагынан артта калган бала сиздин жардамыңыз менен түрдүү нерселерге жөндөмдүүрөөк жана өз алдынчараак болгонго жетише алат.

Жакшылап пландаштырылып, иш жүзүнө ыклас ашырылган, атайын үйрөтүү программасы өнүгүүсү жагынан артта калган балага ошол өнүгүүсүн кыйла көбүрөөк алдыга жылдырууга жардам бере алат.




This page was updated:30 Дек 2025