Hesperian Health Guides

БАЛАНЫН ӨНҮГҮҮСҮНӨ ЖАРДАМ БЕРҮҮ БОЮНЧА ЖАЛПЫ СУНУШТАР

Бул бөлүмдө:

Балага жаңы жөндөмдөрдү үйрөтүүдө, баланын жалпы өнүгүүсү үчүн үй-бүлө мүчөсүнүн же реабилитациялык кызматкердин балага карата болгон мамилесинен көп нерсе, мисалы, баланын жаңы жөндөмдү канчалык тез же мыкты өздөштүрүүсү көз каранды. Мындан да маанилүү нерсе – баланын өзүнө болгон ишенимине, жүрүм-турумуна жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө болгон даярдыгына таасир тийгизе алат.

Өз денесин мыктыраак түшүнүүсүнө, аны көнүгүүлөргө даярдоосуна жана башка адамдарга дос, кызматташтык мамиле кылуусуна балага жардам берүү үчүн, бир нече жөнөкөй метод бар.

Балага жаңы жөндөмдөрдү үйрөтүүдө, баланын жалпы өнүгүүсү үчүн үй-бүлө мүчөсүнүн же реабилитациялык кызматкердин балага карата болгон мамилесинен көп нерсе, мисалы, баланын жаңы жөндөмдү канчалык тез же мыкты өздөштүрүүсү көз каранды. Мындан да маанилүү нерсе – баланын өзүнө болгон ишенимине, жүрүм-турумуна жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө болгон даярдыгына таасир тийгизе алат.

Бул сунуштар өнүгүүсү жагынан артта калган балага карата эртелеп үйрөтүү көнүгүүлөрүн аткарууда айрыкча пайдалуу:

These guidelines are especially helpful when doing early learning activities with children who are developmentally delayed:

1. Баланы көп мактаңыз. Ал бир нерсени жакшы кылганда (же жакшылап аракет кылганда), аны мактаңыз, жылуу кучактаңыз же ага чакан сыйлык тартуулаңыз.
someone speaking while giving a child a ball.
Түшүндүрмө
Бир нерсени туура эмес кылгандыгы же кыла албагандыгы үчүн баланы урушуудан же жазалоодон көрө, ийгилик үчүн мактоо алда канча мыктыраак (жана кыйла адамгерчиликтүүрөөк). Бала бир нерсени кылганга аракет кылып, бирок анысынан майнап чыкпаганда, мунусун көрмөксөн болгон же “азыр болбой калды, бирок эмкиде сөзсүз болот” деп, балага дем берип койгон эң туура.
2. Бала менен көп сүйлөшүңүз. Ага карата жасап жаткандарыңызды жөнөкөй сөздөр менен так айтып берип туруңуз.
a woman speaking while guiding a child's hand to his nose.
Түшүндүрмө
Бала өзү сүйлөп баштаганга далай убакыт калганда эле, сөздөрдү угуп, тилге үйрөнө баштайт. Бала сөздөрдү али түшүнбөгөндөй же аларга жооп кайтарбагандай элес калтырса да, ага көп сүйлөп берип туруңуз. Эгер бала укпайт деп ойлосоңуз, анда ага сүйлөп берип да туруңуз, ошол эле учурда “белги тилин” да колдонуңуз. Сиз сүйлөп жатканда, бала сизди карап туруусун камсыз кылыңыз.
3. Бала жаңы ык-жөндөмдү үйрөнүүсүнө жардам берип жатканыңызда, анын кыймылдарын колдоруңуз менен багыттаңыз.

Мисалы, балага колдорун оозуна алып келүүнү (же өз алдынча тамактанууну) ага үйрөтүп жатканда, сиз
DVC Ch34 Page 297-3.png
ал жактырган тамагына манжасын малуу
андан соң ошол манжасын оозуна салуусуна ага жардам бериңиз.
Бала бул ык-жөндөмдү өздөштүргөндөн кийин, муну өз алдынча жасоосуна ага мүмкүнчүлүк бериңиз.
Түшүндүрмө Бир нерсени кантип кылуу керектигин балага сөз менен түшүндүрүүдөн көрө, аны колдоруңуз менен багыттап көрсөткөн адетте мыктыраак жардам берет. Эгер бала бир нерсени кылууга аракет кылып, бирок аны аткара албай кыйналса, анда, “ЖОК – муну минтип жаса” деп, балага сөз менен жеткиргендин ордуна, колдоруңуз менен анын кыймылдарын багыттасаңыз, бала муну кантип кылуу керектигин тезирээк түшүнүп, бул ык-жөндөмдү үйрөнүүгө көбүрөөк даяр болот.
4. Бала өз денеси жөнүндө көбүрөөк билүүсүнө жана колдорун пайдаланууну үйрөнүүсүнө жардам берүү үчүн, күзгү колдонуңуз.
a woman speaking to a child while holding a mirror for him to use.
Түшүндүрмө
Денесинин бөлүктөрүн көрүп таанып калуусуна балага күзгү жардам берет. Бул, денесинин бөлүктөрү менен байланышын же алар кайда экенин билбей кыйналган балдар үчүн айрыкча пайдалуу. (Мындай жагдай акыл-эсинин өнүгүүсү жай жүрүүсү менен мүнөздүү кээ бир илдеттерде, церебралдык шал оорунун, жүлүндүн жаракат алуусунун жана омуртка тутумунда тешик бар дарттын (spina bifida) айрым формаларында байкалышы мүмкүн.)
5. Окшоштуруп тууроо ыкмасын колдонуңуз. Балага жаңы кыймыл-аракетти же жөндөмдү үйрөтүү үчүн, адегенде өзүңүз аны аткарыңыз, андан кийин бала ошол кыймыл-аракетиңизди туурасын. Муну оюнга айландырыңыз.
a woman and then a child speaking while they clap their hands.
Түшүндүрмө
Акыл-эсинин өнүгүүсү жай жүргөн (айрыкча Даун синдрому бар) балдар башкалардын кыймылдарын окшоштуруп туураганды жактырышат. Алардын мындай өзгөчөлүгүнөн пайдаланып, аларга көп нерселерди – физикалык кыймылдардан добуштарга жана сөздөргө чейин үйрөтсө болот.
6. Каалаган нерсесине колдорун сундуруп жетүүсүнө же аны көздөй жылуусуна баланы шыктандырыңыз.
a man speaking to a child trying to reach across a log to get a toy.
Оюнчугуна оңой эле жетсе, жолуна кандайдыр бир тоскоолдуктарды коюңуз, бирок ошол тоскоолдуктар өтө алгыс болбоого тийиш.
Түшүндүрмө
Атүгүл өнүгүүсүнүн эрте баскычтарында дагы жактырган нерсесин дайыма баланын колдоруна салып берүү туура эмес. Андан көрө, баланын бир нерсеге мындай умтулуусун анын дене ык-жөндөмдөрүн (колдорун сундуруу, денесин буратуу, денесин көтөртүү, жөргөлөөтүү ж.б.у.с. аркылуу) жана тилин өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүк катары пайдаланыңыз.
7. Үйрөтүү иш-аракеттерин кызыктуу өткөрүңүз. Дайыма, үйрөтүү иш-аракеттерин оюнга айлантууга мүмкүнчүлүк издеңиз.
a woman speaking while sitting with a child in a washtub with a wooden rocker on it.
Түшүндүрмө
Балдар бир нерсени жасап жатып, андан ырахат алганда, алар баарынан мыкты үйрөнөт жана кызматташууга көбүрөөк даяр болот. Көнүгүү бала үчүн кызыктуу болуп бүтмөйүнчө аны уланта бериңиз. Кызыктуу болуп бүтөрү менен аны бир нече убакытка токтотуңуз же ага жаңы таасир берчүдөй кызыктуу бир нерсе кошуп, аны өзгөртүңүз.
8. Балага өзү үчүн мүмкүн болушунча көп нерселерди кылуусуна мүмкүнчүлүк түзүңүз. Муктаж болгон көлөмүндө гана ага жардам бериңиз.

Мисалы, эгер бала булчуңдарындагы спастикадан кийимин кийе албай кыйналса, ийиндери менен жонун алдыга ийүүсүнө ага жардамдашыңыз, бирок кийимин өзү тартып кийүүсүнө мүмкүнчүлүк бериңиз.
a man speaking to a child while helping her get dressed.
Түшүндүрмө
Реабилитациянын алтын эрежеси: Бала бир нерсени кыла албай кыйналганда, же болбосо аны жай кылганда же аны кылууда эпсиз көрүнүп элес калтырганда, ата-энеси көп учурда муну баласынын ордуна кыла коюп, “жардам бергиси” келет. Бирок бала бир нерсе кылганда, өнүгүүсү үчүн анын өзүнө мүмкүнчүлүк берсе (көмөктү бала көбүрөөгүн өзү кылгыдай көлөмдө гана камсыз кылып, ага дем берүү аркылуу), бул көбүрөөк жардам берет.
9. Жанында эч бир “мугалим” жок болгондо, бала көп учурда эң мыкты үйрөнөт.
2 people speaking in a doorway as they watch a boy get water from a jug.
Түшүндүрмө
Балдар бир нерсени өтө каалап турганда жана жанында жардам берчүдөй эч ким болбогондо, көп учурда алар аябай аракет кылышат. Үйрөтүү – маанилүү, бирок өз мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөсүнө, текшерүүсүнө жана түрдүү нерселерди өзү үчүн өз алдынча кылуусуна балага мүмкүндүк берүү да абдан маанилүү.
10. Жаңы жасалманы улуурак байке-эжелери колдонуп көрсөтсүн.
a boy on a rocking horse speaking while another child watches.
Түшүндүрмө
Айрым балдар жаңы оюнчуктардан, көмөкчү каражаттардан же атайын отургучтардан коркушу же аларды колдонуп көрүүдөн баш тартышы мүмкүн. Мындай учурда, эгер аны адегенде башка бала колдонуп көрүп, ага жакканын көрсөтсө, көп учурда баланын да аны колдонуп көргүсү келип калат.

ЭСИҢИЗГЕ ТУЮП АЛЫҢЫЗ! Жакшылап уюштурулган үйрөтүү иш-чаралары – балага мыкты көмөк болот. Баланы жаңы нерселерге үйрөтүүдө, аны менен ойноодо жана ага мээрим менен мамиле кылууда, канчалык көп убакыт өткөргөнгө салыштырмалуу, буларды ошончо жакшы аткаруу көбүрөөк маанилүү.



DVC Ch34 Page 300-1.jpg
Акыл-эсинин өнүгүүсү жай жүргөн бала кагаздан жасалган бетке картондон кесилген, беттин бөлүктөрүн коюп, аларды жаңыдан таанып үйрөнүп жаткан учуру (Самадхан, Дели, Индия).
DVC Ch34 Page 300-2.jpg
Самадханда акыл-эсинин өнүгүүсү жай жүргөн балдарды түрдүү нерселерге үйрөтүү үчүн кол куурчактар колдонулуп жатат (Индия). Ар бир куурчак бир түстүү кийим кийип турат жана анын аты ошол түс менен байланыштуу. Балдар куурчактардын аттарын үйрөнүп, ошол эле учурда түстөрдү да үйрөнө баштайт.




This page was updated:30 Дек 2025