Hesperian Health Guides

18-БӨЛҮМ: Кашка жиликтердин жамбаш сөөк менен ашташтарынын дефекттери


HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 18-БӨЛҮМ: Кашка жиликтердин жамбаш сөөк менен ашташтарынын дефекттери


Бул бөлүмдө:

КАШКА ЖИЛИК ЖАМБАШ СӨӨК МЕНЕН АШТАШЫНАН ЧЫГЫП КЕТҮҮ

Кашка жилик жамбаш сөөктөгү ойдуңчасынан чыгып кетиши мүмкүн. Айрым балдар бир кашка жилиги же экөө тең жамбаш сөөк менен ашташтарынан чыгып кетип төрөлүшөт. Мындай балдарда мындан башка эч кандай көйгөй болбошу мүмкүн. Мындай дефектке эртелеп чара көрүп баштоо аркылуу аны көп учурда оңой эле оңдосо жана баланы келечекте ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттен же аксоодон сактап калса болот.

КАШКА ЖИЛИК ЖАМБАШ СӨӨК МЕНЕН НОРМАЛДУУ АШТАШЫП ТУРАТ: Кашка жиликтин тоголок башы жамбаш сөөктөгү ойдуңчасынын ичинде.
DVC Ch18 Page 155-1.png
КАШКА ЖИЛИК ЖАМБАШ СӨӨК МЕНЕН АШТАШЫНАН ЧЫГЫП КЕТКЕН: Кашка жиликтин башы көп учурда жамбаш сөөк ашташындагы ойдуңчасынан өйдө жылып кетет.



Ушул себептен, жаңы төрөлгөн балдардын бардыгын, төрөлгөнүнөн 10 күн өткөндө, кашка жиликтери жамбаш сөөктөгү ашташтарынан чыгып кеткен-кетпегенин текшерүү маанилүү.

1. Эки бутун бир бири менен салыштырыңыз. Эгер бир кашка жилиги ашташынан чыгып кеткен болсо, ошол тарабында төмөнкү белгилер байкалышы мүмкүн:
DVC Ch18 Page 155-2.png
бутунун өйдөкү бөлүгү денесинин бул жерин аздыр-көптүр жаап калат;
бул жагындагы терисинде бүгүлүштөрү азыраак;
буту кыскараак болуп көрүнүшү же кызыктай бурчта бурулуп калышы мүмкүн.
hands hold a child's bent knees together
2. Тизелерин сүрөттө көрсөтүлгөндөй бүгүңүз.
hands hold a child's bent knees wide open
Эгер, ушинткенде, буттарынын бири капталына анчалык бурулбаса, “секиргенсип” жылса же андан “чык” эткен добуш чыкса, анда ошол кашка жилиги ашташынан чыгып кеткен.
андан кийин аларды эки жакка каратып, чатын кенен ачыңыз.
3. Бир аз чоңойгон баланы текшерүү үчүн, тизелерин бүгүп, алардын бийиктиктерин салыштырыңыз. DVC Ch18 Page 155-5.png Эгер бир тизеси экинчисине салыштырмалуу төмөнүрөөк болсо, анда ошол тарабындагы кашка жилиги ашташынан чыгып кеткен.
Дарылоо

Баланы тизелери бийик көтөрүлүп, эки жакка кенен бурулуп тургандай кармоо зарыл. Ал үчүн:

  • сүрөттө көрсөтүлгөндөй, жалаякшымдарды каттап кийгизип коюңуз,
child with thick diapers
  • же баланы минтип көтөрүп алыңыз.
mujer carga un niño con las piernas abiertas sobre su espalda

Энелер балдарын аркасына же капталына тизелерин эки жакка буруп көтөрүп алуусу салтка айланган аймактарда демейде эч кандай башка дарылоо талап кылынбайт.

Кашка жиликтер жамбаш сөөк менен ашташтарынан чыгып кетүү башка ортопедиялык дефекттер менен айкалышып чогуу байкалуу
  • Даун синдрому
  • жүлүн чуркусу
  • артрогрипоз
  • балдардын церебралдык шалдыгы
  • маймактык

Бул жерде келтирилген, ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген илдеттери бар болуп төрөлгөн балдар, көп учурда, кашка жиликтери ашташтарынан чыгып кеткен болуп жарыкка келишет. Ушул себептен, кашка жиликтери ордуларында экенине ынануу максатында мындай балдарды төрөлгөнүнөн бир нече күн өткөндөн кийин дыкат текшерүү маанилүү.

ГИПСТӨӨ
child in a hip cast urinates in a bottle
заараны чогултуу үчүн бөтөлкө
БУТТАРДЫ БИР АБАЛДА БЕКЕМ КАРМООЧУ ЖАСАЛГА
hip brace
Бул жериндеги кергич буттарды эки жакка кенен бурулган абалында бекем кармоого жардам берет.

Кашка жиликтердин жамбаш сөөк ашташтарынан чыгып кетүүсүнүн далай түрлөрүн (бирок баарын эмес) жогоруда сүрөттөлгөндөй ыкмалар менен оңдоого болот. Өмүрүнүн баштапкы айларында баланын буттарын эки жакка кенен бурулган абалда кармоо аркылуу жамбаш сөөктөгү кашка жилик отурчу ойдуңчанын формасынын жакшыруусуна жардам берсе болот.

Эгер баланын буттарын эки жакка бурулган абалында жетишерлик узак кармоо кыйын болсо, анда гипстөө ыкмасын же буттарды бир абалда бекем кармоочу атайын каражаттарды колдонуу зарыл болушу мүмкүн.

Гипстөө ыкмасы баланын курагына жана деформациясынын чоңдугуна жараша 2–4 ай же мындан да узак (баланын курагы канчалык чоң болсо, гипстөө ошончолук узагыраак) колдонулууга тийиш. (Заарасы гипстүү таңуунун ичине куюлбашы үчүн, кездеме же бөтөлкө колдонуңуз.)

Кашка жиликтер ашташтарынан чыгып кетүү түрлөрүнүн бардыгын эле жогоруда келтирилген ыкмалар менен оңдоо мүмкүн эмес. Айрымдары хирургиялык кийлигишүүнү талап кылат. Кээ бир учурларда, кашка жилик менен жамбаш сөөктүн ашташы абдан деформацияланып кеткендиктен, аны атүгүл хирургиялык операциянын жардамы менен оңдоо мүмкүн эмес.

Жүлүн чуркусу бар баланын бир кашка жилиги ашташынан чыгып кеткен болсо, хирургиялык операция жардам бериши мүмкүн. Бирок эгер эки кашка жилиги тең ашташтарынан чыгып кеткен болсо, анда хирургиялык операция баланын жакшыраак басуусуна, негизи, жардам бербейт.

a dislocated hip
КАШКА ЖИЛИК ЖАМБАШ СӨӨК МЕНЕН АШТАШЫНАН ЧЫГЫП КЕТКЕН
Бул булчуңдун спастикасы жана контрактурасы кашка жиликтин ашташынан чыгып кетүүсүнө алып келген. уттар кайчылашып калга.
DVC Ch18 Page 156-4.png

Кашка жиликтер бала төрөлгөндөн кийин деле, кандайдыр бир кокустуктан же ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген башка илдеттен – айрыкча полиомиелиттен (кашка жилик менен жамбаш сөөктү бир бирине аштатып кармаган булчуңдардын жана тарамыштардын алсыз болуусунан) же церебралдык шалдыктан (спастикадан жана контрактуралардан) улам ашташтарынан чыгып кетиши мүмкүн.

БИР КӨЗДҮҮ ДҮРБҮНҮН УЗАРТЫЛУУСУН ЭЛЕСТЕТКЕН КЫЙМЫЛДЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ТЕКШЕРҮҮ

Кашка жилиги ашташынан чыгып кеткенин же оңой эле тартылып чыга турарын текшерүү үчүн, баланы чалкасынан жаткырыңыз.

a child doing the telescope test
Сүрөттө көрсөтүлгөндөй, бутун тизесинен адегенде өйдө тартып, анан ылдый басыңыз.
Ошол эле учурда, экинчи колуңуз менен жамбаш сөөк - кашка жилик муунун жөлөп кармаңыз.
Эгер кашка жилиги бир көздүү дүрбү сымалданып ашташына кирип, анан андан кайра чыгып кыймылдаса, анда кашка жилиги ашташынан чыгып кеткен болуш керек.

Кашка жилиги ашташынан чыгып кетүүсү баланын полиомиелиттен жабыркагандыгына же церебралдык шалдыгына байланыштуу болгон жагдайларда, хирургиялык операция сейрек учурларда гана жардам бериши мүмкүн. Бирок көпчүлүк учурда мындай операцияны жасатпай эле койгон оң, анткени операциялардын бардыгы эле оң натыйжалуу боло бербейт жана ансыз эле баса алган балдар түйшүгүнө карабастан баса беришет.




This page was updated:23 Май 2025