Hesperian Health Guides
17-БӨЛҮМ: Курч мүнөздөгү ревматикалык калтыратма
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 17-БӨЛҮМ: Курч мүнөздөгү ревматикалык калтыратма
Мазмуну
КУРЧ МҮНӨЗДӨГҮ РЕВМАТИКАЛЫК КАЛТЫРАТМА/ РЕВМАТИКАЛЫК ЧАБУУЛ ҮЧҮН МҮНӨЗДҮҮ БЕЛГИЛЕР
- 5 жаштан 15 жашка чейинки куракта байкалат.
- Бала фарингиттин оор формасы менен ооруп чыккандан кийин 1–3 жума ичинде башталат.

- Дене температурасы катуу көтөрүлөт – бала бир топ катуу ооруп жаткандай көрүнөт.
- Муундар ооруйт. Чоң муундардын (айрыкча кырк муундардын жана таман сөөк - жото жилик муундарынын) бири же дароо бир нечеси ооруп баштайт. Андан кийин ооруу башка муундарга, көбүнчө тизелерге жана чыканактарга тарайт. Муундар шишип, кызарып ысышы мүмкүн.
- Курч мүнөздөгү ревматикалык калтыратма 6 жумадан 3 айга чейин созулат, бирок кайталанган фарингит кийинки ревматикалык чабуулга шарт түзүшү ыктымал.
БАШКА БЕЛГИЛЕРИ (дайыма эле байкала бербейт)
- Териде кызгылт түстүү ийри сызыктар же бүдүр-бүдүр темгилдер.
- Муундардын үстүлөрүндө же айланаларында (чоңдугу буурчактай) түйүнчөлөр.
- Жүрөк жабыркоо. Баланын көкүрөгүнө кулак такап, жүрөгүн тыңшаганда, “шуулдаган” добуштар угулушу мүмкүн. Жүрөктүн кадимки “дүп-дүп... дүп-дүп” деп согушунун ордуна, биринчи “дүпүнүн” ордуна “ш-ш-ш”: “ш-ш-ш-дүп... ш-ш-ш-дүп” деп угулат. “ш-ш-ш” деген добуш жүрөктүн сарпкапкагы жабыркап – толук жабылбай калганын билдирет. Эң олуттуу учурларда бул жүрөктүн иштей албай, токтоп калышына алып келиши мүмкүн (Where There Is No Doctor (“Үй-бүлөнүн ден соолугу үчүн”) аттуу китептин 325-бетин карараңыз).
- Мурундан кан агуу, курсакта, көкүрөктө ооруу же пневмониянын белгилери сейрек учурайт.
Causes
Rheumatic fever usually results after a sore throat caused by bacteria called “streptococcus”. A “strep throat” often starts suddenly with throat pain and fever and without signs of a cold. Rheumatic fever is most common where epidemics of strep throat are common— in crowded communities with poor hygiene.
Prevention
Rheumatic fever can often be prevented by giving penicillin to children who have signs of a strep throat. Keep giving penicillin for at least 3 days after all signs disappear. Long-term prevention involves improving hygiene and living conditions (a fairer society).
ДАРЫЛОО
- Эгер балада курч мүнөздөгү ревматикалык калтыратма жүрүп жатышы мүмкүн деп ойлосоңуз, тезинен медициналык жардам үчүн кайрылыңыз. Дарылоону эрте баштоо жүрөк жабыркап калуусунан сактайт. (Дененин температурасы көтөрүлүп (калтыратма), муундар ооруп баштагандан кийин, дарылоо иш-аракеттери бул илдеттин узактыгын кыскартууга жардам бербейт.)
- Балага феноксиметилпенициллин таблеткаларын 10 күн бою бериңиз; же бензатин бензилпенициллинди эки жамбашына (дозанын жарымын бир жамбашына, жарымын экинчисине) бир жолу; же прокаин пенициллинди 10 күн бою күнүнө бир жолудан сайыңыз. Пенициллинге аллергиясы бар балдарга эритромицинди колдонуңуз. Туура дозаларын төмөнкү тизмектен караңыз. (Пенициллинди колдонуудагы сактык чараларын “Үй-бүлөнүн ден соолугу үчүн” деп аталган китептин 351-бетинен издеңиз.)
- Аспириндин же ибупрофендин чоң дозасын бериңиз. МААЛЫМДОО БАРАГЫН караңыз. Илдеттин бардык белгилери жоголгондон кийин, дарыларды дагы бир нече күн бою бериңиз.
- Муундардын оорушун жана шишүүсүн азайтуу үчүн, аларга жылуу же муздак бир нерсе басыңыз.
- Ооруган муундардын толук көлөмдө кыймылдоо ийкемдүүлүгүн сактоо үчүн, көнүгүүлөрдү күнүгө жасагыла (42-бөлүмдү караңыз).
- Булчуңдардын күчүн жоготпоо үчүн, “кыймылсыз көнүгүүлөрдү” жасагыла.
- Илдеттин бардык белгилери жоголмоюнча (болжол менен 6 жума), бала көпчүлүк убактысын төшөктө жатышы же тынч эс алышы керек. Андан кийин ал демейки активдүүлүгүнө бара-бара кайтса болот.
РЕВМАТИКАЛЫК ЧАБУУЛДУ АНТИБИОТИКТЕР МЕНЕН ДАРЫЛОО | |||
---|---|---|---|
Дарынын аталышы | Жашы же салмагы | Дозасы | Кабыл алынышы |
Феноксиметилпенициллин (ооз аркылуу) |
1 жашка чейин | 62,5 мг | 10 күн бою күнүнө 4 маал, ооз аркылуу |
1 жаштан 5 жашка чейин | 125 мг | ||
6 жаштан 12 жашка чейин | 250 мг | ||
12 жаштан жогору | 500 мг | ||
ЖЕ | |||
Бензатин бензилпенициллин (ийне аркылуу) |
30 кг-га чейин | 450 мг-дан 675 мг-га чейин (600 000ден 900 000 бирдикке чейин) | ийнени булчуңга терең киргизип (дозанын жарымын бир жамбашка, жарымын экинчисине), бир жолу; ар 3–4 жума сайын |
30 кг-дан жогору | 900 мг (1 200 000 бирдик) | ||
ЖЕ | |||
G прокаин пенициллини (ийне аркылуу) |
бардык балдарга | 50 мг/кг/күнүнө (3 жашка чейин) же 50 000 бирдик/кг/күнүнө-дөн эң көп дегенде 1 200 000 бирдикке чейин | күнүгө, 10 күн бою, ийнени булчуңга терең киргизип (дозанын жарымын бир жамбашка, жарымын экинчисине) |
ЖЕ, пенициллинге аллергиясы бар адамдар үчүн: | |||
Эритромициндин таблеткалары (ооз аркылуу) |
2 жашка чейин | 125 мг | күнүнө 4 маал, 10 күн бою, ооз аркылуу |
2 жаштан 8 жашка чейин | 250 мг | ||
8 жаштан жогору | 250 мг-дан 500 мг-га чейин |
Эскертме: Балдарга дарыны ийне аркылуу бергенге салыштырмалуу, мүмкүн болгондо, ооз аркылуу берген коопсузураак. Балдарга дарыларды берүүнүн сактык чараларын караңыз.
Ревматикалык чабуулдардын кайталануусунун АЛДЫН АЛУУ
Буга чейин курч мүнөздөгү ревматикалык калтыратма менен ооруган адамдарда бул илдет кайталануу ыктымалдыгы кыйла чоң. Мындай адамдардагы курч мүнөздөгү фарингитти дароо пенициллин менен дарылап баштоо керек. Эгер илдеттин биринчи чабуулунан кийин адамдын жүрөгү жабыркап калганынын белгилери (шуулдоо) пайда болсо, илдеттин кийинки чабуулунда жүрөк ого бетер жабыркап калуусунун ыктымалдыгы чоң. Алдын алуу максатында, ревматикалык чабуулдар болболсо, жок дегенде бир жыл бою же 17 жашка чыккыча (мындан кийин стрептококктук фарингит менен ооруп калуу ыктымалдыгы азаят) пенициллиндин тийиштүү дозаларын мындай адамдар такай кабыл алып туруулары туура болот. Узак убактылуу алдын алуу ишаракеттери жүрөгү бул илдеттен катуу жабыркаган адамдар үчүн айрыкча маанилүү.