Hesperian Health Guides

БАЛАНЫН ӨНҮГҮҮСҮНӨ КАНТИП ЖАРДАМ БЕРСЕ БОЛОТ

Бул бөлүмдө:

Жүлүн чуркусу бар балдардын көбү белинен ылдый шал болуп калышат. Балдар мындай абалына карабастан, денесин, акыл-эсин жана социалдык ык-жөндөмдөрүн мүмкүн болушунча өнүктүрүүсү маанилүү. Шалдыгы бар балдар дени соо балдардай эле өнүгүү баскычтарын өтүүсүнө жардам берүү үчүн, “ыңгайлашууга көмөк берүүчү көмөкчү каражаттарды” пайдаланса болот. (292-беттеги өнүгүү картасын караңыз.)

Бала өнүгүүнүн баштапкы баскычтарын ийгиликтүү өтүүсү үчүн, ал төмөнкүлөрдү аткарууга жөндөмдүү болуусу маанилүү.

АЛДЫГА ТҮЗ КАРОО КОЛДОРУНА ТАЯНБАЙ ОТУРУУ АЙЛАНАСЫН ИЗИЛДӨӨ
ДЕНИ СОО
DVC Ch22 Page 172-1.png
DVC Ch22 Page 172-2.png
DVC Ch22 Page 172-3.png
ЖҮЛҮН ЧУРКУСУ БАР
DVC Ch22 Page 172-6.png
DVC Ch22 Page 172-7.png
DVC Ch22 Page 172-8.png
Эгер бала, алдындагыны көрүү үчүн, башын жана тулкусун көтөрө албаса, аны “шынаа” сымал жасалгага жаткырыңыз, же, жөлөнүп отуруусу үчүн, белине картон кутуну карматып бекитип коюңуз. Бала отуруп алып ойноосун мүмкүн кылуу үчүн, эски чакадан же буга окшогон нерседен отургуч жасап берсеңиз болот. Ары-бери которулуусуна жардам берүүчү, дөңгөлөктөрү бар такта жасап берсе болот. Башка бирөө түртүүсү үчүн, мындай тактага кармагыч кошуп коюу мүмкүн.
БИР НЕРСЕНИ КАРМАНБАЙ ТУРУУ ОТУРУУ, ТУРУУ ЖАНА БАСУУ
DVC Ch22 Page 172-4.png
DVC Ch22 Page 172-5.png
DVC Ch22 Page 172-9.png
DVC Ch22 Page 172-10.png
илниктер
Баланы тик абалында кармаган, туруу үчүн атайын алкак жасап бериңиз. Мындай алкакта баланын буттары анын денесинин салмагын көтөргөндүктөн, анын сөөктөрү бекемделип, анчалык оңой сынма болбой калат. Бала денесин тик абалында кармоочу ортездерди колдонуп, балдактардын жардамы менен баса алат. Бала отура алуусу үчүн, ортездердин жамбаш сөөк - кашка жилик жана тизе муундары бөлүктөрүндө шарнирлери болгону жакшы (ВЕРТИКАЛДУУ ТАКТАСЫ БАР ЖАСАЛГА караңыз).
DVC Ch22 Page 172-11.png
Жүлүн чуркусу бар балдарга көмөкчү каражаттарды тандоодон мурун, балдар бирдей болборун эстен чыгарбаңыз. Айрым балдар ортездерсиз эле басууга жөндөмдүү болушат. Аларга башында, сүрөттөгүдөй, параллелдүү брустар, кийинчерээк балдактар гана жетиштүү болушу мүмкүн. Башкаларына тизеден ашкан же тизеге жетпеген ортездер (58-бөлүмдү караңыз), үчүнчүлөрүнө дөңгөлөктүү отургучтар керек болот.
DVC Ch22 Page 172-12.jpg
Жүлүн чуркусу бар бул бала бастыргыч кылынып өзгөртүлгөн балдактардын жардамы менен басууну үйрөнүп алган. Денесинин тең салмактыгын сактоо жана денесин башкаруу ык-жөндөмү жакшырган сайын, балдактардын тирөөчтөрү бара-бара алып салынган. Бала ошентип отуруп, жалгыз балдактардын жардамы менен эле басууга жарап калган.

Хирургиялык операция жана ортопедиялык түзөтүү ыкмалары

Көптөгөн балдардын бут кетмендеринде контрактуралар пайда болуусуна жол бербөө же калыптанып калгандарын оңдоо үчүн, маймактыкты түздөөдө кандай ыкма колдонулса, мында да так ошондой эле ыкманы колдонуу зарыл болушу мүмкүн. Контрактуралар кайрадан пайда болбошу үчүн, балдар көнүгүүлөрдү жасашы (Маймактыкты оңдоо жана ЧОЮУЧУ КӨНҮГҮҮ – БУТ КЕТМЕНИН ЖЕРГЕ ТОЛУК КОЮУСУНА БАЛАГА ЖАРДАМ БЕРҮҮ ҮЧҮН беттерди караңыз) жана бут кетменди бекем кармоочу, пластиктен жасалган жөнөкөй жасалганы жок дегенде түнкүсүн колдонушу керек.

Омуртка тутуму катуу ийрийип кеткен балдарга хирургиялык операция же дененин үстүнкү бөлүгүн бекем кармоочу атайын корсет зарыл болот.

Бир кашка жилиги жамбаш сөөк ашташынан чыгып кеткен, жүлүн чуркусу бар балдарга кээде хирургиялык операция жардам берет. Бирок мындай операцияны эки кашка жилиги тең жамбаш сөөк ашташтарынан чыгып кеткенде жасатпай эле койгон оң. Ашташтарынан чыгып кеткен кашка жиликтерин ордуна койбой, ушу боюнча эле калтырганда, демейде баланын басуусу анчалык деле начарлап кетпейт, бирок операциядан кошумча көйгөйлөр пайда болбой, ал кыйналбай калат. (“Кашка жиликтердин жамбаш сөөк менен ашташтарынын дефекттери” деп аталган бөлүмдүн караңыз.)


ЭСКЕРТҮҮ! Жүлүн чуркусу бар балага ортопедиялык операция жасатуудан мурун, бул операциядан кийин бала баса аларын жана операция буга чынында жардам берерин кылдат изилдеңиз.



This page was updated:23 Май 2025