Hesperian Health Guides
21-БӨЛҮМ: Омурткалардын кургак учугу: Потт оорусу
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 21-БӨЛҮМ: Омурткалардын кургак учугу: Потт оорусу
![]() |
Омуртка тутуму алдыга ийрийгендиктен, тулкусун тик кармоо үчүн, бала колдоруна таянууга аргасыз болот. |
Эгер баланын омуртка тутумунун ортоңку бөлүгүндө курч бурчтуу дөмпөйүү калыптана баштаса жана бул көкүрөгүнүн кыскарышы жана жооноюшу менен коштолсо, бул омурткалардын кургак учугу болушу ыктымал. Эгер үй-бүлɵдɵ ɵпкɵ кургак учугу менен ооруган адам бар болсо, анда балада омурткалардын кургак учугу бар экени дээрлик анык.
Мындай жагдайда тезинен медициналык жардам үчүн доктурга кайрылыӊыз. Ооруну так аныктоо үчүн, териде Манту реакциясын текшерүү, көкүрөктүн жана омурткалардын рентгенограммасын алуу жана абсцесстерден (ириңге толгон жаралар) алынган ириңди микроскоп аркылуу текшерүү жардам бериши мүмкүн. Эгер рентгенограмма сөөктүн бузулуп жатканын көрсөтсө, балада кургак учуктун козгогучтары табылбаганда деле, аны кургак учуктан дарылап баштоо зарыл.
Дарылоо
- Кургак учукка каршы колдонулуучу дарылардын дароо бир нечесин жок дегенде 1 жыл бою берүү зарыл болот (өпкөнүн кургак учугун дарылоодогудай эле). (“Үй-бүлөнүн ден соолугу үчүн” деп аталган китептин 180-бетин караңыз.)
- Арканы бир калыпта бекем кармоочу жасалга жабыркаган омуртка тутумун түзүрөөк кармоого жардам бериши мүмкүн. Бутту бир калыпта бекем кармоочу жасалгаларды алуу үчүн колдонулуучу ыкманы пайдаланып, мындай жасалганы гипстен же пластиктен жасоого болот (558-бетти караӊыз).
Же мындай жасалганын эң жөнөкөй түрүн каңылтырдан же буга жараган башка материалдан жасаңыз:
1. Калың каӊылтырдан сүйрү формада бөлүк кесип алыңыз. | 2. Күчкө салбай, баланын аркасын мүмкүн болушунча түзүрөөк абалына келтирүүгө аракет кылыңыз. Каңылтыр бөлүккө балканын жардамы менен баланын аркасынын формасын бериңиз. |
![]() |
![]() |
3. Каңылтыр бөлүктүн астына жумшак төшөмчө салып, аны жумшак кездеме менен ороңуз. | 4. Даяр болгон жасалганы баланын аркасына коюп, үстүнөн ийкемдүү таңгыч менен ороңуз. |
![]() |
![]() |
Буга чейинки беттеги сүрɵттɵ кɵрсөтүлгөн балага жергиликтүү сыныкчылардын бири так ушундай ыкманы колдонуп жардам берген.
- Оор же көптөн бери каралбай калып өтүшүп кеткен учурларда, омурткаларды түздɵп, туруктуу абалына кетирүү үчүн, хирургиялык операция талап кылынышы мүмкүн.
Келечекке болгон үмүттɵр
Негизи, жабыркаган сөөктөр эртелеп башталган жана аягына чейин жеткизилген дарылоонун жардамы менен бириктирилип, көп учурда бир аз бүкүрөйүү калса да, бала кадимкидей эле тиричилик кылууга мүмкүнчүлүк алат.
Эгер нервтер жабыркоо жана шалдык жайылуу процесстери башталып калган болсо, кээде хирургиялык операция (же дарылоо мезгилинде ортопедиялык каражаттарды колдонуу) кайсы бир өлчөмдө жардам бериши мүмкүн.
Эгер нервтер катуу жабыркап калган болсо, жүлүн жабыркоодогудай реабилитациялоо иш-аракеттери (23-24- жана 25-бөлүмдөрдү караңыз) талап кылынат. Кургак учук омурткаларга өтүп кетпеши үчүн, илдетти эртелеп аныктап, эртелеп дарылап баштоо зарыл.
Мындан тышкары, жакырчылыкты азайтуу иш-аракеттерин күчөтүү талап кылынат. Кургак учукка каршы эмдɵɵ жүргүзүүнүн мааниси да чоң.