Hesperian Health Guides
22-БӨЛҮМ: Жүлүн чуркусу
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 22-БӨЛҮМ: Жүлүн чуркусу

Жүлүн чуркусу (“омуртка тутуму жабылбоо”, “менингоцеле” же “миеломенингоцеле” деген аталыштары да бар) – күмөн курсакта өрчүп калыптануусунун баштапкы баскычында пайда болуучу, ичинде жүлүн жайгашкан омуртка тутуму каналынын толук жабылбай калуусу (б.а. айрым омурткалар жүлүндү каптап жаппай калат) менен мүнөздөлүүчү дефект. Натыйжада омуртка тутуму каналында камтылгандын бир бөлүгү каралжын чуркулуу баштыкча түрүндө тери астында торсоюп чыгып калат. Бул баштыкчаны абдан жука катмар (мембрана) гана каптап турат. Андан жүлүн суюктугу суюлушу мүмкүн. Мындай дефекттин пайда болуу себеби белгисиз. Ар 250–500 баланын ичинен бирөө ушул патология менен төрөлөт.
Мазмуну
Жүлүн чуркусу менен кошо пайда болуучу бузулуулар
- Инфекция жугуу коркунучу чоң. Нервдүү мындай баштыкча эртелеп хирургиялык операциянын жардамы менен жабылбаса, дээрлик дайыма ага инфекция жугуп, бала менингит оорусунан чарчап калат.

- Булчуңдар алсыздыгы жана сезгичтик жоголуу. Буттар же бут кетмендери шал болуп калышы, алардын бир аз эле сезгичтиги бар болушу же сезгичтиги такыр болбошу мүмкүн.
- Бир кашка жилиги же экөө тең жамбаш сөөк менен болгон ашташынан чыгып кеткен болушу мүмкүн.
- Бут кетмендери ылдыйды жана ичти (маймактык) же өйдөнү жана сыртты көздөй бурулуп калыптанган болушу мүмкүн.

- Эгер дефект салыштырмалуу өйдөрөөк (биринчи бел омурткасынын деңгээлинде – L1 же өйдөрөөк; кийинки бетти караңыз) болсо, буттардын жана бут кетмендеринин булчуңдарында спастика бар болушу мүмкүн.
- Табарсыктын жана ичегилердин функцияларын башкаруу бузулу. Бала заара кылып же заңдап коюусун сезбеши мүмкүн. Чоңоюп калганда да, буларды башкаруу жөндөмдүүлүгү ошол боюнча калыптанбай, бала сезбей заара кылып же заңдап коюусу уланат.

- Башы чоң болуу. Жүлүн чуркусу бар ар 5 баланын ичинен төртөөндө “гидроцефалия” (же “мээге суюктук толуу”) пайда болот. Нормада жүлүнгө өтүп турган, мээнин ичинде калыптанган суюктук жүлүнгө өтпөй калып, башта топтолуп, мээни жана баш сөөктү кыса баштайт. Төрөлгөндө, баланын башы нормалдуу болуп көрүнүшү мүмкүн, бирок кичинеден, сүрөттө көрсөтүлгөндөй болуп, ичиндеги суюктуктун басымынан бара-бара чоңоюп кетет.así.
- Мээ жабыркоо. Мээдеги суюктуктун басымын төмөндөтүү операциясын эртелеп жасатпаса (кээде атүгүл мындай операция жасалганда деле), мындай балдардын айрымдары сокур болуп калат, акыл-эси өрчүп өнүгүүсү багытында бузулуулар орун алат, талма же церебралдык шалдык (9-бөлүмдү караңыз) пайда болот.
БАЛАНЫН ЧОҢОЮУСУН КОШТОП ӨРЧҮГӨН БУЗУЛУУЛАР:
![]()
|
![]()
|
![]() |
|
Жүлүн чуркусу бар баланы кандай келечек күтөт?

Бул, биринчиден, дефекттин олуттуулугунан, экинчиден, дарылоонун майнаптуулугунан, үчүнчүдөн, баланы атайын үйрөтүүдөн жана үй-бүлөсү менен коомчосунун балага карата болгон колдоосунан көз каранды.
Дефект омуртка тутумунда канчалык өйдөрөөк же жүлүнгө болгон зыян канчалык олуттуу болсо, андан пайда болгон шалдыктын жана ага байланыштуу башка көйгөйлөрдүн катаалдыгы да ошончолук олуттуу болот. Эгер баштын көлөмү чоңоюп кетүүсү орун алып калган болсо, баланын келечеги нормалдуу болуусуна үмүт аз. Көпчүлүк учурда, мындай баланы дарылоо чыгымдары чоң болот, атүгүл бай үй-бүлө үчүн да. Мээдеги суюктукту азайтуу операциясынан кийин кээде балага инфекция жугуп калат. Операцияны бир нече ирет кайталоо талап кылынышы мүмкүн. Эң мыкты медициналык жардам жеткилүүлүгүнө жана көрсөтүлүшүнө карабастан, жүлүн чуркусу бар болуп төрөлгөн ар 4–5 баланын ичинен жок дегенде бирөө өмүрүнүн биринчи бир нече айында же жылында чарчап калат.
Бирок мындай дефекти омуртка тутумунун төмөнкү бөлүгүндө болгон балада шалдык азыраак байкалат, жана мындай баланын толук кандуу жана бактылуу өмүр сүрүү ыктымалдыгы кыйла чоң. Үй-бүлөлөрүнүн жана коомчолорунун колдоосу менен, жүлүн чуркусу бар балдардын көбү мектепте окуп, көп ар кандай жумуштарды аткарганды үйрөнүп, келечекте үйлөнүп, үй-бүлө курушуп, балалуу болушат.
Көпчүлүк учурда мындай балдар өзүн тейлөө ык-жөндөмдөрүн (кийинүү, тамактануу, даараткананы пайдалануу) кеч үйрөнүшөт. Бул, бир четинен, дефектисинен улам алардын ден соолугу чектелүүлүгүнө, андан тышкары, ата-энелери балдарына камкордукту чегинен ашырып көрсөтүп, бардыгын алардын ордуна кылгандыгына да байланыштуу. Балдары ар түрдүү нерселерди өздөрү көбүрөөк аткарып, көбүрөөк өз алдынча болуусу үчүн, ата-энелери аларга жардам берүүсү керек.
Жүлүн чуркусу бар баламдын басып кетүү ыктмалдыгы канчалык?
Бул көптөгөн түрдүү факторлордон көз каранды. Ошентсе да, дефекти омуртка тутумунда канчалык жогору болсо, шалдыгы ошончолук олуттуу болуу ыктымалдыгы чоң. Төмөндө, дефект омуртка тутумунун каягында болуусуна жараша, баланын басуу ыктымалдыгы канчалык экенидигин көрсөткөн сүрөттөр келтирилген. Сүрөттөрдө кара сызыктар менен толтурулуп көрсөтүлгөн дененин бөлүктөрүндө, көбүнчө, шалдык пайда болот жана сезгичтик жоголот.
